presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Аял - коюн, эр - кучак, аял - кайрак, эр - бычак!
КР ЖКнын
төрага
орунбасары Ч.Баековага

Согот добул оңдон,
Согот добул солдон…
Саясатта балбылдайт
"Солк" этпеген Чолпон!..


Укук коргоочулар
А.Абдрасулова, Т.Исмаилова, Т.Үмөталиеваларга

Чыр чыккан жерге күйүп-жанып барар
- Чындык! - деп топ бекерчи табып барар
Каякта,
Көрүнүшпөй калышты го
Токтайым, Төлөйкандар, Азизалар?!

КР ЖК
депутаты
Мария
Исановага

Кызысың чыгаан Султандын,
Кыздардан берен инсансың.
Атаны тартат жакшы кыз,
Айыгышкан жолго
чыккансың.
Акыл-эс алтын чайкаган,
Ардагы туйгун шумкардын.
Бийликте шаңшып узак уч.
Брежневдин кызындай,
Ата ысмын уят кылбайсың.
Башты сай кыргыз эл үчүн,
Байбиче болуп улгайгын!

КР вице-
премьер-
министри
Ө.Абдуллаевага

"О, анда көктөм эле,
көктөм эле…" -
Ой, жүда тез өстүңүз
Өктөм эже.
Орунун премьердин
ээлейсиз го,
Отурбай вице болуп
көпкө деле!..

КР Миграция жана ишке
орноштуруу
комитетинин төрайымы
А.Рыскуловага
Кыргыздын уул-кызынын
Миңи кетти Кангайга,
Миңи кетти Алтайга…
Алардын - тентип жүрүшкөн
Абалын сурар жан кайда?!

КР Улуттук
китепкана башчысы, илим доктору Жылдыз
Бакашевага

Шаар китептин Канышасы,
Шаа жетпеген казынасы.
Бакашева Жылдыздын,
Балбылдайт көздөн шооласы.
О, аны көрсө далайдын
Оозунан түшөр "Алласы"!..
Чычкан жебей окулсун,
Чылк алтын толгон кампасы.


Президент
жубайы
Т.В.Бакиевага

Кашкайып күлгөн жүзүңдөн, жеңе,
- Курманбек! - деген сүйүүңдөн, жеңе!
- Кыргызча сүйлөй алабы? - дешет,
Кандай деп элге түшүнтөм, жеңе?


Жазуучу Кален Сыдыковага

Алтын такка 35те конгонсуң,
Жалын болуп жүрөктөргө
орнойсуң.
Тээ байыркы кылым
келсе сен, Кален,
Падыша айым Томирис
каныша болмоксуң!
Де Сталдай Наполеонду
сестенткен,
Сен кыздардын Айтматову
окшойсуң!

Достук азилдерди жазган Алик Акималиев менен Бектуруш Салгамани




Эртең көчөт сатып алам!

(Эссе)

"Бийлик менен басма сөз - табигый түрдө эч убакта элдешкис душман" деп айткан экен АКШнын эск-президенттеринин бири Джон Кеннеди. Ири держава башчысы ушинтип айтып отурса, анда бизде эмне үчүн "Массалык маалымат каражаттары - төртүнчү бийлик" дешет. Ырас эле ошондойбу?!. Кызык!..
Басма сөз аркылуу элге, бийликке аламандын жашоо-жагдайлары, аалам жаңылыктары жетет. ММК жок коомду элестетүү, маселен, менимче мындай, ал коом, дүйнө кулагы, оозу жок адам кебетеде. ММК акыйкатты айтышка милдеткер, ошентсе да азыр демократиялуу Кыргызстанда жалганды жазмай күч. Акыйкатты айтам деген эр журналисттерди кое турайын, кыздарыбыз да кыйынчылыктарга түшкөн. Мисалыбы? Мисалы, жаңылбасам чыгаан журналист Замира Сыдыкова, - азыр АКШда элчи, - кезинде А.Акаев, Д.Сарыгулов ж.б. тарабынан канча ирет сотко сүйрөлгөн? Р.Приживойт да коркутуу-үркүтүүлөргө тушуккан. Эркектер, дин тууралуу жеке пикир, туюмдарын жазганы үчүн Кален Сыдыкова канчалардан кагуу жеди. "Азаттыктагы" Жаңыл Жусупжан кызы, Жаркын Темирбаева эжелер эле кимден жылуу сөз угуп жатыптыр дейсиңер? Булар "төртүнчү бийликтин" алдыңкылары эле го.
Өткөн жылдын ортосунда эле жабылып калган "Де фактодогу" Чолпон Орозобекова эжебиз каар, куугундан кайда качты экен?! ЖКда иштеген таланттуу акын, журналист Жыпар Арыкова "шпион" делинип, ит чыдагыс кордук тартты го. Бул эжекелерим "төртүнчү бийлик" ээлери андай азаптарга өздөрүнөн алдыда турган 1-2-3-бийликтегилерге неге жакпады, жакпай келатат? Себеп бирөө эле да - чындык жакпайт экен. "Туура сөз тууганга жакпайт".
Ушуларды ойлоп, аял журналисттерди аяп отурсам иним гезит апкелиптир, "Кыргыз туусун". Баткенде эгин эгүү башталыптыр, аны акын, журналист эжем Жыпар Акунова жазыптыр. Эгин эгиле баштаса демек, жаз келгени да. Бишкекте деле кар калбады. Эгин эгилбегени менен дарактардын көчөттөрү базарларда сатыла баштады. Мен дагы бүгүн 5-6 түп алма көчөт сатып келип, Көк-Жар жаңы конушундагы үйүмө отургузам. Алар кудай берсе 3-4 жылда мөмө бере башташат. Дарак бул - мөмө! Мөмөлүү дарак да аял сымал, акыйкатты элге жеткирген журналист эжелеримдей!..

Ширин Алик кызы





АЯЛ, АКЧА, АЛТЫН
Аял жаралганда акча кошо жаралган.

***
Алтын көрсө аялдын жүрөгү эрийт,
Аялды көрсө эркектин жүрөгү өйүйт.
Эркек жеткен мансапка күйүп-жетет.
Эрке айымдар күлүп жетет.

***
Бүт дүйнөнүн жарымын багынткан Наполеон да аялдан азап жеген.

***
Аялды муштум менен багынтам деген эркек келесоо, аялду сүйүү гана багынтат.

***
Бүт сүйүүлөр алдамчы, бир гана дүйнөдө улуу сүйүү бар,
ал - эненин балага болгон махабаты.

Алик Акималиев




Аял - үйдүн куту
Аял - үйдүн туткасы.
Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
Аял жакшысын - эри сүйөт, эр жакшысын - эли сүйөт.
Аял намыс үчүн кара киет.
Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
Аял турмушу - заман күзгүсү.
Аял - эрдин жарым өмүрү.
Аялды ашынан тааны.
Аялдын азабы көп, түйшүгү түмөн.
Аялдын анткору улуу болбой кичүү болот, ага болбой жеңе болот.
Аялдын сулуулугу - ажарында, - эркектин сулуулугу - акылында.
Аялсыз үй суусуз тегирмен
менен тең.
Аялың мыкты болсо - бактың, аялың кыйды болсо - каттың.












??.??