Бир келерсиң мекениңди көргөнү

"Жетимге көк жөтөлдүн кереги барбы"?
Дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистин бороону биздин өлкөгө да келип жетип өз ооматын жүргүзө баштаганын, эми таптакыр башка доордо-башка мезгил координатында жашап калганыбызды моюнга албай кое албайбыз. Кризистин белгилерин четтен эле тапса болот. Мисал катары 5-мартта өткөн пресс-конференцияда салык комитетинин башчысы Акматбек Келдибековдун январь айында Чүй областынын 60 ишканасынын отчету нөлгө барабар болгону, ири ишканалардын бири болгон Кант цемент заводу өткөн жылы салыктын 101%ин камсыз кылып келсе, быйыл ал 50% ке чейин түшкөнүн, натыйжада Иссык-Ата районуна салык которуу 50% төмөндөгөнүн, ошону менен катар төрт кирпич заводу ишин токтоткону жөнүндө билдиргенин алдыга тартсак жетиштүү болор. Өтө суук кабар. Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров демейде тутунуп келген казенный оптимизмин кан буугандай токтотуп мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча демилге көтөрө баштаганы жакшы деле жосун эместир. Анын "2009-жылдагы өлкөнүн өнүгүүсү пессимисттик прогнозу боюнча 1,5 процентти түзүш керек эле, эми биз аны кайра карап чыгып көрсөткүчтү 0,9-1 процентке чейин түшүрүүгө аргасызбыз" дегени эле кризистин канчалык терс таасир берип жатканынан кабар берер. Бюджетти эки эсеге жеткирдик, бул эмне силерге өсүш эмей эле эмне деп бир айтып койбой элди өмгөктөтүп келатышкан чиновниктер азыр оозуна кум куюп алышкансып тымпыйышат. Аларың кризистин тушунда ал "эки эсеге өстү деген бюджеттин" колго кармалбаган күүгүмдөгү элес сыяктуу заматта "эрип" жок болорун, алдыдагы гиперинфляция кайсап таштаарын бир аз да болсо аңдап билип калган түрү бар. Чиновниктер кыргыз экономикасындагы "рессеция" деген түшүнүктү жакын жолоткусу келишпейт, арийне реалдуулук-экономиканын артка чегинип эңшериле башташы-бир далай орчундуу ишканалардын токтоп иштебей калышы, экономикада байкалаарлык жылыштар болбой жатканы алардын терминологиялык запасын жаңы экономикалык категориялар менен байышына аргасыз кылаары шексиз. Алдырарда жаздырар болуп эки жылдан бери созулуп келаткан энергетикалык кризис экономиканын моюнунда кылыч болуп илинип турат. Баарынан жаманы азыркы финансылык-экономикалык кризистин масштабын, анын канчага дейре созуларын алдын ала болжолдоп айтуу кыйын экенинде- азыр анын так прогнозун даап эч ким деле бере албас. Эл аралык азуулуу финансисттер азыркы кризисиң жөн ойпоң-тойпоң, коогалуу кезеңди келечектен күт, эң оор учур али алдыда, глобалдык рессеция узак жылга созулуп кеткен депрессия менен алмашышы агийне дешкенине караганда келечекте чоң сыноолор күтүп турганын божомолдосо болор.
Кыргызстан сыяктуу финансылык жана экономикалык ресурсу чектелүү жакыр өлкө үчүн кризистин залакасы кыйла эле оор болору шек туудурбай деле калды. Бекеринен Эл аралык валюта фондусу Кыргызстанды глобалдык финансылык кризиске туруштук бериши чектелүү алсыз-күчсүз өлкөлөрдүн тизмесине киргизип жатпагандыр. МВФтин тизмесине негизинен африкалык өлкөлөр болгон 20 мамлекет кирген. Мурдагы социалисттик блокту түзгөн мамлекеттердин ичине Кыргызстандан башка Молдова менен Монголия бар (04/03-2009 14:58, Бишкек - ИА "24.kg", Данияр КАРИМОВ). Ошентип бул маалыматтарды баамдап-баксак биздин өлкөнүн абалы башкаларга салыштырмалуу өтө начар экенин көрсө болот.
