Бир жылга "тырышпай" беш жылга "тырышкан" оң

Эртелебесе эртең кеч болуп калат
Азыркы учурда түзүлгөн экономикалык абал келечектен ашкере оптимизм жаратып жибере бербейт. Себеп дегенде өкмөттө чалажан экономиканы стимулдаштырып жандандырууну мындай кой, башы бүтүн, боору аман азыркы калыбында сактап калуу боюнча реалдуу планды да түзүп чыгууга чама-чаркы келбей жаткан кези. "Полсондун планы" өңдөнгөн глобалдык кризисти алдын алган иш чаралар эки уктасаң түшкө кирбей тургандай жорук. Антикризистик программа иштеп чыгуу, башкысы андай программаларды ишке ашыруу үчүн мамлекеттин резервинде жетиштүү ресурстар да жок. Ырас, банктарды антикризистик рефинансациялоо фондусу, стабилдештирүү фондусу, экономиканы өнүктүүрүү фондусу дегендер бар. Арийне, аларың каражаттын жоктугуна байланыштуу финансылык-экономикалык кризиске каршы иш алып баруу үчүн чоң тыгынчык болуп бере албайт. Көбүнесе рекламалык максаттар менен кооздук үчүн гана түзүлгөндөй таасир калтырат. Баары тең россиялык кредитке көз агытып турган фондулар. Министр А.Жапаровдун айтымында ошол жайнаган фондулардын баары биригип, ага кошумча бюджеттин кагынчыгын кагып келип антикризистик чаралар үчүн 34 миллиард сом бөлүүгө эптеп жарай алат экен. Ал акчаң глобалдык терең кризис өкүмүн жүргүзүп жаткан азыркы шартта эки бүркүмгө татый албасы анык. Ошондуктан башка түшкөндү көрөбүз болуп кризистин агымына ала салып ага берүүдөн башка амал калган жок.
Дүйнөлүк кризистин бороону башталып, уламдан улам катаалдана баштагандан бери башынан эле боору менен жылып жүрбөй калган улуттук экономика андан бетер кедеринен кеткени байкалбай койбостур. Эл аралык финансы институттарынын дүйнөлүк кризистин Кыргызстанга тийгизген залакасын иликтеп чыгып, 2009-жылдагы экономикалык кырдаал боюнча берген прогноздорун карап көрсөң алдыдан жылтыраган үмүттү табуу кыйын. Дүйнөлүк банк, атап айтсак, Кыргызстанды дүйнөдөгү артта калган эң жакыр 20 өлкөнүн (аларга көбүнесе тропикалык Африкадагы мамлекеттер киргизилген) катарында экенин белгилеп келип, дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин чабуулуна туруштук берүүгө чама-чаркы ченелүү байымсыз өлкөлөрдөн экенине басым койгон прогноз жасады. Мындан саналуу күн илгери дагы бир барандуу финансылык институт - эл аралык валюта фондусунун (МВФ) 2009-жылдын экономикалык өнүгүү темпи боюнча прогнозу пайда болуп, "Механизм противодействия внешним шокам" деп аталган обзордогу МВФтин эксперттеринин болжогону боюнча Кыргызстанда экономиканын өнүгүүсүнүн кескин төмөндөшү күтүлөт - 2008-жылы өнүгүү 7,5% туура келсе, 2009-жылы ал 1% чейин төмөндөйт деп билдирилди ("РИА Новости"). Айта кете турган жагдай, ошол эле МВФ бир аз илгери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү 2009-жылы 3%ке түшүшү күтүлөөрүн белгилеген эле. Эми болсо 1%ке дейре төмөндөп кетерин билдирип, келечекте өлкөнүн экономикасына кыйла оорчулук түшөөрүнө басым коюуда. Демек, глобалдык экономикалык кризистин терс таасири жылдын башында болжолдогондон да оор болору анык. Экономикалык эксперттердин айтымдарында Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон Россия менен Казакстандагы экономикалык өнүгүүсүнүн жайлашы менен эмгек мигранттарынын жиберип турган акчаларынын кыскарышы биздин өлкөгө кескин терс таасир берерин, ички рыноктун начарлашына алып келерин белгилешет.
