presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Аалам" спорт

Кумар Жалиев - Евразия чемпиону
Москвада кикбоксингдин WBKE версиясы боюнча Евразия чемпиондугу үчүн таймашуу өтүп, мында 76 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Кумар Жалиев (каймана аты - Калкан) бардык атаандаштарын жеңип, Евразия чемпиону аталды. Анын атаандаштары Орусия, Азербайжан, Эстония өлкөлөрүнүн өкүлдөрү эле. 76 кг салмактагы Кумар алгачкы жарым финалдык беттеште дүйнөнүн жана Европанын чемпиону эстониялык Александр Берняковду 3:0 эсебинде жеңди. Финалдык таймаш азербайжандык "Кобра" аталган спортчу Парвиз Абдуллаев менен болуп, оюндун башталышынан аягына чейин Жалиевдин соккулары таамай тийип, чабуулдары да ийгиликтүү болуп, 3:0 эсебинде утуп алды. Евразия чемпиондук кемерди тапшыруу учурунда күйөрмандар "Алга Кыргызстан" деген ураан астында чемпион Кумар Жалиевди сүрөп жатышты.
Кумар Жалиев кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын жеүүүчүсү, 2008-жылы WBKE версиясынан Евразия чемпиону, Кыргызстандын көп жолку чемпиону болуп саналат. Ал Кыргызстандагы кикбоксчулардын "атасы" аталган Александр Войновдун шакирти.

Ооган Абдулланын
Кыргызстандагы жеңиши
Бишкекте бильярддын снукер түрү боюнча ачык биринчилик өткөрүлүп, мында ооганстандык жигит Абдулла Вахиди бардык атаандаштарын жеңип, баш байгенин ээси болду. Ал финалда Кыргызстандын чемпиону Кубанычбек Сагындыковду утуп алды. Кубанычбек күмүш медаль тагынуу менен Азия оюндарынын программасына кирген снукерди терең үйрөнүп, көнүгүү керектигин моюнга алды. Үчүнчү орунду да ооганстандык Али Азат менен ирандык Мехди Кухестана ээледи.
Кыргызстанда орус эркин пирамидасы баштаган бильярд түрлөрүнө басым жасалгандыктан, снукерге мурда көңүл бурулган эмес. Ал эми Азия өлкөлөрүндө, дүйнөдө бул снукер түрү абдан өнүккөн. Келечекте Олимпиада оюнунун программасына киргизүү аракеттери көрүлүүдө. Ошондуктан Кыргызстандын бильярд федерациясы снукерге көз кырын салып, мелдештерди өткөрө баштаганы жакшы жөрөлгө.

Көзгө атар мерген көп деп мактанабыз…
Мактанчаак элбиз. Асман тиреген аска, мөңгүгө чыкпай туруп, тоолукпуз деп мактанабыз. Бир альпинистибиз жок. "Аттын кулагы менен тең ойногон чабандеспиз" деп көкүрөк койгулайбыз. Же бир ат спортунан бийиктикке жетип, мөрөй алган жигитибиз көрүнбөйт. Жалгыз Садыр Мамытовдун шайы кетип, ал деле тажап калды көрүнөт.
Мылтык, ок атуу боюнча көзгө басаар мергенибиз көрүнбөйт. Кожожаштын урпактары мынакей деп көрсөтөөр мерген жок. Буга далил Бишкектин ачык биринчилиги болду. Тапанча атууда Иван Жумадин лидерликти алдырбады. Ал 374 упай топтоду. Андан 18 упай аз алган панфиловдук Данил Беленов экинчи орунду ээледи. Денис Онищенко үчүнчү болду.
Кыз-келиндерден тапанчадан таамай аткан Бактыгүл Махмудова биринчи, Мелис кызы Айгерим экинчи орундарды камсыз кылды. Ушул кыздар жигиттерди намыстандырып, Забида Ырсалиева эжесинин жолун жолдоп жүрүшөт.
Мылтык атууда далай мөрөй алып, Бээжин Олимпиадасына чейин катышкан Руслан Исмаилов табында экенин далилдеп, 590 упай менен биринчиликти алдырган жок. Экинчи - Аскат Токмоков, үчүнчү орун Нооруз Акбар уулуна ыйгарылды.
Кыз-келиндердин мылтык атуу мелдешинде Варвара Антонова биринчи, Сабина Исмаилова - экинчи, Айсулуу Курманбек кызы үчүнчү орундарды ээледи.
10 чемпион суперфиналда мөрөй талашып, мында да Руслан Исмаилов баш байгени утуп алды.

Кыздары кыйын кыргыздын…
Дзю-до күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиондугу үчүн 200дөн ашуун кыздар күч сынашты. 1994-95-жылы туулган кыздар арасындагы мөрөй талашууда жеүил салмактарда Рустам кызы Гүлзада менен Рыспек кызы Айсулуу өлкө чемпиондору аталды.
44 кг салмакта Канатбек кызы Айгерим жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү. 48 кг салмакта оштук Бермет Жумабаева жеүүүчү деп таанылды. 52 кг салмакта бишкектик Мирлан кызы Асел баш байгенин ээси болду. Караколдук Айдай Бактыбекова 57 кг салмакта бардык атаандаштарын жеңип, өлкө чемпиону аталды.


Олимпиаданын
санжыралуу жолунда - Леонид Иванов
60-жылдары Кыргыз спортунда жаңы доор башталып, олимпиаданын жолу ачылды. Алыска чуркоочу жөө күлүктөрдөн Леонид Иванов СССР элдеринин Спартакиадасында көзгө көрүнүп, олимпиадалык курама команданын катарына кабыл алынган. Ал "СССР спортуна эмгек сиңирген чебер" деген наамга арзыган. Ошондой эле Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу болуп, жаштарга өз тажрыйбасын, өнөрүн тең бөлүшкөн.
1962-жылы АКШнын Пало-Альто шаарында СССР - АКШ беттешүүсү болуп, Л.Иванов 10 000 м жарышта марага экинчи келет. Биринчи белгилүү күлүк П.Болотников болгон. Кийин Ташкенттe өткөн СССРдин чемпионатында Л.Иванов 10 000 м чуркоодо биринчи чемпиондук алтын медаль тагынат. Ошондой эле СССР элдеринин Спартакиадасында 10000 м аралыкты - 29 мин. 08,2 сек. Чуркап, баш байгенин ээси болгон.
Л.Иванов эл аралык "Юманите" газетасынын байгесине арналган кросстун алтын медалын жеңген, чыгаан жөө күлүктөрдүн бири.
Ал 1964-жылы Токиодо өткөн XVIII олимпиадалык оюндарга катышып, байгелүү 6-орунга жеткен. Атактуу жөө күлүк, маркум Леонид Иванов 1962, 1963, 1964, 1965-жылдары 5000 жана 10 000 метр аралыкта чуркоодо беш жыл катары менен СССРдин чемпиондук наамын жеңип алган. Ошондой эле Кыргызстандын рекорддун 5000 м жана 10 000 м аралыкта 5 ирет жаңырткан.
Ал - 5000 м - аралыкты - 13 492 секунда, 10000 м - 28.24.0 сек. чуркап өткөн.







??.??