Кыргызстанда

Эки милийса ок атышты
Бишкектин четиндеги айланма жолдо түнкү он жарымдарда Чүй облмилийсанын мобилдик тобу мурда уурдалган тизмеде жүргөн "Ауди 100" машинесин токтотушса, шоопуру майор деген документ сунат, ичиндеги 30-35тердеги эки азиат жигитти сыртка чыккыла десе, тигилер ок атып кирип, качышыптыр. Салондо магазини жок АКСУ автоматы, номуру өчүрүлгөн "Сайга" мылтыгы, ал эки мылтыктын ок шыкалган магазиндери, сегиз огу менен ПМ, автомат глушители, эки кара маска, тогуз түгөй кол кап, бычак, кызыл түстөгү милиция таягы, скотч, автомобилдин бир нече номурлары табылган. Көкүрөккө ок тийген эки милийса азыр ооруканада, айыгып кетишет дейт.




М.Садыркулов тегерегиндеги авария шектүү көрүнөт
ЖК депутаты Г.Куликова бул аварияны иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү катары пикирин айтты. Аварияны иликтөөдө эларалык көзкарандысыз эксперттерди чакыруу керек, анткени бүдөмүк шек бар дейт. Медет Садыркуловдун аялынын айтуусунда, күйөөсү ичинде баалуу документтер салынып жүрчү сумкасын, ноутбугун дайыма колунан түшүрбөй, платина телефону баштаган бирнече уюлдук телефону да жанында жүрчү экен. Ал эми кырсык болгон жерде портфели да, ноутбук да, отко салса күйбөгөн платина соткасы жок болуп чыкты. Тергөөчүлөр да бирнече сотка чыкты, ноутбук, платина сотка калдыгы болгон эмес деп атышат.




Депутат А.Шадиевдин айтканы туурабы?
Өткөн жумада НПОлордун "Парламент шайлоочулардын көзү менен: бир жылдык жыйынтык" кеңири форуму өтүп, нпочулар депутаттарды төрт тушунан сындаган болчу. Форумга катышып келип, палата алдында отчет берип жаткан депутат Г.Куликовага атырыла бир тийип: "Бүткүл эл шайлаган парламентти сындагыдай НПОлор ким болуп калыптыр. Аларың өздөрү кандай иштейт. Ким бирөөлөрдүн кызматын кылып 300-500 доллардан айлык алышат да, өздөрү котормочу элемин деп 50 сом салык төлөшөт" деди. Кечээ НПОчулар Турсунбек Акунду талап, ал араң качып кутулду эле. Энди Аскарбек мырза окопто жатып эле кутулбаса, образованный аялдар жама-ан…


Депутаттын уулун уурдаган деген шектүү адам кармалды
Быйыл 24-сентябрда ЖК депутаты Жусуп Жээнбековдун уулу Бактиярды куралдуу төрт кылмышкер уурдап, депутат ошондон бери Москва, Казакстанды түрө кыдырып уулун издеп жүргөн. Кечээ ИИМ министри кабар угузду. Ал Москвадан кармалып, азыр алып келатыптыр. Депутаттын үстөккө-босток суроосуна министр "ансыз да көптү айтып жибердим. Ишенимдүү кишилериңди алып кел, анан кенен сүйлөшөлү" деди.


Урматтуу окурмандар!
Сиздерди дагы бир жолу жадыраган жаздын, жаңылануунун майрамы - Нооруз менен чын дилден куттуктайбыз! Ноорузду сиздер менен чогуу майрамдап, баш "жазып", бир аз күн жооруган колдорубузду эс алдырып, эгер сиздер уруксат берсеңиздер "Аалам" гезитибиздин кийинки саны кудай буюрса 26-март күнү жарык көрөөрүн эсиңиздерге салабыз.

Редакция жамааты




  Дүйнөдө

Кытайлар Ыраакы Чыгышка умтулууда
Жумушсуз жүргөн кытайлар Бээжиндеги орус элчилигинин маңдайына чогулуп, акысыз виза берүү талабын коюшту. Алардын пикиринде Орусиянын Ыраакы Чыгышында акысыз түнөк жай жана жумуш күтүп турат имиш. Орус элчилиги албетте, аларга виза бере койгон жок.

Б.Обаманын Орусияга көзү түз
Президент Орусия боюнча эксперт кызматын аткарып келген Р.Готеммюллер айымды мамкатчыга жардамчы кылып дайындады. Президент Б.Обама Орусияда курал-жарак маселелерине көзөмөл жүргүзүү менен алектенип келген бул адамды кызматка тартуу менен Орусияга карата жаңы мамилелердин башатын ачууну жашырбайт.

Француздар НАТОго кайтты
Парламент ушундай чечим кабылдап, президент А.Саркози аны бекитти. Өлкө 1966-жылы НАТОнун командалык курамынан чыгып кеткен эле.

М.Ходорковский азаттыкка чыкпайт
"Юкостун" экс-деректири, олигарх М.Ходорковскийдин ишин 3-марттан бери карап жаткан Москванын Хамовнический соту олигархка карата баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчүн четке какты. Анткени М.Ходорковский учурда биринчи кылмышы үчүн сегиз жылдык абак мөөнөтүн өтөп жатат.


"Аалам-пресс"