presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  КООМ

Ак- Булуңда аткан таң
Ысык- Көл областынын Түп районундагы Ак- Булуң айылында жайгашкан "Мээрим булагы" жеке балдар үйүнүн тегерегинде азыр коомчулукта күңгөй- тескей сөздөр көп жүрүүдө. Кабарчыбыз Ак- Булуңдан билдирет:


Негизги трассадан обочороок жайгашкан Ак- Булуң айылы мурда Светлый мыс деп аталчу. Ушуга катар эле Кудургу айылындагы "Дружба" деп аталган пансионатта биз балдарыбыз менен бир топ жылдары жайкысын эс алып жүрдүк. Көл тарабы, сулуулугу,багы, ак кайыңдары бөтөнчө жагаар эле. Көлдүн кооз булуң жери бар. Ак- Булуң айылы мына ошол тарапта жайгашкан экен. Ал жак баштатан тааныш айылдан да кооз жерден орун алыптыр, бир жагы карагайлуу тоо, бир тарабы көйкөлгөн көл. Кечээ мен барган күнү ал жакты кар каптаган бойдон экен.
Балдар үйүнө жеткиче күч кечтеп кетти. "Биз меймандарга ар дайым ачыкпыз, келе бергиле, мейманкана издеп кайда бармаксыз, бул жакка эле жатыңыз дешти". Ошентип, мен тээ илгери, 1882- жылы Россиянын императору Александр IIIтүн буйругу менен тургузулган Новотроицк православ монастыры болгон, азыркы балдар үйүнө конуп калдым.
Балдар үйүнүн директору Гүлнара Дегенбаева балдар менен да, айылдын эли, чоңдору, баары менен сүйлөшүңүз, аны- муну айтып мен актангыдай болбоюн. Жолдон чарчадыңыз, биздин чайыбыздан ичиңиз деп өзү иштери менен алек болуп, колу бошобой жатты. Жогорку Кеңештин комиссиясы алардын ишин карайт экен, ошол жакка кетүүгө камданып жатыптыр.
Ашканадагы дежур кыздар чай апкелип, алардын чоң энеси Замира эже менен чай ичтик. "Балдар сууктап кетпесин деп айына кой союп, берип турабыз" деп колго кесилген камыры менен ысык сорпо, жиликтенген эти менен алдыбызга койду. Чайы да, сорпосу да, наны да- баары даамдуу экен. Күнүгө 30 дай нан жабылат, балдарга нанды кенен- кесири эле кесип коебуз. Ичкен суубуз100 метр тереңден казылган скважинадан чыккан суу, даамдуу, анан пайдалуу, составында күмүш бар экени билинди" деп айтты. Бул "балдарды сабайт" деген сөз жармашкан айымдын өзү. "Жалгыз уул- келиним ушунтип жеке турмушунан кечип, балдар деп жүрүшөт, анан мен аларды таштап, жалгыз кайда барат элем" дейт ал.
Мага балдар үйүнүн чарбасын Салтанат аттуу тарбиялануучу көрсөтүп жүрдү.Эки ую тууп, сүт, айран ичип жатышыптыр. Жылкысы, тоок, күрптөрү бар экен. Ылай болуп андан ары бара албадым. Ары жагында огороду, теплицасы да көрүндү. "Мен сизди аяп жатам, бутуңуз баткак болот, баарын мен айтып берейинчи" деп Салтанат аны да- муну да -баарын тааныштырып келди. Балдардын, кыздардын бөлмөлөрүн, жатчу жайларын көрдүм. Кир жуугуч машиналары, телевизорлору, башка техникасы- баары эле бар. Балдар менен сүйлөшсөк, мектепте жакшы окушаарын, кыял- тилектерин айтып бизден да ар нерсени сурап жатышты.
Директор менен кантип сүйлөшпөй кетейин деп ой- боюна койбой Гүлнара Дегенбаевадан балдар үйүнүн тарыхы кантип башталганын сурап, сүйлөшүп олтурдум.