"Жетимге көк жөтөлдүн кереги не" демекчи, глобалдык кризистин капсалаңына кошул-ташыл Кыргызстанда дагы бир чоң проблема пайда болду. Кыргызстандын башка өнүккөн өлкөлөрдөн айырмачылыгы эмгек ресурстарын тышка, негизинен Россия менен Казакстанга экспорттоп келгени белгилүү. Эмгек мигранттарынын саны айрым маалыматтарга караганда республиканын жалпы калкынын бештен бирин түзөт. Эми ал эмгек мигранттары Россия менен Казакстандагы улам тереңдеп бараткан экономикалык кризиске, жумушсуздуктун өсүшүнө, социалдык жагынан корголбогон катмарды түзүп келгенине байланыштуу, квотанын кыскарылышынан улам өз өлкөлөрүнө кайтып келүүгө мажбур болушууда. Экономикалык кризис, ошону менен катар, Россия менен Казакстандагы эмгек ресурстарына болгон муктаждыгын төмөндөтүп гана тим болбостон ультраулутчул күчтөрдүн активдешине алып келди. Россияда, атап айтсак, жергиликтүү калк баш тартып моюну жар бербей келген кара жумушта иштешкен эмгек мигранттарына карата ичкен табагын талашып жаткан гастарбайтерлер катары көрүп, аларга ич тарыган маанай өстү. Бул да болсо эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнө кайра артты көздөй төгүлүп агып кетишин шарттаган олуттуу фактор. REGNUM агентствосунун маалыматы боюнча 2008-жылдын акыркы кварталы менен 2009-жылдын эки ай аралыгында кайтып келип жаткандардын саны өткөн жылдар менен салыштырганда он эсеге өскөн. Ошентип экономикалык кризистин зылдай оор жүгүн көтөрө албай ыргалып турган республикага кошумча миграциялык проблемалар каттамдашты.
Борборазиялык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын эмгек мигранттарынын трансферттери жергиликтүү улуттук экономиканын турукташуусу үчүн чоң тыгынчык болуп келгени белгилүү. "Россиялык вести" басылмасынын "Миграциялык ташкын. Мурунку советтик республикалар өз граждандарынын кайтып келишин үрөйү учуп күтүп жатышат" (№8, 4-11 март, 2009) деген макаласынын америкалык эксперттердин берген баасына таянып жазганына караганда "азыркы тапта Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын ишке жарамдуу граждандарынын 20-30% чейинкиси Россия менен Казакстанда эмгек кылышат. Кыргызстандан баргандар 500-800 миңге чейин. 2008-жылы алардан өз өлкөсүнө келип түшкөн акчанын көлөмү 1 млрд. долларды түзгөн". "Азыр, финансылык-экономикалык кризис өз өкүмүн жүргүзө баштагандан тартып эмгек мигранттарынын жиберип жаткан акчалары катуу эңшерилди-өткөн жылдын октябрына салыштырып көргөндө ал 15 - 25% чейин кыскарды, Россиядан жиберилген валютанын агымы болсо 35 процентке дейре түшүп кеткен". Бул болсо Борборазиянын мигрант-генераторлору болгон өлкөлөрдөгү (Өзбекстан,Тажикстан жана Кыргызстан) улам күч алып бараткан финансылык жана экономикалык кризисти ого бетер тереңдешине алып келишин шарттаган жагдай экени талаш туудурбас.
Ошол эле "Россиялык вести" жазганына караганда жакынкы айларда тышта жүргөн мигранттардын болжол менен жарымысы өз өлкөлөрүнө кайтып келиши этимал. Эмгек мигранттарын мекенинде кучак жайып эч ким күтүп турбаганы белгилүү. Аларды жумушсуздук жана жакырчылык гана күтүшү мүмкүн.Эксперттердин айтымында Кыргызстанда жумушсуздук ишке жарамдуу адамдардын деңгээлинен алып караганда 34% ти түзөт. Бул өтө кооптуу көрсөткүч. Жумушсуздук болсо кезегинде-айрыкча легалдуу жол менен токоч иштеп табуунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген шартта социалдык чыңалууга, коомдун криминалдашына алып келээри айкын. Ырас, кайра кайтып келгендердин же келе тургандардын бир далайы (57 %) өз мекенинде өз алдынча бизнес ачкысы келишкен ниетте экенин билдиришкен, Асыресе, жергиликтүү чиновниктердин арасындагы туташ коррупция эмгек мигранттарынын кадыресе бизнести колго алып, ийгиликтүү буттан тургузуп кетүүгө чоң каскак экени башынан айкын. Сөздү жумгактатып айтканда алдыда бир топ кыйын кычыктуу, ал гана түгүл коогалуу учурлар күтүп турганы кажетсиз.

