Чыңгызхан

(Башы өткөн сандарда)

Чынгызхандын ордосундагы ушул окуяга күбө болгон мусулман дининдеги катчысы ушундай улуу хандын сөз бербей айтышкан тарбиясы жок балдары болобу деп жазгандан уялган экен. Ооба, Чынгызхан өз балдарын чындыгында тарбиялаганга убакыт бөлө алган жок, анткени көп жылдар ат жалында, кылычтын мизинде, найзанын учунда жоокерчилик кылып жолдо жүрдү. Ал монгол журтун бирдиктүү мамлекет кылам деп улуу максаттын камын ойлоп келди.
Мусулман катчынын жазганына караганда, Чагатайдын ич күптүсүн уккан Жоочу атасы сунуштаган бийликке кандуу кармаш менен гана келмек. Анда монгол элинен ынтымак ыдырап, калың журтка капсалаң түшмөк. Бул жагын Жоочу терең ойлоп, "мейли ата, мага да, буга да жок, башка балаңызды жалпы журтка хан дайындап кетиңиз",- деп хан тактысынан баш тарткан дейт.
Монголдордун "Улуу баянында" жазылып калгандай, Чынгызхан эки баласынын ортосунда жаңжал чыга турганын баамдап, үчүнчү баласы Өгөдөйдү ордуна Улуу хан кылып дайындаган дешет.
Перс биринчи тарыхчысы Жувайни: "Чынгызхан чакан курултай өткөрүп, акыл-керээзин айтып, акырында балдарынын көзүнчө Өгөдөйдү хандык тактыга калтырып кеткен. Өгөдөйдүн бир туугандары анын бийлигин тааный тургандыгын айтышкан",-деп билдирет.
Чынгызхандын керээз калтырган окуясы боюнча түрдүү варианттары айтылып калган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Версаль конференциясында, экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөлүк лидерлердин Ялта конференциясында Чынгызхандын балдары дүйнөнү өз ара бөлүштүрүп алган деген сөз чыккан. Бирок Чынгызхандын балдарынын империяны сактап калыш үчүн өз ара бийликти бөлүп алгандыгы жөнүндө сөз, атактуу адамдын баштаган ишин балдары татыктуу улантты деген бүтүмгө тете.
Жоочу менен Чагатай чынында чырылдашып чырдашып келген, Чынгызхан өзү бир канча жолу аларды элдештиргенге аракет кылган. Хорезм мамлекетинин ордосу Үргөнч шаарын алаарда эки баласын чогуу жиберет. Алар бири-бири менен сүйлөшпөй, эпке келише албай атып ортодо алты ай өтүп кетет. Чагатай өз ичинде Жоочу бул шаарды атайын талкалабай жатат деп ойлойт. Ал эми Жоочу өз кезегинде Чагатай шаарды талкалабай туруп, байлыкты бүт тартып алып монгол жоокерлерин кыргынга салганы жатат деген ойдо болот. Шаарды басып киргенде аябай катуу каршылык болуп, монгол жоокерлеринде бир топ жоготуу болгон. Акыры шаарды көздөй дамбанын сусуун буруп, алсыратып туруп талкалашкан.
Чынгызхан ошондо эки баласын чакыртып катуу тилдейт да, аларга мындан ары ынтымактуу болгула деген кеңешин айтат. Чынгызхан балдарына элди башкарыш үчүн өзүңөр адамдык сапат жагынан жогору болгула, экинчиден байлык менен бийликтин кулу болбой, элдин кулу болуш керек деген акыл-кеңешин көп берген. Ошондой эле жоону жеңген менен элди багынткандын айырмасы асман менен жердей. Жоону кылыч менен, амал менен багынтасың, ал эми элди колго алыш үчүн алардын жүрөгүнө ишеним отун жагышың керек,-деп үйрөткөн. Душмандын армиясын женген менен, элди багынткандын айырмасы асман менен жердей деген. Монголдордун улуттук салтында бир жол менен бир жакка барып, кайра ошол жол менен кайтса, өзүнчө жаман ырым болгон.Ошол себептен, 1222-жылкы жылында Пакистандын Мультан шаарын басып алышып тоо аркылуу түшүп Инд дайрасы аркылуу Индиянын түндүгүн жеңип, ал жактан Гималай тоосу менен Кытайдын түндүгүндөгү Сун империясына жортуулга даярданышат.
(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов
Урматтуу окурмандар! Эгер бул чыгарма тууралуу кимде-ким кызыгып, толук маалымат алгысы келсе, төмөнкү телефонго
0 772 41-13-57ге чалыңыздар.