Сыртта иш жасап жүргөн эмгек эмигранттарынын массалык түрдө кайрадан өз өлкөсүнө агылып келе баштаган миграциясы экономиканын абалына терс таасир берип, жумушсуздук менен криминалдык жагдайдын курчушуна алып келери анык. Мындан сырткары тышкы жана ички инвестициянын кыскарышы экономиканын эңшерилип кетишине алып келе турган факторлордон экенин белгилөө кажет. Далайдан бери көкөйдө көк таштай түйүлүп турган энергетикалык кризистен жакынкы аралыкта чыгып кете тургандай үмүттүн жок экени өкүндүрбөй койбос. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү биринчи апрелге карата 6,1-6,4 миллиард кубметрди түзөөрү кабарланды. Бул болсо өткөн жылдын ушу мезгилиндеги абал сакталды дегенди билдирет. Демек, бул өткөн жыл менен азыркы 2009-жылдын башталыш тажрыйбасы көргөзгөндөй, алдыда дагы эле массалык өчүрүүлөр улана берет деген жыйынтык чыгарууга негиз берет. Бир сөз менен энергетикалык кризистен чыгып кетишибиз жакынкы келечекте арсар, дагы да болсо энергетиканын тартыштыгынын азабын жон терибиз менен тартууга туура келет. Министр Акылбек Жапаров өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсү боюнча улуттук кеңеште доклад менен чыгып сүйлөп, энергетикалык секторду калыбына келтирбей, анын өнүгүүсүн камсыз кылбай туруп Кыргызстандын келечегин элестетүү мүмкүн эместигин белгиледи.Энергетикалык кризистен кутулбай туруп экономиканын өнүгүшү жөнүндө сөз кылып кереги жоктур. Мындан сырткары Кыргызстанда көптөгөн өнөр жайларынын иштебей токтоп калганына байланыштуу опурталдуу деиндустрализация тенденциясы башталганы байкалууда. Эгер бул тенденция улана берсе, анда улуттук өнөр жайынан биротоло кол жууп калуу коркунучу пайда болору турулуу иш.
Экономиканын күндөн-күнгө кризистин сазына батып бара жатканын далилдей турган кубулаштар көбөйүүдө. Аны азыр жашыруу да кыйын болуп калды. Алып айтсак 2009-жылдын январь-февраль айларында ВВПнын өнүгүү темпи кескин басаңдаганы байкалды. Экономикалык негизги көрсөткүчтөрдүн төмөндөп кетишине өнөр жайындагы өнүгүү темпинин 25%ке чейин түшүп кетиши өбөлгө болду дейт министр Акылбек Жапаров. Министрдин айтымында бул болсо өнөр жай продукцияларына болгон ички жана тышкы талаптардын төмөндөшү, ишканалардын өздөрүнүн финансылык кыйынчылыктары, ошондой эле энергетикалык сектордогу проблемалар менен шартталган. 3,5 миллиард сом дефицит менен бекитилген 2009-жылдын бюджетинин аткарылышы да арсар болуп бүлкүлдөй баштаган кези. Финансы министри М.Султанов, экономикалык кризиске байланыштуу кирешенин кыскарышы менен бюджетти кайрадан карап чыгууга аргасыз болобуз деп эмитен эскертип жатканы коогалуу финансылык абалдан кабар берер. Буга, бюджетти кайра карап чыгууга 2009-жылдын башынан бери бажыдан түшкөн каражат 400 миллион сом болуп, киреше кескин кыскарып кетиши себеп болуп жатканы айтылууда. Ошентип экономиканын кедеринен кетиши менен жону жука элге оорчулук келе турганы эмитен эле анык болуп калганын жашыруу кыйын.
Азыркы глобалдык кризисти эл аралык эксперттер Америкада болуп өткөн улуу депрессия менен Ата мекендик согуштан кийинки оор кризистердин катарына кошушууда. Дүйнөлүк банктын прогнозу боюнча 2009-жылы акыркы 30 жылдан бери биринчи жолу дүйнөлүк экономикада өсүү эмес, чөгүп, артка кетүү болору белгиленет. Дүйнөлүк соода-сатыктын көлөмү кыскарары айтылат. Кризистен биринчи иретте экономикасы начар өлкөлөр запкы тартаарына басым коюшууда. Баарынан өкүнүчтүүсү дүйнөлүк кризис канча жылга созулаарын эч бир экономист жоопкерчиликти мойнуна алып, так айта албай жатканында турат.
Мына ушундай экономикалык абал күндөн-күнгө оорлоп бараткан тапта "капилеттен" эле кезектеги президенттик шайлоо жарыяланып калбадыбы. Бул жолку шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтө турган болду. Эзели Конституцияны жетекчиликке алып иштеп көнбөгөн Конституциялык сот юридикалык каалганы кенен ачып туруп каалаганча кире берсеңер болот деген ишаара жасап каңкуулаган формулировка менен президенттик шайлоо 25-октябрга жеткирбей өткөрүлсүн деген чечимди чыгарып таштады. Ал ишаараны айттырбай "туура" түшүнгөн "Ак жолчул" парламент маалкатып отурбай эртелеп өткөргөнүбүз пайдалуу дешип, шайлоо 2009-жылдын 23-июлунда дайындалсын деген жыйынтыкка келиши менен маселе чечилди да калды. Эки чечимдин аралыгы эки күнгө жеткен жок. Чагылгандай тездик менен кабыл алынды. Мындан маселе эбак бышып жетилип калган турбайбы деген жыйынтыкка келбей койбойсуң. Ошентип, а дейсиңби, бу дейсиңби шайлоо мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүлө турган болду. Бир жыл эртелеп өтөөрүнө "Ак үйдү" сагаалаган адептери депутат-коммунист Исхак Масалиев менен "ак жолчул" Ч.Баекова да макул. Ырас, Ч.Баекованын эртелеп өтөөр шайлоону өз алдынча, оригиналдуу ык менен түшүндүрдү. Анын айтымында шайлоону бир жыл эрте өткөрүп К.Бакиев бийликке "тырмышпаганын" далилдеп таштаптыр.
