Каныбек үйлүү болду
Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев жолдуу жигит экен. Анын спорттогу жетишкендиктерин өлкө башчысы баалап, жаш экенин, дагы Кыргызстанды дүйнөлүк аренага таанытууга күч-кудурети, чеберчилиги жетээрин байкап 3 бөлмөлүү квартира белек кылды.
Бильярд оюнуна мурда совет доорунда тыюу салынып, кумар оюну катары куугунтукталып келсе, эгемендикке кошо Каныбектердин (Сагындыков жана Сагынбаев) таланты менен Кыргызстан дүйнөдө таанылды. Бильярд учурда профессионалдык спорт катары деңгээли жогорулап, өзүнчө федерация түзүлүп, мектептер ачылып, жаш-кары дебей бул спорт менен алектенип калды. Кыргызстан бильярддын орус пирамидасы түрү боюнча дүйнөлүк рейтингде 3-4-орунда турушу эле, бул спортко Каныбектин кошкон салымын айгинелеп турат. Жашынан бильярд менен таанылып, жаштар, уландар жана чоңдор арасында дүйнө чемпиону болуп, эл аралык турнирлерде жеңген Каныбек Сагынбаевди Орусия, Украина, Казакстан баш болгон спорт державалары ири сумма сунуштап чакырып жатышы анын чеберчилигинен, талантынан, келечегинен кабар берип турат. Каныбек алардын сунуштарып четке кагып, "Кыргызстандын намысын гана коргоп, Кыргыз туусун гана көтөрүп чыгам" деген убадасына бек турууда. Учурунда Каныбек Сагындыковго көңүл бурулбай койгондуктан, ал аргасыздан Казакстандын атын дүйнөгө таанытып жүрөт.
Каныбек Сагынбаевге өкмөт да көз кырын салып, Жал кичирайонунан үч бөлмөлүү үй бериши - көп жылдык спорттук ийгиликтеринин натыйжасы.
Дүйнөдөгү эң мыкты бильярд чеберлеринин бири аталган Каныбек Сагынбаевдин айрым олуттуу ийгиликтерин гана санай кетели.
2002-жылы Казакстанда өткөн Азия Кубогунда күмүш медаль тагынган. 2004-жылы Москвада дүйнө чемпионатында (чоңдор арасында) бешинчи орунга жетип, жаштар арасында дүйнө чемпиону аталган.
2007-жылы Алматыда Азия Кубогунда коло байгелүү болгон. 2005-жылы Орусиянын Калининград шаарында өткөн Командалык дүйнө Кубогунда үчүнчү орунду жеңип, Кыргызстандын командасына коло медаль жеңүүгө салым кошкон.
2007-жылы Санкт-Петербургда өткөн дүйнө чемпионатында Каныбек жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, чоңдор арасында дүйнө чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Мындан тышкары 100дөн ашуун эл аралык мелдештерде, коммерциялык турнирлерде жеңип, 90дөн ашуун медаль, Кубоктун ээси болгон.
Оор атлетикадан Каныбек Осмоналиев олимпиадада чемпион аталып, дүйөнүн 4 жолку чемпиону болсо, бильярдда жолдуу, жеңиштери арбын болуп, Каныбек инибиз Кыргызстанды дүйнөгө таанытууда.





Олимпиадачы Вера Корсакова (Семенова)
Атактуу жөө күлүктөрдүн катарында Корсакова Вера Васильевнанын татыктуу орду бар. Жеңил атлетика боюнча СССР спортунун чебери эле. Ал Ысык-Көлдүн Ананьева айылында туулуп-өскөн. Мексиканын борбору Мехикодо 1968-жылы өткөн 19-Олимпиадалык оюндарга Вера Корсакова да СССР курама командасынын мүчөсү катары катышкан. 80 метр аралыкты тоскоолдуктар аркылуу чуркоодо дүйнөнүн, Европанын, СССРдин рекорддорун жаңыртып, рекордчу аталган. Анын көрсөткүчү 10.2 сек. болчу. Бул рекорд 1967-жылы Ригада өткөн мелдеште Вера Корсаковага таандык болду.1967- 1968-жылдары СССРдин биринчилигинде байгелүү орундарга жетип жүрсө, 1970-жылы Минскиде өткөн СССРдин биринчилигинде алтын медалга арзып, өлкөбүздөгү эң мыкты жөө күлүк экенин айгинелеп койгон. Мындай ийгиликтерге жетүүсүнө анын устаты, Кыргызстандын спортуна эмгек сиңирген машыктыруучу В.Х.Полубабкиндин үлүшү зор болгон. Вера Корсакова Кыргызстандын намысын эл аралык, союздук мелдештерде коргоп, жергебизде жеңил атлетиканын өсүп-өнүгүшүнө эмгек сиңирген.


