presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



КР коргоо министри, генерал-майор Бакытбек Калыев:
"Биз баарыбыз советтик шинелден өсүп чыкканбыз"
Маектештен кыскача таржымал: 1966-жылы Таш-Көмүр шаарында туулган. 1987-жылы Алма-Атыдагы жалпы аскердик жогорку командалык орто окуу жайын бүтүргөн. Ооган согушуна катышкан. Куралдуу күчтөрдүн катарында 25 жылдан бери кызмат өтөп келатат. Үч баланын атасы.

- Бакытбек Төрөгулович, аскерий реформанын жүрүшүндө армиянын саны кыскарат дегениңиз бар, бул анын күжүрмөндүүлүгүнө таасир этпейби? Мобилдүү армия деген кандай армия деп карапайым окурмандар да көп сурашууда?
- КР Башкы Командачысынын көрсөтмөсү менен жүргүзүлүп жаткан аскер реформасы биринчи кезекте армиянын күжүрмөндүүлүгүн көтөрүүгө багытталган.
Өлкөнүн территориясынын токсон үч пайызын тоолор түзөт. Демек, бийик тоолуу шарттарда согуша билгенге жөндөмдүү, жакшы куралданган, ыкчам, профессионалдуу армиябыз болушу керек, аны кыска мөөнөттөрдө түзүү милдети коюлган. Мына ушул стратегиялык милдетти ишке ашыруу үчүн реформанын жүрүшүндө Министрликтин башкаруу аппараты 25 пайызга кыскарды. Ошол эле мезгилде контрактник-жоокерлердин саны көбөйүүдө. Азыркы учурда бул солдат жана сержанттардын жалпы санынын 80 пайызын түзөт. Алар туруктуу, күжүрмөн даярдыктагы мобилдүү күчтөрдүн курамында кызмат өтөшөт.
- Эгерде жашыруун болбосо, биздин армия техникалык жактан канчалык деңгээлде жабдылган? Кокус сырттан коркунуч туулса туруштук бере алабызбы?
- Армияда советтик аскер техникасы жана курал-жарак жетишерлик санда бар. Алардын техникалык абалы да мыкты. Мында аларды тейлеген жана оңдоодон өткөрүп турган адистерибиздин эмгеги зор. Коргоо Министрлигинин атайын маанидеги бөлүктөрү кирген мобилдүү күчтөрдүн жоокерлеринде орусиялык өндүрүштөн чыгарылган ок атуучу курал-жарак жетиштүү. Ок-дары, материалдык-техникалык жана мүлктүк буюмдардын жетишээрлиги республиканын түштүк чектериндеги коопсуздугун камсыз кыла турган кошумча аскер бөлүктөрүн жайгаштырганга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы учурда биз Баткен областында өзүнчө тоо аткычтар батальонун түзүүгө кириштик.
- Министр мырза, армия үчүн аскер кадрларын даярдоо иши кандай? Аларды биз өзүбүз даярдайбызбы же четтен окуп келишеби?
- Биздеги аскер кадрларды даярдоочу негизги окуу жайы - бул Советтер Союзунун Батыры, генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Бишкек жогорку аскер училищеси. Мындан тышкары, аскер кызматкерлерин Орусияда, Казакстанда, Азербайжанда жана алыскы чет өлкөлөр АКШда, Түркияда, Кытайда даярдайбыз. Жакынкы келечекте Бишкек Жогорку аскер училищесинин базасында Аскер институтун жана КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер академиясын түзүү белгиленүүдө. Азырынча академиялык билимди офицерлерибиз чет өлкөлөрдөн алышууда.
- Советтик Армия дүйнөдөгү мыкты армия эле. Анын тажрыйбасынан биздин армия өзүнө керектүү жактарын алалдыбы?
- Кыргызстандын эли жана Куралдуу Күчтөрү жети жылдан бери 23-февралды Ата Мекендин коргоочуларынын күнү катары белгилешүүдө. Бул Советтик Армиянын жана анын Аскер-деңиз Флотунун Күнү экенин көпчүлүк билет жана алиге чейин майрам катары эсептейт. СССР Куралдуу Күчтөрүнүн тарыхый жана күжүрмөн мыкты салттарын улантуу менен биздин армия Кавказ кырка тоолорундагы фашисттер менен болгон тоолуу шарттардагы салгылашуулардын жана Ооганстандагы согуштун тажрыйбаларын кеңири пайдаланууда. Коргоо министрлигинин басымдуу бөлүгү - союздук аскер окуу жайларынын тарбиялануучулары. Офицерлердин тамаша сөзү менен айтканда "Биз баарыбыз тең эле советтик шинелдерден өсүп чыкканбыз".
