Руханий чабалдыкпы?!

Муфтийдин куранды бурмалап окуганы жана бет тырмарлыгы
Өткөндө "Агымдын" (20-февраль, 2009) биринчи бетине"Чала молдо, Ыйык Жазуу, Куранды чала окуп, чалдыбарын чыгарба" , - деп Саадинин эки сап бейтин жазып, астына Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Муратаалы ажы Жуманов дун сүрөтү берилиптир эле. Анысы албетте, Муфтийдин сабатынын чалалыгын көрсөтүү болгон.
Бул жолу Муфтий өзү өзүнүн диний билиминин тайыздыгын, ой жүгүртүүсү да чектелүү экендигин жана эң башкысы Курандын арабча текстин түзүктөп окуй албастыгын "Ислам маданияты" (27-февраль, 2009) гезитинен " КМБД билдирет: "Ахмадийлерди эмне үчүн зындык деп айтабыз?", - деген маалыматында тастыктаптыр.
Башындагы КМБД дегени "К ыргызстан М усулмандарынын Б ашкармасынын Д ини" деп чечилеби, билбейм. Ал макалада Муфтий: "…Алар Куран жана хадисте келген "Мухаммадун - хатимун-набиййи" деген аят (Ахзааб сүрөсү, 40-аят)…", - деп Куран аятын бурмалап, ката окуйт.
Муфтий адегенде Курандан бир мисал келтирерден мурда, аятты бир сыйра жакшылап карап алса же билгендерден тактап алса болмок, эл алдында уят болуп, Кудай алдында Куранды ката окуп, күнөөгө батпай. Көрсө, муфтий араб тилин кой, Курандын арабча текстин да түзүктөп окуй албайт өңдөнөт. Эгер бул айтканым калп болсо, кана анда, Курандын арабча текстин окуганды билгендер Куранды колго алып, "Аль-Ахзаб" сүрөөсүнүн 40-аятын окуп көргүлөчү. Анда: "… расуулаллаахи ва ХААТАМАН- набиййин …", - деп бакыйып жазылып турат. Аны Муфтий: "мухаммадун - ХАТИМУН набиййин", - деп одоно ката кетирип окуп жатат. Бул аятта ХАТИМУН деген сөз жок, ХААТАМАН деген сөз турат. Жаңылыштык го десек ката окуган сөзүн бир канча жолу кайталап, аны чечмелеп да ийиптир, бирок анысы да чала.
Мисалы, Муфтий жазат:"Ахмадийлер: "Мухаммад өзүнөн мурунку келген пайгамбарларга мөөр болуп саналат" дегенди эч качан билдирбейт деп айтышат.. - "пайгамбарлардын мөөрү" деген сөздү "өзүнүн артынан келе турган пайгамбарлардын мандатын тастыктап бере турган мөөр" деп бурмалап түшүндүрүшөт" , - деп Ахмадилерге айып тагууга аракеттениптир. Кеп куру кетпесин, келиңиз анда Мухаммад Пайгамбарга таандык "мөөр" сөзүн ким кандай бурмалаганын далилдер аркылуу текшеребиз. Ахмадий мусулмандарбы же Муфтий өзү бурмалаганбы?
Муфтий кол коюп, уруксат берген кыргызча Куран котормолорунун баарында тең "пайгамбарлардын акыркысы" деп которушкан. "Курани карим кыргызча котормосу жана түшүндүрмөсү" (котормочу Алауддин Мансур, Бишкек, 2004) Муфтий Мураталы ажы Жуманов кол коюп, уруксатын берген. Анын 384-бетинде:"…пайгамбарлардын акыркысы…" , - деп турат. Башка кыргызча котормолордун баарында тең "пайгамбарлардын акыркысы" - деп Мухаммад ПайгамбарСАВдын Улук даражасын жөн гана заман жагынан, катардагы эле акыркы деп түшүрүшкөн. Муфтият тарабынан чыгарылган кыргызча котормолордун бир да жеринде "пайгамбарлардын мөөрү" деген сөз жок. Бирок ошого карабай муфтий "мөөр сөзүн бурмалайт" деп Ахмадийлердин бетин тырмайт. Же өзү акыркы деп алып, эми башкалардын бетин тырмап актанып жаткандагысыбы? Сан жагынан акыркыда эч кандай деле даража, өзгөчөлүк деле болбойт. Ошентип, Курандагы "… пайгамбарлардын мөөрү…" деген улук даражаны муфтияттын чыгарган Курандары өзүңүздөр күбө болгондой, ".. акыркы …" деп жөнөкөйлөткөн.
