Алланын мээримдүү жана ырайымдуу ысмы менен!

Ислам Пайгамбарынын күндөлүк турмушундагы адеп-ахлактын ролу
(Ага жана анын тукумуна Алланын салаваттары болсун)
Иран Ислам Республикасынын мамлекеттик календарында 9-март Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) жарык дүйнөгө жаралган таберик күн болуп эсептелет экен. Бул саныбызда тыгыз кызматташып келаткан биздеги Иран элчилигинин ушу датага арналган материалын сунуш кылабыз.

Ислам ийгилигинин маанилүү факторлорунун бири болуп Улуу Пайгамбарыбыздын (анын ысмына алланын салаваттары болсун!) адамдарга карата сылык-сыпаа, чын дилден чыккан мамилеси жана өзүнүн ак көңүлдүгү, мээримдүүлүгү эсептелет. Ыйык Куранда Пайгамбардын (САВ) Ислам ийгилигиндеги жеке жүрүм-турушу жана адамдардын жүрөгүн тартуудагы ролу көрсөтүлгөн.
Биз окуйбуз:
"Алланын ырайымы менен сен аларга мээримдүү болдуң. Эгерде сен орой жана мерезжүрөк болгонуңда, алар сени эчак таштап кетишмек. Аларга кечиримдүү бол жана алар менен иштер жөнүндө кеңешип тур".
Бул аяттан көрүнүп тургандай:
1. Сылыктык жана жакшы жүрүү Кудайдын берген белеги, б.а. кимде ким мындан куржалак болсо анда ал Алланын назарынан тыш;
2.Ырайымсыз, жүрөгү мерез адамдар эл башкаралбайт, аларды элдер да ээрчибейт.
3.Адамдарга лидерлик жана жетекчилик кылуу сылыктык жана алардын көңүлүн тарта билүү менен коштолууга тийиш.
4.Адамдар менен кеңешүү жакшы иш, бул биримдикке алып келет.
Пайгамбар (САВ) мындан тыш этикалык баалуулуктарды жогору койгон, күнүмдүк турмушунда өзү адамкерчилик бийик сапаттардын үлгүсү болгон. Кандай гана шарттарда болбосун, адамдарга мээримдүү, ачык жүз менен сылык мамиле жасаган. Буга мисал катары момундай бир окуяны айта кетсек болот: Хижранын тогузунчу жылында, эч кимге баш ийбеген "Тай" уруусу ислам жоокерлеринен жеңилишке учурап, анын башчысы Ади бен Хатам Шам шаарына качкан, анын карындашы Сафана болсо туткундалган. Сафананы башка туткундарга кошо Мединага апкелишип, мечитке кире бериштеги бир үйгө жайгаштырышкан. Пайгамбар (САВ) туткундардын ал-жайын сурап келгенде Сафана ыңгайын таап айтып калат: "О, Мухаммед (САВ)! Менин атам (Хатам) бул жарыктан өттү, иним (Ади) болсо качып жоголду. Эгерде туура көрсөң мени бошотуп, арап урууларынын мага болгон ушак-айыңынан, шектенүүлөрүнөн мени арылта көр. Менин атам (Хатам) дайыма кулдарга эркиндик берип, кошуналарга каралашкан, адамдарга азык-түлүгүн бөлүшкөн, эң кыйын учурларда да аларга жардам колун үзгөн эмес".
Ошондо Пайгамбар (САВ) Сафанага айтты: "Кызым! Сен азыр айткан сапаттар чыныгы момун мусулмандарга таандык. Сенин атаң мусулман болгондо биз аны сыйлап, ызааттап турмакпыз". Анан өзүнүн кишилерине айтты: "Бул кызды атасынын элге жасаган жакшылыктарынын урматына азаттыкка чыгаргыла". Ошондо Пайгамбар (САВ) ага бир сыйра жаңы кийим кийгизип, Шамга чейинки жол акысын колуна карматты, ишенимдүү кишилерин кошуп, агасына жөнөттү.

Пайгамбардын (САВ) сооп иштеринен мисалдар

Пайгамбардын (САВ) күндөлүк турмушунда сооп иштердин жүздөгөн мисалдары бар, аларды Азиреттин мухитке тең кулк-мүнөзүнөн төгүлүп турган тамчылар десек болот. Алла Тала Азирети Пайгамбардын (САВ) мүнөзүндөгү жогорку белгилерди төмөнкү сөздөр менен сыпаттайт:

"Сенде Улуу жана Даңктуу мүнөз бар"

