presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Өткөн өмүр..

"Алдагы жалгызын чече кет,
айланайын"
"Алатоо" журналында 800 сом алып, жарыбай иштеп турганында, университеттен кочкорлук филфак деканы "Байке, балдар-кыздарга сабак окуп берип туруңуз" деп жердештик боор тартса, биздин байке эртеси жооп бериптир. Аны ошол чоң журналда иштеген ар кайсыдан бирди чокуган Жылкычы Жапиев, чала шишкебектей таластык Касым Кушубеков сыяктуу мыктылар карап турат дейт. Сагындык агабыз өтө сылык адам болчу. Акаев да бу кишини сылыктыгына жетчү эмес.

Ошол кечте агабыз поюз жолдун бержагындагы Алатоо рестораны эмес, аркы бурчтагы киши көп көрбөс Аларча ресторанында азыктанып, анан сыртка чыгып такси тосор.
- Мен романды көп жазган сайын кыз-келиндердин атын унутуп баратам?..
- Агай, мен сизди абдан түшүнөм. Аябай сулуу киши экенсиз. Онтоп да сүйлөйт турбайсызбы, кызык?.. - деп калат заочный окуган келин.
Коньякпы, башкабы, менин кандай ишим бар, кыскасы, бул ошол ресторанда чогуу отурушуптур. Матросов баланчанчы үйгө такси менен барышыптыр.
Агабыз айтат имиш:
- Жеңең катуу. Сен Амантайдынбы же Атантайдын кызы белең, жеңеңе ошентип айтам!
- Мен Таластыкмын да. Агай, менин башыма коньягыңыз ойноп кетти. Кызык киши экениңизди Элеонора айткан.
- Ал ээнооз айтса айткандыр да, ошого да киши ишенеби? Болуптур, үйгө келип калдык. Сен Жеңишбек аксакалдын келини болосуң. Бөлөк сөз айтпа!
Калитка жука, кол салып ачканга болбойт экен, үйдөн ачат экен. Аз өтпөй ачкыч зыр дей түшүп ачылды.
- Таанышып алгыла. Эңилчек байкемдин келини. Экинчи курс. Жолугуп калып, акчамдан кыйналып атам, жеңем жаткыза тура алабы, күйөөм күзүндө төлөп берет деп жатат, Туура эле го?...
- И-и. Кимдин келинисиң?
- Эңилчек атамдын.
- Андай агабыз деле жок эле?..
- Мен 2-курстамын.
- Сырттан окуйсуңбу?
- Ооба.
- И-и, жөнүң бар экен, кел, келегой. Ысык тамак даяр. Бирок ичип алган кишилер тамакка деле көңүл бөлбөй эле…
Тамак ичилди. Жат-жатка келгенде, жеңе жанагы келинге төркү үйгө төбөдөй төшөк салып берди. Жазуучу адатынча иш бөлмөсүнө култ этти да, дымып күтүп калды. Жарым саат бекен, ошонун эле айланасында а киши коркконунан кооз тапичкесин бооруна кысып, төркү үйгө дымып кирип кетти.
Ал жерде эмне болгону тууралуу менин айтканым уят.
Эртең менен эже көнүмүшүнчө чакасын билегине илип уйканага баратса, эри күндөгүдөй физзарядка жасап жатыптыр.
- Жакшыбы, Күлсүн? - деп ыржайып коет дейт.
- Күлгөндү кой, алдыгы эмнең? - деп сурайт экен. Ыштаны алмашып аялдыкы экен.
Ошондон агабыз зыр коюп өмүрү эрте келбеген "Алатоо" журналына келип олтуруп калат да, кечке жетпей үч "эргулга" сырын айтат. "Ушундай болуп калды, жеңеңердин ачуусун сурагыла, мына үч арагыңар" деп.
Барышат. Жеңе калиткадан жайнап тосуп алат.
Бөлмө төрүндө агабыз "Эми ушундай болуп кетти, балдар айтсын" десе, жеңебиз:
- Эмнени айтып жатасың, ал эмне эле, бул балдар чанда келчү беле?.. деп кайра суроо сураса азыр Жогорку Кеңеште чоң болуп жүрөт, Касым айтат, "а киши ошондой болчу" деп.
Анан жанагы келин эмне болду? Эртең менен туруп, кечээңки ысык тамактын калганын, анан ысык чай ичип "ыракмат жеңе, сизге ыраазымын, жакшы калыңыздар" десе, "Матросов ушул көчө, ушунун башына беш көмүт үй салам деп агаң кыйналып калды. Айлык алган күндөн башка акчасы деле жок. Агаңда жалгыз эле турсий бар, чече кет" десе, чай ичип жаңы чыгып бараткан балканактай өңдүү-түстүү келин "кечирип коюңуз" деп эшик туткасын таппай калыптыр. Кийин жазуучу Жылкычы Жапиев айтат: "Жеңеге уят болуп калганыбыз чын, ушундай ургаачы көп болсо" дейт уялбай.

Жолдошбек
Зарлыкбеков




  Баштан өтпөсө...

