presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргызстанда

Урматтуу апалар, эжелер, карындаштар!
Сиздерди алдыңыздарда жадырап жайнап кирип келаткан жаз майрамы - 8-март аялзатынын эл аралык Күнү менен куттуктайбыз! Жашоонун, мезгилдин улуктугу ушунда экен, Токтогулдагы суу токтоп калабы, экономикаң кулап баратабы же дүйнөлүк кризис кысмактап турабы аны менен түк иши жок, өзүнүн өктөмүн жүргүзүп, өз кезеги менен тегеренип турганы турган.
Кудайга шүгүр, жарым жарык, жарым караңгы узак кыштан аман-эсен чыктык, жаздын күлүңдөгөн күнү менен кошо аялзатынын көңүлү ачылды; аял тутка, аял тирөөч эсептелген, аялсыз кунарсыз болгон турмуш минтип кайрадан жаз менен кошо ойгонуп туру, чөгөт болуп бүткөн муздак көңүлдөргө үмүт тамызып туру.
Кургуйга кулаган турмуштун туткасына жабышып, жакшылыктан үмүт үзбөгөн, аны оңдоого жанын таштап аракет кылган, үйдөн, өлөң төшөктөн безе кай бир алыс суук кыйырларда тукум улоонун, тиричилик өткөрүүнүн жанды кашайткан азаптуу түйшүгүндө жүрүшкөн, жашоо Улуу, жашоо Бийик экенин кайраты, деми менен даңазалаган кыргыз аялдары, апалар, эжелер, карындаштар майрамыңар кут болсун!
Аял кайда - аял жумушта, аял кайда - аял базарда, соодада, көчө шыпырганда, балдардын артында, ашканада, цехтерде, жүк түшүргөн жерлерде болуп жаткан бүгүнкү ит турмуш, оор заманда бүгүлгөн бели түзөлбөй, назик колдорго, ийиндерге аалам түйшүгүн арткан кыргыз аялдары, майрамыңар менен! Бул майрамдын улуулугу да, көркү да, мээрими да, айтор бүт куту силерде! Бар болгула, жакшы турмуш көздөн учуп, кыялыбызда турса да бардар болгула, сулуу болгула дегибиз келет!

"Аалам" гезитинин жамааты




Студенттердин эл аралык конференциясы
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде кыргыз-түрк студенттеринин арасында боордоштук мамилени бекемдөө максатында эл аралык конференция болуп өттү. Түркиянын алдыңкы университеттеринин студенттик кеңештеринин президенттери баш болгон 25 адам Түркиядан, Казакстандагы Ахмет Ясави атындагы университеттен 2 өкүл катышты.
Стамбул университетинин өкүлү Мустафа Каракуш "Түрктөрдө мындай сөз бар: Кыргыз эли түрк эли менен тарыхы, маданияты, салты, тили жагынан аябай жакын. Биздин түбүбүз бир, ата бабабыз бир болгондуктан, кылым карыткан мамилени түбөлүккө сактап, боордошторубуздан жардамыбызды аябай, бир туугандардай болуп жүрүшүбүз керек", - деген сөзүн айтты. Студенттердин арасында эки күндүк баарлашуу алардын бири-бирине болгон мамилелерин бекемдеп, мындан ары да эл аралык деңгээлдеги кызматташуунун зарылдыгын айгинеледи.


"Асман-пресс" гезити бир жашта
Республикадагы аты таанымал гезиттердин катарындагы "Асман пресс" гезити 3-март күнү, бир жылдыгына карата "Кыргыз элиталары" деп аталган бал-концерт уюштурду. Аталган концерт "Дасмия" ресторанында өтүп, ага чакырылгандардын катарында бийлик өкүлдөрү, оппозиция өкүлдөрү, экс-чиновниктер, ошондой эле улуу акын-жазуучуларыбыз, кыргыз телеканалдарынын белгилүү дикторлору, белгилүү эстрада жылдыздары болгондугун баса белгилеп койсок. Мындай саясаты жок, чай үстүндөгү жөрөлгөнүн баштоочуларынан болгон "Асман пресс" гезитинин башкы редактору Эльнура Кулуева жетектеген коллективге, кесиптештерибизге биз дагы жакшы тилектерибизди билдирип койгубуз келет. Кыргызстандагы аты таанымал азаматттардын башын бириктирүү албетте, көп учурларда иш жүзүнө аша бербегендигине күбө болуп келгенбиз. Андыктан бул жакшы башталыш катары коомчулукта кеңири талкууланаарына ишенимибиз чоң.
8-март майрамыңыздар менен, кесиптештер!