- Жеке бизнес жасап, жолдошум экөөбүз 98- жылдары чоң акча таптык, ал акчаны кайсы жакка жумшасак экен деп көпкө ойлондук. Акырында жетим балдар үйүн ачууга токтолдук. Ошол 98-жылдары хаос, көчөдө калган, жетим балдар аябай көп эле. Ага чейин деле базарларда кароосуз калган балдарды үйгө апкелип, жуундуруп, тамак берип жүрдүм. Бирок дайыма карабаса болбойт экен. Өзүм жетимдик эмне экенин башыман өткөрүп калгандан кийин, аларды түшүнчүмүн. Тогуз жашыман жетим калдым. Азыр балдар үйүндө иштеп жүргөн кичүү иним Ильгиз атам каза болгондон кийин үч айдан кийин төрөлдү. Аны жонума көтөрүп чоңойттүм. Ойносом, скакалка секирсем да жонумдан улам бир тууганым түшчү эмес. Төрт иним бар, кыздан мен жалгыз. Апам жүрөгүнөн операция болуп, катуу ооруп, төшөктөн тура алчу эмес. Адегенде бизди интернат- дет домдорго алып барышкан. Апама да карап, бизди, бир туугандарды бөлбөсө экен деп кандай аракет кылып, балдар үйүнө барбай алып калып, өзүм бактым. Шуулдаган, сөз байлыгым күчтүү кыз болчумун. Анда апамдын бир туугандары алыс, жаш, Атамдын карындашы жардам берип турчу.
Атам Алайдан болгону менен, апам Ысык- Көлдүн Ак- Суу районунан эле. Экинчи ирет ушул Түп районуна турмушка чыккам. Балдар үйүн Түптөн ачмак болуп жаттык. Туугандарыбыз, уккан эл "булар жинди болуптур" дешти. Апамдын он бир тууганы бар эле, таяжелерим мени такыр эле айнып калды деп психбольницага көргөзмөй болуп жатышты. "Эл ачка жүрсө, бул тапкан акчасына жетимдерди баккан атат" деп айтышты. Эч кимисине моюн сунбай, документтерди даярдап жүгүрүп жүрдүк. Кошунабыз "балдар үйүн ачсаңар Владислав Коротенко деген бала бар, эгер ошону быйыл алып кетпесеңер өлүп калат" деп айтты. Аны укканда эле "барып келеличи" деп эле тынч ала албай койдум. Ошондогу көргөнүбүз эсимен такыр кетпейт: бала өлүп калган карганы чукуп жеп жатыптыр! Жолдошум көргөндө эле кусуп жиберди. Менин да көңүлүм айныды, шок болуп калдым. Баланын колундагы карганы ыргытып ийип, көтөрүп алдым. Жашы келип калса да баспай, жөргөлөп жүрүптүр, тили сүйлөйт экен "Где мама?" десем, "Дома" деп жапыз тамды көрсөттү. Кирсек, чоң апасынын акыл- эси бар, бирок шал болуп, төшөктө жатыптыр. Үй ичи киши карагыс. Чачык, суук. Октябрь айы эле. Кемпир ыйлады, баланын ата- энесин өлтүрүп кетишиптир. Небереси экөө эле калыптыр. Бала алты айынан калыптыр, кемпир тура албайт. Туугандары, кошуналары анча- мынча жардам берет экен. Ал кезде эл ушунча кыйналып жаткан, элдин өзүндө эч нерсе жок кез эле. Мен анан бүт жерге барып, арыздандым. Кемпирди ооруканага жаткырдым. Баланы ооруканага алып барсак, соо жери жок экен, ички органдарынын баары жарактан чыгып калыптыр, рахит экен, мунуң өлүп калат деп ооруканага албай коюшту. Беш процент манка менен тамактандырып жүрдүм. Түштүккө кетип, врач туугандарыма алып барсам, алар мени андан бетер псих деп ойлошту. Алты ай Владик менен ооруканага жаттым. Улам бир бөлүмүнө барып жатабыз. Баланын буту үшүп бүрүштүрүп алып жүрүп, ошол боюнча жазылбай, бүгүлүп калыптыр, ошону жаңы төрөлгөндөгүдөй ороп жүрдүм. Басканда да бутун бүрүштүрүп алып жүрчү. Кийин антпей калды.
