КЕЧЭЭ, БҮГҮН, эртең...

Экс-министр, губернатор Бекболот ТАЛГАРБЕКОВ:
"Бул жол кайда алып барат?"
Акаев бийлиги: жетишкендиктер жана каталар
- Бекболот мырза, учурда Акаев бийлигине кандай баа бересиз?
- Акаев доорун мен эки мезгилге бөлүп караар элем. Алгачкысы 1991-2000-жылдар. Бул мезгилде эл, мамлекет үчүн кыйла үзүрлүү иштер жасалды. Калыстык үчүн фактыларга токтололу. Жалпы СССР 90-жылдары зор кризиске кептелген. Башкасын коелу, дүкөндөр аңгырап бош калып, талон менен жашап калбадык беле. Кыргызстанда экономика толук банкрот абалга жеткен. Бюджеттин кирешеси 2 миллиард рубль, ал эми чыгашасы 8 миллиард рубль болчу. Бир эле 90-жылы колхоз-совхоздордо эки миллион (!) кой кырылган (Анда Акаев Москвада депутат эле).
Акаев президент болгондон баштап экономикалык реформалар жүргүзүлдү. Макроэкономика, финансы сектору турукташтырылды. Бюджет балансы жаралып айлык, пенсия, пособиелер убагында берилип калды. Рыноктук инфраструктуралар жакшыртылды, мисалы "Бишкек-Ош" жолу. Учурунда улуттук валютабыз киргизилди. Жер реформасы жүрүп, дотациялуу айыл чарбасы өзүн актаган тармакка айланды. Эгемен Кыргыз мамлекетин дүйнө тааныды. Кыргыз рухун даңазалаган "Манас-1000" сыяктуу иш-чаралар өттү. Элибиздин ынтымагы чыңдалып, улуттук, регионалдык бөлүнүүгө жол берилбеди. Табыгый кырсыктардын кесепеттери учурунда жоюлуп турду.
Дегинкиси, тарых ал мезгилди өз ордуна коеруна, Акаев да келечекте Раззаков сыяктуу реабилитация болооруна мен ишенемин.
Акаев бийлигинин экинчи мезгили 2001-2005-жылдар. Соңку президенттик жеңиштен кийин Акаев негедир демократиядан тайып, авторитардык бийлик жолуна түштү. Андагы жогорку саясый фигуралар: мамкатчы Ибраимов, администрация жетекчиси Карыпкулов, өкмөт башчысы Бакиев, көмүскөдөгүсү Керексизов болгон. Булардын ролу канчалык же Акаев авторитардык жолго өзү түшүп кеттиби - учурунда ачыкка чыгаар. Ал жолдун жыйынтыгы 2005-жылдагы март окуясы болду.
- Алгач авторитардык бийликтин маани-маңызына токтой кетсеңиз?
- Авторитарлык бийликтер түрдүү формада болгон менен маңызы окшош. Түпкү максаты - элдин укугун азайтуу, мамлекеттин (же жеке адамдын, үй-бүлөнүн, кландын) бийлигин көбөйтүү. Башкы эки куралы бар. Биринчиси - каршы ой-пикирде, позицияда болгондорду куугунтуктоо. Экинчиси - коомдо маалымат үстөмдүгүн орнотуу. Жакынкы тарыхка көз салалы. Сталин эки куралды тең аеосуз колдонгон. Куугунтук, репрессия деген жогорку катаал деңгээлге жетип, каршылаштар "эл душмандары" атыгып, атууга кетишкен. Маалымат үстөмдүгү зордоп толук орнотулган. Ооба, мамлекеттик да, өзүнүн да бийлиги абсолюттук деңгээлге жетти. Бирок, акыры ал жол СССРди ураганга алып келбедиби. Гитлерге келсек, ал репрессияны согушка айлантып, башка элге багыттады. Маалымат үстөмдүгү Геббельстин кубаттуу пропагандасы катары дүйнөгө таанымал. Гитлер да жамандык менен бүттү. Соцлагерден Румынияны алалы. Чаушеску да репрессия менен маалымат террорун кеңири колдонгон. Акыры "кыңк" эте албай калды деген эл Чаушескуну асып өлтүрүштү. Ельцин да өзүн демократмын деген менен авторитардык жолдогу жетекчи болчу. Ал каршылаштарды көбөйтүп парламент мүчөлөрүн аткылаган акыбалга жетти. Маалымат майданында да тынымсыз "согуш" жүргүзүлчү. Бирок Ельцин бийликти убагында мураскерине өткөрдү. Путин болсо, авторитардык бийликтен баш тартты. Ал көзү май баскан олигархтарды саясий майдандан сүрүп салганы болбосо, каршылаш, душман күтүү жолуна түшпөдү. Коммунисттер, оңчулдар, айтор, бардык саясий күчтөр менен иштешип келатат. Маалымат үстөмдүгүн да орнотподу. Өлкө деңгээлине арамза, куйту саясатты жолотпой, ачык, калыс иш алып баратат. Ошон үчүн мамлекет бутуна туруп, эл турмушу оңолуп, Путиндин курсу өз жемишин берүүдө.
