КООМ

Кыргызстандын байлары жана кедейлери
Forbes журналы жыл сайын дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесин жарыялап тураары белгилүү. Биз да биз билген байларды санап өтүүнү туура көрдүк .

Forbes журналы ар жыл сайын дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесин жарыялап тураары белгилүү. Биз да биз билген байларды санап өтүүнү туура көрдүк. Чет өлкөлүк белгилүү журнал байлардын катар сабын алардын топтогон капиталына жараша тизмектеп турат. Ошол тизмени окуп алып "Бизде эмне, бычакка сап боло турган байлар жок беле, дүйнөлүк кризис каптаса деле кебелбей, буга чейин топтогон капиталы менен бүтүн калкка кыйын кезеңде калканч боло алаар бардар адамдарыбыз деле бардыр" деп намысыбызга келе түшөбүз. Ушундай ойлор менен биздин гезиттерибиз да бардар деп эсептеген адамдарды байма- бай тизмектеп жарыя кылып келет. Маалыматтын жетишсиздигинен бай деген кишилерибиздин канча капиталы бар экендиги бүдөмүк бойдон калып, болжолдуу гана тизме берилип жүрөт.
Биз мына ушу кенемтени толтуралы деген максат менен депутаттар менен чиновниктердин жыл сайын өткөрүп турчу кирешелери тууралуу декларациясына көз чаптырып, толук маалымат алып, ары- бери тиешелүү тизмени түзө салабыз деген ойдо болгонбуз. Бул жылдагы декларациянын жыйынтыгы али чыга элек болгондуктан, былтыркы жылдагы маалыматтарга таянууга туура келди. Былтыркы жылдагы ал маалыматтарды 24 kg агенттиги сайтында кеңири жарыялап чыкпады беле.
Андагы декларацияга көз жүгүрткөндө бир жерибиз кемигенсип, көксүнүбүз сууп, шалдайып олтуруп калбадыкпы. Гезиттер байма- бай бардар адамдардын катарына кошуп келген, ал эми катардагы кишилер болсо көөдөнүбүз көтөрүлүп, "ошол бардарларга теңелели" деген тилектерибиз бир заматта тарай түшсө болобу. Көрсө, биз бай деп эсептеген адамдарыбыз бизден, катардагы карапайым кишилерден да кедей келет турбайбы! Ишенбесеңиздер, өткөн жылдагы алардын өз колу менен толтурган декларациясынө көз жүгүртүп көрсөңүздөр. Четинен эле санап көрөлүчү: Депутат Роман Шинди көпчүлүк зоболосу бийик, чөнтөгү андан калың, белгилүү бардар кишилердин катарына кошоору бышык. Бирок Роман Шиндин өзү толтурган кирешеси туурасындагы декларациясын карап көрсөк, ал депутат итке минген кедейлердин эле катарында калганын көрүүгө болот! Анын золобосун көтөрүп, бардар кишилердин катарына киргизген гезиттер "калпычы" көрүнөт. Бечара депутаттын байлык- мүлк дегенден ныпым эч нерсеси жок болуп чыкты- квартирасы да, машинасы да, жада калса машина койгон гаражы да жок экен.Негизги депутаттык кызматынан жылына 163 миң 600 сом иштеп таап, ошо каражаты менен кылдырап эптеп- септеп күн кечирип келатканы кейиштүү.
Дагы бир белгилүү депутатты алып көрөлү. Жогорку Кеңеште калбаат маселелерди көтөрүп, "Күмтөргө" тайманбастан тиш кайырып, Жети- Өгүз районунун гана эмес, бүтүн жергебиздин аброюн арттырып, намыс талашып келаткан вице-спикерибиз Кубанычбек Исабековдун ушу кезге чейин баш калкалаар бир кенедей кепеси же элдикиндей каадалуу квартирасы жок экени да уккан кишини кейитпей койбойт. Үч жеңил машинасын, кызматынан иштеп тапкан жылдык 233 миң 500 сом кирешеси болбогондо, Кубанычбек Сатындиевичтин көчөдөгү "бомждордон" айырмасы анчалык деле болбой калмак экен. Калган депутаттардын кейпи деле Кубанычбек Исабековдукунан ашса ашып, асты кем калбайт көрүнөт.