"Аалам" гезитинин жааматы
Кыргызстанда "баш кесмек" эми "тил кесмекке" айланды
"Репортер - Бишкек" гезитинин кабарчысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап, аз жерден көр оозунан кайтты. Дегеле бул бийликтин тушундагы мындай окуянын эсеби абдан эле көбөйүп кетти. Минте берсе "демаралча" атыбыз өчүп, "акылы кем аралчага" айланаарыбыз бышык. Бийлик тарабынан элге калыс, акыйкат маалымат таркаткан журналисттерди, гезиттерди, эфирди кысмактоо иши күч алууда. Анын мисалдарын санап отуруунун кажети жок. Сыргак Абдылдаевге болгон кол салуу - республикадагы эркин сөзгө, чындыкты айткандарга тикелей сес көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү экенин жалпы коомчулук айтып чыгууда. Укук коргоо органдары окуя боюнча иш козгошту, бирок анын натыйжасы чыгабы-жокпу, белгисиз, жөнөкөй хулигандык катары бааланып, жабылып ташташына көбүрөөк ишенсек болот. Анткени…


"Ганси" чыгат, чыкпайт
Өкмөт америкалык авиабазанын Кыргызстандагы акыркы күнү деп 2009-жылдын 18-августун белгиледи. Бирок авиабазанын тагдыры алиге чейин табышмак бойдон калууда. Бул жөнүндө өз оюн The Jamestown Foundation гезити жазып чыкты. Гезиттин айтымында базаны жакынкы айларда чыгарабыз дегени менен өлкө ичиндеги кырдаалга дыкат көз таштаганга, президент К.Бакиев жана анын жакын соратниктери АКШ менен майнаптуураак дагы эле келишимге үмүт артып турушкандай.
"Өлкөнүн пайдалуу келишим түзүүгө ашыкча умтулуп жатканы республика жетекчилигинин бул маселеге жеке кызыкдарлыгы бар экенин далилдейт", - деп жазат жогорудагы гезит.

Күйөө баланын жоруктары жанга батты
Казак президентинин Швейцарияда качып-бозуп жүргөн күйөө баласы Рахат Алиев жаңы жаңжалдын үстүнөн чыкты. Жакындале Казакстанда эки полиция офицери кармалып, аларга Р.Алиевдин тыңчылары деген айып тагылды. Алар күйөө баланы жашырун маалыматтар менен камсыздап жүрүшкөн имиш. Буга жини кайнаган казак бийлиги "Сырбар" деп аталган атайын кызмат түзүп, Р.Алиевди биротоло же ары, же бери кылуу милдетин жүктөдү. Кыскасы, "шпиондук оюндар" Казакстандын эл аралык беделин тебүүдө. Капчыгы калың күйөө бала Р.Алиев болсо Европаны эркин аралап, кайын атасынан алалбай кеткен кегин каалагандай алууда. Казак бийлигинин ага азырынча колу жетпейт шекилди.

Билл Гейтстин аялында да арман бар экен!
Ааламдагы эң бай адам Билл Гейтстин аялы Мелинда айымда да арман бар экен. Көрсө, миллиардер күйөөсү үч баласына дүйнөдөгү эң шумдук музыкалык телефон алганга уруксат бербейт имиш. Балдары болсо жер тепкилеп турушат. Аялы арман айтса Билл мырза "конкуренттер чыгарган буюмду колдонбойсуңар!" деп шарт кесип таштаган.

"АвтоВАЗдын" ойрону чыгууда
Кризистин айынан кыйраганы турган орус гиганты "АвтоВАЗ" жакынкы күндөрдө 3 миң 200 кызматкерин аргасыз иштен бошотконго чечим кабылдады.


"Винстон" чеккендер, абайлагыла!
"Винстон" тамекисин тынбай рекламалап жүргөн 68 жаштагы актер Алан Лендерс тамагынан ракка чалынып, о дүйнөгө сапар тартты.

"Аалам-пресс"










??.??