Үсөн Касыбеков,
эркин журналист




  Көз караш

"Оппозиция+Бийлик = ?!"
"Бийлик билгенин кылам деп жатат" деген оппозиция лидерлеринин айткан кебинин төркүнү төлгө ачпасак да белгилүү. Алардын алдыңкы кыйла мыктыларына кылмыш ишин козгоп, эски жараны тырмаганы тырмаган. Эки тараптын тең пикирине келсек ИИМ министр Молдомуса Конгантиев, ген-прокурор Элмурза Сатыбалдиев экөө тең бирдей пикирде "күнөөлөрү далилденип жатса анан эмне кылат элек" деп актанбаса да тактанып туру. Эмне демек элек, бийлиги бардын бактысы бар болуп, эски атаандаштарын деле аңга түртүп, алсыз турган тараптын каарына тийип эле келе жатканы да бар. Оппозиция тарап деле коркутуп үркүткөн жери жок, эл өзү: "уядай уулдарыбызга жалаа жаппагыла" деген болуп, кол топтоп жатканын айтышты. Бийлик баш көтөрүп да койгон жок. Сестенгенин сестенип эле жатышкандыр, айтат беле. Жаз жаман болот дегенинен жанагыдай оппаларга кыр көргөзмөй башталган. Ал эми оппалардын аракети анчейин күчтүү эмес. Буга бут тосуулардын жыйынтыгы ушул болду деп айтып калышат. Айтып эле келе жаткан жылуу жаз да келди. Турналардын асты да келип калды. Байчечекей деле жайнады. Баягы айтылган чоң аянтка "качан байчечекейлер жайнайт" деп күткөндөр бар. Турмуш оор. Жайлоо жарашып жаткандар аз. Байчечекей болуп жайнасак дегендерден көзү төрт болуп жүргөндөр баягы эле эски аянтына өскөндү каалашат. Жайнаш үчүн жайлоо жарашса жакшы. Жараштырып коебуз деген баш көзчүлөрдүн башына күн тийбей, кара булут кетпей койду. Акаңарды таанытам дештиби, акыры баягы баштарына кара булут айланган оппалардын астын орго салды.
О кокуй, келме кезек келеби дегенсип бир кезде курултайда айтылган, "бийлик менен бирибиз да сүйлөшпөйбүз, сатылбайбыз" дегендердин кээ бири, кечээ бийликтин астанасы алдында кол алышып пикирлешти. Максат, камакка алынган Аликбек Жекшенкуловдун айыбын актап, калгандарына каар төккөндү токтотуу таризде. Сүйлөшүүлөр жүрүп, бирине-бири душман болбогону жакшы. Бирок, сөздөн тайбаган Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариевдин алардын арасында жогу, чоң жоруктун башталышы катарындагы бүдөмүк ойго калтырат.
Аксакал болуп баргандарына ишенсе да болот, анткени, арасында Ишенбай Абдуразаков өңдүүлөр бар. Ошентип эки тараптын элдеши дагы, эки жолугушуудан кийин болоор болбосу белгисиз. Акыркы жолугушууда президент өзү катышаарын айткан. Анда өжөрлөрү өздөрү барып катышпаса "өңдү көрсө жүз тайып" кетиши да мүмкүн. Бул кадамды оппозиция тарап баштаган эмес. Демек, бийликтин жем ыргытмай оюнуна да окшошуп кетет. Өткөн бийликтин тушунда мындай ачык жолугушуу болбосо да "сүйлөшүп, элибиздин жүгүн бирге тарталы десем бир пикирге келишпей жатат" деп, экс-президент эл алдында көп айткан. Калк айтса калп айтпайт эмеспи. Бул бийликтин жолу мурдагы нуктан тайбаганын талашпай эле "ооба" дешкен элдин пикирин мунусунан да байкасак болот. Экс-президент бир аз жумшак, өз башына түшкөн азаптын болооруна цивилизациялуу коом катары анчейин ишенбей, анан калса демократия деп эле көп нерсени эркин койгону жашыруун эмес. Акыры анысы башка тийди. Бул бийлик бир катуу кардын ызгаарын башынан кечирди. Анча-мынча тажрыйба бар. Баш көтөргөнүн баса калганы ошол. Эмнеси болсо да кийинки бир жолугушуу, анан ажо менен кездешүү, анан...?!

Күнболот
МОМОКОНОВ