А чынында "мөөр" (печать) сөзүндө эмне деген артыкчылыктар бар экенин ахмадилерден сура. Кана, Ахмадий-мусулмандар бул маселеде эмне айтаарына көңүл бөлсөк. А дегенде, Ахмадия Мусулман Жамаатынын 4-жетекчиси Азирети Мырза Тахир АхмадРУ өзүнүн "Ислам заманбап суроолорго жооп берет" аттуу китебинин 32-бетинде, МухаммадСАВ пайгамбарлардын мөөрү экендигин мындай тастыктаган: "Арабтын "Хаатам" (мөөр) сөзү аталган аятта көптөгөн мааниге ээ. Бирок, "Хаатаман-Набиййин" титулунун мааниси шексиз түрдө: "эң мыкты, абзел" "башкалардан артык", "чечүүчү, акыркы сөзгө ээ", "эң жогорку авторитет", "баарынан жогору жана баарынын чынчылдыгын тастыктоочу" эсептелет. (Араб тилинин улуу сөздүктөрү: Ф. У. Лейна, "Акрабуль-Муварид", "Муфраадат Имам Рагиб", "Фат и Зургани").
Ошондой эле, Ахмадий-мусулмандардын котормосундагы "Свяшенный Коран арабский текст c русским переводом" (2008, Алматы "Дауир") анын 598-бетинде, "Ахзаб" сүрөөсү, 41-аятта: "…Печать пророков..", - деп которулуп, 590-591-бетинде: "…он является Печатью пророков, и это означает, что ему было дарована духовное отцовство над всеми пророками… "Хаатаман набиййин" имеет еще много значений…Например, слово "Хаатам" имеет значение "Мусаддик" (подверждаюший), и из всех религиозных учений только учение Святого Пророка Мухаммада (САВ) является подтвердающим истинность всех бывших до него пророков всех времен…" , - деп түшүндүрмө жазат. Салыштырыңыз.
Ошондой эле, ахмадилердин дүйнөнүн негизги 60тан ашуун тилине оодарган Куран котормолорунун баарында тең "Пайгамбарлардын мөөрү" деп Мухаммад Пайгамбарды бүткүл пайгамбарлардын абзели, эң мыктысы, улуусу жана эч кандай шарият Мухаммад пайгамбардын мөөрү же тастыктоосу болмоюнча кабыл алынбайт, Мухаммад эң акыркы шарият алып келүүчү Пайгамбар деп жазып, Мухамад САВ пайгамбарыбыздын теңдешкис улук даражасын ааламга даңктап келишет.
Ошондой эле, орусча баардык сабаттуу котормолордо да: "Пайгамбарлардын мөөрү", деп которулуп жүрөт, Саблуков, Крачковский өңдүү орустун чыгаан лингвист, арабист-академиктери, профессор Османов өңдүүлөрдүн котормолорунда: "…мөөр.." деп жүрөт. Мисалы: "Свяшенный Коран арабский текст с транскрипцией Богуславского. Д.Н. 1871", (Бишкек - 2004) 415-бетинде "Ахзаб сүрөөсү: 40-аятында:"..печать пророков.." , - деп жазылып турат. ( Анын транскрипциясын караңыз анда "хаатаман" (Муфтий окугандай "хатимун" эмес).
Ошондой эле бир топ абройлуу Ислам аалымдары да, "хатам" сөзүн акыркы дегендердин "наадан" экендигин баса белгилеген.