Сүйүндүк менен Урумкан баяны
Адегенде Сүйүндүк деген ким экени жөнүндө айта кетели. Сүйүндүк, Турсун, Абдылда, Кулчун СССР мамлекетинин алгачкы коллективдештирүү мезгилинде Ат-Башы өрөөнүндө уюшуп чыккан басмачылар тобунун башчылары болушкан. Чынында булардын лидери же корбашысы Сүйүндүк азыркы Ак-Муз айылынан, теги моңолдор уруусунан. Аны көргөн аксакалдардын айтымында корбашы орто бойлуу, өтө чапчаң, аянчыл мүнөз, бай деле эмес, орто чарба киши экен. Басмачы болуп кеткенинин себеби, кайын журту көралбастык кылышып, каматып жиберишет. Эптеп абактан бошоп келсе, аялы Урумканды төркүндөрү Какшаалдагы чоңбагыш Байзак деген байдын калыңына кызыгып, соодалап коюшат. Анан да Сүйүндүктү кайра карматышып, милиция Нарынга айдап баратышканда амал менен качып кутулат. Мына ушундай куру жалаа куугунтуктан биротоло жүрөгү муздаган ал өзүнө санаалаш, таламдаш адамдардын тобун түзүп, ээн тоолорго чыгып кеткен. Кийин алар Кашкарга барышып, Кара-Кулжа, Өзгөн тараптан чыккан айтылуу Жаныбек казы, Айтмарекке жолугушкан. Айтымда, Сүйүндүктүн жигиттери беш жүз чамалуу болгон делет. Ошентип аларга курал да, тактикалык көрсөтмөлөр да Кашкардагы жогоруда айтылган ири корбашылардан берилип турган.
Албетте, союз учурунда басмачы дегендер үрөй учурган баш кесер катары сыпатталып, элге каршыккан каракчы аталып келген. Тарых бардыгын өз ордуна коет. Арасында болсо болгондур. Бирок, басмачылар негизинен ошол кездеги жаңы телчигип келаткан коомдун башаламан кордугунан, ыксыз басмырлоо, шектенүү, аңдуу өңдүү жат мамилелерден чыкканы дайын. Ошондой эле менчикти сактап калуу далалаты, бардыгын теңдештирүү, уюмдаштыруу саясаты, анан албетте, айрым чет өлкөлөрдүн да кызыкчылыгы далай эр азаматтарды өз жеринен бездирип, көбүнүн өмүрүн трагедиялуу аяктаганга мажбурлаган, аттиң!
Чоң аталарыбыз айтышчу, "Сүйүндүк жылкы чаап, чарбаларга далай кол салса да адамдарды аттырып, беймаани кордогонун көрүп же укпадык" деп. Менин басмачыларды актоого эмес, тек Сүйүндүк корбашынын алгачкы жары, сүйгөнү Урумкан экөөнүн кайгылуу өмүрүн чагылдыруу. Демек "Сүйүндүк менен Урумкан баяны" эмкиде болсун.

Дүйшөн Керимов




Абай осуят
Көөдөнго толгон кайгы адамга бийлик бербей, көздөн жаш болуп,тилден сөз болуп чыгат. Казактардын: "Ээ куда, жаш баладай кайгы-капасыз кыла көр?" -деп тиленгенин көп көрдүм. Демек, акыл-эс тарткандан кийин өмүрү азап менен өтөт көрүнөт. Аны, алардын макалдарынан билүүгө болот: "Түштүк өмүрүң болсо, күндүк азыгынды камда", "Колуңда жок болсо, атаң да жатырканат". "Мал -адамдын боор эти", "Малдуунун бети жарык, малсыздын бети чарык". "Эр азыгы элден, бөрү азыгы жолдон", "Берешен белде калбайт", "Берешен колум - алашан". "Мал тапкан эрдин жазыгы жок", "Кардың ачса, кайыры жок элден без". ж.б. макалдар абдан көп .
Бул макалдардан эмне чыкты? Көрсө, казагың бейпилдикке, илим-билимге, акыйкатка умтулбайт турбайбы?.. Берсе - досу, бербесе - касы!.
Мындайлар атасын тоногондон да кайра тартпайт. Демек уурулук, куулук-шумдук тилемчилик кылып мал тапканды өөн көрбөйт турбайбы!..
Мындайлардын эс кире элек эселек балдардан айырмасы эмне? Эселек балдар очоктогу оттон коркушат, ал эми тигилер, тозоктун отунан да коркушпайт. Жаш балдар уялганда жерге кирип кете жаздашат, а тигилериң уят деген эмне экенин билишпейт. Алдыбыздагыны алдырып. колубуздагыны тарттырып тынбасак, бизди алар адам катары эсептешпейт. Урматтап сүйгөн калкыбыз ушулбу?..
Жолдошбек Зарлыкбеков