presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чыңгызхан
(Башы өткөн сандарда)

Монголдордун салтында өлөөр адам кимге сөз берсе, ошол адам анын мураскери болуп эсептелет. Бул сөздү укканда Чагатай ордунан секирип туруп: "Эмне үчүн ата, сиз меркеттерден чыккан балага сөз бересиз",-деп атасына одураңдай кетти. Муну уккан Жоочу иниси Чагатайды желкеден алып сүйрөп жөнөөрдө, Чынгызхан токтот дегендей колун көтөрүп белги берип токтотот. 40 жыл бою Чынгызхан жүрөгүн өйүгөн суроого камдаган так кесе жообун балдарына айтып баштайт."Меркеттерден келгидей, апаң Бөртө мени таштап качып кеткен жок, алар бизди чаап апаңды ала качып кеткен. Мен аларды кайра чаап, апаңды алып келдим. Эгер кайра алып келбесем анда бул жерде турбайт элең, апаң менен Жоочу агаңда эмне күнөө, бул да болсо Көк Асмандагы Көкө Теңирдин буйругу",-деп жооп берет. Тегеректе отурган эл унчукпай баш ийкеп, сөзгө кулдук уруп, Чынгызханды карайт. Бул Чынгызхандын өзүн өмүр бою кыйнап келген суроого Чагатайды баш кылып, эли-журтуна экинчи бир да киши кайра кайрылбагандай кылып айтып турган жообу эле. Калың журтту, кашындагы балдарын бүт түпөйүл кылган бул суроо акыры өз жообун алды жана эч ким ошону менен ал суроого кайрылбады.
Чынгызхан Жоочуну аябай жакшы көрчү, ал баласы дагы атасын нарктуу тилинен чыкпай, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган ыймандуу адам болуп чоңойгон. Ханды тегеректеп отурган карыган кеңешчилери дагы: "Ооба Чынгызхан туура айтат, силерди атаңар менен апаңар чоңойтту, өстүрдү. Элде жок ырыскыны силерге тартуулады, кол алдыңарда бүт монгол эли карап турат.
Силер аларды ынтымакта, бирөөнүн да үй-бүлөсүнө мүшкүл түшпөгүдөй тегиз карап көздөп алышыңар керек. Өз ичибизде да котур ташын койнуна каткандар бар, ич ара ынтымагыбыз ыдыраса, алар карап турбайт, кылычын сууруп кастык кылат",-деп өздөрүнүн акыл-кеңешин айтып өтүштү.
(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов
Урматтуу окурмандар! Эгер бул чыгарма тууралуу кимде-ким кызыгып, толук маалымат алгысы келсе, төмөнкү телефонго
0 772 41-13-57ге чалыңыздар.




  Биле жүрүңүз, бурадар!

Улуу Израиль державасы курулабы?!..
Израиль өлкөсү 1948-жылдын 14-майында Бириккен Улуттар Уюмунун негиздөөсү менен англистердин кулчулугунан бошотулган Палестинанын аймагында тикеленген, бирок, ошол эле уюмдун 1947-жылдын 29-ноябрындагы чечимине ылайык көзкарандысыз эки мамлекет - жөөттөрдүкү өзүнчө, араптардыкы өзүнчө курулушу керек болчу. Анткени менен Израил өлкөсү арап тилдүү мамлекеттин болушуна каршы турду, 1948-1949-жана 1967-жылдардагы калайманда Палестинанын аймагын канга чылап, басып алды. Негизи эле түптөлгөн күнүнөн тарта Израил кошуналаш араптар жашаган өлкөлөргө ыдык көрсөтүп, баскынчылык саясатын жүргүзүп келатат. Айталы, 1988-жылы Улуу Британ, Франция дөөлөттөрүнө шериктеш боло калып, Египетке каршы агрессия баштады. Ал эми 1967-жылы Египет, Сирия, Иордания, 1972-жылы Ливанга карата чабуул жасайт.


