Бушайман…

ДИНИЙ САБАТСЫЗДЫКТЫН БАШЫ ДИНИЙ ТӨБӨЛДӨРДӨБҮ ЖЕ ИСЛАМДА АДАМДЫ ИТКЕ ТЕҢЕСЕ БОЛОБУ?
Акыркы күндөрдөгү исламдык агымдар, христиандык диний культтар, конфессиялардын парады биздин өлкөнү бир сыйра каптап кеткендигин айтып эле бүтө албайбыз.
Ошол, "бөтөндөрдү" каргап-шилеп да келебиз, күнөөнүн баарын аларга жүктөп да келебиз. А бирок, аларды киргизген, каттап уруксат берген, киргизүүдөн мурун жакшылап текшербеген атайын, тагыраак айтканда дин маселесине тийиштүү мекемелер тууралуу кеп кылбайбыз. Аларды күнөөлөөдөн мурун аларга жол берген өзүбүздү да бир сыйра карап алсак жакшы болмок. Учурунда алардын туура, катасын ошол жергиликтүү расмий дин өкүлдөрү эмнеге аныктаган эмес? Же билмексенге салышканбы? Ар бир культ, конфессиянын максаты, коомго пайда-зыяны тууралуу маалыматтарды башынан эле эске алса болмок беле?.
Мына "Таблиги Жамаат" же дааватчылар менен да ошондой жагдай келип турат. Эми аларды муфтият "жаңы жобо даярдоодобуз" демиш болуп, эмне кылаарды билбей жатат. Бир жагынан дааватчыларды экстремисттик уюм катары таанууга прокуратура Биринчи Май сотуна кайрылууда. Буларды да бүгүн аныкташыбыз керек, болбосо эртең дааватчылар өлкө үчүн коркунуч туудурса "ооба, туура эмес кылышууда" деп аны азыр колдогондор четке чыга беришеби?. Ачык айтканда, алар бүгүн эле мыйзамсыздык кылышууда.
Айтор исламды четтен келгендер бузууда. Канчалык денгээлде кимиси ак, кимиси кара экенине бир назар таштап көрөлүбү.
Чынында, сырттан келгендердин укугу да чектелүү, саны жагынан да аз. Чет элдиктер канчалык каражат, канчалык күч жумшабасын, ушунчалык кыска убакытта өздөрүнүн колдоочуларын миңдеп чогулталмак эмес. Албетте, алар жергиликтүү адамдардын колдоосу, көмөгү аркылуу гана көздөгөн максаттарына аз-аздан жетишүүдө. Тагыраак айтканда, андай чет элдик исламчылар албетте, дин менен алакасы, түшүнүгү жок, карапайым адамдар менен эч качан ишин баштабайт да, аткарбайт. Ал үчүн кандайдыр бир деңгээлде дин менен аралашып жүргөн жергиликтүүлөр керек болот. Ошондуктан бардык чет элдик исламий үгүтчүлөр бир гана чала-була дин сабаты барлар аркылуу кирүүдө.
Кыскасы, учурда өлкөдө диний билимсиздик, диний келишпестиктердин чыгуусуна ошол четтен келгендерди күнөөлөп жатабыз. Алар болбосо баары эле жакшы болмок кыязында да түшүнүктөр бар. Алардын арасында биз үлгү аларлыктары да бар дечи. Эгер чындап келсек ага чет элдиктер эмес, өзүбүз гана сабатсыздыгыбыз менен күнөөлүбүз десек жаңылышпайбыз.
Куран сүрөөлөрүн, хадистерди жана дубаларды эле жаттап алгандык, өлүктөрдө кыраатын келтире Куран окуу гана жана ал үчүн акча алуу жетик билим эмес . Ислам эмне, дүйнөлүк илимдер тууралуу айткан эмеспи? Кыскасы, исламдын көркөм таалимин практикалык түрдө пайдаланып, башкаларга үлгү боло алдыбы- жокпу, кеп ошондо.
