"Аалам" алым сабагы

Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Урматтуу окурман! Биз ушундай рубрика ачтык. Эл менен эртеңкибизди аныктап, билбегенди билишип, ал акыбал сурашып туралы деп ачтык. Тамаша айтылган жерлери, албетте, тамаша бойдон калсын, бирок, мазмунунда тереңдик, чындык, адилеттик болушу керек. Мындан ары кимде-ким кызыккан суроосуна ары кызык, ары жөнөкөй, куйкум сөз аралашкан жооп алгысы келсе, Момботик тапаныбыз жооп берет. Ал үчүн эмне кылышыбыз керек дебейсизби. Андале төмөнкү телефондорго Момботикке деп кыска жана нуска сурооңузду узатып жиберип, кийинки саныбызда жооп күтө бериңиз. Чамдаңыз, чайпаңыз, чымчылаңыз, чын айтыңыз, чыдабаңыз, чыйралыңыз, ошондо сиз чыныгы кыргызга күйгөн болосуз.

Айсалкын,
химик мугалим:
-Биздин өлкө өзү кайда баратат?
Момботик:
-Биздин өлкөбү? Биздин өлкө… мм…көч башын баштагандардын айтымында жылуу жакка учуп баратат болушубуз керек.

Жайыков Тынчыбек, Ысык-Көл облусу:
-Биздин мамлекетте калыстык деген барбы, ак-караны тааныйбызбы?
Момботик:
-Калыссыздыктан катуу жүдөгөн экенсиз ээ? Калыстык бар болсо каарын төккөндөрдүн мекени болот белек, сиз барбы-жокпу деп сурабайт элеңиз. Калыстыкты казан башындагылар капка салып катып коюшту, кийинки урпактарга таберик табылга кылат имиш. Бизге урпактар байып алгыла деп алтын катып кетиптир деп жер-жерди чукубадык беле, биз да ата мурас салтты улап жатыппыз.
Азыр калыстык, чындыкты карап олтурсак ишибиз илгерилебей коңшу элдердин коңулунда калат экенбиз. Заманың түлкү болсо түлкү, бөрү болсо бөрү болуп ар кыл жоруктарды көп жасап, көзгө илбей чукуп май чайнап, ушинтип эркиндикте жашап, кимиси кара, кимиси ак, кара таман эл жаман көзү менен карап жатса ак-каранын да айырмасы жок болуп калат экен. Ошондон улам жанагы эл арасында айтылып жүргөн "урдум ушундай жашоону" деген ылакап келип жатпайбы, жарыктык.
-Эшекти аттын жанына байлап койсоң деле ат болбойт, эшек бойдон калат да, туурабы?
Момботик:
-Туптуура. Мен сизге бир азил тамаша айтып берейин. Кичинекей кодек энеси эшектен сурайт дейт:
-Адамдар дайым эле ат, уй, койго жем,чөп берет, бизге кашек салып коет, деп.
-Анда эшек: "эй уулум, алар сүт, эт, тери берип жатпайбы" дейт.
-Эшек менен аттын айрымасы мына ушундай. Эмне эле элге эч бир пайдасы жокторду "эшектер" деп коет экен да деген оюңузду ушинетип чечмелеп койсоңуз эч бир жаңылбайсыз.

Бердигулов Нурлан, Балыкчы шаары,
-Карап тургула Консот президенттик шайлоону каалагандай бурмалап ажонун "айт" дегениндей кылып чечип берет?
Момботик :
-Аны кыргыздын кыйындары эле эмес, кырмычык кырып жеп олтурган кичинекей баласына чейин билип калган. Ата салтын улаган кыргыз мурунку бийликтин жолунан тайбай бир нукта эле кетип баратпайбызбы. Анын үстүнө "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" деген макал биздин элдин ой, тойуст эгелердин эң негизги макалы болуп жатпайбы. Көзү ачыктар кө-өөп азыр кыргызда. Баарыныкы ойлогондой, туптуура келип турат. Сиз да көзү ачык окшойсуз, аны убагы келгенде көрөбүз. Ошондо "сиздин көзүңүз ачык экен же жаңылыпсыз" деп айтам. Бирок… азыр деле сизге жан тартып турам өзү.