- Акаевге кайрылсак. Анын авторитардык башкаруусу кандай өңүттө жүрдү?
- Алгачкы он жылда сөз эркиндиги өсүп, өлкөбүз "демократия аралчасы" деген баага жетишкен. Кийин маалымат үстөмдүгүн орнотуу аракетинде өкмөттүк эмес каражаттар да бийликтин колуна өтө баштады. Мисалы, "Вечерний Бишкек" гезити, КООРТ телеси. КТР бийликчил пропагандага толуп, элдин кыжырын кайнатып, "кара жащик" атка конду. Авторитардык башкарууга каршылык көрсөткөн саясатчылар, журналисттер куугунтукка туш болушту. Мындай саясат өз "жемишин" берип, бийлик Аксы окуясына кабылды. Андан ары оңоло алган жок. Авторитардык башкаруу экономикалык өсүштүн басаңдашына, жакырчылыктын көбөйүшүнө, коррупциянын жайылышына, акыйкаттын азайышына алып келгенин мурдагы бийликтин өкүлдөрү моюнга алуубуз зарыл деп эсептейм.

Бакиев бийлиги: мүмкүнчүлүктөр жана
жыйынтыктар
- Бекболот мырза, азыркы бийлик төрт жыл башкарууда. Сиздин да ой-пикир, бааңызды угалы?
- Март окуясынан кийин өлкөдө жаңы кырдаал жаралды. Оппозиция бийликке келди. Акаевдин айрым кадрлары жаңы бийликке өттү, көбү саясаттан четтеди. Демек, бардык ишти "таза барактан" баштоого, авторитардык башкарууну түптамырынан реформалоого, өткөндүн жакшысын улап, кемтигин түзөөгө жагымдуу шарт түзүлдү. Бирок жаңы бийлик акыл-эсин, күч-кубатын башка нукка бурганы бүгүн жалпы элге маалым. Ал нуктагы башкы маселе - өлкөдөгү байлык, менчиктерди кайра бөлүштүрүү болду. Көбүрөөк мүлк топтоого ашыккан бийлик өкүлдөрү бул нукка криминал чөйрөсүн да кеңири тартты. Бийлик ошентип бир жыл аралыгында өзүнө жаңы оппозиция жаратты. Аны АКШ, же Россия же Акаев түзгөн жок. Мурдагы эле тилектеш соратниктери каршы позицияга өттү. Алар 2006-жылдын апрелинде бийлик менен криминалдын жылуу мамилесине каршы митинг баштап, аягы ноябрда жаңы Конституцияны кабыл алдыртышты. Декабрда бийлик реванш алып, өзүнүн Конституциясын өткөрдү. Кийинки тирешүү 2007-жылдын апрелинде "фронтчулардын" кубаланышы менен аяктады.
