presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  ШАМБАЛА

Кыргыз жерине, кыргыз элине түбөлүккө түшкөн кут
(Башталышы
өткөн санда)
Экинчиден: Ортосу - киши, анын жаны - Кудайдын бүркүм нур азыгы. Адамды Кудайдын короосуна жеткен ыйыктар гана курчап, колдоп турат. Шайтан дегендер адамга жолой албайт. Бирок ыйык китептер, көзү ачыктар айтып атпайбы алар жөнүндө? Биздин эле колдоочулар оюбузга жараша ошолордун кызматын аткарып коюшат экен. Эмне үчүн? Биз, өлгөндөн кийин, чымчык клеткадан чыккандай, жаныбыз денеден бөлүнүп чыккандан кийин кенен Ааламда учуп жүргөндө, мына бул сүрөт далил, чаяндай болуп берилген кара күчтөр болот экен, ошолор жаныбызды ойдон кармап, Кудайдан бөлүп кетет экен. (Тамчыны эстегиле).
Ошону үчүн адам төрөлгөндө Кудайдын буйругу менен, бир тамчы кара кан менен кошо төрөлөт экен. Ал канда адамдын терс сапаттары камтылган: ууру, ушакчы, ичи таар, жинденүү, жеңил ойлуу ж.б. Ууру олжо таптым деп, бирөөнүн нерсесин урдап алса - чындыгында, ал Кудайдан келе турган ырыскыдан кем калат.
Ушакчы бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп ушактаса - Кудай ошо ушакчынын тыпындай күнөөсүн тоодой кылып, кармасын өзгөртүп коет.
Ал терс сапаттардын зыянын ыйык китептер жакшы айтат. Кудай пайгамбарлар аркылуу ыйык китептерин жиберип, адамга тарбия берип, сынак сапарына салып, жаман-жакшыны айырмалап, ак-караны талдаганга үйрөтөт. Руханий илим алып, туура тарбия алып, туура, ыймандуу жүрүп, Кара тамчы канын жоюп, түбөлүккө туура даярданып өтсүн деп. (тамчыны эстегиле). Биз проблема көйгөлөрдү оңой жеңип, ийгиликке тез жетелик десек, бизди курчаган колдоочуларыбыз жакшылыкка колдосун десек, биз аларга шарт түзүп беришибиз керек: Жан дүйнөбүздү таза кармашыбыз керек. Ошондо бизге кара күч жолой албайт. Все гениальное просто, деген сөз бар. Ыйык боло албайбыз деп жүрө бербей, аракет керек:
- Чынчыл бол. Түшүндүк, Кудай бизден көчүрмөсүн даярдап атат. Калпычы болсок, кошуна дагы ишенбей калат. Кудай болсо оюубузду угуп жатат…
- Мээримдүү бол. Жаңы доорго өтүш үчүн гомосапиенс бол. Кудайды сүйөм, адамзатты сүйөм деп, ойго ушу программа жазыла берсе, бул адилеттүү жүрөккө сүйүү сезими орнойт.
-Аракеттеги адам жакшы эле эмес, асыл ойдун үстүндө болуш керек.
Мына ушуларга эле аракеттенген адам Кудайдын колдоосунда болот, өнүгүп, зоболосу накта көтөрүлөт.
Мурда заманга, турмушка жараша мисалы калп айткан болсо: кара тамчыга жараша андай болуш керек болчу. Каап, түшүндүм, күнөө кылган экенмин, Кудай…, кечире көр мени! - десе, кечирим болот экен. Мындан аары күнөө кылбаш керек.
Дагы бир түшүнүк: ушул сүрөттү капталынан карасак, ал ачкычка окшош. Адам өзүнө Кудайга көчүрмө болом, же Шамбала болом деп максат койгонго акылы жетсе, ошондо гана Манас илимге (Кудайдын Акыл-Эсинин Илимине) ачкыч алып, андан аары өнүп-өсө баштайт.