Шайлоо жоо кубалап келаткандай болуп шашылыш дайындалып, шашылыш өткөрүүлөрү, албетте, бекеринен болуп жаткан жок. Ал алдын ала баамдалып деле турган эле. Буга биринчи кезекте күндөн-күнгө начарлап бараткан социалдык-экономикалык кырдаал түрткүнчүк болгонун баамдоо кыйынчылыкка турбас. Эгер шайлоо быйыл өткөрүлбөй, эмдиги жылга калса, анда ал мамлекет дефолттун босогосуна такалып, нааразычылык өсүп, жетээр чегине жетип турган мезгилге туура келмек. Кийинки жыл болсо К.Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланышы үчүн чоң кыйынчылыктарды жараткан ыңгайсыз учур болоорун баамдоо кыйын эмес. Өз учурунан өткөрүп жиберүүгө жол берүүгө болбойт болчу. Ыңгайлуу кырдаалды өткөрүп жиберүү кечиримсиздик болоор эле. Ошондуктан келечектеги экинчи мөөнөт деп аталган президенттик-авторитардык же кландык-үй бүлөлүк беш жылдык башкаруу үчүн "запастагы" бир жылды курмандык чалып коюу утуш гана алып келмек. Башкача айтканда, Ч.Баекова демекчи, бир жылга "тырышкандан" көрө, келечектеги беш жылга "тырышкан" майнаптуу болор эле. Ошентип келечекте кадиксиз элдин мойнунда оор жүк болуп түшө турган экономикалык кризистин жеткен чегине жеткирип, өкүнүчтө калбай алдын алуу керек болуп калды. Кризистин залакасын ар бир адам жон териси менен сезип, оор түйшүгүн тарта баштаганда шайлоону каалагандай өткөрүп, каалаган натыйжага жетишүү мүмкүн болбой калаары түшүнүктүү эле. Анан да элдин ичинде азыркы режимдин рейтинги тездик менен түшүп баратканын эске тутуу кажет. Мындан тышкары болочоктогу шайлоо өнөктүгүнө баш-аягы төрт айга жетпеген чукул убакыт бөлүнгөнү баш кошуп монолиттүү саясый күч түзүүгө үлгүрө элек оппозициянын шаштысын кетирип коерун да эске алуу керек. Мындайда мезгил фактору чечүү роль ойноп кетиши мүмкүн. Россиялык кредит бөлүнгөнү президенттик шайлоодо орчундуу роль ойноору бар. Ырас, кредиттин азырынча башы биротоло ачыла элек дечи. Кай бир эксперттердин айтымында кредит беребиз деген Россиянын жетекчилигинин убадасы көпкө чейин убада боюнча эле калып калышы этимал. Россиянын өзү азыр экономикалык кризиске белчесинен батып өз алапайын таппай турганын да эске алуу керек. Логика боюнча качан гана россиялык кредит колго тийгенде шайлоону өткөрүү мөөнөтү аныкталышы жөндүү болмок. Асыресе, бийлик россиялык кредитти качан келип түшөт деп күтүп отурууну туура деп табышкан жок. (Айтмакчы бул да болсо шайлоонун шашылыш өткөрүлүп жатканынан кабар берер). Эгер, экономикалык кризисти коштоп, саясый кырдаал курчуй баштаса, анда адатта кеңири пайдаланып, буга дейре өз натыйжасын берип келген административдик ресурстарды пайдалануу, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо, коркутуп үркүтүү, балит технологияларды колдонуу, репрессивдик методдорду ишке салуу сыяктанган ыкмалар жардам бербей калышы мүмкүн экенин эске тутуу керек болду. Бир сөз менен күн жарыкта эртелеп шайлоо өткөрүп албаса болбойт эле, экономикалык күүгүм кирип, кризистин көз ачырбас бороону башталганда экинчи мөөнөткө шайланам дегениң бекер, майнапсыз ишке айланмак. Ошондуктан шашууга туура келди. Мындайда мыйзамдын бузулуп жатканына көз жуумп койсо деле артыкбаштык кылбайт. Жарай берет.

Үсөн Касыбеков,
эркин журналист