Толук жеңишке жеткен бийлик ичине каткан ой-кыялын, түпкү максатын жүзөгө ашыруу үчүн 2007-жылы жайында москвалык саясый технологдордун жардамы менен атайын план даярдады. Саясатчылар "Барбаросс" деген наам берген ал план Кыргызстанда күчтүү авторитардык бийлик орнотууга багышталган. Планды натыйжалуу аткарыш үчүн ашынган адис жетекчи керек эле. Агезде администрация жетекчиси түз сүйлөп, түз жүргөндү жактырган Мыктыбек Абдылдаев болчу. Ошондо президент ага "сен бул кызматка жарабайсың" деп ачык айтып кетирген. Бийликтин асмандан издегени жерден табылып, "Барбаросс" планын аткаруу Медет Садыркуловго жүктөлдү.
"Барбаросс" планынын урунттуу иш-чараларын эске салалы. Эшимканов менен Карабековдун Консотко кайрылуусу, Консоттун 2007-жылдагы ноябрь, декабрь Конституцияларын жокко чыгарышы, жаңы Конституциянын референдумга коюлушу жана анын ийгиликтүү өтүшү, президенттин "Ак жол" партиясы түзүлүшү жана анын парламенттик шайлоодо жеңишке жетиши - "Барбаросс" планынын жемиштүү аткарылышынын далилдери. Жыйынтыгында авторитардык мамлекеттик башкаруу күчүнө кирди. Бардык бийлик бир колго, президентке топтолуп, ага катар чөнтөк парламент, күнкор сот системасы, колбала өкмөт, жергиликтүү акимчиликтер мамлекеттин жаңы түзүлүшүн аныкташты.
- Демек, күчтөнгөн авторитардык бийлик башкы куралдарын жаңы дем менен колдоно баштады да?
- Албетте, мамлекеттик маанилүү саясат нугунда. Өлкөдө саясый куугунтук катаал формага - репрессияга айланып жатканын коомчулук тынчсызданып көз салып турат. Саясий качкындардын тобу пайда болду (Абдрахманов, Байсалов, Орозобекова ж.б.) Оппозициянын жетекчилерине, алардын туугандарына үстөккө-босток кылмыш иштери ачылууда. Айрымдары түрмөгө отургузулуп, көбү эч жакка чыкпоо тил катын берди. Оппозициянын жүрөгүнүн үшүн алып коюу үчүн Ноокатта акимчиликтин айнегине таш ыргыткандар 8-20 жыл эркинен ажыратылды. Андан да кызыгы, жакында өлкөнүн урмат-сыйлуу адамдары президентке кайрылуу жолдоп жатышпайбы: "саясый куугунтук күчөп жатат, ошону токтотконго жардам берсеңиз" дешип. Албетте, маңызы туура кайрылуу, бирок дареги туура болбой жатпайбы. Бул "өзүң тууган баланы өз колуң менен мууздап берчи" деген кеп да.
Жаңы бийлик маалымат үстөмдүгүн орнотууда эбегейсиз аракет жасады. "Вечерний Бишкек" гезити, КООРТ телеси бийлик кожоюндарына менчиктелди.
ММКлардын ичинен өзгөчө ролду телерадио ээлей турганын жаңы бийлик мыкты түшүндү. Аягында эркин "НТС" каналын, "Азаттык" берүүсүн жаап, бул айдыңда бийликтин толук монополиясы орнотулду.
Гезит майданында бийликтин маалымат үстөмдүгү зор. Өкмөттүк гезиттерден тышкары "Вечерний Бишкек", "МСН", "Агым", дагы көп менчик гезиттер бийликтин ийгиликтерин айтып бүтө алышпай, оппозицияны "көрдөн алып жерге, жерден алып көргө" чаап келатышат. Эл ичинде "Бакиевдин жойпу түлкүлөрү" атыгышкан эр-азаматтар өлкөнүн идеологдоруна айланышкан. Аларда энтузиазм зор, чарчашпайт. Бийлик гезит майданында да монополия орнотууга далалаттанды. Бирин-экин гезиттерди сот аркылуу жаптырды, журналисттер соттолду, чет жакка качышты. Бирок, айрым эркин гезиттерди эмнегедир ооздуктай албады.
