Көп-көйгөй!

Эх Россия, Россия… бир топ белең!
Жашообуздун кыйынчылыгынан кыргыздын көбү жер кезип кетти. Алыскы Европаны эсепке албаганда да бул Россия, Казакстан ичине канчасы кирип кетти. Кээ бири издегенин таап, иштегенин жаап кеткендери көп эмес. Бөтөн эл деген бөтөн эл экен. Бир эле орус жеринен бир канча кыргыздын өмүрү кыйылып, бир тобу ур токмокко алынды. Канчасы кандай жашап жатат, аны көргөн-билгенден уксаң көзүңө жаш келет. Мурункудан айтпай, жакынкы күндөрдө эле болуп өткөн орус аймагындагы кыргыздын кырчындай кыйылган өмүрлөрү менен сабалып-тонолгон айрым окуяларды айтайын.

Ур-токмокко ким алды?
22-февраль күнү Москва шаарынын Шухов көчөсүнөн Кыргызстандын 4 атуулуна белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салынып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Жапа чеккендердин арасында дене-башынан тамтык калбай сабалып, баш сөөгү сынып, мээси чайкалганы бар. Учурда иликтөөлөр жүргүзүлүп жаткан менен Кыргызстандык атуулдардын укугун орус милициясы күчү жетишинче коргоп, кылмышкерди табууда болгон аракетин жумшап берээринен ким күмөн санайт. Ушул эле жерде 18 -февраль күнү 20 жаштагы кыргыз жигити бир кызды зордуктап салгандыгы боюнча маалымат айтылат. Анда кыргыз жараны ал кыз менен таанышып, дароо кызга интим катнашта болууну сунуштаган. Макул болбогон соң кызды күчкө салып өз каалоосун аткарган. Ал ошол эле күнү колго түшүп темир торго кеткен. Болгон окуянын чындыгы канчалык ачыкка чыгат, аны орус мыктылары чечээри анык.

Өмүрүн өрт чалган эки наристе
23-февраль күнү Түштүк-Сахалинден 3 жаштагы эркек жана 2 жашар кыз балдар өз үйүнөн өрттөнүп кеткен. Бейкапар уктап жатып жалын жалмаган эки наристе жалгыз бой энеси менен ижарада турушкан. Тамеки тартып капысынан диванга таштап кетип өз үйүнө өзү өрт салган өзү күнөөлүү болгон менен, эми анын тагдыры эмне болоор экен деген түйшүк ой түнү адамды уктатпас окуя болуп жатпайбы. Орусияны бир боор эне тутпаса, эки баланын өмүрү аман калмак. Аргасыз турмуш акыры мына ушуну көрсөттү.

Автомат огу кадалган кайран кыргыз
Жакынкы эле күндөрү Россиянын Волжск шаарынын прокуратурасы тарабынан 1986-жылы жана1981-жылы туулган эки кылмышкерге Кыргызстандын жана Өзбекстан атуулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул окуя 2007-жылы болгон экен. Негизги себебин алар мындайча түшүндүрүшөт:
Кыргыз жана өзбек жигити менен Волжскиден эки кыз таанышат. Конок болушуп, урматына ичимдик ичип, бир кезде ортолорунан уруш чыгат. Эки кыз дароо эле телефон аркылуу сүйлөшкөн жигиттерине чалып "бизди зордуктап жатышат" деп үйдүн дарегин айтат. Эдиреңдеген эки эргул, колдоруна союл эмес, жулунган Калашников автоматын көтөрө келип, үйдүн эшигин аткылап үй ичине ок түгөнгөнчө жаадырат. Бул октон кыргыз жана өзбек жигит өлүп, дагы бир Татарстанда жашап жаткан кыргыз жараны катуу жаракат алат. Бул эки эргул кылмышы үчүн 20 жылдан эркинен ажыраары мыйзамда көрсөтүлгөн.

Кыргыздын башын бомждор кесип ыргытты
15-февраль күнү Москва милициясы Москваречье-Сабурово районунун Пролетарь проспектисинен, калдык төгүлгөн жайдан адамдын башын табышкан. Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында ал адам башы 29 жаштагы кыргыз атуулу болуп чыккан. Окуя ошол түнү эле болуп ичимдик ичишип чыккан уруштан, аны кимдир бирөөсү бөтөлкө менен башка чаап жиберген да, эси ооп жаткан кыргыз жаранынын башын балта менен моюндан бөлө чаап ажыратып салган. Бул ишти бомждор жасаган деп билдирет орус милиционери полковник Жанна Ожимина.

Россияга бир жылда 550 миң кыргыз кеткен
Жогорудагыдай кыйын окуялар, кордоолор Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн булуң-бурчунда да болуп жатат. Алардын айрымдары акыйкат тапса, көбү көбүк арасына сиңип жок болот. Ошого карабай турмуш айынан жыл санап Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен жарандардын саны көбөйүүдө. Маалыматтарга караганда 2008-жылы эле Кыргызстандан Россияга 550 миң кыргыз жараны жол тарткан. Чама чаркыбыз, саныбызга жараша. Ал эми Украинадан 3,5 миллиондон көп, Казакстандан 1 миллион 386 миң, Тажикстандан 984 миң, Молдавиядан 907 миң, Азербайжандан 542 миң, Армениядан 394 миң эмгек мигранттары Россия койнуна кирип кетишкен. Жалпы эсеп менен Россия Федерациясынын ичинде орус улутунан бөлөк 10 миллион 239 миң эмгек мигранты иштеп жатса, быйылкы жылы ар кандай себептер менен кирүү 10%ке азайган.