Израил мамлекетинин расмий такталган чегарасы жок. Экономикалык-маданий борбору - Тел-Авив шаары. Ал эми 1950-жылы алар басып алышкан Иерусалимди өлкө борбору катары жарыялашат да, парламенти аны "Израилдин бөлүнгүс аймагы" деп тааныйт. БУУнун Коопсуздук Кеңеши ошондо эле бул чечимди акыйкатсыз катары жарыялаган.
Кош, энди араптар менен жөөттөрдүн түп-тегин карап көрөлүк. Араптар - кимдер? А жөөттөрчү? Иликтей келсең бүгүн кырдыбычак болушуп, ымалага келе алышпай жаткан бул эки улут - бир атанын эле балдары. Ушундай! Болгону - энелери башка. Араптар - Исмаилден тарагандар, жөөттөр - Исактын авлеттери. Тарых айтып тургандай, Исмаил да, Исаак да Ибрагимдин уулдары. Исмаил Ибрагимдин кичүү аялы, бизче токолу - Ажардан туулган, аныгыраагы ал токолдун перзенти болсо да Исактан жашы улуу, 13 жылга. Же башкача түшүндүрсөк, Ибрагим Ажардан көргөн уулу Исмаил 13кө чыкканда баш катыны (байбичеси) Сара Исакты төрөйт. Көрдүңүзбү, эне бөлөк (күнүватча) болгону менен экөөсүнүн тең атасы бир эле киши, жок, карапайым жан эмес, болгондо да пайгамбар - Ибрагим. "Кудай кылса кубарың барбы?" - дегенге көнбөй, элебей, жөөттөр ушу бүгүнгө дейре "Мураскорлук Исактын балдарына гана калышы керек!" - дешип, палестин жеринде калайманды катыра салышып, аталаштарын - араптарды канга чылап келатат, же башкача айтсак, алар бүтүндөй аймакта өздөрүнөн башка улут, калктардын өмүр кечиришине караманча каршы. Буга "Ислам нуру" гезитинин ушул жылдагы 1-санында Азат Момун далилдүү жооп кайтарыптыр, ошондон үзүндү берели:
"Бул согуш тээ байыркы биздин эрадан миң жылдар мурун, ушул мыкаачы солдаттын балким жүзүнчү, а балким эки жүзүнчү бабасы менен таш ыргыткан наристенин чоң аталарынын арасында башталган. Ал мезгилдеги согушта солдаттын бабасы кудайдын каргышы тийип, Фаран чөлүндө кырк жыл тентип жүргөн Израил элине башчы болуп калган Иса Навиндин аскерлеринин катарында согушкан болсо, наристенин чоң атасы арабдардын Ханаан падышалыгынын аскерлеринин курамында өз Ата Мекенин баскынчылардан коргоо үчүн күрөшкөн.
…Биздин эрага чейинки он үчүнчү кылымда Жакып (Израил) пайгамбардын Иуда деген уулунан тараган Иудей уруусу Египет фараонунун колунда кул болуп калганда Алла Таала алардан Муса пайгамбарды чыгарып, анын колу менен Израил уулдарын кулчулуктан азат кылат. Муса пайгамбар коомун Египеттен алып чыгып Фаран чөлдөрүндө жүргөндө Алла Таала Муса пайгамбарга өз элин Ханаан падышалыгынын кол астындагы ыйык жерге - Палестинага баштап кирүүнү, ал жерди согуш менен алып жашоону буйурат. Муса пайгамбар Израил уулдарын Палестина чек арасына баштап келип, "Жүргүлө, бул шаарларды согуш менен өзүбүзгө каратып алалы" дегенде жөөттөр суу жүрөктүк кылышып: "Ал шаарлардын адамдары күчтүү, бакубат кишилер экен. Биз аларды жеңе албайбыз. Бар, өзүң кудайың экөөң согуша бергиле, биз ушул жерде күтүп турабыз" - деп жооп беришет. (Караңыз: Куран 5/22-25. Тоорат. Муса. V. 13-14-бап).
…Муса пайгамбар өлүп, жөөттөргө Иса Навин башчы болуп калат. Аскер башчылык касиети жогору, ырайым, боорукерликти билбеген бул адам Израил уулдарын бириктирип, күчтүү кол курап, Ханаан жерлерине баскын жасап, Иерусалим падышасы Хевронду, андан башка да 30 падышалыкты жеңип, шаарларын өрттөп, Ханаан элдерин жаш-кары, аял-эркек дебей бирин да калтырбай кылычтан өткөрөт. …Азыркы Палестина согушундагы мыкаачы еврей солдаты көчөдөгү көзүнө урунган адам баласын гана эмес, жадагалса уй-кой, эшек сыяктуу жаныбарларды деле өрттөп-куйкалап салгандай, анын миң жылдар мурунку Иса Навин баскынында катышкан таш боор бабасы дагы "Абадан дем алган, буту менен баскан жан-жаныбардын бардыгын кызыл-жаян кылды, эч кимди соо калтырган жок". (Караңыз: Тоорат. "Иса Навин". 