Алтын доор
Кыргыздар алтынчы осуятты аткарып, табият менен таттуу мамиледе болуп жаныбарлар менен дагы сырдашып, кабарлашып, аларга дагы мээрим төккөндө төгөрөгү төп болуп, төрт тарабы кыбыла болуп, ромбиктей берилип аткан жээктин ичинде Кудайдын мээриминин жана Касиет-Күчүнүн агымында кереметке бөлөнүп, Алтын Доор куруп, сөз жеткис жыргал жашоодо болушкан.
Салттын өзөгү -кыргыздар бир-бирине кылган өз ара сый мамиле - эң эле чоң деңгээлде болучу: "Ак таңдай бул-бул сөз менен жүрөктөрдү ээритип; мээр берип тосуп алып, ысып калды жүрөгүм, ж.б. ушу сыяктуу түшүнүктөр менен жашаганда - кыргыздардын Улуу ынтымак-биримдиги өкүм сүргөн.
Ынтымак тартиби бузулганда, асыл сөздөр азайып мээрим кеткенде, жүрөктөрдөн ысык кетип, Кут качып, кыргыздар Кудайдын мээриминен кур калган, ромбик бузулуп.
1995 жылы Кудай кыргыздарды кечирип, Шамбала кайрылып келди. Бириксек, адамзат Алтын доорду кайра курабыз. Бул боло турган нерсе. Ошондуктан четте калбай, (бөлүнгөндү бөрү жейт), ар-намысыбыз ойгонуп, кыргыздын улуу ынтымак биримдигине умтулуп, Алтын Доор курулушуна салымыбызды кошуп, Кыргызстандын зоболосун көтөрүп, үлүшүбүздү алалы. Кыргыздар кайра нур денелүү кайыптар болобуз. Буюрса, өлбөстүккө жетебиз. Ошондой доорго өтүп атабыз.

(Уландысы бар)

"Сайма таш Так Кыя апа" коомдук кайрылуу фондунун төрайымы
З.А.Муратбекова




  Бир ырдын дареги

"Фрунзеге, балама барайын деп атам"
Кетмен-Төбө касиети өзгөчө жер эмеспи. Жеринин касиети элине өткөн кутман өрөөндөн не деген мыкты таланттар чыкканын жаамы журт билет. Бу элдин башкалардан не айырмасы бар? - деп сурап калгандарга "Барсаң, түшүнөсүң" деп калабыз. Ырчылыгы жагын, мисалы башка жактын жаштары "Сиз ырдаңыз, анан биз байкаштыралы" деп далыга жашынышса, кетмен-төбөлүктөр "жо-ок, алгач мен ырдайын, анан сен ырдайсың" деп өчүрөт талашат. Башкалардан бир айырмасы ушул: Токтогул баштаган төкмөлөрдү айтпаганда да, бүгүнкү кыргыз маданият маңдайындагыларды санаңыз - бир поюз көтөралгыс таланттар. Азыркынын төкмөлөрүнүн даамдуусу ыраматылык Тууганбай агабыз болсо, ырчылардын аныгынын бири Шахра, Сыймык, Гүлнур, айтсам көп. Акындары канча. Өзүн өрттөп жиберип, ырын алып кала турган Акималиевди эле ал, чоңколор таясы болот.


