presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бийлик жана аялзаты
Социалисттик ханышалар
Феминизим доору келди, аялдар бийлик пирамидасынын чокусуна чыга баштады дегенибиз менен, карап көрсөк, дүйнөлүк саясый панорамада кыйын аялдар санаалуу эле экен. Таасирдүү болгон деп эринин аркасы менен эң жогорку бийликти мыңк эттирбей мыкчып отурган соц.ханышалары айталы, анан биздики жөнүндө кеп козгойбуз.

Монгол ханышасы
…1947-жылы рязандык карапайым орус кызы Анастасия Филатованын Монгол элдик-револициячыл партиясынын генералдык секретары Цеденбал колун сураганда кабыл алган. Өз өлкөсүнүн патриоткасы катары ал Сталиндин өзүнө кирип: "Эрге тийип кетип атам, бирок совет гражданы бойдон калтыруусу болбойт дейт. Туура эмес го. Ал киши сизден суранды" деп суранат. Анастасия Ивановна жаңы мекенине жаныдан көнүгө баштаган чакта эле монгол номенклатурщиктери бу катындын чатак кыялын байкашкан. Формалдуу түрдө чакан Балдар фондун башкарган "генсешка" капилет эле ЦК МНПРдин маданий билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерин жетектеп кирди. Аз өтпөй монголдордун биринчи ледиси өз бийлиги астында генсектин жеке кайтаруучуларын жана коомдук коопсуздук министрлигин, андан соң бүтүндөй мамлекеттик иштерди менчиктеп имерип алды.
Монгол лидеринин жубайы жергиликтүү бийлик коридорлорунда жалаң улутчулдар менен маочулар толуп алган деп саноочу. Эгер ал болбосо Монголия бүтүн кулап түшмөк экен. Ошондуктан Анастасия Ивановна жетекчилик көрсөтмө берүү, министрлер менен партсекретарларды иштен алып-дайындоо сыяктуу оор милдетти өз жонуна илди. Кой-ай деп эч ким даап айта алмак эмес. Атүгүл 1976-жылы Брежнев өзүнүн кенже партиялаш жолдошу Цеденбалды тамашага чалып: "Аняны бир аз ооздуктабайсыңбы" дегенинен майнап чыкпады. Кыязы, Цеденбал 1984-жылы оорусунан улам иштеп алынып, Москвада жашап-дарыланып калган чакта да, жетекчи монголдор бу катындын көрсөтмөлөрүнөн кутула алышпады. Монголдор ЦП КПССке арызданышса, Анастасия Ивановна жаңы генсек Батмунгду баш кылып ашата тилдеп турду.

Румын ханышасы
Эгерде монгол "генсекшасы" бийлик туткасына көзөмөл кылганына ыраазы болсо, көп жылдар бою диктатор болгон Румын генсеги Чаушескунун катыны Елена Чаушеску күйөөсүн каалагандай калчап, өзү Саясый бюрого мүчө болуп, өзү соц.респуб. Румыниянын совмининин төрагасынын биринчи орун басары жана да Илимдер академиясынын президенти болуп турган. Бул катын тарыхта ири окумуштуу жана улуу ачылыштардын автору болууну эңсеп, "Е.Чаушеску" деген псевдоними астында бүтүндөй илимий институттарды иштеткен.
Мунун аягы кандай бүткөнү жалпыга маалым. 1989-жылы диктатурага каршы румын көтөрүлүшүнөн кийин Чаушескунун үй-бүлөлүк кланынын көпчүлүк мүчөлөрү түрмөгө кесилсе, ал эми Еленаны эл эри менен бирге дубалга такап туруп атып салышты. Бул аял Румыниянын көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн эле.