Үй- жайы жок депутаттардын катарына Орзубек Назаровду да кошууга болот. Анын эки машинасын, жумуштан тапкан жылдык 3500 сом кирешесин жана башка булактан тапкан 72 миң сом кирешесин эсепке албаганда анын абалы да адам аягыдай болуп калмак экен.
Билген кишиге кирешеси бир кыйладай көрүнгөнү менен, депутаттар Сергей Ибрагимов, Максат Кунакунов, Галина Куликова да үй- жай дегенден таптакыр куру жалак калышкан. Үй- жайы, машинасы жок туруп, Галина Куликова гаражын машина алуудан мурун белендеп алган жайы бар экен.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан жогоруда атын атагандардын абалы да салыштырмалуу анчалык аянчтуу эмес деп койсо да болот. Алардан да аянычтуу абалда калган эл өкүлдөрү да бир кыйла бар. Депутаттар Динара Молдошеванын, Алишер Мамасалиевдин турмуш- тиричилик көйгөйү баарыныкынан күчтүүрөөк окшойт баамыбызда. 2007- жылы алар бир жылда 3500 сом иштеп тапкан кирешесинен башка колуна сокур тыйын да кармаган эмес болуп чыкты. Балким, жалпы Кыргызстан аймагында мынчалык бечара кейпине түшкөн мындай бир да жаран жок болушу керек! Депутаттарыбыз эмнеге мынчалык итке минген кедей деп барабан кагаар киши жок калганбы деп да кейийт экенсиң.
Баарынан кызыгы- ЖК депутаттары орто эсеп менен кызматтагы негизги маянасынан жылына жок дегенде 160-180 миңден киреше таап жатышкан болсо, депутаттар Динара Молдошева, Алишер Мамасалиев, Бегалы Наргозуев, Ирина Летова, Айнура Кенжебаева, Нарынбек Молдобаев, Жангороз Каниметов, Шарипа Садыбакасова, Борис Сан, Нурпазыл Атамбаев, Эрнест Акрамов, Асылбек Жээнбеков өңдүү депутаттарга Жогорку Кеңеш жылына болоор- болбос, тагыраак айтканда 3-4 миң сом эле киреше киргидей маяна чектеп берип коет сыяктанат.
Башкасын айтпайлы, басма сөз каражаттарында байма- бай бардар адамдардын катарына кошулуп келаткан дагы бир бакыйган депутатыбыз Аскар Салымбековдун декларациясын окуган киши кейип-кепчип гана тим болбой, ызасына чыдабай, буркурап ыйлагысы да келээри бышык. Борбордук Азияга гана эмес, Россия баш болгон дүйнөнүн ири державаларына чейин аты чыгып, атагы таш жарып турган "Дордой" өңдүү дүркүрөгөн дүң базардын менчик ээсинин бири деп эсептелген депутат Аскар Салымбеков негизги кызматынан иштеп тапкан жылдык 163 миң 600 сом кирешесинен бөлөк бир да тыйын киреше таба алган эмес экен! Көпчүлүк ММК Аскар мырзаны миллионер адамдардын катарына кошуп, анын золобосун жасалма түрдө эле көтөрүп келаткан окшойт. Анын декларациясына көз жүгүртүшсө, андай деп санашпайт эле го.
Албетте, бул ирет Жогорку Кеңештин депутаттарынын эле декларациясына көз жүгүртүүгө үлгүрдүк. Депутаттардын бир тобу былтыр декларация берүүгө үлгүрө албай калганбы, же башка себептери барбы, айтор сайттан айрым эл өкүлдөрүнүн киреше маалыматын көрө алганыбыз жок. Эмики кезек чиновниктерге да жетээр, буюрса.
Азырынча биз Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан чыныгы бардар адамдар кимдер экенин аныктап алууга мүмкүнчүлүк алдык. Бардар депуттардын көч башында кимдер турат дебейсиздерби? Ал депутаттар булар экен:

Динара Исаева

Улукбек Ормонов

Дамира Ниязалиева

Шарипа Садыбакасова

Нурпазыл Атамбаев

Осмонжан Артыкбаев

Асылбек Жээнбеков

Мелис Мырзакматов

Чолпон Баекова

Даярдаган
Айжан Айтышева