presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Өмүрбек Текебаев, "Ата-Мекен" партиясынын лидери:
"Жолдошума болгон сүйүүм күнүнө күч алып баратат"
-Өмүрбек мырза, энелердин, дегеле аялзатынын майрам асты саясат жөнүндө эмес, мына ошол энелердин майрам күнү сиз менен жолдошуңуз тууралуу сүйлөшкүм келип турат. Анда алгач жеңебиз менен таанышкан күнүңүздү бир эстеп бербейсизби?
-Жеңең Айгүл менен Москвада таанышкам. Ал кезде мен СССР Жогорку Кеңешинин республикалар советинин депутаты болуп Москвада убактылуу иштеп жүргөм. Ошол кезде кыргыз өкүлдөрү депутаттар менен жолугабыз деп, биз тосуп алып ошол жерден таанышып сүйлөшүп, байланышып, жылдызыбыз келишип жүрүп 1996-жылы баш коштук. Ал кезде жеңең Украинанын Хмельницк шаарында технологиялык институтунда студент экен. Ошол күндөн бери бирге түтүн булатып чогуу жашап жатабыз. Жаз келип аял затынын , энелердин майрамы жакындап келе жатат. Мурунку СССР мамлекеттеринде бул күн чоң майрам катарында, күчүндө белгиленип келет. Чындыгында бул күндү аялдардын укугун коргоо катарында күрөш күнү деп да айтсак болот. Бүгүн ошол аялдардын маселелери чечиле элек. Аялдар бүгүн бизде жана дүйнөнүн жарымында деле тең укукка ээ эмес. Алар коомдук турмушта да, үй-бүлөдө деле басмырланат. Аялдар өздөрүнүн укукугу үчүн бүгүн эле күрөшүп жатышат. Биз, эркектер аны түшүнүү менен мамиле кылып, колдон келсе жардам беришибиз керек. Мына ушул өңүттө алып караганда, ошол тилектештик күрөш күнүн биз бир күндө майрам катарында жууп коебуз деп ойлобошубуз абзел. Баары бир бул күндү аялзатынын баркына жетээр, майрам катарында белгилей беребиз. Келе жаткан майрам менен жеке өзүмдүн, партиябыздын атынан бүткүл Кыргызстандын аялдарын чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Ар биринин үй-бүлөсүндө чын ден-соолук, ынтымак, бакубат турмуш болсун.
-Жеке өзүңүз жеңебизге эмне белек кылганы турасыз?
-Мен үчүн жеңеңе дайыма белек кылып жүргөн кыпкызыл гүл берүү салттык көрүнүш. Албетте, гүл берүү ар бир аялзатынын жүрөгүндөгү күткөн биринчи белек деп ойлойм. Анан ага кошумча ар кандай белек болуп калышы мүмкүн.
-Жеңебиз ашканада кандай?
-Чебер деп айтсам болот. Тамактын даамдуусун таап жасайт.
-Көбүнчө кайсыл тамагын жакшы көрүп жейсиз?
-Палоону абдан жакшы басат. Жеңеңдин палоо жасаганын айтып бере албайм. Кандай гана майрам күн болбосун биздин дасторкон ал тамаксыз болбойт. Мага мына ушул тамак өзгөчө жагат. Конокторубуздун көбү да жеңең ушул тамакты жасаганда өзгөчө күн болгонун айтып калышат.
-Биздин да айтып калаар күн болоор бекен?
-Сөзсүз болот. Биз үйүбүздөн конок кетпесе экен деп эле тилейбиз. Ар дайым жакшы ниеттештер үчүн үйүбүздүн төрүндө жылуу дасторкон үстүндө сүйлөшүү мен үчүн да, жеңең үчүн да өзгөчө маанилүү.
-Рахмат. Жеңебиз айыл-апага барганда кандай келин?
-Кадимки эле кыргыз келиндериндей эле келин. Кыскасы баары ыраазы. Ал учурда мен да ыраазымын.
-Башынан жоолугу түшпөйт?
-Ал ата-бабаларыбыздан калган салт. Кандай гана учур болбосун ал аткарыла турган нерсе. Эч качан улуу жолдон тайганы жок. Сөзсүз жоолук башынан түшпөгөн жөпжөнөкөй бир келин.
- Жашыруун болбосо жеңебиз эркектер майрамында эмне белек кылды эле?
-Биз ал күндү майрамдай алганыбыз жок. Балдарым өздөрү тарткан сүрөттөрүн белек кылышты.
-Жаз десе эле сүйүүлөр эске келе берет эмеспи. Көпчүлүк учурда көнүмүш адатыбызга салып сүйүүнү "эки жаштын ортосундагы ысык сезим" деп эле айткандан жадабайбыз. Бул учурда ата-энеге, мекенге, жаратылышка болгон сүйүү унутта калып жатпайбы. Дегеле сиз сүйүүнү кандай түшүнөсүз?
-Туура. Мен үчүн да жогоруда сен белгилеген сүйүүлөрдүн өз орду бар. Ал ар кимдин сезимине, мээримине жараша. Адамдын башка жаныбарлардан айрымасы, өзү үчүн эмес, башка адам үчүн да өзүн курмандыкка чалуу менен айрымаланып турат. Муну бир эле адамдар жасай алат. Социалистик партиялардын көбүндө "өзүңдүн ишиңе караганда коомдун ишине көбүрөөк көңүл бур" дегендей нерсе. Бир эле касиети, жакшылыкты өзүңөн мурун бирөөгө каалоо, арноо сүйүүнөн көрсөткүчтөрү болуп саналат. Кээ бир адамдар жеке өзүнүн каалоосун, кумарын кандырууну түшүнөт. Чындыгында сүйүүнү бирөөгө жана бир нерсеге арнайсың. Ошондуктан сүйүүнү "адамдын бирөөгө болгон өтө чоң мээрими" деп айтсак болот.
-Жеке балдарыңыз жана жеңебизге болгон бүгүнкү сүйүүнүн күчү канчалык?
-Күндөн-күнгө күчтүү жана терең деп айтсам болот. Анткени чыныгы сүйүү вино сыяктуу улам жыты буркурап, сапаты да бекем болот. Жеке менин бүгүнкү балдарыма, жолдошума болгон сүйүүм да ушундай.

