presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  ЧЫР ДҮЙНӨ

У.Мелисбек Кыргызстандын интернетине кожоюндук кылгысы келеби?
Гезиттин өткөн сандарында президент К.Бакиевдин ири мампостко отургузган идиректүү жаш "кадрларынын" бири ушул У.Мелисбек жөнүндө макала жарыялаганбыз, жаңы шайлоого аттаныбаткан ажонун таяныч-жөлөк тутаар бул "кадрынын" кызматка келгичектеги "бурный ишмердүүлүгүнөн" окурман журтун азыноолак кабардар кылганбыз. Демократиянын жаралган жери АКШны башпаанектеп үч жыл жашаган, интернет аркылуу саясый сеть (гезит Kg) ачып, сөз эркиндиги деген оокаттын кудурет күчүн каалаган жакка жумшаса, майнап чыгарса болоорун дурус өздөштүргөн бул жигит өткөн аптада Kg домендик ысымдар зонасын өзү жакындале башына отурган патент кызматынын көзөмөлү астына кийирүү ниетин ачыкка чыгарды. Чынында мунун жаңы идея деп айтканга болбос, кирешеси арбын бул тармакты жеке колдон мамлекет карамагына өткөрүү далалаты мурдагы жылдары да бир-эки курдай козголуп, ойлогон ой ишке ашкан эмес. Патенттин жаңы кожоюну бул түйшүктүү ишке кайрадан тиш салып туру, майнабы чыгабы, жокпу али белгисиз, бирок алдыдагы кармаш бир топ катуу болчудай.
Калың катмар окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн, "домендик ысым" деген эмне, азыноолак кабардар кыла кетели.
Домен - Интернет тармагындагы иерархиялык ысымдардын мейкиндик зонасы. Мисалы: Kg деген Кыргыз Республикасынын ушул эки белгиден турган эларалык стандарттагы коду. Жөн тил менен айтканда домендик аты. Домендик ысымдарга эларалык ICAAN уюму көзөмөл жүргүзүп, тескөө укугуну ээ. Бул коомдук уюм өз укугуна ылайык, дүйнөдөгү өлкөлөргө жана алардагы уюм-ишканаларга интернеттик домен ысымдарын өз өкүлдөрү аркылуу ыйгарат. Кыргызстанда болсо мындай укук "Азияинфо" жеке колдогу компаниясына берилген. Бул компания 1997-жылдан бери Kg зонасындагы ысымдарды таратып, каттоо менен шугулданып келе жатат. Кыскарта, түшүнүктүү, жалпак тил менен айтканда, домендик ысым Ташматтын же Акматтын интернет сайттагы ысымы. Ташмат ал аркылуу дүйнөнүн кай бир бурчунда жан багып жүргөн досу, тууганы болбосун, кат-кабар жөнөтүп же алып турат. Арийне, мындай ыңгайлуулук үчүн төлөш керек, б.а. домендик ысым ачтыруу (Kg, экинчи деңгээл) 1950 сом, же орточо 50 доллар; муну колдогону үчүн "Азияинфо" компаниясына 1750 сом же 40-45 доллар тегерегинде төлөйсүз. Домен ысымыңызды үчүнчү деңгээлге, же Кыргызстан ичине каттасаңыз, (net.kg. же com.kg.) болгону 191 сом төлөөгө милдеттүүсүз. Мурда бул 100 доллар болсо эми 50 долларга арзандады. Анткени Интернет менен оокат кылган кыргыз көбөйдү, нарк арзандаганы менен киши көп, мындан компаниянын кирешеси көбөйсө көбөйөөр, бирок азайбайт. Мына ушул баймалануу тармакты Мампатент көзүрү У.Мелисбек мамлекеттин канаты астына өткөрүү керек деп турганын кеп башында айттык. Бул мырзанын пикиринде Kg домендик зонасы улуттук кызыкчылыкка төп келет, ошондуктан аны "Азияинфодой" менчик компания эмес, мамлекет өз көзөмөлүгө алышы зарыл.