Асел, Бишкек,
-Мурда парламентти теледен бир үмүт кылып аларды көп тыңшап калчумун, азыр деги бар карагым келбейт…
Момботик:
-Кейибеңиз, сиздин катарыңызда Кыргызстандын жарымынан көбү бар. Шайлоодо 90% менен тоголотуп барып өзүбүз шайлап ак жолун ачып бербедик беле, унутуп калдыңызбы. Эмне кылып олтурушканын мен деле билбейм. Бирок уктум. Момун кыргызым өзү болбойт экен момундугун көрсөтүп "Баскыла" десе жарымынан көбү басышат экен, "чечкиле" десе чечип беришет экен. Айтор улуулары айткан сөздүн бирин да жерде калтырбаган абдан "ыймандуу" парламент болду деп жатышат го.

Рустам Токталиев:
-Оппозиция жазында эчтеке дебейт бекен?
Момботик:
-Эчтеке дебейт окшойт. Бирдеме дейин десе эле тигилер аларды дедирбей салып жатышпайбы.

Аймира, Каракол шаары:
-Кыргыз тилине чоң салым кошуп армияны кыргызчалаган Исмаил Исаков тарыхта калат көрүнөт?
Момботик:
-Кыргызга кыргызча үйрөткөн анын иши анчейин деле эмес, Аймира. Орус өкүлчүлүгү менен орусча эмес, кыргызча жолугушуу алып барган төрага Айтибай Тагаев калат тарыхта. Кыргыздын тарыхында мындай төрага болгон эмес болушу керек. Азамат деп койсок жарашат.




