КООМ

Кыргызстандын баңгизатка карата стратегиясы
2009-жылдын мартында Венада (Австрия) эл аралык баңгизат саясат чөйрөсүндөгү эң маанилүү эки окуя Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы жана БУУнун Башкы Ассомблеясынын сессиясы өтүп, алар өткөн он жылдыктагы баңгизатка каршы туруунун жыйынтыктарын чыгарып, "озунуп кетүү" тактикасын иштеп чыгышмакчы.


БУУнун чечимдерин аткаруу менен Кыргызстан 1974-жылы жүздөгөн гектар апийим аянттарын жок кылып таштаган болчу.
Өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында өлкө аз жерден кызыл апийимди кайрадан өстүрө жаздаганга чейин барган. Бул кадам саясий жана жекече жактан алып караганда өзүн өзү өлтүрүүгө жатмак. Ошол учурда республиканы "апийим согушуна" кабылтпоого өкмөттүн акыл-эси жеткен эле. Бул кадам эл аралык коомчулук тарабынан да байкалбай калмак эмес.
1993-жылы совет заманынан кийинки мейкиндикте биринчи болуп, Өкмөттүн алдында Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал баңгизаттарга каршы жүргүзүлүүчү бардык иш-аракеттердин координатору жана демилгечиси болуп калган. Ошол кезде бул балээ менен күрөшүү үчүн биринчи жолу күч органдары менен медицина, илим менен журналистика, көркөм өнөр менен спорт өз ара биригишкен эле.
Биздин бул тажрыйбабызды жалпылоо менен, БУУ аны башка өлкөлөргө, эң алды Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөргө сунуш кылды. Биздин жол менен, бирок аны бир аз оңдоп-түздөй коюп, Тажикстан жана Өзбекстан кеткен. Кийинчереек аталган мамлекеттик комиссия-Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик болуп кайрадан түзүлүп, ал баңгизаттарга каршы аракет жасоо ишине баа жеткис салымын кошуп келатат.
Токсонунчу жылдардын экинчи жарымында Кыргызстан эл аралык баңгизатка каршы жараянга кошулду. Бизде БУУнун "Ош илмеги", апийим, эфедра жана кара куурай өсө турган жерлерди аныктоо; уюмдашкан кылмышкерлик менен күрөшүү сыяктуу БУУнун аймактык долбоорлору биринчи жолу жүзөгө ашырылды.
Мисалга алсак, "Ош илмеги" олуттуу түрдө афгандык баңгизат экспансиясы жонүндө кабар берип, кандайдыр бир өлчөмдө ал көрүнүштү изилдеп чыкты, ага каршы аракеттерди жүргүзүү ишин уюштурду. Укук коргоо органдарын окутуу, аларга автоунаа, жабдуу берүү жактары жүргүзүлдү. Ошол жылдардагы башкы баңгизат артериясы болуп саналган бийик тоолуу Ош-Хорог канжолунда, "деңиз деңгээлинен 4280 метр бийиктик" белгисинде акыркы жетишкендиктер менен жабдылган бажылык текшерип кароо пункту пайда болду.
Кийинчерээк бул жараянга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму (ОБСЕ), Еврошаркет, Эл аралык валюталык фонд… кошулду. Баңгизат жолдорун кыскартууга багытталган долбоорлорду иш жүзүнө ийгиликтүү аткаруу - өлкөнүн эл аралык майдандагы аброюн кыйла деңгээлге көтөрүп салды.
Бир аздан кийин баңгиликти бир гана күч колдонуу ыкмалары менен чечүүгө болбой тургандыгы анык болду. Ошондо өзүнчө таңгалаарлык бир кырдаал түзүлдү: түрмөлөр баңгизатка башы байлангандар, оору адамдарга толуп кетти, аларды кармалып алынган бир нече грамм героин үчүн да камакка отургуза башташты.
Аялдар колониясында өзүм уккан бир окуя эмдигиче эсимден кетпейт: баңгизатка көз каранды болуп кеткендиги үчүн эки жолу соттолгон кош бойлуу аял өзүнүн акыркы күчүн жыйнап, кармалып турганына карабай салмагы... 0,28 граммды түзгөн сайынуучу героинди сатып алуу азгырыгына туруштук бере алган эмес. Абийирсиздик мыйзамы боюнча, аны ошол эле жерден кармап алышат. Соттун жүрүшүндө кала берсе, күнөөлөө ишин колдоп жаткан прокурор да аялдын мына-мына төрөй тургандыгын эске алып, ага шарттуу түрдөгү жазалоо берүүнү суранат. Бирок сот: ал "оңолбой турган кылмышкер!",-деп ага макул болбой койгон.
Толгоосу колонияга айдап баргандын эртеси эле башталып, аны конвойдун коштоосунда ооруканага жеткиришет. Баланы ичин жарып алгандан кийин, наркозу тарай электе, ал шордууну зонага кайрып беришет. Медициналык-санитардык бөлүктө оңдоп-түздөө иштери жүрүп жаткандыктан, бир бөлмөдө катуу ооруган бир нече адам жатып, эне ымыркайды өз денеси менен калкалоого мажбур болот. Балага камалгандар чогулган жерден ат коюшкан экен, биз алар менен таанышкан учурда кыз бир жарым жашка чыгып калыптыр, бирок анын туулгандыгы жонүндө да күбөлүгү жок экен.
