КООМ

Алыскы жолдун башында
Жетинчи макала

Акылбек Мамадалиев, журналист: - Үчүнчү жыл кетип баратат Екатеринбургга келгениме. Ар кандай иштерди жасап жүрдүм. Көчөгө чыксам эле документ сурап, милиция кызматкерлери кармап, акча ала беришип эзип бүтүштү. Орусияда жумуш толтура, бирок, келгиндерди ала бербейт, ишке алышса да айлыгы аз,оор жумуштарга коюшат. Акыры мукураганда Орусия жарандыгын алдым.
- Ээн-эркин дем алып, сүйүнүп калган турбайсыңбы?
- Ой, каяктан дейсиз! Кайра капа болдум да.
- Эмнеге?
- Паспортумда туулган жерим Кыргызстан деп жазылганы менен кыргыз аталбай калдым. Азыр орусташтыруу күч алды Орусияда. Ал жакта скинхеддер эле эмес, аларга идея берип, багыт көрсөткөн Жириновский сыяктуулар көп. Паспортко улутуңду жазбайт экен. Ошентип, мен эле эмес, Орусия жарандыгын алган кыргыздардын баары эле улутун жоготушту.
- Кыргызстанга качан келдиң?
- Декабрда. Негизи ушул жакта эле түзүгүрөөк иш болсо калайын дегем. Аер-биерди караштырсам 5000-6000 сомдон экен айлык акылары, ой, ал пул менен катын-баламды багамбы же өзүмдүбү? Кой, кайра кетейин дедим анан.
- Кыргызстандын өнүгүп-өсөрүнө көзүң жетеби?
- Эч кандай! Жакынкы 10-15 жылда өнүкпөйт го. Жашоо оорлоп, тамак-аш, азык-түлүк баасы көккө чыгып, айлык акылар эч нерсеге арзыбай калыптыр. А эл турмушун оңдогонду мындай коюп, "Ак", "Көк" үйдөгүлөр баягы эле сасыган саясаттары менен алышканы-алышкан. Алар элди ойлобойт.
Жумасан Ман уулу : - 4 жыл Таразда, Жамбул облусунда соода жасадым. Жанымды жеп, жалгандарды жармактатпайын. Тараздын дүң базары бүт эле кыргыздар, чамалап айтсам ушу 95 пайызды түзөбүз го, анан ошол 95 пайыздын бери дегенде 95 пайызын оштуктар, оштуктардын ичинен Ноокат, Кызыл-Кыядан келгендер түзөт. Бизде: - Президент Бакиев Сузактанбы же Ноокаттыкпы? - деген талаштар көп жүрөт. Президент Бакиев көрсө жети атасы боюнча түбү ноокаттык, анан да тейит уруусунан, анын ичинен арыктейит тукумунан турбайбы! Ноокаттын Кызыл-Кыя жагындагы, азыр бизде "мода" сыяктуу көрүнгөн КТРден Кыргызстандын кооз жерлеринен этюддарды чагылдыруу жасаган бир көрүнүш пайда болду, ошолордун ичинде Апшыр-Атаны да чагылдырат. Бакиев өзү тек-түбү боюнча ошол апшыр-аталык экен да, ошентип, падышанын ака-үка, амеки-тамекилери да биз менен бирге казак журтун "тейлеп" жүрүштү. А бул бизге зор дем болду, "Президент, тууган-уруктары менен эле жеп-ичип жатат Кыргызстанды!" - дешип атышпайбы көптөр. Жо-ок, Президенттин ошо ноокаттык туугандары деле биз, бүт эл көргөн күндү, кыйынчылыкты бирге, кошо көрүшүп жүрүштү го. "Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт" - дешет, чынбы? Демек, падышанын тукумдары деле кордолот турбайбы! Анан дагы ошол эле Ноокаттын Нойгут, Кара-Таш, Чечме-Сай деген кыштактарынан көптөр иштеп жүрдү Таразда. Алар: - Спикер Айтибай Тагаев биздин акабыз! - дешет. Эмне, Тагаев спикер болсо эле бүт айылдаштарына жарык чачып олтуруппу? Анын жакын эле туугандары да биз менен тыгылышып, кысылышып, кырылышып бир бөлмө батирде жашашты. Демек, спикерди деле күнөөлөп "Тууганчыл!" деш туура болбостугун түшүндүм. Негизи эле мен Казакстанда иштеп жүрүп, ар ким өз киндигин өзү кесерин билдим. Кыргызстанда "чоңдор", анан туугандары жыргап жатат дешкен сөздөрдү айтышат го, ал туура эмес турбайбы!
Гүласал Ынтыл кызы : - Жакынкы 10 жылда Кыргызстан оңолбойт деп ойлойм, буга көзүм жетет. Эмнеге? Өткөн жылда Кыргызстанда бир улуу сөз айтылды, Топчубек Тургуналытегин айтты: "Кыргызстан падышага жарыган жок!" - деп. Так ушундай. Бүгүнкү бийлик эл үчүн эч нерсе жасабады, жасашка дарамети да жетпейт. Себеби, Чудинов премьер-министр болсо, өзү орус да, анан ал кантип кыргызга жакшылык ойлойт. Өткөн жылы жазда Түпкө барсам, телевизордо ал: - - - Жакында кыргызча үйрөнөм, сүйлөйм! - деп жатыптыр. Быйыл барсам дагы эле орусча сүйлөйт. Ошонун өзү элди сыйлабастык, алдоо. Ал киши энергетиканы менчиктештириш жөнүндө аракет көрүп жүрүптүр. Казакстан ошентип күйгөн, кийин бир канча эсе өйдө баада сатып алган. Бул бизге да сабак болуш керек эле да.
Жакшы маяналуу иш жогунан биз тентип жүрөбүз. СССР кезинде дүкөндө иштегем. Азыр менин кесибимдин бир кишиге кереги жок. Ар бир адам - дүкөнчү, сатарман, соодагер.
Жыл сайын эле пикет болот, митинг болот. Казак телелери көрсөтүп турат. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе!..
Бурулкан Карагулова, акын: - Москвага октябрдын аягында баргам, кыздарым иштечү. Мен азыр деле иштей элекмин. Максатым - ыр жазыш. Эртели-кеч балдарымдын балдарын карап, үйдөмүн. Күйөөм айдоочу болчу, ошол багытта иштеп жатат. Өзүм Россия Жазуучулар Союзу менен байланышып, кыргыз адабиятын өстүрүү, өнүктүрүү үчүн, ошол багытта таланттуу жазуучуларыбыздын китептерин орусчага таржымалатуу аракеттерин көрүп жүрөм. А жалпы эл жөнүндө болсо… Ушул бүгүнкү күндөрдө Москванын эле чет элдик жарандарды кармоо бөлүмүндө (ИИМге караштуу) 46 кыргыз "сакталып" турат экен, көпчүлүгү криминалдык иштер жаатында шектүү имиш. РФ ИИМи болсо алардын иштеринин тез эле нары-бери болушун каалашат экен, туура да, анан ошо биздин жердештер деле алардын казынасына күч келтирип жатышат да. Ошону Кыргыз Республикасынын бийлиги чечишке киришсе болобу? Албетте, болот. Бирок, алар ойлонушпайт. Кантип мансабын сакташтын жол-ыкмаларын издешип жүрүшөт.
Баса, Москванын шаардык телеси көрсөттү, ал калаадагы сатылып алынган үйлөрдүн 4 пайызы кыргыздарга таандык экен. Сүйүнүп калдым.