Ошондон баштап Владикти "талисман,төлгө" кылып алдым, эгер ушул бала киши болуп кетсе, анда балдар үйүн ачам. Жок, өлүп калса, анда башка иш менен алектенем, чет өлкөгө иштеп кетем" деп ойлодум. Ал балам анан май көтөн, акжолтой болуп берди. Бүгүн мына койкоңдоп кыз жандаар бала болуп калды, он бешке чыкты.
Үч жылдан кийин туугандарым бетин буруп, ишибиз оңдой берди болду. Таятам Орозали Назаралиев 30- жылдары Кыргызстандын агартуу министри болгон экен. Таятамдын 100 жылдыгын өткөрөбүз деп жатышты, архивдегилер эски документти казып, маалымат чогултуп жатса, ал киши дал ушул биз азыр жайгашкан монастырдын имаратында 1926- 1930- жылдары балдар үйүн ачып, анын директору болгон экен. Анда Нарын волостунун Түп- Күрмөнтү балдар үйү деп аталган. Ошол балдар үйүнөн анан агартуу министри болуп көтөрүлүп кеткен экен. Таежелерим көз жашы кылып "таятаңдын арбагы сени тартып жаткан турбайбы бул ишке" деп куттуктап келишип, документтерди көрсөтүштү. Балдар үйүнө мына бул ( көрсөтөт) люстраларды, килемдерди алып келип беришти. "Атабыздын изи калган жер турбайбы" деп ыйлашып, жетине албай кубанып түлөө өткөрүштү. Ошентип менин ишимди кудай өзү колдоп берди көрүнөт. Бул имаратта монастырдан кийин бир нече жолу балдар үйү орношуптур. Имарат чоң, ыңгайлуу. Бирок биз кирген кезде имараттын тамтыгы кеткен болучу. Баарын ремонттодук. Ушу кезге чейин эле ремонттоп бүтпөй келатабыз.
Райондо Чымырбаев деген аким жан дили менен бизге жардам берген, 2-3 имараттан ушуну тандап алганбыз.
Макаренко, Сухомлинский баштаган ишти мен уланттым. Алардын эмгегин мен аябай казып окугам. Ата- энем да педагогдор эле. Москвага, театралдык институтка өзүм өтүп, бирок бир туугандарымдын айынан окубай калгандан кийин Оштон пединститту артыкчылык диплому менен бүткөм.
Азыр менин тарбиялоо методикам биздегилерге, россиялыктарга жагып атат. Бул жакта көп семинарлар болуп турчу. Мен Макаренкодон айырмаланып, балдарга эркиндик берем. Эмгекке тарбиялоо жагын ал кишиден алдым.
Балдар үйүн уюштурганда көп кыйынчылыкты баштан өткөрдүк. Ал тургай жаңы балдарды алып келгенде баарыбызга котур деген дарт жукту. Өмүрү котурду уккан да эмесмин, бир күнү колум кычышат, аллергия экен десем, котур дешти. Сулайманов деген аким келиптир, атайы колумду берип "сизге да котур жугуп калсын" деп тамашаладым. Бир жолу болсо бир балабыздан бит жукту. Күндө бирибиз биттемей болдук. Айлабыз кетти. Бир күнү бир америкалык киши келиптир, ага ачык эле айтсам, кайра келип шампунь алып келген, ошону менен башты жуусак, бит деген жоголду.
Балдарды биз катуу жазалабайбыз. Бир балам тентек кылып "эшиктен сени сабай турган чыбык апкелчи десем, башкасы жок экен деп кипкичинекей чыбык" апкелиптир. Анан күлдүм, таптакыр башка чыбык таппадыңбы деп.
(Уландысы бар)

Айгүл Бакеева,
Бишкек-Түп










??.??