"Азияинфо" керек учурда, керектүү жерде пайда болуп, а кездерде кыргыз өкмөтү интернет маселелерин жеткиликтүү түшүнгөн да, көңүл бурган да эмес. Адистер да жок эле. Кандайдыр бир жолдор менен бул компания домендик зонага ээлик кылуу укугуна ээ болуп алып, кийинчерээк аны жалаң бизнеске айланткан. Мамлекеттин көзөмөлүндө турууга тийиш болгон улуттук домендик зонаны "Азияинфо" 15 жылдан бери аянбай "сыгып", үзүрүн каалагандай көрүп келүүдө. Пайдасына гана иштетип, анын инфраструктурасын өнүктүрүү оюна да келбеген. Аны өнүктүрүүнүн концепциясы да бүгүнкү күнгө чейин иштелип чыккан эмес, - дейт У.Мелисбек.
Башпатентчи маселени кабыргасынан коюп, өлкө жетекчилеринен да "добро" алганын, бирок тармактык операторлор катуу каршы туруп атышканын, олчойгон акчалары менен алар кимдин болбосун оозун жаап, өз кызыкчылыктарын сактап кала алышаарын кошумчалайт. Кыскасы, бул тармак мамлекеттин колуна өтсө, сайттардын саны өсүп, каттоо акысы арзандайт, келечектеги жашоосун интернетсиз элестете албаган ар бир студентке чейин, оңой эле домендик ысым алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт экен да. Албетте, бир караганда У.Мелисбектин ойлору асылдай, бушайманы жөндүүдөй көрүнөт, бирок кылдат абай салып караганга мамчиновниктин киреше агып турган бул булакка көз кастарын тигип турушу, ириде мамлекет үчүн күйүмдарлыгы эмес, көбүрөөк жеке кызыкчылык үчүн жан үрөгөнү кылайып турат. Анткени, биринчиден, домендик зонага көзөмөл жүргүзүү укугу мамлекеттин өкүлү катары өз колуна тиери бышык. Өзү айтканына караганда, Интернет ышкыбоздорунун көбөйүшү веб-дизайн менен шугулдануучу фирмалардын да ачылышын шарттайт. Ошол жайнаган фирмаларга көзөмөл жүргүзүү укугу кимде, албетте, У.Мелисбекте болот. Кимге каттайт, кимди тур ары дейт, а да өз эрки. Бир жагынан провайдерлерди тизгиндеп, тигилер каалайбы, жокпу кай бир даражада анын көзүн карап турууга айласыз болот, штат көбөйөт, деги кой, иши кылып келечеги даңгыр, кең иш экенинде түк шек жок. Ток этээри, мамлекет калкалаган мамчиновник Кыргызстандагы Интеренет тармагына бийлиги чектелбеген бирден бир кожоюн болуп чыга келет. Домендик зонанын өкмөттүк көзөмөлгө өтүшүндө эч бир жакшы жышаан болбосун эксперттер да айтышууда. Чиновниктер үчүн коррупциянын жаңы булагы ачылат, калк домендик ысымды мамлекеттен эмес, чиновниктен, маселен, ошол эле У.Мелисбектен сатып алууга аргасыз болот. Андан да жаманы - домендик ысымдардын (адамдардын) биринен бирине маалымат жеткирүүсү мамлекеттин көзөмөлүнө кийирилген соң, бул иш жүзүндө цензуранын орношу дешүүдө. Эми мындай шартта маалымат каражаттары кай күнгө туш болот, элестете бериңиз.
"Кыргызстан байланыш операторлорунун Ассоциациясынын" аткаруучу деректири Олег Жеребконун пикиринде, домендик ысымдарды каттоо жана бул озуйпаны башкаларга өткөрүп берүү маселеси коомчулуктун тыкыр элегинен өтүүгө тийиш. Маселен, У.Мелисбекте бул маселени көтөргүдөй өтө олуттуу себептер жана негиз болуусу керек. Ал болсо домендик зона улуттук менчик болушу керек дегенден башка жарытылуу жүйөө айтпайт. Маселе доменди башкарууда гана эмес, муну колуна алган калк каалагандай ишенимде иш жүргүзө алабы, ошондо. Өлкөнүн жетекчилиги менен макулдаштым деп маселени алдын ала чечип койгонсуп түр көрсөтүп атканы менен, андан аркысын табышмактатып ачык айткысы келбейт. Бул демилгеси менен У.Мелисбек иш жүзүндө мамлекеттик рейдерликти орноткусу келип жүрбөсүн?