Устаттын урматына
Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында спортко эмгек сиңирген машыктыруучу Ражап Жанаевди эскерүүгө арналган эл аралык эркин күрөш мелдеши жыйынтыкталды. Килем үстүндөгү мөөрөй талашууга Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстанда 1992-93-жылдары туулган 580 улан катышат, Кыргызстандык балбандар ар- намысты сактап калуу менен, алтын байгенин көбүн колдон чыгарган жок. Эки күндүк мөөрөй талашууда эң жеңил салмактарда Асан Мурадыл уулу, Ислам Шамшы уулу баш байгенин ээлери болушту. 50 кг салмакта жалалабаттык Тилек Замирбек уулу биринчи орунду ээледи.
54 кг салмакта бишкектик Самат Надырбек уулу жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. 58 кг салмакта токмоктук Нурбек Жаркымбаевдин жылдызы жанып, ага теңдеш балбан болбоду. 63 кг салмакта олимпиадалык резерв окуу жайынын окуучусу Сыпар Сатымкулов, 69 килодо жалалабаттык Исмаил Акматалы уулу, 76 кг салмактагы Олимпиадалык резерв окуу жайынын өкүлү Искен Чойбек уулу мелдештин жеңүүчүлөрү деп таанылышты. Уландардын 85 кг салмагында Карасуулук Бабур Рахимов баш байгени утуп алды. Өзбекстандын балбандары эки алтын медалдын ээси болушту. Алар: Мильхат Тадажанов менен Ойбек Тошкенбаев . 100 килодон оор салмактагы казакстандык Мамед Ибраимов 16 жашында алп экени байкалып мелдештин жеңүүчүсү деп аталды. Ал баралына келгенде көз тийбей, эркин күрөштү таштап койбой машыкса, Казакстанды дүйнөгө тааныткан Алпамыштай, Хажымукан, Даулеттей балбан болот го деген ойдо калдык. Маркум Ражап Жанаев да көзү тирүүсүндө далай балбандарга эркин күрөштүн сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, далай балдардын багын ачып, элге- журтка таанытып келген болсо, көзү өткөндө да анын арбагы далай балбандарды колдоого алып, намыска бүлөдү көрүнөт. Достору, шакирттери, устаттары уюштурган Ражап Жанаевди эскерүү эл аралык мелдеши жыл өткөн сайын денгээли жогорулап, жаш балбандарга эркин күрөштүн керемет дүйнөсүнүн эшигин ачып, тушоосун кесип, жеңиштерге шыктандырып турар. Агайыбыз да өзү айкөл, ак көңүл, намыска бекем, адамкерчилиги өтө бийик, чыныгы устат эле, - деп эскерет шакиртеринин бири, республикалык, Азиялык даражадагы калыс Рысбек Мамышев.





"Нооруз - 2009" баскетбол мелдеши өтүүдө
Үч күндөн бери Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда баскетбол боюнча "Нооруз - 2009" эл аралык мелдеши курч мүнөздө өтүп жатат. Биринчи бетешүү Өзбекстандын "ЦСКА" командасы менен Бишкектеги "ГИНЕС- 29" командасынын ортосунда болуп, өзбектердин чеберчилиги жогору экен, 87; 58 эсебинде утуп, алгачкы үч упайга ээ болушту.
Ошондой эле айыгышкан таймашууда Бишкектиктер ишеним арткан "Тулпар-Скиф" командасы Казакстандын "Каспий" командасынан жеңилүү ызасын тартышты. Казактардын коргонуусу да, чабуул коюу тактикасы да жогору болуп, казактар мактангандай эле бар экен. Эсеп 83:54 менен аяктап, бишкектиктер башты жерге салышты.
"Forward", "Ак барс", "Мобильный сеть" командалары ишенимдүү оюн көрсөтүштү. Бул мелдешке АКШнын "ALO" командасы да катышып жатат. Алар биринчи беттешүүсүндө Бишкектин" Forward" командасына аз упай айырма менен утулуп калып, абдан намыстанып турушат. Эсеп 69:65 болгон. Мелдеш абдан курч мүнөздө өтүүдө. Көргөн да, көрбөгөн да арманда.

Юристтер ордо чемпиону
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия Академиясынын манежинде ордо оюну боюнча Бишкектин биринчилиги өткөрүлүп, 8 команда мөөрөй талашты. Негизинен ордо оюнуна жогорку окуу жайларынын студенттеринин, окутуучуларынын кызыгуусу күч. Бабалардан мурас болгон ордо оюнунда бул ирет Кыргыз мамлекетик Юридикалык академиясынын командасы баш байгени утуп алышты. Болочок юристтер мыйзамды эле чакпастан, чүкө чертип, ордого түшүп, хан чертүүгө да маш экен. Экинчи орун Свердлов районунун ордочуларына ыйгарылды. Кыргыз мамлекеттик Курулуш-транспорт архитектура университетинин (КГУСТА) командасы да ордо оюнуна уста экенин айгинелеп, коло байгелүү болушту. Жеңүүчүлөр Нооруз майрамына арналган республикалык турнирге катышууга укук алышты. Ага жети облустан ордочулар катышмакчы.

Самбодо сыналгандар
Самбо күрөшүнөн да уландар арасында Казакстандын биринчилиги өтүп мында 184 балбан мөөрөй талашты. Баш байгенин көбүн Бишкектик балбандар жеңип алышты. Жеңил салмактарда Ленин райондук балдар спорт мектебинин балбандары Кыялбек Калбай уулу менен Рамис Токтобек уулу жеңди. 60 кг салмакта Артур Те 65 кгда Ахмед Плиев, 70 кгда Рахман Абдраимов биринчи орунду ээледи. 75 кг салмакта олимпиадалык резерв окуу жайынын балбаны Эгемберди Үмөталиев өлкө чемпиону аталды. 87кг Айбек Бекбалаев (Кыргыз дене тарбия академиясы) оор салмакта бокс, күрөш боюнча спорт мектебинин өкүлү Бекболот Рахатбеков бардык атандаштарын утуп, баш байгенин ээлери болушту. Ысык-Көл, Ош областтарынан келген балбандар баш байгеге илинбей, арманда кетишти. Чүйлүк эки жаш жигит Бекзат Асанкулов менен Айдар Алыбаев самбо күрөшүнөн Кыргызстандын 2009-жылы чемпиону деп аталып, алтын медаль тагынды.

Кабыл Макешов