КООМ

"АЛА ТООДО АТ САЛЫШЫП, БҮРКҮТ ТАПТАГАН"
" Алчы-таасын, баш-такасын бүт жеп бүткөн саясатчы күзгүдөн чагылган өзүнүн өңүн да меники эмес деп ынандырып жиберет"
Белек Солтоной


Бүркүт таптоо. Бүркүт салсаң, Алтайдын кызыл түлкүсүн кийерсиң, карчыга салсаң, кулжа жеп, жазга жакын болгондо атынын башын карга жейт" деген макал бар. Бүркүт чын куранда(март) үйүгүшөт. Бугунун (апрель) аягына жакын зоого жаки чөлгө тууйт. Тоңдурма кылбайт. Бир-экиден артык туубайт. Кулжада (май) маңдай жарат, текеде (июнь) канат-куйругу чыгат. Балапан чагында атасы жемин энесине берип, аны энеси баласына берет. Бирок, өзү уясына жакын барбастан, обочо олтурат. Жемди дайым энеси берет, баласы учарда атасы жакын келет. Аз-аздан алыстатып учуруп көндүрөт. Илбээсинди, тамакты ата-энеси алып берип үйрөтөт. Ноябрге жете уясынан көп алыстабайт.

Бүркүттүн жашы: Бир жаштагы бала, экинчи бозум, үчүнчү таштөлөк, төртүнчү кум-төлөк, бешинчи барчын дейт. Колдогусу 40-45 жашка, жапайысы 100гө чыгат. Сыны : кырааны-канаты сары, жүнү тегерек, буту ич жагына ийри, көзү ак, канатынын мөрүсү калың, буту ичке, балтырына тутам батпайт.Буту көк, тумшугу көк, көзү чуңкул, ургаачысынын айырмасы билинбейт. Чөл бүркүт ачка болсо, жаш баланы эңип кетип жей берет. Бүркүт уядан алынып, андан шаңшычаак көп чыгат. Торго түшкөнү шаңшыбайт.Бүркүт арык, канат куйругу сындан болсо, ал кыраандык белгиси. Мындай бүркүттү он чакты бүркүт ээрчитип алып, анын алганын жешет.Кол бала менен торго түшкөн бүркүттүн табы бир болот. Уя бала бүркүт ачка болгондо ээсин алып жейт. Кара түлкүнү бала бүркүт алат.Тор бүркүтү кыйпактап чыга берет.

Табы: Бүркүттү эт менен он күндө семиртип, кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип, кое берип, балтыр эти балкылдаганда он беш күндө салууга болот. Ысык жерге койбостон салкында асырайт. Чыргаа менен үндөккө келтирет.Абдан арыктатып, жилигин үзүүгө жакындатып, кайтадан жакшы семирткенде таза түлөйт. Кыраан эмес, байлооч жаман бүркүт болсо да, түн ичинде жанына карышкыр жолобостон качат.Эч убакта бүркүттү томогосуз койбойт. Илбесин аңды 8-9 чакырым жерден көрүп, бүркүт кагынат, бутуна дулай чыгат.Маңка болот. Айыкканы аз болот. Сезгенген дартка бүркүттүн өтүн ичет.Бүркүт каман, кулжа, аркар, эчки-теке, элик, жээрен, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү алат.