Сиздердин назарыңыздарга алардын айрымдарын келтирели:
Ади бин Хатам айтат: "Менин карындашым Сафана Ислам жоокерлерине туткунга түшүп, мен Шамды көздөй качтым. Бир нече убакыттан соң менин карындашым сөөлөт менен Шамга келди да аны жалгыз таштап качканым үчүн мени жемелеп кирди.
Мен кечирим сурадым. Бир нече күн өткөн соң мен карындашымдан (ал өтө акылдуу жана өзүн бийик туткан кыз эле) "Сен бул эркекти, (Пайгамбарды) кантип таптың?" деп сурадым. Ал "Кудай акы, ал киши улуу жана татыктуу адам экен. Эгерде сен ага жанашсаң сен да ошондой болосуң". Мен да анын айткандарын туура көрүп, исламды кабылдоо үчүн Мединага жөнөдүм. Мен келгенде Пайгамбар (САВ) мечитте отурган экен. Салам айтсам алик алып "сен кимсиң?" деп сурады. Мен Ади бен Хатам экенимди айттым. Азирети ордунан турду да мени үйүнө ээрчитип жөнөдү. Жолдо кетип баратсак ага өңү жүдөө, карган аял келип жардам берүүсүн өтүндү. Пайгамбар (САВ) аны менен көпкө кармалып, кантип жардам берээрин айтып сүйлөштү. Ошондо мен: "Кудай урсун, бул киши падыша эмес!" деп ойлодум. Андан кийин үйүнө келдик. Пайгамбар мени өз үйүндө өтө жылуу кабыл алды, финиктин бутактарынан жасалган жумшак төшөнчүнү алып чыкты да "отуруңуз" деди. "Өзүңүз отурбайсызбы?" десем болбой отургузуп, өзү болсо жерге отурду. "Мына далил, бу киши падыша эмес" дедим дагы ичимде. Анан ал мен тутунган дин жөнүндө азыноолак айтканда, мен жашырып турсам да анын терең билээрин түшүндүм. Ошондо мага ал чын эле жөнөтүлгөн Пайгамбар экени ачылып чыга келди. Мен исламды ошол жерден эле кабылдадым".
Хижранын жетинчи жылындагы Хайбардын жанындагы согушка Пайгамбар (САВ) өзү катышып, капырлардын армиясы жеңилишке учурады жана бир нече иудейлер (жөөттөр) менен кошо белгилүү жөөт аалымы - Хал бен Актабанын кызы Сафие да туткунга түштү. Аны менен кошо дагы бир жөөт аялды туткундаган Белал Хабаш аларды согуш талаасын аралатып Пайгамбарга (САВ) ээрчитип жөнөдү. Өзүлөрүнүн жөөттөрүнүн канга жуулган өлүктөрүн көрүп чыдай албаган Сафие көз-жашын көлдөтүп өз бетин тытып салды жана башынан ылдый кум чачып жиберди. Пайгамбар (САВ) кыздын өңүн карап иштин чоо-жайын сурап билген соң Белали Хабаштын адамкерчиликсиз жүрүм-журумуна жана мусулманга жарашпаган жоругуна кейиди: "О, Белал! Сенде адамдык сезим таптакыр жок калганбы? Эмне үчүн бул шордууларды өлгөн уруулаштарынын жанынан алып өтөсүң?"
Хунайне шаарынын жанындагы салгылашта (хижранын сегизинчи жылында) Халиманын кызы Шима (Халима Пайгамбардын (САВ) тутунган эжеси) өзүнүн уруулаштары менен ислам аскерлеринин туткунуна түшүп калат. Пайгамбар (САВ) Шиманы туткундардын арасынан көрүп калып, өзүн жаш кезинде Шима жана анын энеси Халима кандай мээрим менен кам көрүшкөнүн эстеген Азирети ага да ошондой мамиле жасайт. Ал ордунан туруп үстүндөгү чапанын чечти да Шиманын астына төшөп, аны отургузду. Анан мээримин төгүп, акыбалын сурай баштады. Ал айтты: "Сен мени наристе кезимде жакшы карап, баккан адам элең…" (Андан бери 60 жыл өтсө да). Ошондо Шима андан өзүн жана уруулаштарын туткундан азаттыкка чыгарууну өтүндү. Пайгамбар (САВ) айтты: "Мен сага өз үлүшүмдү тартуулайм. Калган мусулмандардын үлүшү боюнча болсо, сен бүгүн түшкү намаздан соң мусулмандардын бет маңдайына тур да, менин тартуум жөнүндө жарыя кыл. Алар да өз үлүштөрүн берүүсүн өтүн". Шима айтылгандай жасады, жана мусулмандар ага айтышты: "Биз да Пайгамбар (САВ) сыяктуу сага өзүбүздүн үлүшүбүздү бердик".
Белгилүү биограф Марф ибн Хишам минтип жазат: "Пайгамбар (САВ) Шимага айтты: "Эгерде сен кааласаң, мен чоң сүйүнүч менен сага сунуш кылайын, биерде калып, биз менен жаша. Ошондой эле кааласаң мен сага көптөгөн белектерди берейин, жана эч кимге тийгизбей өзүңдүн уруулаштарыңа аман-соо жеткирип коеюн".
Шима: "Мен өзүмдүн уруума кайткым келет" деди. Пайгамбар (САВ) ага бири эркек, бири аял эки кулду белекке берип, алар Шиманын үй кызматчылары болуп калышты.
Пайгамбардын (САВ) кичи пейилдүүлүгү жана сооп иштери ченемсиз экенин Имам Садег (ыйманы бекем болсун) да эскерет: "Бир жолу Алланын Пайгамбары (САВ) жамаат менен намаз окуп жаткан. Анын артына туруп намаз окууну каалаган эл көп эле. Бир кезде кокусунан Пайгамбар (САВ) намаздын акыркы эки рекетин демейдегиден бат окуп бүткөнүн байкашты. Адамдар буга түшүнбөй ийин куушурушуп, бири-биринен сурап жатышты. Намаз бүткөндөн кийин Пайгамбардан (САВ) сурашты: "Бирдеме болдубу? Эмнеликтен сиз намазды минтип окудуңуз?" Пайгамбар (САВ)дын жообу бул болду: "Бала ыйлап жатканын силер уккан жоксуңарбы?" Көрсө жакын эле бир жерде жанында сооротуп, эркелетээр кишиси жок кичинекей бала чын эле ыйлап турган экен.
Бул - Пайгамбардын (САВ) күнүмдүк турмушундагы жүрүм-турумунан кабар берген бир нече гана мисалдар. Алардын ар бири күзгүгө тете; биз ага карап, Анын мээримдүү жүзүнүн сулуулугун көрөбүз жана исламдын башталышындагы ийгиликтердин сырын түшүнөбүз.
Азирети Алинин (ыйманы бекем болсун) Пайгамбар (САВ) жөнүндөгү айткандарынын бири бул: "Пайгамбардын (САВ) өзүнүн жанындагыларга карата мамилеси дайыма мээримдүү, жумшак жана кичи пейил болоор эле. Анын орой, мерез, сөгүнчөөк жана жемекор же кошоматчыл болгонун эч качан, эч ким көргөн эмес. Эч кимдин андан көңүлү да калып көргөн эмес. Эшигине бирдеме сурап келген адам да эч качан куру кол кайткан эмес. Ал өзүн үч нерседен: катуу сүйлөгөндөн, көп сүйлөгөндөн жана өзү билбеген ишке аралашкандан алыс кармаган. Ал эч качан адамдарды уяткарып, алардагы көмүскө катачылыктарды айткан эмес. Кудайган жаккан гана нерселер туурасында сүйлөгөн. Аңгемелешип жаткан учурда анын сөзү ушунчалык жеткиликтүү эле, отургандар дем чыгарбай, берилип угушчу…"

