presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере"

Кризис туйлап отуруп төбөгө чыкты
Чиновниктердин дүйнөлүк финансылык кризистин биздин финансылык системабызга терс таасири тийбейт, тийсе да оор натыйжаларга алып келе албайт дешип бир айтып, бир койбой элди алынын келишинче жубатып келишет. Кыргызстандын банк системасы өзгө өлкөлөр сыяктанып дүйнөлүк финансы сектору менен тыгыз интеграцияланган эместигин, ошону менен катар жеке менчик сектору эл аралык рынокко активдүү катышып чет өлкөлүк банктардан чоң өлчөмдөгү акчаны карызга албагандыгын алдыга тарта койгон адаттары бар. Асресе, чиновниктер глобалдык финансылык кризис системдик экономикалык кризиске өсүп-өткөнүн эске алгысы келишпей жатканын байкоого болот. Республика келечекте жалаң гана финансылык кризистин таасиринин гана эмес, глобалдык экономикалык кризистин бороонунун алдында каларын алдарынын келишинче элден жашырып-жаап келишти. "Ак үй" А.Жапаров менен С.Балкыбеков өңдөнгөн чиновниктер тараптан айтылган жакынкы кездерде өлкө терең кризиске тушугушу мүмкүн экендиги жөнүндөгү кооптонгон прогноздорун катуу сынга алып, ал айтылгандары тегеле өздөрүнө жакын жуутпай турган учурлары да болду. Арийне чиновниктердин ишендиргендери бир башка да, реалдуу экономикалык жагдай бир башка болуп чыгууда. Финансылык-экономикалык кризис босогодон эле баш бакпай акырындап жылып отуруп экономиканын төрүнө чыгып сайрандай баштаганда чиновниктер жагалдангандай Кыргызстан сырттан байкоочу катары четте кала албастыгы анык болду. Калган мамлекеттер сыяктуу эле кризистин каарын тартаарын айкындыкка чыгып, мурдагыдай сыркоону жаап-жашыруу мүмкүн болбой калганда экономикалык коллапстын тийгизген залакасын моюнга алууга аргасыз болушууда. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере" демекчи, мындай иллюзордуу позицияны тутууну өз учурунда натыйжалуу антикризистик иш-чараларды иштеп чыгууга тоскоолдук кылары айкын. Глобалдык кризиске каршы дүйнөдөгү бирда да бир өлкөнүн иммунитети жок экенин эксперттер эбак белгилешкен. 2-мартта президент К.Бакиев өз администрациясы, секретариаты жана бөлүм башчылары менен өткөргөн жыйында алгач жолу: "Дүйнөлүк финансылык кризис биздин өлкөнүн экономикасына да келип жетти. Өзгөчө ал кыргызстандык экспортерлордун ишинде байкалууда. Биздин айыл чарба продукцияларды, кийим тигүүчүлөрдүн, курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдүн товарларына болгон чет өлкөлүк талаптардын төмөндөө тенденциясы айгине байкалууда" деп кризистин реалдуулугун моюнга алган билдирүү жасады.
Кыргызстандын экономикасынын төмөндөгөндөн төмөндөп эңшерилип кетип баратышына дүйнөлүк финансылык-экономикалык кризистен тышкары ички жана КМШ факторлору кошумча өбөлгө түзүүдө. Биринчиден Кыргызстанда пайда болгон терең энергетикалык кризис өндүрүштүн өсүшүнө залакасын тийгизүүдө. Энергетиканын чукактыгы өндүрүштүн өсүшүнүн тормозу болору эбактан белгилүү. Экинчиден тышта, негизинен Россия менен Казакстанда жүргөн эмгек мигранттарынын (айрым маалыматтарга караганда алардын жалпы саны 800 миң чамалуу) Кыргызстанга жиберип турган трансферттеринин (жылына 800 миллион долларга чейин каражат жиберип турушкан, ал мамлекеттик бюджеттин 25% түзүп келген) кескин кыскарышы да экономиканын төмөндөшүнө алып келди. Россия менен Казакстанда экономикалык кризиске байланыштуу жумушчу орундарынын кыскарышы, ошону менен бирге эмгек мигранттар квотасынын эки эсеге төмөндөтүлүшү республикага жиберилип жаткан акчанын көлөмү бери болгондо эки же эки жарымдан кем болбогон деңгээлге чейин кыскарышына алып келиши мүмкүн. Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Роджер Робинсондун айтымына караганда кезегинде бул "жергиликтүү жеке чарбалардын талаптарын финансылоого болгон каражаттардын кыскарышын шарттайт. Ошого жараша жалпы талаптар да төмөндөйт. Ал эми, бул болсо дагы бир далай кызматтарга таасир берери анык: белгилүү деңгээлде импорттук товарларга болгон талаптар төмөндөйт, демек, товарлардын импорту кыскарат, ошондой эле чет өлкөдө кыргыз товарларына болгон талап да азаят. Эгер калк товарларды азыраак сатып ала баштаса, ишкерлер тыштан товарларды азыраак ташып алып келе баштаса, алибетте, соодадан бюджетке түшкөн салык төмөндөөрү белгилүү".
Кризистин эбак эле төргө туйлап өткөнүнө жарым жыл илгери башталган структуралык кризис ачык күбө болуп бере алат. Өкмөт ачык айткысы келбей жаап жашырып келген менен республикадагы бир далай ишканалар ишин токтотуп, же банкроттукка кабылып жатканы коомчулукка жашыруун эмес. Алардын айрымдары ошол жайгашкан шаарчаны асырап турган ишканалар (градообразуюший), демек социалдык программаларды моюндаган компаниялар. Алардын ишинин токтошу өлкөнүн экономикасына болгон чоң сокку экени айтпаса да түшүнүктүү. Иштебей калган же убактылуу ишин токтоткон компаниялардын катарына төмөнкү ишканаларды көргөзсө болор эле. Токмоктогу "Интерглас" айнек заводу өткөн жылдын апрель айынан баштап жумушчуларын мөөнөтсүз отпускага жөнөткөн. Заводдун качан кайра ишке кирери азырынча белгисиз. Канттагы цементтик-шифердик завод адегенде кубаттулугун 10%-30% төмөндөткөн. Акыркы маалыматтарга караганда жумушчуларын отпускага айдап ишин токтотуунун алдында турат. Майлуу-Суу электролампа заводу карызы чачтан көп болуп кеткенден кийин банкрот деп жарыяланды. Жумушчулары айлык акысын жарым жылдан бери алыша элек. Кыргызстандын кант заводдорунун абалы белгилүү, иштебей токтоп калышкан-мамлекет элдин кантка болгон муктаждыгын камсыз кылуу үчүн импорттук товарлардын көзүн кароого аргасыз болууда. Көптөгөн курулуш обьектилери консервацияланды. Чет өлкөлүк чакан жана орто бизнес ишин жыйыштырып Кыргызстандан чыгып кете баштаганы айтылууда. Дискриминациялык салык кодекси киргизилгенден кийин экспорттук статьянын орчундуу бөлүгүн түзгөн кийим тигүү тармагы 20%-30% ке чейин кыскарганы белгиленүүдө. Структуралык кризистин пайда болушун инвестициялык климаттын начарлашы менен капиталдын тышка агылып чыгарылып кетиши менен байланыштуу экенин белгилешүүдө. Өкүнүчтүүсү бул процесс мындан ары улана турган, тереңдей турган түрү бар.
Эксперттер кризистин симптомдору катары инфляциянын өсүшү менен жумушсуздукту көрсөтүшөт. Республикада экөөнүн тең жоболоңдуу белгилери бар экени байкалат. Жогорку деңгээлдеги инфляция менен жумушсуздук жок деп карандай танып кетүү азыр кыйын. Айрым маалыматтар боюнча инфляция өлкөдө 18% түзөт. Экономист А.Сарыбаевдин болжолдогону боюнча инфляция быйылкы жылы 30% ке чейин өсүшү мүмкүн. Ал эми, жумушсуздукка келсек ал дагы өтө опурталдуу темп менен өсүп баратканына күбө болобуз. "24.kg" ИА сы 2009-жылдын 21-январында билдирген маалыматы боюнча Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте ушул жылдын башынан берки кыска аралыктын ичинде 1 миң 949 киши административдик отпускага (төлөнбөгөн отпуска) жиберилген. Ош шаары боюнча болсо ал цифра 1 миң 289 адамга туура келген. Андан бери кризистик жагдайдын улам тереңдеп баратканынан алып караганда аргасыз отпускага жиберилгендердин саны кыскарды деп айтууга болбос. Иши кылып жакынкы учурларда кризистен суурулуп чыгып кете алабыз деген оптимизмге эч негиз таба албайсың.

Үсөн Касыбеков,
эркин журналист










??.??