Азыркы ММКларды анализдеп бир жагдайды белгилегим келет. Акаевдин идеологдору көбүнесе маалымат демилгесин тарттырып жиберер эле. Эске салсак, Бакиев өкмөт башы кезинде анын орун басары Танаев "мы, власть, проиграли информационную войну" деп ачык айтканы бар. Башкы идеолог Ибраимов өкмөттүк ММКлардын жетекчилерин жыйнап "бир ууч" оппозиция гезитчилерге тең боло албайсыңар деп зекип жатчу. Ооба, азыркы бийликтин деле өкмөттүк гезиттери, "кара жащиги" (КТР) мурдагыдай эле элдин кыжырын кайнатып обон созуп келишет. Бирок, "ноу-хау" да жаралды. Ал - 5-канал. Буерде күчтүү менеджмент, алдыңкы саясый технология, чыгармачыл коллектив, таланттуу, жылдыздуу жаштар бар. Каналга көп каражат жумшалары, коллективге мыкты айлык-сыйлык төлөнөөрү айныгыс факт. Бирок каналдын кубаттуу пропагандасынын сыры эмнеде? Ал сырды түшүнүш үчүн орус премьери Путиндин Грузия - Түштүк Осетия жаңжалынан кийин Москвада дүйнөлүк ММК өкүлдөрү менен кездешкендеги сөзүнө кайрылалы. Путин Грузия аскерлери Цхинвал шаарына капыстан кол салып, эки-үч күн бомбалап турганын айтат. Шаар талкаланып, жүздөгөн адамдар өлүп, он миңдеген адамдар качышкан. Ошондо Путин сурап жатат: "Грузиянын агрессиясын көрүп туруп Батыштын ММКлары үн каттыбы? Жок, балык болуп турду. Ал эми жаңжалга Россия аргасыз киргенде Батыш ММКсы дароо бизди агрессор деп жер тепкилеп жатып калды". "Поздравляю Вас, отличная работа!" деди Путин. "Но безнравственная" деди кошумчалап. Мына 5-каналдын сыры, ал кеңири колдонгон Батыш саясый технологиясынын маңызы. Каналдын идеологиясы, пропагандасы Кыргыз мамлекетинин, эл-жеринин түпкү кызыкчылыгын эмес, авторитардык бийликтин кожоюндарынын жеке кызыкчылыгын тейлөөдө. Каналдын менеджерлеринин формасы калыстай, маңызы арамза, куйту маалымат материалдарын элге жакшы жеткирели деп аракеттенип жатышкан таланттуу, жылдыздуу алып баруучуларды көрүп аргасыздан "о, святая простота!" деген сөз эске түшөт.
- Элибиздин жашоо-турмушу кайсы тарапка ооду?
- Дүйнө экономикалык кризистин кучагында турат. АКШда бул кризисти өткөн кылымдагы "Улуу депрессияга" теңөөдө. Европа өлкөлөрү өндүрүш азайып, иш-каналар банкрот болуп атканын маалымдоодо. Россия жетекчилери киреше кескин азайганын, жумушсуздук күчөп жатканын жар салууда. Ал эми биздин бийликтин маалыматтарын уксак, дүйнөдө жалгыз гана Кыргызстанда экономика тынбай өсүп, киреше көбөйүп, жашоо-турмуш күндөн-күнгө жакшырып баратат экен.
Аныгында экономикабызды болгону чакан бизнес, дыйкандар, соода жүргүзгөндөр жана эмгек мигранттары кармап келатышат. Азыркы бийлик убада кылган ири завод-фабрикалардан, жаңы колхоз-совхоздордон дайын жок. Өлкөдө төрт-беш жыл мурда экспорт менен импорт көлөмү баланска келип калган эле. Азыр импорттун көлөмү экспортко караганда асмандап көбөйдү. Эмгек мигранттары жылына которуп жаткан бир миллиард доллар кайрадан экспорт-импорт тескери сальдосу катары өлкөбүздөн чыгып кетип жатат.
