Султан Ибраимов
1927-жылы Чүй облусунун Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Совет доору күтүрөп турган кезде Султан Ибраимов алгачкы ишин колхоздо жумушчу, анан тракторист болуп иштеп баштайт. Ташкент институтунда айыл чарбасы боюнча инженер кесибине ээ болуп, суу чарба Академиясында мугалим болуп эмгектенген. 1957-жылы партиялык жумуштарга өтүп, БКнын катчысы, Ош облустук обком КПнын катчысы, 1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы болуп шайланат. Султан Ибраимов Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүүгө биринчи бел байлаган жетекчи болгон. А түгүл коррупцияга каршы да атайын окуган жайы бар. 1980-жылдын күз айында кезектеги ишин дале улантып, жеке өзү башында туруп Токмок эт комбинатындагы талап тоноочулук жана ашынган коррупциянын куйругун кесүү үчүн барып дыкат иликтөөгө алган. Мындай коррупциянын куйругун көргөн жерди баса калып жок кылууну буга чейин да бир топ уюштурган. Ошол эле жылдын 4-декабрында Султан Ибраимов Чолпон-Атадагы өкмөттүк дачада атылып өлтүрүлөт. Жанында жансакчысы Юрий Артурович Вольф дагы бар эле. Бул эки адамдын өлүмүнүн себеби бүгүнкү күнгө чейин аныгына жете алган жок. Коомдук пикир Султан Ибраимовдун таза жана мамлекет, эл үчүн ак ниеттен иштеген ишмердүүлүгүн көрө албагандардын атайын уюшулуп жасалган окуя болгонун айтып келет. Бул табышмактуу өлүмдүн чындыгы чыгаары күмөн. Султан Ибраимов элге кылган ак эмгеги жана тарых бетинде, "Мен Султан, Ибраим уулу. Кыргызстан касиеттүү ыйык мекеним. Элиме жумуш, жарык жана жаркын келечек тартуулайм. Элиме тынчтык, бейкутчулук, таза коом орнотом" деп айткан улуу сөзү, элге калтырган эмгеги менен кала берди. Чындыгы чыкпаган бул өлүмдүн акырына чекит коюлабы?





Насирдин Исанов
Кыргызстандын эгемен алган 1991-92-жылдары премьер министр болуп дайындалган Насирдин Исанов аталган жылдын 29-ноябрында түштүк тарапка чет элдик фирма башчылары менен жол тартып баратып Ош-Жалалабад жолунан ЗИЛ-130 машинасы менен кагышып жарык дүйнө менен кош айтышкан. Өзүнүн "Волга" машинасында бир топ адамдар болгонуна карабай жалгыз Насирдин Исанов гана өлүм тапканы бүгүнгө чейин табышмак. Бирге бараткан бизнесмен Борис Бирштейн болгону денеси гана сыйрылып оор жаракат деле алган эмес. Анын өлүмү үй-бүлөсү үчүн да, коомчулук үчүн да бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз абалды жаратып келгенин айтып келишет. Алардын маалыматында Насирдин Исановдун өлүмү болгон учурда Бирштейн күтүүсүз өз мекенине Андижан аркылуу учуп кеткен. Бир канча убакыт Исановдун жанында кайсыл бир алтын боюнча долбоорлор боюнча иш алып барууну көздөп жүргөн Санжар Айтматов да, кырсык учурунда Насирдин Исановдун жанында болгон менен анын чыпалагы да сынбай тескерисинче улуу адамдын аза күтүү күнү ал да Анжиян, Ташкент аркылуу Москва тарапка сапар алган. Насирдин Исанов бетке айткан, эч нерседен жалтанбаган инсан экени айтылып келет. Анын экс-президент Аскар Акаев менен болгон өтө олуттуу маселени талкууга алуу учурунда күтүүсүз канайым Майрам Акаева да келет. Насирдин Исанов анын кан айым экенине карабастан "сиз эркектер ортосундагы жооптуу сүйлөшүүгө катышпай эле койгонуңуз оң го" деп кесе айтып, кан айымдын каарданып калган да жайы бар. Мындай бетке айткан, акты ак деген адамдардын өмүрү кыска болот деген кудайдан деле эмес болгон учурлар көп. Анын бири Насирдин Исановдун өлүмү. Премьер тактысында 311 күн гана олтуруп, элге эмгеги сиңген Насирдин Исанов болгону 49 жашында табышмактуу өлүмдүн курмандыгы болгон.