Кырдаал барган сайын курчуп, баңгизат жолдору өзгөчө жыш болгон Түштүктө АИВ (ВИЧ)ди жугузуп алган биринчи адамдар аныкталды. Мындай оору баңгизат ийнесинен жуктурулган . Жалпы шприцти колдонуу менен, кан тамырга сайынуучулар айыкпай турган бул дарттын биринчи курмандыктарынын арасында болуп чыгышты.
1998-жылы аларга жардам бериш үчүн эл аралык уюмдар менен бирге республикада алгачкы ирет түзүлүп жаткан ЖИКС (СПИД) борборлору, бейөкмөт тейлөөчүлөр келишти. Алар алдын алуу боюнча кубаттуу өнөктүктөрдү өткөрүшүп, баңгизатка көз каранды болгондорду таза шприцтер, ийнелер, жыныс каптар (презерватив) менен камсыз кыла башташты.
Өзүнүн күчүнө толук кирүү менен, бул иш бүгүн да жигердүүлүк менен жүргүзүлүп жатат.
Айрым африкалык өлкөлөрдө бул дартты калктын отуз пайызына чейин жуктуруп алышкан! Ошолордун бирөөндө жакында кабыл алынган өкмөттүк декрет жакындарынан иш жүзүндө күн сайын айрылып жаткан кызматкерлерге аларды көмүүгө уруксат суранууга тыюу салган, анткени алардын өз ордунда иштеши үчүн убакыт жетишпей калган... Мындай кырдаал, эгерде жакынкы жылдарда бул оорунун ачкычы табылбаса, эч кандай күчөтүп айтпаганда да, дүйнөнүн картасынан бүтүндөй улуттардын жок болуп кетиши ыктымал дегенди түшүндүрөт.
Өзүнө шприцтерди алмаштырууну, алдын алуу ишин жана алмаштырылуучу дарылоону жүргүзүунү, АИВ-эпидемияны алдын алууну өзүнө камтыган зыянды төмөндөтүү (ЗТ) деп аталган жолдон таасирдүүрөөк болгон бөлөк эч нерсе эмдигиче ойлонуп табыла электигин так билүү зарыл.
Муну менен бирге, зыянды төмөндөтүүнүн алгачкы кызматчылары кандай шарттарда иштегенин элестетүү керек. Аларды камап, шприцтерин тартып алып, милицияга жеткирип турушкан. Бүгүн болсо, үзгүлтүксүз окутууга таянып, тартип сакчылары сабырдуулукту көрсөтө баштап, ал тургай өздөрү да волонтерлорго жардам корсөтүп жатышат.
Мурда болсо, аларды ушуга тиешелүү бардык кесепеттер менен байланыштырып, душман катары эсептеп келишкен...
Шприцтерди алмаштыруу андан көп узабай эркинен ажыратылган жайларда да жүргүзүлө баштап, ал АИВ - эпидемияга жол бербөөгө көмөк көрсөттү. Бүгүн болсо, тергөө изоляторлору (СИЗО) менен кээ бир колонияларда азырынча сынактык долбоор түрүндө метадон менен алмаштырып дарылоо жүргүзүлө баштады.
Закон чыгаруу жагында да жылыштар бар. Текшерилген эл аралык практикаларга ылайык, адегенде баңгизатты керектөө жагы кылмыштуулуктан ажыратылган. Бирок баңгизатка көз каранды болгон адамды ошол эле бир ирет колдонулуучу өлчөмдүү баңгизатты сактагандыгы үчүн кайра эле жоопкерчиликке тартып коюшат деген коркунуч бар эле.
Баягы эле балакет баскан 0,28 грамм аларды мыйзамдан сырт калтырып турган!
Чындыгында, бул - мамлекет менен адистештирилген бейөкмөт уюмдардын биргелешип жемиштүү иштешинин биринчи далили эле. Узакка созулган тажрыйбаларды жүргүзүү жана талаш-тартыштардан кийин, бир ирет колдонулуучу өлчөмдөр аныкталып, мыйзамдаштырылган болчу. Ал эми алардын өлчөмүнөн ашып кеткен баңгизаттарды сактоо - мурдагыдай эле жазык жообуна тартууга жатат. Муну менен бирге, мындай затты тараткандыгы үчүн жоопкерчилик да күчөтүлгөн болчу.
Ушул сыяктуу бардык демилгелерде биздин Кыргызстандын пайдалануу үчүн үлгү болуп келатканын эске салып кетким келет.
Бизге тажрыйба алуу максатында келип турушат, биздин эксперттерибиз бүткүл КМШ боюнча гана эмес, бөлөк өлкөлөрдөгү кесиптештерди да окутуп турушат.
Бирок бул макаланын баш жагында айтылып кеткен БУУнун баңгизат каражаттары боюнча комиссиянын отурумдарына биздин өлкөнүн чакырылбай калганы таарыныч туудурбай койбойт. Көз карандысыз баяндамачылардын катарына кирүү менен, мен отурум залындагы Кыргызстан үчүн бөлүнүп коюлган бош орундарды көңүл чөгүү менен байкап, андан көп узабай, "Кыргыз Республикасы" деген сыймыктуу таблицаны залдан биротоло алып чыгып баратканда, аябай эле кабатыр болдум...

Баңгизат саясий чөйрөсүндө Кыргызстандын сыймыктана турган, айтып да, корсөтүп да бере ала турган тажрыйбалары жетиштүү.
Биздин адистер ар кандай жардамдарды көрсөтүүгө дайым даяр.
Эмки сөз - Өкмөт тарабында.

Александр Зеличенко,
"Баңгизат саясатынын
Борборазиялык борбору"
коомдук фондунун директору.