Эми кана, кимдин "мөөрү" жеткиликтүү, Исламдын пайдасына чечилгенин, тагыраак айтканда туура которулганын жана акыйкат үстүндө экенин өзүң талдап алың, окурман.
Эми эле муфтий мөөр жөнүндө кеп кылымыш болуп, дагы бир жеринде жазат:"Эгер биз "хатимун" сөзүн "мөөр" деген мааниде түшүнө турган болсок, анда Аллахтан келген пайгамбарлыктарды конвертке салынган кат-кабарларга, Мухаммад алейхи саламды болсо, ошол конверттин үстүнө урулган мөөргө салыштырсак болот. Анткени, Мухаммад алейхи саламдын наамы менен пайгамбарлардын тизмеси мөөрлөнүп калган. Эми кыяматка чейин бул тизмеге эч ким кошулбайт жана бул тизменден эч бир пайгамбар чыга албайт" , - деп логикалык жактан өтө чала түшүндүрмө берет.
Сөзүңүз оозуңузда Урматтуу Муфтий! Демек өзүңөр жазып да ишенип да жана күтүп жүргөн Иса пайгамбар да келбейт, туурабы? Бул бир. Жогоруда Сиздин уруксат менен чыгарылган кыргызча котормолордун баарында Мухаммад "акыркы пайгамбар" деп жүргөнүн далилдедим, демек бул жерде да Иса пайгамбардын келишине жол жок, туурабы?. Бул эки. Болбосо, акыркы пайгамбар Иса болуп жатпайбы.
Эми урматтуу Муфтий, сиздин кайсы сөзүңүзгө ишенебиз: Иса пайгамбар мына асмандан түшүш керек дейсиз да конверттеги тизмеден кыяматка чейин эч бир пайгамбар чыга албайт дейсиз. МухаммадСАВ акыркы пайгамбар дейсиз да, Иса пайгамбарды келет деп күтөсүз? Иса келсе акыркы пайгамбар Иса болуп жатпайбы?
Анысы ал, Исламдын беш парызын жана бардык шарттарын таза аткарып жаткан Ахмадийлерди: "зындык (каапыр) - кадиянийлер" " күбөлүк келимесин айтканда, бул келимедеги "Мухаммад" Гулам Ахмад Кадияни деп тастыкташат" - деп динди, Кудайдын эркин менчиктеп алгандай, бирөөлөрдүн жүрөгүндө эмне бар экендиги менен эсептешип, калпты жазат. Мындай жагдай тууралуу Мухаммад Пайгамбарыбыздын бир хадиси бар:
Бир сахаба "лаа илааха иллаллааху, Мухаммадур расулуллаах" деп Исламдын күбөлүк келимесин айтканына карабай бир каапырды өлтүрүп салган. Келимени айтып жатканына карабай, аны эмнеге өлтүрөсүң деп суралганда, ал аман калыш үчүн эле келимени айтып жиберди деп актанганына карабай, Мухаммад ПайгамбарСАВ: "Сен анын жүрөгүн жарып көрдүң беле?" - деп жемелеген эле. Ошондо тиги сахаба мен төрөлбөгөндө жакшы болмок таризинде өкүнгөн.
Эгер Исламдын күбөлүк келимеси: "Лааилааха иллаллаах Мухаммадур расулуллаах" деген келмени айтып, беш маал намаз окугандарды, кыскасы Исламдын беш парыз, ыймандын бардык шартын аткарып жаткандарды "каапыр, динбезер, зындык" деп атаган киши өзү ким болот? Мусулманбы же каапырбы?
Мунусу аз келгенсип, бирөөлөрдүн ички дүйнөсү менен эсептешип, жакпаган адамын каапыр деп фатва-токтом чыгарып жатса, сергек акыл жүгүрткөн адам унчукпай тура алчудай эмес. Анткени, Куран каримде"Албетте, көкүрөктөрдө эмне бар экенин Ал (Алла) билет" ,- деген аят турганда, ким адамдын жүрөгүндөгүнү айта алат? Анын токтому менен эч ким эч качан каапыр болбойт, эгер бирөө каапыр боло турган болсо, анда мусулмандардан бир да соосу калбайт болчу.