Дегеле бизде "мамлекеттештирүү керек, улутташтыруу керек" синдрому жугуштуу оору окшобойбу. Бир мамчиновник жапжакшынакай иштеп жаткан "Кумтөрдү" канадалыктардан талашып атса, байланыш операторлорунун оокатына көз арткан экинчиси чыкты. Бирөөнүн тиричилигине көз артканды коюп, адегенде У.Мелисбек Мампатенттин ишин жөндөп алса болбойбу? Ээрге отурганы кечээ эле, бүгүн болсо эки айга жетип жетпей, 10-15 чакты адамды куугунтукка алды. Болгондо да жооптуу кызматкерлердин жоон тобун куугунтуктаган бул мырза мамлекеттик ишканага, атасынан мурас калгандай мамиле кылыбатса да кой деп коер ажо да, кожо да жок. Патент кызматынын өзгөчөлүгү - нарыден бери кое салган адамдарды эмес, атайын окутулуп, даярдалган кадрларды талап кылат. Кызматка келээри менен мындай кадрларды каалагандай көчөгө ыргытып, өз кишилерин четинен кое бергидей чексиз укукту У.Мелисбекке ким берген? Же балким, бир кезде Патент деректирлигинен шыпырылып кеткен агасы Р.Оморовдун армандап жүргөн эски кегин ушундайча кубалап алып атканыбы? Сыягы ошондой. Анын мындай "кадрлык реформасы" дагы улана түшсө, ай жылды айтпайлы, аз күндө ишкананын "кыргызпатент" аты өчүп, жалаң жердеш, жек-жаат ылымталаштар мурун эле толуп алган "саякпатентке" кайра айланаары турулуу иш окшоп калды. К.Бакиевдин кадр саясатын түшүнсөк буюрбасын деп жазганыбыздын дагы бир себеби, ишкананы жакындале башкарып кеткен Р.Оморовдун ордуна коюлуп, ишти мыкты тарткан И.Турганбаевди жыл айланбай көтөргөнүн көтөрдү да, ордуна Р.Оморовдун үкөсү (инисинин баласы) ушу У.Мелисбекти бекитти.
Ээнооздордун айтымында президент Американы ээн-эркин чапкылай аралап, өзүнүн саясый сайты аркылуу Ж.Буш баш болгон аалам алптарын кытыгылап жүргөн бу жигиттен бир чети анча-мынча сестенчү да жайы бар имиш. Антпесе кечээ эле өзүн аянбай шыбап жүргөн адамды бүгүн кызматка көтөргөнү "оң жакка чапканга сол жаагыңды тос" деген жөнеле гумандык көөнө түшүнүктөн улам жасалган иш эместир. Же кызматты мурас боюнча берүүнү президент мырза Кыргызстанда мамлекеттик кадр саясатына айланткысы барбы?
Ушу макала даярдалып атканда мампатенттин дагы бир жооптуу кызматкерин иштен айдаганы маалым болду, алдыда мындай тагдырды күтүп кимдер турат, дагы уга берет окшойбуз, кыязы мамлекеттик патент кызматы У.Мелисбектин "өз командасына" толук өтмөйүнчө ишкананы "тотальный тазалоо" токтобойт өңдөнөт.
Башта сөз жүргөн домендик ысымдар жөнүндөгү кепке кайтсак, учурда "Азияинфо" компаниясы өз милдетин так аткарып жатат; республикада домендик ысым алууга да, аны каттоо боюнча да эч кандай проблема жок, техникалык стандарттарга ылайык, домендик базаны көзөмөлдөө бир гана ишканага таандык болууга тийиш. Маселенин техникалык жагы ушуну талап кылат. Ал эми домендик зонага ээлик кылуу У.Мелисбек айткандай, мамлекеттин гана көзөмөлүндө турушу керек деген болбогон сөз. Дегеле дүйнөдө мындай бир жактуу эреже тартип жок, көпчүлүк өлкөлөрдө, айталык, демократиялык өлкөлөрдө домендик мейкиндиктер жеке компаниялардын колунда.
Бахтияр Шаматов










??.??