Чыңгызхан

(Башы өткөн сандарда)

Тагыраак айтсак, ар бир монгол жоокери беш жыл ичинде күнүнө 69-70 адамдан өлтүрүп турган. Бул акылга сыйбай турган апыртма маалымат экени куралсыз эле көз менен көрүнүп турат.Согуш болуп өтүп кеткен жерлердеги адам сөөктөрү жүз, миң жылдап жер астында сактала берерин эске алсак, андай бир да фактыны тапкан археологдорду да көрө элекпиз.
Ошол кездеги ар кандай идеологиянын таасири астында тарыхчылар өздөрү жаман көргөн Чынгызхандын урпактарын кан ичер деп жамандап жазып калтыра берген. Адамдарды көп кырган деген жаманатты сөз калтыргандын ордуна, көп шаарларды багындырган десе жакшы баа болуп тарых чындыгы өз ордун ээлемек.
Чынгызхан сепилдерди, дубал менен курчалган шаарларды көргөндө аябай жини келчү, аны курдурган адамдарды өзүмчүл, зулум деп билчү. Жөнөкөй адамдан эл башкаруучуларга чейин эркин, тоскоолдуксуз, коруксуз, дубалсыз, сепилсиз жашаш керек деп ойлочу. Бул талаада көчүп-конуп эркиндикте жашаган көчмөндөрдүн нарк-насилинен чыккан ой бүтүмү болсо керек.
Чынгызхан Монголиянын бытыранды урууларын бириктирип, сырткы жоо менен чабышып жүрүп, 40 жылдан ашык өмүрүн согушта өткөрүптүр. Мындай узак жылдар бою кан майданда кайнаган санжыргалуу тагдырды башка элде бир да адамга буюрбады. Чынгызхан бут астында тырпыраган хандыктардан олжого түшкөн байлыкты өзүнүн бооруна басып жатып алган жок, элге таратып берди, баарына бирдей карады, айрыкча жетим-жесирлерге карамдуу, боорукер болду.
Эми Чынгызхан өзүнүн даңктуу өмүр жолунда табигаттын да бардык сыноосун башынан өткөрдү, чыдады, какыраган ысык чөлдү эчен ирет басып өтүп, эң суук же мээ кайнаткан аптаптуу жерлерде болду. Он миңдеген чакырым жол басып жүрүп, Улуу Монгол империясын курады, миллиондогон ар улуттун башын бириктирди. Адегенде Чынгызхандын кылычына чөгөлөгөн элдер аны түшүнбөдү, бирок убакыт өткөн сайын анын кыраакы саясатынын үзүрүн көрүп, көрөгөчтүгүнө тан берип, таазим кылышты.
Бала кезинде ачкалыктын азабын тартып, өлбөстүн күнүн көрүш үчүн талаадагы чычканды атып жеп жүрдү. Арстанбек акын айткандай устаранын мизинде оодарылган дүйнөнүн оопасыз кордугун да көрдү, ооматын да көрдү. Өзү согуштан бир да жерде жеңилип көргөн жок, узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына чейин кылымдарга жаңырган атак-даңкка ээ болду. Ушундай дүйнөгө дүңгүрөгөн дөөлөтү башында, уюткулуу укум-тукуму кашында, улуу монгол мамлекети табында, жер жайнаган түркүн эл тизе бүгүп турганда, өзү жерге түшкөн сымаптай болуп чачыраганга даяр эле.
Чынгызхан Орто Азияга Баласагын шаарын көздөй аттанаарда "кашыктап чогулткан жерлерди чөмүчтөп чачпайын" дегендей кенже бир тууганы Тэмугени ордо башчысы кылып дайындап кеткен эле. Чыгыштан батышка созулган эбегейсиз империясын ар бир баласына аймак-аймак кылып бөлүштүрүп хан кылып бекитип, алардын үстүнөн улуу ханды Жогорку Соттун катышуусу менен дайындоо эми анын акыркы милдети катары калган эле. Ал өзүнүн төрт баласы менен адегенде өзүнчө кеңешип, андан кийин үй-бүлөсү, эң жакын адамдары менен акыл куруп, акыркы чечимин салмактайт. Ошентип кечинде Чынгызхан балдарын баш кылып, үй-бүлөгө жакын адамдарын кашына жыйып, өзүнүн акыркы керээз сөзүн баштады.
Качан баарысы чогулуп Чынгызхан сөзүн баштаарда эл арасында Өгөдөй жок болуп чыкты. Ошол учурда Өгөдөй адатынча бир аз кызуу эле, ал мындай ала-күү абалында атасынын астына барбаганы оң болчу. Чогулган эл Чынгызханды карап кулак төшөй тунжурай түштү, алардын бардыгынын күткөнү Улуу Монгол империясын башкара турган мураскордун атын угуу эле.
Чынгызхан өз сөзүн алыстан баштап, "Бул дүйнөгө баарыбыз тең конок экенбиз, биз келет экенбиз, кайра бул дүйнөдөн кетет экенбиз, түбөлүктүү эч нерсе жок экен. Ошентип менин дагы бул дүйнөгө болгон сапарым карыды, менин силердин баарыңарды чогултканым артымда мындан ары баарыңар бирдиктүү ынтымакта жакшы жашагыла. Бир нерсени чечээрде чогулуп кеңешип жүргүлө, кеңешип кескен бармак оорубайт дейт, чечилбеген эч нерсе болбос, эгер силер акылдашып чечсеңер. Ар бириңер мындан нары улууңарды сыйлап, кичүүңөрдү ызаттап жүргүлө, ушунча бириккен элдин баарын кор кылбай баккыла. Ичиңерден ынтымактуу болсоңор, сырт душман өзүнөн өзү жеңилет. Жериңерди кеңейтсеңер душманыңардын азайганы, жериңер тарыса душманыңардын көбөйгөнү. Анда кенедей элден эч нерсе калбай калат, эң негизгиси ушул чогулгандар баарыңар бир кишидей ынтымактуу болгула",-деп сөздү улуу баласы Жоочуга берет.
(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов

