Кыргызстанда

Аксы окуясын Г.Исмаиловадан башка эч ким эстебейби?
Бүгүн Бишкекте Аксы окуяларынын 7 жылдыгына арналган эскерүү Күнү өтөт. Аны Г.Исмаилова жетектеген "Жарандар коррупцияга каршы" коомдук уюму өткөзмөкчү. Г.Исмаилованын пикиринде Аксы окуясы - адамзатка карата жасалган кыянат кылмыш. Республиканын укук коргоо органдары бул окуянын күнөөкөрлөрүн бүгүнкү күнгө чейин аныктап, бетин ача элек. Буга чейин болуп өткөн сотто айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденип, мойнуна коюлган менен Бишкек гарнизонунун судьясы Боромбаев аларды толук актап жиберген эле. А.Бекназаров үчүн жандарын кыйган 6 адамдын өлүмү республиканын ошо кездеги жоон топ жетекчилеринин мойнунда дагы эле турат.
О бир жылдары бийликтен түңүлгөн эл өзү элдик сот уюштуруп, өз чечимин чыгарганга аракет кылганы эсте. Ошондо элди сыйлап, сотко барган, арбактарга куран түшүрүп кайткан жалгыз адам Жалалабаттын экс-губернатору С.Урманаев гана болду. 6 адам окко учуп, 30дан ашуун адам ар кандай жаракат алган Аксы каргашасын бүгүн бийликтер эстен деле чыгарды шекилди, бирок элдин эсине эски жарадай сыздап дагы далай жылдар жүрөөрү шексиз.

КРдын БКАнын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү афган жеринен чыккан оор баңгизаттарды алышты
КРдын Баңгизатка контролдук Агенттигинин кызматкерлери тарабынан, Тажикстандан Россияга, Кыргызстандын аймагы аркылуу ири өлчөмдөгү контрабанда баңгизат каражаттарын алып өтүүчү туруктуу каналды жок кылуу боюнча ийгиликтүү операция өткөрүлдү.
2-мартта ыкчам маалыматты ишке ашыруу убагында Ош шаарында, баңгизатты ташууга шектүү деп автоунаа токтотулган, анын ичинде 29 жаштагы биздин республиканын жараны А.С.Б болгон.
Автоунааны кароо убагында анын жүк салуучу бөлүгүнөн ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттары чыккан - 34 кг 846 гр салмагындагы опий жана 57 кг 553 гр афган гашиши (чарс).
Алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 92 кг ашыгыраак болду. Эгерде бул баңгизаттар сатылган болсо баасы 1 млн ашык АКШ долларын түзмөк.
Азыркы кезде кармалганга карата тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМде кадр алмаштырмай
Генерал-майор М.Жакыпов министрдин орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна полковник Р.Раимбердиев дайындалды. Өз арызынын негизинде Ош областтык ИИБ начальниги У.Ташкараев кызматынан бошоп, ордуна мурда милициянын транспорт жагын башкарган Б.Абакиров отурду.

Бензин арзандайт
"Газпром нефть Азия" ишканасы күйүүүчү майга болгон чекене, дүң бааларды арзандатты. Кечээ күндөн тартып АИ-80, АИ-92 жана солярка 1 сомго, ал эми АИ-95, АИ-98 - 50 тыйынга арзандады. Бирок маршрутка, автобустагы баалар түшпөйт, сүйүнүүгө шашпагыла!

Токтогулда канча суу бар?
Кечээ күнү суунун деңгээли 843,96 болуп, көлөмү 6,602 млрд. кубту түздү. Секундасына 134 куб/м суу агып келүүдө. Суунун чыгашасы болсо 339 куб/м. Былтыркы жылдын ушул маалында ГЭСте 6,709 млрд. куб суу болгон.

Орусияга баңгизат алып барам деп 12 жылга кесилди
"Мерседес" машинесине 5 кг героин катып Омск шаарына жеткен кыргыз (аты айтылбайт) 9-март күнү "товарын" киймин өзгөрткөн милиция кызматкерлерине сатып, өзү колго түшүп берди. Сот шордуу кыкеңди 12 жылга абакка тыгып, мойнуна 300 миң рубль айып пул илди.




  Дүйнөдө

Уго Чавес орустарга кең пейилин көрсөттү
Венесуэла бийлиги өзүлөрүнүн аэродромдорун орусиялык бомбардировщиктерге берүүгө даяр экенин билдирди.

Пентагон космоско кожоюндук кылгысы келет
"Асмандагы карек" деп аталган космостук аппаратка 400 млн. доллар бөлүнмөй болду. Аппараттын узундугу 122 метр, 15 күндө Жер шарынын кайсыл точкасына болбосун жылып кете алат. Абада 10 жыл бою жүрөт дешүүдө. 20 миң бийиктикте учуп жүрүүчү бул аппаратты эч бир ракета уруп түшүрө албайт дешет Пентагондун генералдары.

Нью-Йорктун жок болушуна 100 жыл калды
Атлантика океаны ушу бойдон көтөрүлүп отурса Нью-Йорк шаары 100 жылдан кийин суу астында калаарын америкалык илимпоздор эсептеп чыгышты.

АКШ кризистен жыл аягында чыгат
Эгерде Б.Обама банк системасын турукташтыра алса АКШ ушул жыл аягында кризистен чыгаарын баш банкир Б.Бернанке билдирди.

"Аалам-пресс"