Мен бронхиалдык астмадан кантип айыктым?
(Документалдуу, көркөм аңгеме)
(Башталышы өткөн санда)
Күркүлдөп жөтөлүп жүрөм, бара бара түнүчүндө өпкөм орустун эскирген гармошкасындай кыйылдачу болду, ысык сүтү да, балы да жардам бербейт, дем алганым оорлошуп, туураман жаталбай, түнү бою отуруп чыкчу болдум. Эң кызыгы, күндүз кадимкидей эле басып жүрөм, дегеле мени ооруп жүрөт деп айтканга болбойт, балээнин баары түнүчүндө, төшөккө жатканда башталат. Бир күнү чыгынып, догдурга бардым. Өпкөмдү тыңшап көрдү да "бронхит" деген диагноз койду. Жашаган жериң кургак, желдетме жер болушу керек, майлуу жебе, чылым тартпа, арак ичпе, ж.б. толгон-токой кеп-кеңештерди бир топко божурады дарыгер. Кулакка бири кирсе, бири кирбей, уга берип тажаганада "деги бу опасный оорубу?" деп сурадым. "Опаснее не бывает" дейт. "Эуфилин" деген аты бар дары карматты. Ушуну такай ичип жүрүшүм керек экен. Өмүрү дары ичип көнбөгөн жаным, таблеткасын жактырбай "мунун суюгу болобу?" десем, суюгу бар, бирок аны ийне менен тамырга куят. Таптакыр демиң кыстыгып, аба жетпей кыйналып калганда венага бирди берет, пристубуңду бастатат. Азыртан алдын алсаң бул оору көп деле коркунучтуу эмес, бирок өтүшүп кетсе барбы бала, кара, кийин адебиңди ошондо жейсиң; астма деп коет, кудай ошондон сактасын дейт. Ойлонуп калып сыртка чыктым. Бир тамеки тарттым да кайра кирдим. Сурайын дегеним канткенде бул оору өтүшүп кетпейт, аның үчүн эмне кылышым керек? Бийик тоого көп чык, күндө чурка, семиргенден кач, дайыма табы бар аттай жеңил жүр, мүмкүн болсо күндүн ысык табына көкүрөгүңдү какта, күнгө күй ж.б. деп дагы көп кептин башын айтып, кайра чыгарды. Үйгө чейин катуу ойлонуп келдим. Ырас, тоонун так түбүндө, Чоң-Арыктын Горная деп аталган көчөсүнүн башындагы №1 үйдө турабыз. Күндө эртең менен чуркайм, бирок студенттик турмуштун берки "көңүлдүү" жагын да калтырбайм; стипендия алган сайын староста, айтылуу Таластын Ключевка айлынын, бүгүнкү күндөгү белдүү көрүнүктүү жигиттеринин бири, Германияда служить этип келген эски танкис Дөкө достун (Нарботоев Дөөлөткан) акылман жетекчилигинин астында шаардын пиво бочкелерине чабуул коебуз, алагүү болуп, жакшы-ы бир тапка келген маалда общежитияда жашаган өзүбүздүн кыздарга келебиз, же женпед жакка ооп кетишибиз мүмкүн көп учурда. Темселеп ошо жерде кечке жүрөбүз, ары өткөн бери өткөн кыздарга тийишип. Вахтер кемпир да таанып калган, тээ ары жактан көргөндө эле "безери шүмшүктөр" деп орусча үч кабат мат менен ашатып кое берет, сыртка атып чыгабыз. Ошондо арабызда жүргөн Окенин пийва иче берип буулугуп, тумчугуп калган таланты күтүлбөгөн жерден ачылып чыга келет. Чынында Окенин алмадай башы баш эмей эле, азыр ойлосом, өзүнчө кассета экен. Болбосо ушунча ырды кантип жаттаган, адамдын акылы жетпейт. Мидинден баштап Омор Хаямга чейин бүт ыр жыйнактары түгөл башында мунун. Дүйнөсү акын чалыш бу кургур анан ыр окусам эле деп турат экен, биздин кажылдак түгөнгөндө буга өчүрөт жетет. Калдайган общежитанын бир эле балконунан кылак эткен бир эле кыз көрүнө калса болду, ошону карап туруп оозунан шилекей менен кошо ыр куюлуп кетет. "…Сенин көзүң түнгө шоола, түнгө шам, таарынчу элең мен жеткирип барбасам…" деп баштаганда, бир-экиден баш багып отуруп, балконго жыбыраган кыз толуп чыгат. Кайран Оке шердене түшүп, ого бетер күүлөнгөнү, "Эй, үчүнчү кабаттагы оң жактан төртүнчү балкондо турган көк жемпирчен периште, бу сага" деп адрестенте тандап, ар бирине ыр окуп кирет. Ай караган алагүү текелер болуп, кубаттамыш этип биз турабыз жанында күүлөп. Көпкө жааган ыр нөшөр акыры токтогондо сөз менен атышмай башталат. Биз буга жокпуз, муну да Окем өзү жайлайт, андыктан караанды көбөйтпөй бактын түбүнө кирип кетебиз да кулак түрүп отура беребиз. Оке балкондо жетимиш кыз турса, жетимиши менен бирдей тең айтышып, бир сөзүн жоопсуз калтырбайт, баарына үлгүрөт. Бу фантастика эмеспи?! Мындайды ким көргөн. Атбашынын эчтеме өспөгөн кысыр жеринен кыргызга белгилүү далай адамдар өсүп чыкса да, алардын көбү дебегенде да айрымдары ушу, азыркы күндө эч ким укпай көлөкөдө, кайсыл бир айыл мектебинде иштеп аткан биздин Орозбек Алакуновдой доско караандабай да калат болушу керек.
(Уландысы бар)

Бахтияр Шаматов










??.??