presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  БАЗАР

Гүлдөр. Гүлдөр. Гүлдөр-ай!
Бишкектин "Ош" базарында, ар кайсы көчөлөрдө, базарчаларда, атайын гүлдөр сатылчу дүкөндөрдө болдум.
5-кичирайон менен 6-кичи райондун ашташкан жеринде "Гүлдөр" деген чоң күркө бар, жаңылбасам, былтыркы жылы курулган. Маңдай тарабында чоң мечит жайгашкан.
- Атыңыз ким? Таанышып алалы! - дедим гүлдесте алып чыккан жигитке.
- Атым - Мавлян.
- Гүлдү неге алдың? Кимге дегеним го?
- Э-э, бу гүлдестениби? Сүйлөшкөн кызыма алдым. Ал гүлдү жакшы көрөт. Өзүм соода-сатык менен алектенип жүрөм. Али 8-мартка 3 күн бар да, туурабы? Ошол 8-март күнү гүл берип куттуктасам болмок, бирок соодада жүргөн адамга кыйын, күтүүсүз, капилет иштер көп болот. Бүгүн түштөн кийин Атырауга кетишке туура келип калды да, ошого күн мурунтадан эле куттуктап коеюн дедим. Ал кыз Улуттук университете окуйт, азыр туура окуган жерине барам.
"Жумушчулар шаарчасында" чакан базар бар , ой-да ошол жерде соода жакшы жүрөт экен. Мончо бар эмеспи, ага киргени да, чыкканы да сыра алышат, арийне бардыгы эмес, көпчүлүгү.
Ошоерде гүлдөр да сатылат. Торт сатып алган адамга кайрылдым:
- Ширинди жакшы көрөт экенсиз да, ээ?
- Ээ, кайдан! Мен кычкыл жандуумун өзү.
- Анда неге торт алдыңыз?
- Үйгө да. Майрам болуп жатпайбы, аялым, үч кызым бар.
- А ошолорго гүлдесте эле белек кылбайсызбы?
- Ой, сен кызык экенсиң. Гүлдүн баасын сурачы, 200 сомдон пасы жок. Нимне, менин кыздарым, катыным гүл ичеби? Гүл жейби? Андан көрө 170 сомго торт алсам, 30 сомго бир "Арпа" ичип койбоймбу ошо 200 сомдук гүлдүн ордуна!..
4-, 17-троллейбустар "Дордойго" барат, жетпей туруп токтойт да. Дал ошоерде тамак-ашы, азык-түлүгү, мөмө-чөмөсү аралаш базарчада да гүлдөр сатылат. Мен кайрылган адамдар Кордайдан (Казакстан) экен.
- Гүлдү не кыласыздар!
- Ой, бу гүл деген энди керемет зат гой! Мына, айелиме алдык гой, дурыспы Камажай? Өзүмиз Казакстандан адейи келдик гой мында, анан кыргыз гүлин ала кетсек онын неси жаман?!
Сүлкүлдөгөн сүмбөдөй үч бийкеч көптөрүнөн тандап отурушуп, көгүлжүм-пушту, кызгылтым тарткан гүлдесте сатып алышты.
- Бу кыздар, ушул гүлдүн аты кандай?
- Хризантема дешет бул гүлдү, ага? Неге сурадыңыз?
- Мага да жакты силер тандаган гүлдесте. А силер неге алдыңар?
- Ой, бүгүн бир подружкабыздын туулган күнү!
- Подружка дебей, курбубуз, досубуз, ашынабыз деп эне тилде эле сүйлөбөйсүңөрбү?
- Көнүп калыптырбыз да, ага!
- Койгула, кыздар! Кур десе эртең-бүрсүгүнү майрамда ошол апаңардын тилин сыйлап койсоңор, анткени, 8-март алардын да майрамы эмеспи, туурабы?
- Жарайт.
- И-и, баса, ушул десте канча сом экен?
- 300 деп мобу орус аял, акыры 250 сомго түшүрүп алдык.
- Майрамдык маанайыңар гүлүңөрдөй жаркын болсун!
…Атактуу "Моссоветте".
- Эжеке! Мына бул гүлдүн аты кандай?
- Фиалка.
- Канча турат?
- Ой, муну багып, асыраш азап. Ошон үчүн кымбат.
- Мисалы, канча сом?
- 400.
- Берер бааңызды айтыңызчы?
- 20 сомго кемитейин.
- Албайм. Жөн эле баасын билейин дегем. Кечириңиз!
"Моссовет" деген аталышты энди эч ким өчүралбай калды окшойт, ыя? Дал ошоерде, троллейбус, автобустар токтоп өтөр аялдама бар эмеспи. Автобустан түшсөңүз эле "Гүлдөр. Үй өсүмдүктөрү" (топурак, көң, керамика) деген жазууга көзүңүз урунат.
Башбага калсам сатуучу - орус аял экен. Эки эркек карапа идиштеги өсүмдүктүн жашын сурап жатышыптыр.
- 5 жашта! - дейт сатуучу.
- Ыраспы? Алдабайсызбы?
- Ырас! Алдасам эле мага келгиле!
Эркектердин бирөөсү дагы сурады: - А Надя кайда? Ал менин жакшы таанышым болчу. Бир жакка кеттиби?
- Жок, - дейт сатуучу орус аял, өтө тамашөкөй экен, - бир жакка эмес, эки жакка кетти!
Оңду жоопко мен да ырсайган болом.
Эркектер дагы сүйлөшө баштады. Бирөөсү айтып калды: - 5 жылдык болсо ушуну эле алчы. Гүлдестени урганың барбы, бүгүн аласың, эки-үч күндө соолуйт, анан ыргытасың!
- Кесеси менен ал!
- Туура сенин айтканың бир чети. Муну алсам биринчиден аяшыңды сүйүндүрүп, көңүлүн алам. Экинчиден бул - буюм да, чынбы?
- Эй, билесиңби? Эми эсиме келдим. Башкысы - бул буюм, мүлк. Үч жыл мурда бутум алиги шыбоодон күчөп, жара болуп кетти. Ошого алоэ деген дары дешип, Бишкекти беш кыдырып таппадымбы. Ой, мунуң гырт эле дары экен.
- Туура. Мен дагы уккам, бул алоэң канча карыса, көп жашаса ошончо күчүнө кирет экен го! Мисалы, биз адамдар же айбандар, алтүгүл дарактар деле карыган сайын алдан таябыз. Бу суволучуң күчөйт экен. Биз, кыргызбайлар бир жерибиз ооруса эле аптекага жүгүрүп, пул коротуп дары алабыз. Мына, ушул алоэ даяр дары экен. Сыныкка да, кесилгенге да, ириңдегенге дагы дары экен. Кой, ушуну эле алайын ээ? Аяшыңа - Гүл! - деп алдап коеюн, жарайбы?! Биринчиден, бул - майрамдык белек, экинчиден, терезеңдин кырына коюп кой да, суу куюп тур. Керек учурда кесип ала коюп пайдалана бер, туурабы?!
Тууган, кыз-келиндер майрамы алдында ушундай көрүнүштөргө тушугуп, кеп-сөздөрдү эшиттим. Канткен күндө да мунун бардыгы турмуш, жашообуз да!..










??.??