Маектешкен
Күнболот МОМОКОНОВ




КУТТУКТОО
Жогорку Кеңешке эки жолу шайланган экс депутат, Кыргыз Республикасынын Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, белгилуу саясатчы (башка даража-наамдары, сыйлыктары кеп эле экен, баарын санай алган жокпуз) Карганбек Самаков көрүнбөй, билинбей кеткен. Өз кара жанын карап эле "тойдум байдын кызына" деп эле жатып алганбы деп ойлогонбуз. Мындай оюбуз ката чыкты.
Кечээ, редакциябызга Карганбек Самаковдун жардамчысымын деп бир жигит баш багып, Самаковдун атынан кат алып келгенин айтты. Каттан мурда Карганбек Садыковичтин чоо-жайын сурасак, элдин камын ойлоп ары-чапкылап, бери чапкылап жүрөт дейт. Эмнеге чапкылап жүрөт деп такып сурасак, чет элден инвестиция алып келип, ири долбоорлорду ишке ашыруу максатын көздөп жатыптыр. Миңдеген жумушчу орундар түзүлүп, ондогон ишканалар жумуш менен камсыз боло турган долбоорлор экен. Жогорку Кеңештин эки чакырылышында meң эл аралык иштерди башкарганын эске алып, ошончо жылда кантип он миллиардер менен дос болбосун деп биз да ынанып калдык. Ал эми жана башында айткан катында болсо 8-мартка карата куттукттоосу бар экен жарыялап коюуну ылайык көрдүк. Анткени К.Самаков Баатыр энелерге жеңилдик берүү, 7 баладан баштап Баатыр эне наамын берүү боюнча мыйзамдын автору, ошондой эле "Кыргызстандын Баатыр энелери" деген энциклопедиялык китептин автору жана демөөрчүсү экендиги боюнча мурунтан маалыматы6ыз бар.


8-март чынында өзгөчө майрам. Ага чейин аял затынын асылдыгы, аруулугу, жароокерлиги, боорукерлиги, анан дагы көңүл бурууга муктаж экендиги эсиңден чыгып, тынымы жок күнүмдүк жумуш менен жүрө берет экенсиң. Мына ушул касиеттүү майрамга карата бүтүндөй Кыргызстандын аялдарына, анын ичинде өзүмдүн кичи мекеним нарындык апалар менен эже-карындаштарга куттук айткым келди.
Майрамьңыздар кут болсун!
Жараткан Аллам асыл сапаттардын баарын түгөлү менен аялзатына ыйгарыптыр. Аял-эне. Эненин балага төгүлүп турган мээримин эмне менен алмаштыра аласың. Андай нерсе ааламда эч кездешпейт. Бул дүйнө эненин мээрими болгон үчүн гана кармалып турганы да чындык. Аял үй-бүлөнүн очогу, үйдүн куту. Ал болбосо тукумуңду ким улап, тууруңду ким бекемдейт.
Бул, дүйнөдөгү тирүү жандын ичинен энеге гана таандык табигый касиет.
Урматтуу энелер, эже-карындаштар!
Тээ атам замандан бери эле миңдеген жылдык тарыхы бар кыргыз журтчулугу аялзатына ардактап мамиле кылып келгени бекеринен болбосо керек. Кыргыз элинин башына кыйын кезең күн түшкөндө эркектердин колунан келбеген ишти кылып, эл тагдырын, журт тагдырын чечкен Кыз Сайкал, Каныкей, Жаңыл Мырза, Курманжан датка апаларыбыздын кайратмандыгы тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып калбадыбы.

Андан берки эле кыргыз элинин маданиятындабы, адабиятындабы, саясатындабы же башка жагындабы, кыргыз элинин намысына жараган чыгаан кыздары арбын экенине күбө болуп отурбайбызбы.
Айрыкча азыркыдай кыйын кырдаал, татаал заманда кимдин ким экени ачык көрүнүп калбадыбы. Эгемендиктин эң алгачкы жылдарында эркектер эмне кыларын билбей делдиреп калышканда эң ириде аялдар баш көтөрүп, демилгени өз колдоруна алышканын эстен чыгарып коёбузбу.Ошондон улам биринчи кезекте Кыргызстандын кайратман аялдарына баш ийип таазим кылгьң келет. Эркектер менен тең катар эле иштеп, үй оокатын да кылып, үй-бүлө бала-бакырасын, ал турсун күйөөсүн дагы кошо кабагым-башым дебей эле багып жаткан аялдарыбыз четтен чыгат.
Албетте аялзатынын асылзаада сапаттарын, табигат тартуулаган касиеттерин санап отурсаң бүтпөйт, мен-мен деген философтор да, акын-жазуучулар да айтып жеткире албаса керек.
Урматтуу апалар, ардактуу айымдар!
Жаз келди. Аялдар дагы жазга окшош. Жаз жаратылышка жан киргизет. Аялдар ааламга жан киргизет.
Аман болгула кыргызымдын асылзат айымдары! Бар болгула, бак конгон чоң энелер!
Майрамыңыздар кут болсун!

Жакшы ниет, асыл тилек менен силерди терең урматтаган
уулуңар
Карганбек
Самаков










??.??