  Баштан өтпөсө…

Мен бронхиалдык астмадан кантип айыктым…
(Документалдуу көркөм аңгеме)
Бронхит, бронхиалдык астма дегенди кыргыз өпкөсүнө суук тийиптир дебеле айтып жүрөт. Кудайдын бул балекет мээнетинин сыры, жексур жүзү аны менен ооруган адамдарга жакшы маалым, андыктан анын чубалжыган таржымал тарыхын саймедиреп, окурманды тажатуунун кажети жоктур деп ойлойм. Ушу ит ооруга бир кезде өзүм кабылып, көрбөгөн, тартпаган азабым калган эмес. Андан биротоло сакайып кеткенден кийин эми эстеп, көр оозунан кайткан адамдай тобо кылып отурам, анткени бул оорунун бетпактыгын эми гана түшүнүп, көз ачылып отурбайбы, а кезде болсо…
Кийинки убактарда мен бир топ ойлонуп жүрүп, ушул ооруга кантип чалдыкканымдан тарта сакайганга чейинки таржымалымды кенен жазсамбы, анткени угушума караганда, мындан жабыркаган адамдар көп экен, алардын көбүн өзүм деле көрдүм, көрүп да жүрөм, балким бирөөгө болбосо бирөөгө эбептен себеп болуп, көмөгү тийип калабы деп аңгеме баштап отурганым.
1986-жылдын апрель айы эле, күнү бүгүнкүдөй эсте турат. Ал демилге кайсыл акылдуудан чыккан билбейм, жазгы аптаптын демейден башкача ачуу тийген күндөрдүн биринде биздин даңктуу 512-группанын балдар-кыздары бир автобуска толуп Кара-Балтага, андан ары тоону көздөй өйдө кеттик. Чакыйып тийип турган күн түштөн кийин капылеттен бүркөлүп, жаан аралаш кар бурап кирбеспи, жеңил-желпи кийинген бизди заматта көрүнгөн карагандын түбүнө корголотту. Антип-минтип кайра тартканга кам ургучакты бир топ убакыт өтүп, сөөктү сыздаткан муздак шамал жаандын астында жүрдүк. Азыр ойлосом суук өпкөмөн ошо күнү өткөн экен, анда муну ойломок кайдан, шатыра-шатман теңтуштар менен ылдыйга, ысык жерге түшкөн соң, суу болуп шөлбүрөгөн кийимдерди кургатып алуу да эске келбептир. Ошондон үч-төрт күн өтпөй жөтөл башталды, кийинки узак жылдар бою жанды кыйнаган азап оорунун башталышы ушул жөнөкөй жөтөл экенин кайдан билиптирмин. Түнү бою ыкшый баштаганда, квартирада чогуу жашаган группалаш дос Орозбек Алакунов, Ат-Башынын эмдигиче белдүү акындарынан болуп калгандыр десем дайны чыкпайт, ошо дос уктай албай: "өлүп кет энеңди урайын, тоого көйнөкчөн бар дагы" деп ашата сөгүп жүрдү. Түнү бою "үрүп" чыгып, эртеси сабакка кетем, күн бою жакшыле жүргөнсүйм, балээнин баары келибеле түнкүсүн башталат. Кургак жөтөл дегениң жаман экен, узун түндө таң атпай, чыга калып короого басам, тынчып калат, жатаарым менен кайра башталат. Мунумду байкап калган кожейкебиз Ольга бечара бир нече жолу түн уйкусунан безе туруп ысык бал, бал аралашкан сүтүн берип жүрдү. "Боря, этим не шутят, завтра же иди в больницу" дейт, энеси тетя Маша кемпир да "догдурга көрүнгүнүң" деп көп жолу какшады. Догдурга көрүнмөк кайда, күркүрөтө чылым соруп, шаардын көрүнгөн бурчундагы сары пиво бочкелерге шынаарлайбыз, ал жерден алагүү бажылдактан башыбыз чыкпайт, Мидинден тартып Есениндин ырларына чейин бири-бирибизге окушабыз, андан тажап, кол бошогондо көрүнгөн менен коколошмой, берки мастар - пивожиндилер да карап турабы, аянбайт, иши кылса биердеги турмуш өлө көңүлдүү, айта келсем арман жок эле күүлдөгөн экенбиз. Түнүчүндө болсо Чоң-Арыктын (турган жерибиз) көчөлөрүнө чейин угулгудай кылып Окем манаскоңуругун тартып кирет, мен болсо үй кайтарган кароолчу кандек күчүк экөөбүз түнү бою жарыша үрүп чыкмай менен таңды атырабыз. Тыңшап жүрөм да, Окем катуу коркурап, ана-мына жаны үзүлүп кетчүдөй туюлуп кеткенде шордуу ошондон ары алла тааланын астына кетип калбасын дейм, жакындап келип жан дилим менен өпкөгө берип калам. Башка киши болсо тура калып кекиртектеп муунтмак, жаны кыйналган бул шордуу болсо (албарсты да көп басат) көзүн жылтырата ачат да "өх-х байке, ырас кылбадыңбы" дейт, мен ии-и дегиче болбой коңуругуна кирип кетет.
(Уландысы бар)
Бахтияр Шаматов




Бир ректордун айтканы
Бир орто бой, ак-саргыл жубан көзүмө ай көрүнүп туруп алды. Күйөөсү жоктугун билем. Эптеп шылтоо таап, алды-артына өтөм, жагыштын жолун издейм да.
Анан сааты чыгып, ашканага чакырдым. Тамак үстүндө "доңуздун огунан" да аттык. Ал да кыйла кызып калды. Бир бөлмөлүү батирге (квартира) алып бардым. Дагы ичтик. Сүйөрүмдү, мени менен көңүлдөш болсо тим эле алаканыма көтөрүп жүрөрүмдү божурадым. Мыкты кийимдерди сатып береримди билдирдим, ал тараптан бир гана нерсени - мен качан, каерге чакырсам келип турушун өтүндүм.
Көндү. Келген сайын экөөбүз махабаттын майданында аянбай чабак урабыз. Ошондой эзилише эриген күндөрдүн биринде "ысык" сапарга жаңы эле аттанаар чакта "тыйк" деген үн чыкты. Жок, менден эмес, жубандан. Ошол замат дүүлүгүп турган боюм ичиркенип, соолуй түштүм. Калп эле билдирбеген болуп, өпкүлөп, кучактаган болом. Баары бир береним козголбойт, кысталак! Таң атканча соолуган бойдон калдым.
Ошентип, ал жубанды кийин эч кайда чакырбадым. Кийим-кече да алпербедим. Бирок, эстей калсам эле "ты-ыйк" деген үн угула калат кулагыма.
Алдаяр Соке