КЕЧЭЭ, БҮГҮН, эртең...

Кыргызстан жана кыргыздар
орусиялык журналисттердин көзү менен
2008-жылдын 8-9-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө биринчи жолу орус-кыргыз басма сөзүнүн фестивалы болуп өткөн эле. Буюрса, бул иш чара быйылкы жылда да өткөрүлмөкчү. Фестивалдын уюштуруучулары - КР маданият жана маалымат министрлиги (С.Раев) КР мамлекеттик туризм Агенттиги (Т.Мамашев) жана орусиялык журналисттер Союзу.
Гезиттин ушу санынан тартып, биз Кыргызстанды алгачкы жолу көрүшкөн орусиялык кесиптештерибиздин Кыргызстан жана кыргызстандыктар жөнүндө өз гезиттерине жарыяланган макалалары менен окурмандарыбызды тааныштырсак деп турабыз. Анткени чет жерден келген коноктордун биз жөнүндөгү ой-пикирин билүү "Ааламдын" жалпы окурман журтчулугуна кызыктуу болотго деген ойдобуз.
Макалаларды кыргыз тилине которуп, басууга даярдаган Бахтияр Шаматов.

Кудайдын дачасында
Кризистен чочулаган орусиялык турист КМШ аймагында арзан эс алууга кайрадан кызыга баштады, андыктан Кыргызстанга сапар баалар - сапат катышында мыкты вариант болуп эсептелет. Бирок, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жалпы чегара жок, ошондуктан турист бирде казак, бирде өзбек бажычыларына ийилип турганга аргасыз. Көбүрөөк кыйнагандар казак бажычылары. Көргүлүктү ушулар көрсөтөт. Эгерде кыргыз чегарачылары "Ысык-Көлгөбү? Анда жакшы эс алып кеткиле!" деп бир эле собол менен кайрылышса, казак жигиттер тим эле буга чейин үйдөн кайын энелери менен ит-мышык боло тытышып, жаңыдан күзөткө келгендей, кабактарынан кар жаайт. Булар паспортторду детекторго коюп, бир нече жолу текшеришет экен. Менин паспортумду текшерип аткан казак бажычы туулган жылымды паспорттун берилген жылы менен алмаштырып алып, "Мунуңуз 1970-жылдан бери жараксыз турбайбы?" дейт. Сүйүнүп алыптыр. Кыскасы, казак аймагы аркылуу "транзиттик жол жүрүү" адамдарды кордоо катары кабыл алынат. Мисалы, колуңдагы ноутбукка кайсы бир "инсайдерлик маалымат коркунучу болсо алып коебуз" деп тийишишет. Баңгизаттар барбы деген суроого биз бекер эле күлгөн экенбиз. Чынындале баңгизатты Чүйдөн тышка эмес, тескерисинче алып келет деген күлкүлүү угулат экен. Мени өзүнчө бөлмөгө алып киришип, бир нече жолу сүрөткө тартып алышты. Эстелик үчүн болсо керек. Акырында чегара тозогунан да өтүп бүттүк, эми алдыда эс алуу деген жанга жыргал нерсе турат.
Кыргыздар өз өлкөсү жөнүндө мындай бир көөнө уламышты айтышат: Кудай элдерге жер үлөштүргөндө, кыргыздар… уктап калып куру калышат. Уйкудан ойгонуп Кудайга келишсе, ал өзүнүн дачасын берип кутулган экен… Ошондон ушу күнгө чейин биз бейиште жашап келатабыз, - дешет кыргыздар, бирок өзүлөрүн сындагандай "ошончолук биз жалкообуз да", - дешип кошуп коюшат. Чынындале Кыргызстандын климаты бир жылда эки-үч түшүм алганга мүмкүнчүлүк берет. Маселен, сентябрдын орто ченинде кулпунайдын үчүнчү түшүмү жетилет (биринчиси майда терип алышат), анын бир банкасы биздин акча менен 25-30 рубль эле турат экен!
Өлкө субтропикалык мейкиндикте, Италия, Болгария сыяктуу өлкөлөр менен, болжолу, бирдей параллелдерде жайгашкан. Кыргызстандын түндүк чегарасы Рим жана Нью-Йорктун кеңдигине, ал эми түштүк жагы Лиссабон жана Вашингтондун чектерине барабар. Кыргызстанда Тажикстандагыдай ысык эмес, бирок Казакстандагыдай суук да жок, ошондуктан биердеги туристтик сезон жыл бою жүрө берет деп айтсак аша чапкандыкка жатпас. Цивилизация али толук талкалап бүтө элек бул аймакка дүйнөнүн бардык булуң бурчунан башкалардан өзгөчө эс алууга куштар адамдар келишет. Альпинисттер, серфингисттер, тоо лыжачылары, рафтерлер, парапланеристтер ж.б. Кыргызстандын жаратылышы ушул спорттун түрлөрү үчүн атайын жаралгандай, анткени эч бир жерде жердин бети деңиз деңгээлинен 500 м ылдыйга түшпөйт, ал эми кээ бир чокулар 7000 метрден да өйдө. Алардын эң бийиги - Жеңиш чокусу (7439 м), республиканын бүт аймагынын 1/3 бөлүгү 3000-4000 м бийиктикте жатат.
Албетте жогоруда айтылган спорттун түрлөрү бир топ опурталдуу, ошондуктан биердеги айтылуу альпинисттер Көрүстөнү эч качан бош жатпайт. Көрүстөн чыгууга өтө татаал, бийиктиги 5000дик Корона чокусунун этегинде жайгашкан. Биздин келээрибиздин алдынан эле Тянь-Шань тоолорунан жүргөн көчкү эриген соң, биерде 26 жыл мурда каза тапкан поляк альпинисттин сөөгү табылган экен! Тянь-Шандын кыргыз жагындагы Ала-Тоо деп аталган тарабында сегиз миңге жакын мөңгүлөр бар, андыктан мындай табылгалар биерде сейрек эмес.
Биз тагдырыбызды азгырыкка алдырбай, Бишкектин эле өйдө жагындагы Ала-Арча улуттук паркына жөнөп кеттик. Бул парк - Борбор Азиядагы элдин аягы үзүлбөгөн тоолуу аймак. Москвалыктар үчүн Кавказ кандай болсо, биз сибирликтерге бу жер да ошондой сезилди. Жердештерди бу жерде жайы-кышын учуратса болот. Биз келгенде красноярскиликтер Ала-Арча суусунан балык уулап жүрүшкөн экен. Өзгөчө жол боюндагы, бооруна "Привет из Новосибирска" деген бажырайган жазуусу бар чоң таш көзгө жылуу учурады, ар бирибиз анын жанына тура калып, сүрөткө түштүк.