Көптөн көңүлүмдө жүргөн бир окуяны Жалал-Абадда Шахра Талипова эженин үйүндө отуруп тактап сураган элем. Эже убайымдана түшүп, "Тагдыр ар кандай болот турбайбы" деп кыска кайырды да, сөз огун башкага бурганча шашты.
Батыш эженин ырчылык даңкы дароо эле чыккан. Керилген мүчө-бою, дайыма жаркылдап турган кабагы, керемет үнү айкалышып, уютуп куйган алтындай салмак басып, табият ага төрт тарабын тең төп жаратканына суктанышар эле. "Булбулду мактаган сайын үн безейт" дейт. Батыш эжебиз да эл көкөлөткөн сайын көркүнө чыгып, алансайын кубулжуп, улам бир ырды көркүнө чыгара ырдап, бир обондон экинчисине көпөлөк болуп көрктөнүп конуп учуп келди.
Тууганбай аке Абдиев ракматы болсун, айтып берди эле. Текебай аке Мураталиевди бала кезимден билчүмүн. Кетмен-Төбөдөгү мыкты талант болчу. Аялы Разакова комуз менен ырдаган укмуш ырчы болгон. Тенор экен көрсө үнү. Ал убакта Мыскалды көрө элек болчумун. Раззакова ырчынын эталону эле.
Текебай акенин колунда 1955-56-жылдары иштедим. Акын Кудайберген Жуманазаров экөөбүз Фрунзеде заводдо чогуу иштечүбүз. Айылдан агаларымдын бири келип, "күлган болуп кетесиң" деп алып кеткен. Текебай аке Жалал-Абад областында Абылашым Көбөгөнов менен, азыркыча айтканда альтернатива болуп калган го, Кетмен-Төбөгө келип райондук маданият үйүн жетектеп жаткан экен.
Төрт "бай": Текебай, Кебекбай, Нарынбай, анан мен - Тууганбай, ээрчишип айылдарга концерт койчубуз. Жанагы жазуучу Токтобайдын атасы Мүлкүбат, Ормонбек Мадияров деген кыйын башкармалар далай сыйлады го. Төрт саат тынбай оюн койсок, анын эки саатын Текебай өзү ырдап койчу. Осмонкулдун "Карылыгын" Токтогулдун обону менен ырдачу. Өзүнүн "Кош Ала-Тоо, уулуң кетти майдангасы" баштап толгон обондуу ырлары бар эле. Жоомарттын сөзүнө чыгарган ошол обонун кийин Ашыралы Айталиев "Айылга" деген башка текст менен ырдап, элге жайды. Ашыке экөө ымалалаш болсо керек го. "Шер Бейше" деген ыры бар эле, учкуч жөнүндө. Жанагы Шахра ырдап жүрбөйбү "Артыңдан барсам бакчага" деп, Текебайдын бул ырынын мурдагы тексти Кубанычбек Маликовдуку болчу: "О, жазгы бир жамгыр куйганда, капталдан көбүк карды айдап, кара тал өзөн жылгадан, капкачанкы тоңду айдап…" деп башталчу. Хрущев Сибирге да жүгөрү айдатчу да. Текебай да жүгөрүнү ырдады минтип: "Түпөгүндөй найзанын, сотосунда жалы бар"..". Кайран киши! Мени, Шахраны баштап, кетмен-төбөлүк таланттардын дээрлик баарын ушул киши тарбиялаган.
Кийин ошол эжебиз уулунан айрылып, кайгыдан көтөрүлө албай калды. Чырактай уулу Фрунзеге кетип, борбордо кайтыш болуп, эли-журту кейип, эжебиз кийин көчөдөн өтүп бараткандардан тыйын сурап "Фрунзеге балама барайын деп атам" десе, билген эл сары чака, күмүш чака тыйын таштачу экен. Кийин ушул мыкты таланттуу эжебиз да көзү өткөндө, ачып көрүшсө аппак дакиге оролгон сомдуктар, байпакка жыйган тыйындарын эсептешсе ошол кездеги баасы менен эки "Волга" сатып алганчалык тыйын жыйналыптыр. Фрунзеге кайдан барсын. Эненин касирет-кайгысы, өзөк өрттөгөн муң-зары ошол Кетмен-Төбөнүн Шамшыкалынын тузунча, Толуктун жарылган жеринче бардыр.
Текебай мыкты таланттын бири кичүү уулу Бардибек чыканагына шылдырак койгулап концерттерде элдин көңүлүн көкөлөтө күлдүрүп жүргөн таланттуу жигит элге таанылды.
Мен өлгөндө жазсаң жаз деп койгон. Ошону жазып атам, Акималиев дегендин бир тууган таежеси экен. Алик акын көзү чыбырчыктап, эстеди. Өзү эстебейт, биз эстедик.

Жолдошбек Зарлыкбеков










??.??