Ислам тарыхына назар салсак: чала сабат молдолордун өкүмдөрү боюнча, Исламдын эң абройлуу адамдарынын 80-90 пайызы каапырлыкка чыгарылган. Үчүнчү халиф Азирети Осмон , төртүнчү халиф Азирети АлиРА жана Пайгамбар МухаммадСАВдын небереси Имам Хуссейин жана Имам Малик , Имам Шафий , ошол доордун уламалары тарабынан муртад, динбезер, еретик деп жарыяланган. Ошондой эле Ислам юриспруденциясын азыркы дүйнөнүн 47 пайыз мусулмандары колдонгон Имам Абу Ханифа муртад, динбезер, еретик аталып, зынданга ташталып, ууландырылып өлтүрүлгөн. Ошол кездеги уламалар тарабынан бардык Ханафиттер каапыр деп чечим чыгарылган. Эгер бирөөнүн токтому менен каапыр болуп калсак, анда биз, сиз да, каапырга киресиз, кыскасы жер бетиндеги мусулмандардын бүт баары каапыр болуп калат. Себеби, Ислам дүйнөсү төрт юриспруденцияны (мазхаб деп коюшат) кармашат. Демек, учурунда төрт имам - Имам Малик, Имам Шафий, Имам Абу Ханифа жана Ахмад бин Ханбал төртөө тең каапырлыкка айыпталган.
Хадистери Курандан кийинки даражада турган Улуу Имам Бухари, ошондой эле Ахмад бин Ханбал, Имам Газали, Абдул Кадыр Гейлани, Имам ибн Таймийя, Тебризи, Жалалиддин Руми, ибн Каййим, Жами, Сархади, Шах Валиюлла ж. б. дагы каапырлыкка чыгарылган. Меккедеги Ыйык Мечеттин имамы, муфтисинин фатва-токтому боюнча Шейх Мухаммад бин Абдул Ваххаб Нажини (ваххабия негиздөөчүсү) еретик, динбезер деп жарыялашкан. Азыркы Аравиянын 90пайызынан ашууну ваххабист эсептелет. Кыскасы, чала сабат муфтилердин токтому менен эч ким, эч качан каапыр болуп калбайт жана болгон эмес.
Каапырлыкка чыгаруу маселеси боюнча да Азирети Аьзам рахматулланын эгер адамда 99пайыз каапырлык белги болуп, бир пайыз мусулмандык белги болсо, ал мусулман эсептелет деген чечимин эстен чыгарбасак. Антпесе 99пайыз мусулмандык белги болуп, бир пайыз каапырлык белги болсо, аны каапыр деп туура эмес фатва-чечим чыгаргандар четтен чыгат. Ошондой эле, Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмад: "Эч бир келиме келтирүүчүнү исламдан чыккан деп айтпайбыз", - деп кашкайган чындыкты таамай айткан.
Дегеле, Муфтинин, дин жетекчисинин милдети бирөөлөрдү жаманаттуу кылуу, бирөөгө жалаа жабуу, каапыр-зындык деп өкүм чыгаруу эмес, тескерисинче, каапырчылыгы, дин безерлиги байкалгандарды Исламдын, Пайгамбардын жылуу-жумшак жана жагымдуулугу менен хидаятка-туура жолго чакыруу болуп эсептелбейби?
Урматтуу Муфтий! Мухаммад ПайгамбарыбызСАВ дин душмандарына кандай мамиле жасаган эле? Же жаалданып туруп алды беле?.. Ошондуктан бирөөнү каапыр-зындык, динбезер дештен мурда эки жакты абайлоо, Куранды тактап окуу жана аны жакшылап түшүнүү жакшы ыкма болмок.

Асылбек БЕКТЕНОВ