Кымыз бышкан меймандос таякча
Кыргызстандын борбору - Бишкек деңиз деңгээлинен бир жарым миң метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Шаар аскер топографтары тарабынан долбоорлонуп, Орусия империясынын түштүк чектерин бекемдөө үчүн 1825-жылы чеп катары курулган. А кезде согуш кудайы артиллерия болгондуктан, замбиректердин огу имараттарга мүмкүн болушунча аз тийсин деп шаар көчөлөрүн паралелдүү жана перпендикулярдуу курушкан. Ошондой эле бул ысык Азиянын шартында шаардын тоо тараптан соккон шамал менен жакшы желдеп туруусуна мүмкүнчүлүк берет.
Стриттери жана авенюлары менен белгилүү Нью-Йоркко кудум окшош бул шаарда туристтер гиддерди же экскурсоводдорду жалдап акча коротуп отурбайт. Шаарда адашууга түк мүмкүн эмес. Таза болбой баратса өтүп бараткандардын кимисине болбосун кайрылсаң болот. Жергиликтүү калк өтө ак көңүл, сураганыңды ийне-жибине чейин эрикпей түшүндүрүп берет, атүгүл шаардын купулга толоорлук дагы кайсыл жерлери бар, шашпай айтып бергенден баш тартпайт. Бишкектиктер (орустар) москвалык жумшак акцент менен үндүүлөрдү бир аз созуп, улама мүчөлөрдү болсо байкатпай жутуу менен сүйлөшөт.
(Аягы кийинки санда)

Юлия Латыпова,
"Новая Сибирь"
гезитинин кабарчысы