Акыркы төрт жылда жарым миллион атуулубуз чет өлкөгө чыгып кетсе да, жумушсуздук кенедей азайбады. Инфляция күндөп-айлап күчөөдө. Жок дегенде сомдун курсун кармап келаткан Улуттук банкка рахмат деп туралы.
Реалдуу баа берсек, экономикабыздын абалы акыркы төрт жылда эки-үч эсе начарлады. Өнөр-жай өнүкмөк тургай, өлөсө абалга кептелди. Өлкө туташ кризистин: азык-түлүк, энергетикалык, экономикалык кризистин сазына батты. Көпчүлүк калк күнүмдүк чыгашаларын жаба албай эптеп күн өткөрүп калды.

Учур кырдаалы: бийлик жана
оппозиция
тиреши
- Учурда кайда баратабыз, эмне кылабыз деген кыжалат суроолор көп?
- Коом өнүгүүсүндө калың элдин күч-кубаты деген фактор бар. Совет учурунда идеология бар эле: "направить энергию народа в созидательное русло" деген. Бир-эки мисал, Рузвельттин "жаңы курсуна" ишенген АКШда, коммунизмди туу туткан СССРде учурунда эл көп ийгилик жаратпады беле. Ал эми биздеги бийликтин негизги максаты авторитардык башкарууну күчөтүү болсо "энергиянын" баары ошол жакка кетпедиби.
Эми өткөн күздөн бери ал "энергия" авторитардык бийликти кантип дагы беш жыл сактап калабыз деген нукка бурулган. Бул максатта "Барбаросс-2" планы даярдалды, ырааттуу иш-чаралары бар. Москва саясий технологдору прагматик адистер катары бийликке эки шарт коюшту. Биринчиси, эгер президенттик шайлоо 2010-жылы өтсө жеңишке эч гарантия жок. Экинчиси, быйылкы жылы шайлоо таза өтсө, Бакиев ашып кетсе он пайыз алат, демек жеңиш үчүн бийлик "Барбаросс-2" планын так аткаруусу зарыл.
Ошентип, бийлик ал план менен алек. "Барбаросс-2" планына жылма жетекчи Садыркулов жараксыз болуп чыкты. Авторитардык маммашинанын гайкаларын бекем бурай турган өктөм жетекчи керек экен, ал дагы жерден табылды - Үсөнов деген азаматыбыз. Анын кеңеши менен кадрлар бир сыйра иргелип, "жараксыздары" куулуп, "керектүүлөрү" бийликке тартылды. Каражат чөйрөсүнө сөз салуу жаш олигарх Бабановго, КТРди тескөө президенттин көздөй адамы Мамбетовага табышталды. "Жаңы курстун" идеологиясын кураштыруу, массага жайылтуу үчүн президентке караштуу Секретариат түзүлүп, аны Малеваная жетектеп калды. Планга ылайык президент элге кайрылуу жасады. Эл анын маани-маңызын түшүнбөй калды эле, келечекте түшүнөт. Иш-чаралар ырааттуу кетип жатат: президент пресс-конференция өткөрүп президенттик шайлоо боюнча оюн так айтты, "Консот кандай чечсе, мен ошого макулмун" деп. Консотко кайрылуу бу саам жаш депутат А.Жээнбековдун мойнуна илинди. Консоттун чечиминин долбоору даяр: "шайлоо быйыл өтсүн" деген. Кокуйлатып бир жыл мөөнөтүн кыскартып жатса да Конститиуциянын гаранты ал чечимди кубаттаары бышык.