10-бап) Иса Навин Ханаан жерлерин басып алган соң аны Израил урууларына бөлүп берди. Жогоруда айтылгандай, жергиликтүү элден бир да тирүү жан калтырбады. "Бир гана Газа, Геф жана Азот деген жерлерде бир ууч жергиликтүү элдер жан сактап калды" (Тоорат "Иса Навин" 11/22). Газада тирүү калган бир ууч жергиликтүүлөр арабдар эле. Иса Навин өлүп, ал негиздеген күчтүү Израил мамлекетин уруу аксакалдары - бийлер башкарып турган мезгилдерде, башкаруу бийлиги бир адамдын колунда болбогондуктан мамлекет күчүнөн кетип, алсырай баштады. Мындан пайдаланган жергиликтүү эл козголоң көтөрүп, Иерусалимде, Газада, Хеврондо бийликти колго алышты. Израил бийлери аларга каршы Иуда менен Симеонду жиберишти. Иуданын аскерлери колдон кеткен чектерди кайра өздөрүнө каратып алды, бирок Иерусалимдин жашоочуларын куугунтукка албады. Ал жерде иудейлер жергиликтүү эл (араптар) менен азырга дейре бирге жашашат. (Караңыз: Тоорат, "Бийлер" 2/21) Мына ушинтип Палестина жеринде арабдар менен жөөттөр аралашып жашай баштады. Ошол жылдардан азыркы күнгө чейин жөөттөр: "Бул ыйык жерди биздин пайгамбарларыбыз жана аталарыбыз болгон Ибрагимге, Мусага Кудай Таала энчилеп берген. Бул жерде жашоо биздин кудай берген укугубуз", - деген тоораттык бурмаланган көз карашка таянышат. Ал эми араптар алардын бул фанатикалык көз карашына: "Палестина - биздин Ата Журтубуз, экинчиден, кудай бул ыйык жерлерди Ибрагимдин урпактарына энчилеп берсе, демек, мураскор болуу биздин да диний, тарыхый укугубуз. Анткени биз - араптар дагы Ибрагимдин урпактарыбыз", - деп жооп беришет.
Тоорат китебиндеги Кудайдын каргышына калып айтылгандай "Жердин бир четинен экинчи четине, бардык калктар арасына чачыратылып жиберилген жөөттөрдү жыйнаганга тарыхта көп эле аракеттер жүргөндүгүнө карабай, Т.Херзель аттуу жөөт журналисттин "Израил мамлекети" деген (1886-жыл) китеби чыкканга чейин, ал ой жүзөгө ашпаган. Ошол китептин чыгышы менен жөөттөрдүн Бүтдүйнөлүк Сионизм уюму айдыңда көрүнөт. 1897-жылы Швейцарияда сионисттердин курултайы өтүп, анда бардык жөөттөрдү жашап жаткан аймактарын таштап чыгышып, Палестинага отурукташып, Израил өлкөсүн куруу чакырыгы салынды. Анткен менен ал кезде Осмон империясы өтө күчтүү өлкө эле да, ааламдын кай мамлекети болсун анын көзүн карап иш тутушка мажбур ахыбалда турган. Султан Абдулхамит жөөт сионисттеринин өз алдынча өлкө куруу үчүн миллиондогон пара сунуштаганына карабай, ага жол бербеген.
Адам туулат, эр жетет, өлөт. Гүл адегенде бир көгөргөн чөп болот, толукшуп, жыпарын буркураткан чакка жетет, күз келип соолуйт. Демек, башы, башталышы бар дүйнөнүн бүтчү күнү да келет. 700 жылдап дүйнөгө үстөмөндүк кылып эң узак доорон сүргөн Осмон каңды түзгөн империя да өмүрүн токтотот. Ошондо, өткөн кылымдын 17-18-жылдарында чыгыш өлкөлөрүн уучунда ушаганга умтулган Улуу Британия Палестинаны басып алат. Жаңы баскынчылар 100 миллиондогон арап тилдүү эл көтөрүлүп, биригип кетишинен чочулап, Израиль өлкөсүн курууга уруксат да, көмөк да берди. Бирок, алар убада кылышкан мусулман Палестинасы өйдөдө айтылгандай, алигиче түптөлбөдү. Азыр жөөттөрдүн максаты - Израиль мамлекетин кармап туруу гана эмес, тегерегиндеги арап тилдүү өлкөлөрдү басып алуу менен Улуу Израил державасын куруу экендиги аалам элине айкындалып бараткансыйт.
Дал мына ошон үчүн дагы Палестина маселеси бир гана мусулман дүйнөсүн эмес, бүтүндөй адамзатты ойлондурушу керек. Анткени, диний фанатизм адамзат үчүн үлкөн коркунуч, коога экендигин эске алсак, ал араптар менен жөөттөрдүн жөн салды бир болуп өтө койчу божомолу эмес, ааламдык кыямат, кыйсыпырды салчу, дүйнөлүк үчүнчү согуштун отун чагып жибериши ыктымал. Ошондуктан дагы төгөрөктүн төрт бурчунда өмүр кечирген бардык акыл-эси бүтүн жандар араптардын каны тамган, көз жашы аккан бир укум жерге дагы жөөттөрдүн шаар, кыштак түгүл, кепе курушуна каршы турушу зарыл.

А.Табалдиев, Бишкек шаары










??.??