Урматтуу окурмандар! Эгер бул чыгарма тууралуу кимде-ким кызыгып, толук маалымат алгысы келсе, төмөнкү телефонго
0 772 41-13-57ге чалыңыздар.




Амир Лашкарбашы Мойдунбек

(Башталышы өткөн сандарда)

"Арстан бар жерге башка арстан
жолобойт"
Мойдунбек Осмонали уулу эмнени каалаган? Эмне үчүн кан төккөн? Эмне үчүн ошончолук кыянатчылыктарга барган?
Ал бүгүнкү аймактык тартибинде караганда Өзбекстандын дээрлик Кокон, Маргалан, Кувасай, Паргана, Анжиян, Тажикстанга баш ийип турган Согди, Кожент, Орто-Төбө, Жерге-Тал, Мургап, Кыргызстандын Ноокат, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек, Чоң-Алай, Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Кара-Суу, Сузак, Араван райондорунда, айрым кездерде Чыгыш Түркстанга да кирип барып, калайман кайгуулдарды жүргүзгөн. Максаты - мусулман мамлекетин негиздеш болгон, балким, өзү ага жетекчилик кылышты да ойлогондур, ким билет?! Ал мусулман жерин диникайырларга тебелетип-тепсетишти каалаган эмес, ошон үчүн жан берип, кан төгүп күрөшкөн. А эмне үчүн акырында өз тилдештеринин, диндештеринин канын төгүп, жанын кыйган? Бул менимче, биринчиден, ал канчалык эр, мыкты, чыгаан болсун, билимсиздигинин, ошонун айынан алысты көрө албастыгынан болгон себеп, экинчиден, түрк тилдүүлөрдүн баш кошо албастыгы, үчүнчүдөн, улуу империянын ашып-ташкан күч-кубатынын алдында майда, ынтымагы жок калктардын алсыздыгын айгинелейт. Ал өзү: - Бириктирем! Баштарын кошом! - деген түрк тилдүү элдер Кеңеш өкмөтүнө колдоо көрсөтө баштаганда ошонун айынан да аларга болгон жек көрүүсү күч алган.
Мен тарыхчы, окумуштуу эмесмин, калганын ошо кишилер тастыкташар. Негизи, кыргыз мамлекетинин тарыхында Мойдунбек Осмонали уулу (ушуерде бир сөздү айта кетели, жазуучу Төлөгөн Касымбек уулу "Сынган кылыч" романында Мойдунбекти Чотондун уулу деп көрсөтөт, бул туура эмес, арбакты сыйлабастык, тарыхты билбестик, бурмалагандык. Чын-чынында Мойдунбек Осмоналинин уулу, а Осмонали менен Чотондун арасында бир кыйла аталык аралыктар бар) эгемендик үчүн, улут, дин үчүн көзгө басар инсандардын катарында турушу керек. Ал өз доорунун шумкары, бүркүтү!
Сөзүмдү ноокаттык аксакалдардын кептери менен тамамдайын: - Мойдунбек көп аймакты аралаган. Сыйлаган да, кыйнаган да, кубанткан да, бозорткон да учурлары көп болгон. Амалекин Ноокатка анын барында бир жан, мейли падыша болуп кетсин, Мадаминбек дагы, Көр Шермат, Гаип түрк, Жаныбек, Аман палван, бири жолой алган эмес. Себеби, Ноокатта Мойдунбек турган! Ноокат - Мойдунбектин Ата журту болгон. Мойдунбек - илбирс, жолборс эмес, арстан болгон! А арстан бар жерге бөлөк арстан жолобойт. Бул шерлердин - шерти!
"Ишенбегин
достуңа..!"
- Менин эң жакын досум! - дешет айрымдар бирөөлөрдү.
- Кыяматтык доспуз! - дешкендер да учурайт.
- Дос деген болобу өзү? - деп сураган жандар да чыгат.
