Өлүмдөр кол салуулар
Иса Өмүркулов
СДПнын дагы бир депутаты Иса Өмүркуловго да кесиптеш, партиялашы Роза Отунбаева сыяктуу гранат ыргытуу оюну болгон. 2006-жылдын 11-ноябры түнү белгисиз кылмышкерлер тарабынан Иса Өмүркуловдун үйүнө да эки граната ыргытылган. Граната балдар уктоочу бөлмөгө келип түшкөн. Ичинде депутаттын балдары жок болгондуктан эч кимиси жапа чеккен эмес. Депутат жогорудагы кесиптешинен айырмаланып "балдарым жок экенин билип атайылап коркутуу амалы болгон дебестен" ал дароо эле "мени балдарым менен жок кылууну көздөшкөн" деп ЖКнын чоң жыйынында жар салып иликтөө, тактоо иштерин ачык жүргүзүүнү өтүнгөн. Бул иш деле бүгүнкүгө чейин аягына чыкпай келатат.

Баяман Эркинбаев
Өз өмүрүнүн кыйылып калышын өзү эле сезип, ЖКнын жыйынында бир далай эле "мени коргоп калгыла" деп өтүнүп жүрүп өмүрү жайланган Баяман балбан 2005-жылдын 21-сентябрында Гоголь көчөсүндө жайгашкан өз үйүнүн алдында өлтүрүлгөн. Күч органдары Эркинбаевдин өлүмүнө тиешеси бар деп Батыров менен Рузиметов кармалган. Териштирүүдө Батыров "заказ" кылып Рузиметов аткаргандыгы анык болгон. Батыров себептерин "Баяман кримавторитети Болот Тынычбековго 20 кг героин берем деп бербей койгонунан улам" деп түшүндүргөн. Эки кылмышкердин башка берген көрсөтмөлөрүндө кримавторитети Рыспек менен иниси Тынычбек Акматбаевдердин да тиешеси бар экендиги айтылган. Ал эми Баямандын үй-бүлөсү болсо Акүйдүн 7-кабатынан буйрук болгон деп ачык эле айтып келишет.

Жыргалбек Сурабалдиев
"Кудайберген" базарынын ээси, ЖКнын мурунку депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди да 2005-жылдын 10-июнунда күндүзгү саат бирлерде эле атып кетип, ал ошол жерде каза болгон. Ишкерлер фондусунан чыга берип, машинасына жете бергенде ок чыгарган кылмышкерлер аны жети жолу аткылаган. Жансакчысы Сурабалдиевди коргоп, алты ок чыгарган менен өзүнө эки ок тийип ооруканага жеткирилген. Акаевдин жан сакчысы болуп жүргөн Эркин Мамбеталиевдин бул өлүмгө тиешеси бар деп өмүр бою түрмөгө кесилди. Ар кандай пикирлер айтылып, аткандар камалды деген менен азырынча ачык маалыматтар жок.

Мисир Ашыркулов
Акаев заманында эле ал кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп жүргөн Мисир Ашыркуловго кол салуулар болгон. 2002-жылдын 6-сентябрь күнү түнкү саат 10 чамаларында мамлекеттик "Мерседес" машинасы менен үйүнө келип токтоп, жуп үйүнө кирээрде топ жаш балдардын арасында жашынып турган белгисиз адам ал тарапты көздөй "Ф-1" кол гранатасын ыргыткан. Айдоочусу Мисир Ашыркуловду машинасына салып алып качып жөнөөрдө экинчи граната ыргытылган. Андан машинанын дөңгөлөгү жана бет капталындагы темирлери талкаланып кеткен. Божомолдордо кылмышкер үчүнчү гранатаны ыргытууга жетишпей калган. Ашыркулов дароо ооруканага жеткирилген. Бул окуя кимдер тарабынан уюшулганы аныкталбай калган.

Тынычбек жана Рыспек Акматбаевдер
Тынычбек Акматбаев депутат кезинде 20-октябрь күнү жаза өтөө башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотов менен №31 колонияга барып, жолугушуу өткөрүп жаткан жеринен "зектер" кол салып, жансакчысы, прокуратура кызматкери бирге өлтүрүлгөн. Полотов ооруканада көз жумган. Бул окуяга 200 дөй "зек" катышы болгон. Кол салуунун уюштуруучусу деп 39-көрсөтмөнүн негизинде Рустам Абдулин менен "вор в законе" Азиз Батукаев 15 жигити менен күнөөлүү катары такталып жазага тартылышкан. Ал эми агасы кримавторитет Рыспек Акматбаев депутаттык шайлоодо 80% добуш менен жеңип, БШК башчысы каршы чыгып, ачык митингдер өтүп, акыры Рыспек мандатын мына алат деп турганда 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылындагы мечиттен чыгып келе жаткан жеринен ак түстөгү "Ауди-100" маркасындагы машина менен кылмышкерлер автомат менен атып өлтүрүшкөн. Бул кылмышка каршылашы Азиз Батукаев күнөөлүү делген менен Рыспек тарап буга макул болбой, саясый кылмыш болгон деп айтып келишүүдө.


Раатбек Санатбаев
Кыргыз спортунун туу чокусу болуп грек-рим күрөшү боюнча дүйнөгө кыргыз желегин желбиретип келген уулубуз Раатбек Санатбаев да кылмышкерлердин колунан ажал тапкан. 2006-жылдын 8-январында кечки сегиздер чамасында жалданган кылмышкер огунан жан берди. Санатбаевдин өлүмүнө да негиздүү далилдер табылган эмес. ИИМ жүргүзгөн иликтөөлөрдүн тушунда маркум болуп калган Кубан Жолдошев аттуу киллер "тиешеси бар" болуп чыккан. Бул өлүмдүн аныгы күмөн бойдон калган.

Үсөн Кудайбергенов
Үсөн Кудайбергенов актер, каскадер катары белгилүү инсан эле. Акаев заманында Куловду куугунтукка алып, куйругун кесип орго салып тынган соң ага ынак дос болуп жүргөн Үсөн Кудайбергеновго да кезек келип "Манас 1000" аттуу тойдо 2 млн сом жеп койду" деген шылтоо менен камакка алган. Кулов менен Кудайбергенов ынак дос болушкан. Март ыңкылабында түрмөдө жаткан Куловду жеке жоопкерчилигин өз мойнуна алып, аны ордон алып чыгып мародерлукту басканы айтылып жүрөт. Үсөн Кудайбергенов да 2005-жылдын 10-апрелинде Бишкек четиндеги Орто-Сай айылында өз үйүндө атылып өлтүрүлгөн. 30 метр аралыктан "Макаров" жана "Токарев" пистолеттери менен аткан. Анын өлүмү да табышмак бойдон аныгына жете албай, айтылуу киллер Айбек Нурматов өлтүрүлгөндөн кийин бул ишти анын мойнуна илип тынышты.

Күнболот МОМОКОНОВ