Болгар ханышасы
Елена сыяктуу эле дагы бир соц.ханышанын тагдыры дөңгөлөк астында калуу менен аякталган. Болгария Эл республикасынын жолбашчысынын кызы Людмила Живкова кыз кезинде эле өзүн көктөн түшкөндөй сезчү. Анткени жогорку билимди капиталисттик Оксфорд университетинен алган. Софияга кайтып келгенден кийин ал бат эле Саясый бюро мүчөсү болуп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамга айланды. Бирок, 1981-жылдын мартында 38 жаштагы бул аял машине авариядан каза тапты. Кандайча, ким? Бул сыр жашырын калды. Батыш советологдору муну саясый өлтүрүү дешти. Анын жөнү бар. Людмила мурунку премьер-министр Станка Тодоров экөөлөп Болгариянын өнүгүү багытын Батыш системасына бурууга аракеттенишкен экен.

Совет ханышалары
Жолбашчы Ильичтин жубайы Надежда Крупская эл агартуу комиссарынын орунбасары Александра Коллонтай дүйнөдөгү биринчи аял-министр, Молотовдун катыны Полина Жемчужина балык өнөр жай наркому, Мария Кагановна ЦК профсоюздун бир нече тармагынын төрайымы… Деги жумушчу-дыйкан өлкөлөрүнүн элитасы да катындарын чоң кызматтарда кармаганы көрүнүп турат. Сталин бийликке келген соң, Кремль катындары "өз орундарын" таап, көбү Бериянын төшөгүндө тырпырашты…

Кызык көрүнүштү айталы ушу жерден
"Мен аны курчагандардын арасында Н.ны айдап салууга жардам бере албайм, - дейт КГБ төрагасы Ю.Андропов… - Мени менен Брежневдин ортосунда барьер пайда болушу мүмкүн. Жок, урматтуу башкы врач, жардам бере албайм". 1973-жылы Андропов Кремлдин башкы врачына ушинтип айткан. КГБ төрагасы тайсалдап даай албаган киши - жөнөкөй эле медсестра болчу.
70-жылдардын башында Минздравдын аксөөктөр дарыланчу 4-башкармалыгында иштеген Н. деген медсестра жарымжан оорулуу генсек Брежневди карап, ага кам көрүп туруучулардын бири болгон. Аз өтпөй бул жапжаш медсестра генсекти дарылап жаткан врач Радионовду толук иштен четтеттирип, Леонид Ильичтин эң жакын кеңешчисине айланды. Буга саясый бюро мүчөлөрү эле эмес, Брежневдин кемпири Виктория Петровна да киришип, тыюуга батыша алышпады.
Бактыга жараша, бул катынга анча көптүн деле кереги жок экен. Ал ст. медсестралыкка көтөрүлүп, борбордон квартира алып, капитан күйөөсүнө генерал чинин алып берип тынды. Анткен менен кээде бул аялдын коомдук турмушка тийгизген жашырын таасири сезиле калчу. Мисалы, Н.Леонид Ильичке Штирлиц чын эле болгонун, тирүү экенин айтат. Генсек ага дароо орден берүүгө буюрат. Ошентип, жок кишинин ролун аткарган актер сыйланат…
1976-жылы Н. ны акыры генсектин жанынан кубалап тынышты. Анүчүн бир катар жыл бою КГБ, Кремлдин башкы врачы жана брежневдик кайтаруу командасы биргелешип түйшүктөнүп бүтүндөй бир заговор иштеп чыгууга туура келген эле.

Башмырзалардын оң кулагына дайыма кимдер шыбырайт
Биздин жаңы замандын "саясый аялдары менен кыздарынын" ысымдары тил учунда: Раиса Горбачева, Хилари Клинтон, Клот Ширак, Мими Папандреу, Татьяна Дьяченко, Мишель Обама, Карла Бруни, Дарига Назарбаева, Гүлнара Каримова, Татьяна Бакиева…
Бул тизме келечекте улана берери бышык. Анткени саясатчылардын өмүрлөш жаншериктери конкреттүү саясый жагдайда эрине, өлкөгө таасирин тийгизип, атүгүл үстөмдүк кыла алат. Эгер алардын мүнөзү бекем болсо, бийлик тизгинин да колуна ала алат. Белгилүү эмеспи, адам натурасы кылымдардан бери өзгөрбөй эле келатат.

Жолдошбек
Зарлыкбеков










??.??