Кыргыздын билген атактуу бүркүттөрү: 1. Индостандын көк аяк. 2.Оролмо тоонун ак ийин (кулун менен тай алат). 3.Иленин чөлү ( карышкыр, кийик алат). 4. Алайдын ак көзү( не түрлүү кыраан чыгат). 5. Аркалыктын бүркүтү. Бүркүттүн саны 65ке айрылып, анын ичинде кыраандары 19 урукка бөлүнөт: 1). Буудайык - көрбөдүк. 2) Алп кара куш. 3). Муз мурут, көргөн бүркүттө баш кыраан. 4) Кара жүндүү кабырык. 5) Чөл. 6). Чөгөөл. 7). Карала. 8) Капкара. 9) Кара көө. 10) Куу кашка. 11) Коңур чегир. 12) Шашкалаң сары. 13) Үч ала. 14) Иби кыз. 15) Куу чегир. 16) Бай кашка. 17. Бай коңур. 18) Баатыр кашка. 19) Чокунун карасы.
Түлөк бүркүттү 40-45 күндө салууга болот. Таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш этти сууга салып, кирин кетирип, жумшартып берет ( муну ак жем дейт). Жылкы, кой, коен, кекилик - бул төртөөнөн башка эт берилбейт. Жылкы эти өтө пайдалуу болот. Бүркүт ооруп калса жылкынын жаш этин берет. Бүркүт семизирээк болсо көп оорубайт жана алуу дагы жакшы болот. Чакмак уруш ошолордо болот. Уй эти жакса да көңүлүн карартат. Бүткүл кыргыздагы бүркүт тууралуу икаяны жазып отурса, нечен китеп болот. Бүркүт тууралуу сүйлөгөндө ушул даражада көрсөтүп, анын эрдигине толук маалымат берет. Ошолордун мисалга төмөндө бир нечесин көрсөтөмүн: 1) Кокондуктун заманында бугу кыргызы Шапак уругунан Томонун "Сары эжи" деген кыраан бүркүтү болгон. 2) Тынай кыргызынан Жумаш уулу уругунан Кулукенин атасы Он Бир жылганын оюнан бүркүтү талпынганда кое берсе, Кегетинин коосуна келип конуп калган. Чугоюп келсе Кегетинин коосунун ичинде эки күчүгү менен жолборс жатыптыр. Жардын кашатында отурган бүркүтүн чырга тартып кондуруп, ала кайта жөнөгөн. 3) Кокон заманында Текесте бир жапайы бүркүт бир серпүү менен бээни жарып өлтүргөн. 4) 1840-жыл чамасында саяк кыргыздарынан Курманкожо уругунан Чычай деген бүркүтчү үйрү тобу менен карышкыр, эчки-теке алган. Кара чолок деген бүркүтү болгон. Бир буту жыгачта калып, бир буту карышкыр, теке куланга кеткен бүркүт көп болгон. 5) 1867-жылында сарбагышта Жантай уругунан Дуулат Смайыл уулунун бүркүтү доңуз алып жүрүп, бир кезде каманга салса чалып өлтүргөн. 6) Калмак заманында бир жигит качып келе жатса, жолдон бир карышкыр кошулуп, алиги жигит бүгүн болбосо да, эртең мени жебейби деп зарлап отурганда зуу деп асмандан дабыш чыкканда, карышкыр кабакка качып кирген замат артынан чөйчөктөй болгон бирөө кошо кирген. Чуркап барса карышкырды бир буту менен боордон алып, бир буту менен оозунан капшыра чеңгелдеп көзүн чукуп жеп жаткан экен. Саколдо аюу алган, Шаярда бугу алган бүркүттүн анык барлыгын 1916-жылында уктум. Турпанда жапайы бүркүт теке алганын көргөн кишилерге оозмо ооз сүйлөштүм. Бөлөкбай уругунан 1906-жылы 88 жашында өлгөн Тугулчу уулу Жунуш 1845-жылы чамасында агасы Өтөгөн экөө Көк уянын жангызы деген бүркүткө жана бир бүркүткө бир жылда 300дөн ашык түлкү алдырып, келген ногой кербенине бир жүздөн аша кысыр калды койго саткан. 7-8 жылдан соң эликтин башында, бир буту шилисинде калып өлгөн. 1928-жылы Нарынга караган Ажы районунда Таш-Тоокум Султанаалы дегендин уя бала бүркүтү Төлөктүн кара жонунан кулжа алган. Бүркүт салыш көбүнчө бай-манаптын кесиби болсо да, жан сактоо үчүн кедей чарбадан салганы көп болгон.
Даярдаган Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