Сырдуу Коогалуу
Тарыхка көз чаптырсак, атайын уюшуп бирөөнү курмандыкка чалуу Ормон хандын өлүмүнөн башталат. Мындай чыгаан тарыхый инсандардын уюшулган кылмыштуулук менен же атайын буйрутма өлтүрүүлөр болгонун так айтып бере албасак да эл оозунда айтылып келе жаткан инсандарыбыздын табышмактуу өлүмдөрүнөн кийин ынанууга да туура келет. Албетте, алтын калчанып жалтырагандай бир канча муун өтүп, тарых чындыгы ачыкка чыгаар. Бирок, татыктуу инсандарыбыздын табышмактуу өлүмдөрү бүгүнкүнүн бүйүрүн кызытат. Эгемен алган жылдардан берки же андан арыраак мезгилди эле алып карасак, ак-карасы ачылбаган имиш сөздөр желдей тарап жүргөн бир канча чыгаан инсандардын өлүмдөрү эске келет.


Анарбек Бакаев
Анарбек Бакаев 1991-96-жылдар аралыгында Кыргызстандын УКК башчысы болуп эмгектенген. Буга чейин мединститутта, илимдер Академиясында мугалим болуп иштеп, Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Анын тушунда атайын кызматтарда ирээттүүлүк, изденүүчүлүк жана дыкат иш тартиби орногон. Генерал-лейтенант Бакаев Анарбек 1996-жылдын 21-октябрында өзүнүн "Волга" машинасы менен мас абалында айдап келе жаткан чоң жүк ташуучу машина менен кагылышып кырсык тапкан. Оор жаракат алган министр, ооруканага жаткырылып, жарым жылдан ашык өзүнө келе албай 1998-жылдын 7-январында көз жумган. Анын жаркын элеси элинин эсинде калып, өзү туулуп-өскөн Кемин шаарчасындагы орто мектепке, өзү түзүп кеткен жаш кадрларлы даярдоо базалык мектебине жана борбор шаарыбыздагы мурунку Чапаев көчөсүнө ысмы ыйгарылган.


Март ыңкылабынан кийинки кыргыз саясатчыларын куугунтуктоо
Роза Отунбаева
СДПнын депутаты, экс-тышкы иштер министр Роза Отунбаеванын өмүрүнө да бир кезде коркунуч пайда болгон. 2005-жылдын 4- март күнү таңында анын үйүнүн балконуна бирөөлөр тарабынан "РГД-5" үлгүсүндөгү граната ыргытылган. Тилекке каршы депутат айым бактысы болуп үйүндө болбой, үйдүн полу жана коңшулардын терезелери талкаланып кеткен. Кезинде Роза Отунбаева "бул жан алакеттер мени жок кылуу эмес, жөн гана коркутуп коюунун амалы" деп айткан. Себеби, ошол кезде Роза айым экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен депутаттык талапкерликти талашып чыккан. Ошол кездеги президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев болсо "Болуп өткөн окуя Роза Отунбаеванын өзүнө-өзү жасаган иши. Эптеп бийликке көө жабуу чагымчылдыгы болгон. Чындап келсе гранат азыр Отунбаеванын балконунда эмес, оппозиция лидерлеринин башында жарылып жатпай
бы" дегендей жооп узаткан. Окуя болгон жеринде болгондой калып, УКК бир иликтемиш этип, акырына чыкпай, чындык чырылдап кала берген.