Өткөн жылы 40 000 дей кыргыз кыз-жигиттери Орусиянын жарандыгын алышкан. Ошол эле жылы 450 миңдей кыргызстандык Орусияга ооп барган.

Февралдын орто тушундагы маалыматтар боюнча Орусияда 1,9 млн адам ишсиз калыптыр. Бу көрсөткүч дагы өсүшү, 2,2 миллионду чабып барары чамаланат экен. Ишсиз калгандардын эле көбүн Тверь, Владимир, Свердловск, Нижний Новгород, Челябинск облусундагылар түзүшөт экен. А кыргыздар болсо аталган облустардан өзгөчө Свердловск, Челябинск облустарында көп. Демек, орус бийликтери азыр келгиндерди (а Орусияда орточо эсепте 1,5 миллион кыргызстандык бар) эмес, өз жарандарын иш менен камсыздай албай жатат.
Турдали Орозкулов : - Мен Ярославль облусунда бир чарбада торпок бактым. СССР кезинде Кыргыз ССРи "Кыргызстан" деген совхоз курган экен, ошол кездеги студенттик курулуш отряддарынын күчү менен. Азыр ал чарба асыл тукум уйларды өстүрүүчү бай чарба. Кыргыздар көппүз. Негизинен фермада иштейбиз.
Рублдин курсунун түшүп кетиши бизге оор болду, мурдагыдай үйгө - Кыргызстанга жөнөткөн акчаларыбыздын саны кемиди, берекеси качты. Алган айлыгыбыз дагы азая түштү. Биздин фермада го кыргыздарды кыскартуу, иштен бошотуш, кудайга шүгүр, азырынча бололек, бирок, курулушта, заводдордо иштегендердин кыскартылып калгандарын угуп жүрөбүз, айлыктарын бербей койгон соң өздөрү эле Кыргызстанга келе бергендерди да көрүп калабыз. Өзүм мындай байкап көрсөм, Орусияда айыл, мал чарба иштеринде дале адам жетишпейт өңдөнөт, ошого кыскартпайт окшойт.
Өзүндө болбосо өзгө өгөйлөйт. Өзүм Кара-Көлдөнмүн. Кочкор-Атадагы ГЭСтин курулушу башталса эле мен да "Кечтим байдын кызынан" деп келе бермекмин!..

Б.Сраж