"Барбаросс-2" планынын башка иш-чаралары да мыкты. Эми өлкөнүн ичиндеги чыр-чатактарга армияны тартса болот, кийинки шайлоо да адилетсиз өтүп, жаңжал менен коштолоорун алдын-ала билип жатышпайбы. Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Акаевдин оппозициясы күрөшүп жатып киргизген "маркировка" дегениң азыр жараксыз болуп чыкты. Шайлоону жумуш күнү өткөрө берсе болот деген жаңылык - бюджетниктерди көзөмөлдөө амалы. Коомдук палата уюштурулду, ага шайлоодо сүрөөнчүлүк милдеттери тагылат. Быйыл жеңишке жетүү үчүн бийлик өлкөнү зор авантюрага кептеди. Элди алдап-сооротуп, эптеп айлык, пенсия, пособиелерди берип туруу максатында Россия менен көмүскө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл менен макулдашпай, олчойгон кредит алып жатат. Акаевдик он төрт жылда 1,2 миллиард доллар тышкы карыз чогулган (2 миллиард делчү, көрсө анын 800 миллиону АКШда өлкөбүздүн резервинде сакталууда экен). Азыр бир келишим менен 2 миллиард доллар тышкы карызга баттык. "Ганси" авиабазасын оройлук менен кууп, улуу өлкө АКШ, көптөгөн Европа өлкөлөрү менен мамилебизди буздук, кесепети алдыда. Эми "Барбаросс-2" планы боюнча өкмөттү овставкага кетирип министр, губернаторлорун биротоло иргеп алса эле президент шайлоого шардана кирип бараары айдан ачык.
Ошентип даректүү элибиз "кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы" дегендей, жалпы эл көр турмуштун көйгөйү менен алпурушса, бийлик кожоюндары кантип дагы беш жыл башкарабыз деп өздөрүнчө бушайман.
- Оппозициянын акыбалы кандай? Анан бийлик менен тиреши кандай жыйынтык берет?
- Келерки шайлоого чейин оппозицияга куугунтук күчөй берет. Ал чабуулдун башында эл ичинде "Бакиевдин бөрүлөрү" аталган текшерүү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери туруп, аларды күнкор соттор, уюшкан криминал топтордун мүчөлөрү коштошот. Учурдагы куугунтук, орустар айтмакчы, "только цветочки". Азыр көбүнесе кылмыш иштери козголуп жатса, алдыда түрмөгө отургузуу, кол салуу, чет өлкөгө качканга мажбурлоо сыяктуу "белектер" турат.
Кантсе да акыркы жылда оппозиция бир топ эмгек өтөдү. Текебаев, Сариев, Жекшенкулов, Жээнбековдой тажрыйбалуу, жогорку интеллектүү лидерлерге эл үмүт байлап турат. Акаевге каршы Бакиевдин кечээки соратниктери Бекназаров, Тургуналиев, Исаков оппозицияга кошумча күч, салмак берди. Айтмакчы, убагында булардын ар бир кадамы, жүрүшү биздин бийликтегилерди дүрбөлөңгө түшүрүп, жүрөк үшүн алып салчу. Азыркылар деле алардын аты аталганда "ичкени ирим, жегени желим" болуп жатса керек.
Оппозициянын мүчүлүштөрү да белгилүү. Көбү өздөрүн нагыз лидер санашып, бекем ынтымакка жакында келе турган эмес. Уюштуруу иштерине каражаттын тартыштыгы да оппозициянын кендирин кесүүдө. Демек, бийлик менен оппозициянын ит жыгылыш күрөшүнө дагы күбө болобуз го.
Менин айтайын деген оюм башкада. Оппозициянын нагыз күчү - бул элдин бийликтен тажашында. Демек, элди кордогон, тажаткан азыркы авторитардык бийлик эртели-кеч уламдан-улам элдин колдоосуна ээ болуп жаткан оппозицияга жеңилет. Бул убакыт гана маселеси. Оппозиция Кыргызстанда гана эле, "түстүү революциялар" болуп өткөн, жаңы жетекчилери элге жек көрүндү болгон Украина жана Грузияда да жеңет. Аналитиктердин баамында бу саам көчтү Грузия баштайт.
- Өзүңүз же бийлик же оппозиция катарынан көрүнбөйсүз?
- Акаевдин соңку мөөнөтүндөгү авторитардык бийлигине каршы чыкпаганым үчүн моралдык күнөөм бар. Өзүмө беш жылдык саясый мораторий жарыялагам. Азыркы бийликке жеке таарынычым жок. Кызмат сурабасам, мени сүйрөп барышмак беле.