Турсунбек Акун, Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы:
"Алар иштебейт. Иштесе бир Турсунбек Акун иштейт"
-Турсунбек мырза, жакында кыргыз жараны эс алуудагы полковник Мухаммади Салимзоданы Тажик кызматкерлери шпионсуң таризде кармап, камакка алышты. Анын кылмыш ишин айтпаганда да кыргыз жаран катары башка мамлекеттин ичинде анын укуктарын коргоодо укук коргоочу катары сиздер иш алып барып жатасыздарбы?
- Биздин мамлекеттин кандай гана атуулу болбосун, алардын улутуна, расасына карабай укугун коргоп алыш биздин мамлекеттин милдети, анын ичинде өзгөчө укуктук жагын тейлеп жаткан биздин ишибиз болуп саналат. Бул багытта акыйкатчы катары катуу кириштим, бирок, менде маалыматтар аз болуп жатат. Алардын туугандары, үй-бүлөсү менен байланышып, болгон маалыматтарды топтоп, аларды ИИМге жеткирип, алар менен биргеликте тынымсыз эле иштеп жатабыз.
-Биздин атуулубуз башка аймактан кармалып жатпайбы, демек күнөөсү бар болсо, биздин мамлекет алардын укугун ал мамлекеттин ичинде коргогонго мыйзамы жол бербейт да?
-Туура, биз алардын өлкөсүндө алсызбыз. Алардын мыйзамынын негизинде жоопко тартылыш керек болот. Өздөрүнүнбү, биздин атуулбу, кылмыш кылса жоопко ошол жерде тартылат.
-Атуул катары коргосок, кылмышкерди колдогондук болуп калат экен да?
-Өзүлөрүнүн күнөөлөрү болсо биз эч бир чара көрө албайбыз. Эгер күнөөсүз кармап, укугу тебеленип жаткан болсо биз сөзсүз кайсы бир кадамдарга барабыз. Биздин өлкөнүн аттуу-баштуу жаранынан бирөөнү жөн эле уурдап кетсе, анда биз дүйнөлүк чуу чыгармакпыз. Айла жок, мыйзамды сыйлаган кызматкер катары ага жол бере албайсың.
-Кыргызстандын жараны эс алуудагы полковник Кыргызаалы Атантаев Өзбек чек арасынан өзбек кызматкерлери тарабынан наркотик алып өтүп баратып кармалбадыбы, анда ал полковникти такыр эле биздин атуул катары коргой албай, өзбек бийлиги өз билгенин кылабы?
-Жок. Эми таптакыр эле коргобойбуз, аларга кылмыш иши козголуп кылмышкер катары кармалып жатат деп олтуруп калган болбойт. Жакында биз Кытай тарап менен сүйлөшүп, бир жараныбызды бошотуп алдык, дагы бирөөсүн сүйлөшүүлөр аркылуу өз мекенине кайтарып алуу боюнча мамилелерди жүргүзүп жатабыз. Буга чейин Кытайда 10 кыргыз жараны камалып жаткан болчу. Алардын ата-эне, бир туугандары ыйлап кайрылып жатса, биз олтуруп калганыбыз туура болбойт да. Ойлоп көрсөңөр, мыйзамдан ашып түшүп биз эмне кыла алат элек. Эгерде биздин өлкөдөн деле коңшу мамлекеттин аттуулу кылмыш кылып кармалып калса биз деле бошотуп жибербейбиз да, мыйзам боюнча кандай болсо, ошонун негизинде иштейбиз.
-Турсунбек мырза, ушуга удаа эле Россия тарапта жүргөн кыргыз жарандарын өлтүрүп кеткен окуялар көп кездешип келет. Жакынкы эле учурларда Сахалин тарапта бир үй бүлө өрттөнүп кетип, дагы төрт жараныбызга кол салып өмүрүнө коркунуч келген учурлар болду, бул жаатында да иш алып барып жатасызбы?
-Буга чейин ошол орус мамлекетинде 11 атуулубуз өлтүрүлбөдү беле, ошонун жетөө кармалып, ар бири 10-15 жылдан түрмөгө кесилген. Калган төртөө издөөдө жүрүп жатат. Биз эч кандай жатып алган жерибиз жок, баардык тиешелүү жетекчиликке, элчиликке, ТИМге кайрылып, айтор, иштердин жыйынтыгын көрсөтүп жатабыз. Ошол жакка өзүм барып, айрым мыйзамсыз эле камалып жаткан биздин атуулдардын бир тобун чыгарып келдик. Чечилбеген маселелерди президентке чейин кирип, акырына чейин чыгып атуулдардын укугун коргоп жатабыз. Билесиңер, жердешибиз боксчу Алмаз Раимкулов АКШда камакка алынганда деле президент кийлигишип, президент ал жактагы элчини Кыргызстанга чакырып, сүйлөшүү жолу менен да анын укугун сактап калганбыз. Мыйзамдуу жасалган иштерди мыйзам негизинде болгонун-болгондой эле ордуна коюп койсо болот, ал эми мыйзамсыз иштерди чечүүдө кыйынчылыктар көп эле болуп жатат.
-ТИМ, миграция комитетинин бул иш менен иши жокпу?
-Алар бул боюнча иштебейт, иштесе бир Турсунбек Акун иштейт. Алар кийлигишсе официалдуу кийлигише алат. Анан жер-жердеги элчиликтер иштейт. Ал эми укуктук жагынан алганда баарын биз көзөмөлдөп иш алып барышыбыз керек. Ушул күнгө чейин Кытайга, Россияга, Украинага, Австрияга, Голландияга чейин барып, биздин жарандардын жашоосу, укуктук маселелери менен таанышып келдим.
Күнболот
МОМОКОНОВ