- Кандай ойлойсуз, азыркы шарттарда биздин армияга кандай идеология керек?
- Менин пикиримде мамлекетте да, анын армиясында да бирдиктүү идеология болушу зарыл жана ал ириде Мекендин чыныгы патриотторун тарбиялоого багытталышы керек.
- Ар бир эмгек татыктуу түрдө бааланып, төлөнүшү керек эмеспи, бул жаатта сиздердеги иштин абалы кандай? Аскер кызматкеринин алган маянасы турмуш-тиричилигине жетеби?
- Жакшы суроо, негизи актуалдуу. Жакынкы күндөрдө президент аскер кызматкерлеринин маянасын жүз пайызга көтөрүү жөнүндөгү Жарлыкка кол койду. Буга ылайык, маселен, 2009-жылдын 1-мартынан кызматка киришкен жоокер-контрактник айына сегиз миңден айлык акы ала баштайт.
- 12 миң сом төлөп, аскер билетин алуу, б.а. кызмат өтөөдөн эркин болуу жөнүндөгү жаңылык коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынды. Айрым паракор военкомдорго берген акча мамлекетке түшкөнү туура дешүүдө. Бирок бул иш жүзүндө кандай болот, көпчүлүк калк али түшүнбөй турат шекилди. Акчасын төлөгөн киши эле аскер билетин алып кете береби? Аскер билетине бул учурда кандай белги коюлат?
- Кызмат өтөөдөн эркин болуу деген түшүнүк мында туура эмес. Баш мыйзам жана КРнын "Жалпы аскердик милдеттүүлүк, аскердик жана альтернативдүү кызматтар жөнүндөгү" жаңы Мыйзамына ылайык, Ата Мекенди коргоо ар бир кыргызстандык жарандын ыйык парзы жана милдети болуп эсептелет. Ал эми жогорудагы сиз айткан жаңылык - бул мобилизациялык чакыруу резервиндеги кызматтын жаңы түрү. Мындай жаңылык жарандардын конституциялык укугун камсыздоо жана алардын Куралдуу Күчтөрдөгү милдетин реализациялоого шарт түзүү үчүн кийирилген. Бирок муну аскер кызматынан таптакыр четтөө деп түшүнгөн туура эмес. Өкмөткө 12 миң сом төлөгөн ар бир адам адегенде министрликтин Окуу борборлоруна бир айлык аскерий жыйымга милдеттүү түрдө (сборго) чакырылат. Андан кийин гана мыйзамдык негизде, аскерий милдетин өтөдү деген белги урулган бирдиктүү үлгүдөгү аскер билетин алат жана кийинки зарыл учурларда окуу жыйымдарга (сборлорго) чакырылып турат.
- Жолдош генерал-майор, кыргыздын генералдарынын саны туурасында анекдот-азилдер эл арасында толтура. Мурда чин алыш үчүн адамдар төбөсү менен жер казып иштеп жүрүп, көбү капиталдан өйдө өталбай өлүп, же пенсияга чыгып кетишчү. Азыр чин, наамга жетиш опоңой болуп калды, макулсузбу ушуга? Айтыңызчы, бизде азыр маселен, кезектеги аскер чинин берүүдө кандайдыр бир норма же эрежелер барбы?
- Анекдоттор жана имиштер кабары жок адамдардын иши. Министрликтин бирикмелеринде же бөлүктөрүндө азыркы учурда генерал Калыев, башка дагы бир генерал-майор Абибилла Кудайбердиев гана бар. А киши биз башта кеп кылган жогорку аскер училищесинин начальниги.
Ал эми сержанттык жана офицердик курамдардагы аскер кызматкерлерине наам берүү болсо советтик маалдагыдай эле тийиштүү жоболордун тартибинде жөнгө салынат.
- Жадыраган жаз майрамы - 8-март жакындап келатат, балким каалоолоруңуз бардыр?
- Албетте, эл аралык аялдар майрамынын алдынан сиздердин "Аалам" газетасы аркылуу республикабыздагы жалпы аялзатын - кымбаттуу энелер, эже-карындаштарыбызды келаткан майрамдары менен чын дилден куттуктап, бакты таалай, ден-соолук жана башка көптөгөн жакшылыктарды каалап кетким келет!

Бахтияр Шаматов










??.??