Оппозицияга кошулбаган да себебим бар. Төрт жылдан бери Акаевден кол үзбөй, моралдык колдоо көрсөтүп келаткан, мурда жогорку бийлик курамына кирген төрт гана саясатчы барбыз. Эгер бирөөбүз эле оппозицияга кошулсак, анда Бакиевдин жойпу түлкүлөрү "мына, Акаев саясый реваншка аттанды" деп ызы-чуу салары айдан ачык. Демек, азыркы оппозиция мындай ызы-чуудан оолак болсун деген эле ой.

Сөз соңунда:
бул жол кайда алпарат?
- Президент элдин оор жашоо-турмушуна, анын колдоосунан ажыраганына карабай, шайлоого аттанам деп турат. Мындай кырдаалда сиз ага кандай сунуш берээр элеңиз?
- Бүгүнкү Бакиев менин сунушума кулак салбайт. Атургай, өлкөдөгү урмат-сыйлуу адамдардын кеп-кеңешине эбак көңүл бурбай калган. Суроого байланыштуу бир учур эске түшөт. 2005-жылы январда ал депутаттык шайлоого жөнөп жатканда Бакиев экөөбүз жолугуп калдык. Кыскача сөздөрү мындай: "Шефке (Акаевге) айтып барыңыз. Акыбалы өтө чатак, көпчүлүк колдобой калды, чарчашты андан". Мен сурадым: "Абалды кантип оңдосо болот? Шефке кандай сунушуңуз бар?" деп. Бакиевдин ошондогу сунушу эсимде: "абалды оңдоого кеч болуп калды, мүмкүн эмес. Андан көрө элге кайрылып, президенттиктен тез кетип калсын" деген. Анын сөздөрүн этиканы сактап, администрация жетекчиси Касымовго жеткиздим, башын ийкегилеп калган. Агезде Бакиевдин туура сунушун укпаптырбыз. Ошондуктан төрт жыл мурдагы эл таламын талашкан депутат Бакиевдин сунушун азыркы өз таламын талашкан президент Бакиевге даректеп койгонубуз эп болоор.
- Бакиев өз сунушун угуп, президенттиктен кетип калбайбы?
- Жок, кете да албайт. Төрт жыл ичинде менчик бөлүштүрүү, куугунтуктоо, маалымат террору жагдайларда Бакиевдер он миңдеген жеке душман топтошту. Кыргыздар айтат: "Миң досуң аз, бир душманың көп" деп. Бакиевдер кызматтан кетсе кыргыз армиясын толук курамы, курал-жарагы менен кошо менчиктей кетишпесе, анда алардын топтогон душмандары дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан кубалап издешет.
Дагы бир жагдай, учурда өлкө экономикасы туташ коррупция кучагында. Кыргызстан соңку төрт жылда анын деңгээли боюнча 125-орундан 166-орунга түштү. Кирешелүү тармактар, ишканалар бюджетке иштебей калган, пайдасы башка нукта агат. Мамлекеттик бюджеттин кайда, кандайча жумшалып жатканы көпчүлүккө жашыруун. Эгер Бакиевдер кызматтан кетсе, бийликтин далай былгыган жеп-ичүүлөрү, экономикалык кылмыштары дароо ачыкка чыгаары турулуу нерсе.
Демек, Бакиевдин бардык эле авторитардык режимдердин жетекчилери сыяктуу бийликтен кеткиси келбегенинин өз логикасы бар. Ал эми беттегенинен кайтпай, алдыга жыла берүүгө аргасыз.
Грузин кинорежиссеру Абуладзенин "Покаяние" деген фильми бар. Анда бир кемпир жолдо токтоп, бирөөдөн минтип сурап жатат: "бул жол храмга алпарабы?". "Жок" деген жоопту угуп таң калат: "храмга алып барбаган жолдун эмне кереги бар?" деп. Бакиев жетектеген жол мечитке да, храмга да, мамлекеттин өнүгүшүнө да, элдин бакубат жашоосуна да, коомдогу калыстыкка да алпарбайт. Бакиев тандаган жол караңгылыктын, алдамчылыктын, зомбулуктун жолу, туңгуюк жол.
Афина Бакирова,
"Аалам" үчүн