Улуу
Пайгамбардын (САВ)
кулк-мүнөзү

Пайгамбарды (САВ) жеткиликтүү эмес тил же жетиксиз адамдардын сөзү менен мактоого мүмкүн эмес. Анткени ал буга батпайт, мындан алда канча өйдө турат. Кудай жараткан аалам үчүн жаралган, Баары жогу төп келишкен Адам. Ал болбосо калгандын баары болмок эмес. Пайгамбар - Кудайдын жакыны жана анын сөзүн жеткирип турган Жабрейилдин буту эч качан тийгис жерге кадам таштаган адам. Жабрейил Пайгамбарга (САВ) ачык айтты: "Эгерде мен бир тал чач өйдө көтөрүлсөм, анда менин канаттарым күйүп кетет!". Бирок Алланын Пайгамбары (САВ) андан ары көтөрүлүп, акыл-эс жетпес, сүрөттөп жазып болбос жерге жетти. Муну не бир фантазиялар менен да элестетүүгө мүмкүн эмес! Бул жөнүндө Кудай айткан: "Силер эч качан жеталбаган нерсе жөнүндө биз ой жүгүртө алабызбы?! Анткени анын Жаратуучусу жана аны инисинен (Азирети Али) башка эч ким таанып, билалбайт.
"О, Али! Алланы мен жана сенден башка эч ким тааныбады, мени Алладан жана сенден башка эч ким тааныбады, жана сени Алла жана менден башка эч ким тааный албады". Оозубузду кымтып бул жөнүндө азыраак сүйлөгөнүбүз дурустур? Пайгамбарды теңдешсиз мүнөздүү (САВ) улуу Инсан катары сыпаттаган бул Кудайы сөздөр туурасында ойлонуп көрөлү, балким бул мухиттен бир тамчы алып калуу бактысы бизге буюраар. Ыйык Куранда айтылган: "Алланын Элчиси сиздер үчүн эң сонун өрнөк".
(Уландысы кийинки санда.)

Материал Иран Ислам Республикасынын
КРдагы элчилиги
тарабынан даярдалды.