Жеке баамымда дос, чыныгы дос барбы, болобу, жокпу, билбейм, бу өңүттө ой терметип, акыл калчап көрбөптүрмүн. Анткен менен Мойдунбек колу-бутуна кишен салынганда, аргасыз капаска түшкөндө Жумабай аминди жекире карап:
- Эх, ишенбегин достуңа,
саман тыгат постуңа (койнуңа) ! - деп улутунуп айтканын көп эстейм. Аны угуп туруп бир топ жыл Мойдунбекке үзөңгүлөш, төргө отурса оң жагынан жай алганга арзып жүргөн Жумабай аминди муздак кара тер басып, жер жарылып, кирип кетпей шөлбүрөп туруп берет. Арийне, саткындарды аео - өзүндүн дагы кимдир бирөөгө кайсыдыр бир күнү сатылып кетерлигиң да, а муну Кадырбек аңдабайбы? Аңдайт, ошон үчүн амин да ошол эле жерден туткунга алынат, бирок, "Алайыкка булайык, алчыга сокур ылайык" дегендей, анын колу болгону кайыш менен, ооба, темир кишен эмес, кайыш менен кишенделет.
"Ишенбегин достуңа,
Саман тыгат постуңа!" - деп, албетте, Мойдунбек ошондо Жумабай аминге айткан, ал сөзү азыр аңызга айланып кеткен. Көп эски адамдардан сүрүштүрүп, сураштырып көргөнүнө караганда, Жумабай амин Адигиненин баргысынан чыккан, тектүү, алымдуу жан болгону менен Лашкарбашы экөөсү кол кесишип, кан сүртүшкөн да, кучакташып сарыпай кийишкен да, канжар өбүшүп, нан, Куран кармашкан да достордон эмес экен. Болгону - аларды ошол учурдагы газаватчылыктын кызыкчылыктары бириктирип жүрүптүр.
Зарылдын зарылы
Биз көп жылдар бою улуттук, түркий, исламий иш-аракеттерибизге, кала берсе атамзамандарда калыптанган оозеки чыгарма, дөөлөттөрүбүзгө да Москванын көзү менен карап, Москванын тили менен сүйлөп келдик. Алардын арасында Совет бийлигинин Түркстанда орнотулушуна күрдөөлдүү каршы чыгышкан маргаландык сарт кыпчактар Катта Эргеш, Кичик Эргеш баштаган, андан соң Көр Шермат, Гаип түрк, Аман палван, Мадаминбек, Мойдунбек, Жаныбек, Ракманкул сыяктуу арстан жүрөк, түркпарвар, дилин, динин сатпагандар да "басмачы" деп караланган, ал көө ушул эгемен күндө да аарчылбай, тазаланбай келатат. Тарыхтын барактарын кайрадан оодарып көрсөңүз, өз жерин, элин, тилин, динин сырттан басып алуу арампөштүгүндө келишкендерден коргогондор басмачы болобу? А андай наамга ошол баскынчылар, айталы, орустар өздөрү ээ болушу керек эле да.
Жеке назарымда, жогоруда ысымдары тилге алынган инсандар - Түркстан, ислам асманынын Чолпон жылдыздары болушу керек, андай болушу үчүн алардын иш-аракеттерин өз көзүбүз менен карап, тарыхый-саясый тараптан туура баа беришибиз зарылдын зарылынын зарылы. Бул ишке катардагы адамдарыбыздан тартып окумуштуу, тарых изилдөөчүлөр гана түгүл, бийлик башындагыларга чейин жигер сарптагандары оң.

Бектуруш СалГаМани,
Ноокат району

P.S. "Аалам" газетасы Кеңеш бийлигинин, өкмөтүнүн түзүлүшүнө, коллективдештирүүгө тикелей каршы турушкан ар кандай инсандар тууралуу изилденген да, толук изилдене элек, дарексиз макалаларды да жалпы окурмандарга тартуулайт. Сиз буга үн кошосузбу?