Дин жаатында бизден, мейли четтен окуп келгендер болсун ошолордун өздөрүн: этика, юриспруденция, философия, психология, филология өңдүү дүйнөлүк предметтерди жок дегенде бир-эки жылдык курстан муфтийди баш кылып окутушубуз керек. Ислам аалымдары, узтаздары эмнени окутса, шакирттери ошону гана кабылдап, алардын айтканынын чегинде гана байланып, жеке ой-жүгүртүүсү чектелип, ошол чала түшүнүгүндө өздөрүн чеги жок аалым санап жата беришет. Анысы менен артка гана кетпесе, эч качан алдыга жылбайт. Кандай гана өлкөдөн, кандай гана исламий окуу жайынан окуп келгендер болбосун, баарынын жеке ой-жүгүртүүсү өтө эле тар. Мейли ислам фалсафасы, ж.б маселелерде болсун. Өмүр бою айылдан чыкпай көрүнгөндөн угуп динди үйрөнгөн молдо менен чет элден көп жыл окуп келгендин тушүнүгү окшош, ой-жүгүртүүсү да бирдей, эч айырмасы жок, болгону эле тигиниси четтен окуганы, араб тилин билгени же диний маалыматы көбүрөөк болгону эле болбосо, Исламда араб тилин билүү гана билимдүүлүктү билдирбейт.
Ошондуктан, биз жаштарды канчалык окутпайлы, алардын мугалимдеринин өздөрүнүн денгээли жетиштүү болбосо кандай жыйынтык чыгат? "Динин өзгөрткөндөр өлтүрүлөт, зынаакерлер таш бараң кылынып өлтүрүлөт, ыйман маселесинде ашыкча суроо бербеш керек" өңдүү же "тигил же бул таксырдан сураш керек, ал Меккеде он-он беш жыл окуган, араб шейхтеринин колунан окуган, Куранды ошолор гана чечмелеш керек" өңдүү кептер, ошол жогорку билимдүү диний балдардын оозунан укпай койбойсуң. Керек болсо араб шейхтерин "олуя" тутуп келгендер да ошолор.
Ал эми биздин аалымдардын уюгу болгон борбордук диний мекеменин ишмердүүлүгүчү? Кеп куру болбосун, мисалга кайрылалы, жергиликтүү мусулмандардын жүзү болгон Муфтийдин бир катына токтоло кетейин: " Биз, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Шарият жана Устав боюнча "Ахли-Сүннөт вал Жамаат" акыйдасында иш алып барабыз жана ушул акыйданы бекем тутабыз . Башка туура эмес акыйдаларга жол бербейбиз… Индиялык аалым жана мухаддис (хадис жактоочу) Шейх Абул Вафо тарабынан жана көптөгөн аалымдардын айтуусу менен аныкталып …(керектүү жери эле алынды-Э.А.)", - деп муфтий өкмөттүк Дин Агенттигине өзүнүн тыянагын жазат.
Мына урматтуу окурман! Исламдын негизи болгон Куран жана Пайгамбарыбыздын хадиси (осуяты) кайда калды, дегеле Кыргызстандын Мыйзамы кайда калды? Деги бизге Индиялык аалымдар жана Абу Вафо ким болот? Эмне индиялык аалымдардын айтуусу бизге мыйзамбы? Же Абу Вафо биздин президентпи? Же пайгамбарыбыздын расмий өкүлүбү?. Эң кызыгы, индиялык аалымдын жана Абу Вафонун айтуусу боюнча Муфтий айтты деп Дин Агенттиги мындай кабылдайт: "От духовного Управления Мусульман Кыргызстана получено противоречивое заключение… Мындан өткөн шалаакылык болобу. Кыргызстандын Конституциясы, өлкөнүн өз саясаты жокпу эмне? Же биздин диний органдар билими тайкылыгынан чет элдик шейхтерден кеңеш алып иштейби жана өкмөтүбүздүн саясаты да алсыз болуп, ошондой динчилдердин айтуусу менен тыянак чыгарабы?, - деген суроо ар бир сергек ой-жүгүрткөн жаранда пайда болбой койбойт.
Айрым макалаларга токтололу. "Аалам" (№11. 17.02.2009) газетасында: "Эй, динбезери! Көзүңдө дөңгөч турат", "Чынгызды орусча коюш керек эле! - деп арамданганың эмнең!" жана " Ислам нуру" (2008-жыл, №2 (27) газетасында: "Ислам илимин саздагы бака тейлейби?" өңдүү макалалар чыгыптыр. Ислам динине күйгөн адамдардын денгээлин көрүңүздөр. Ошончолук оркойгон, эби сыны жок колдойгон оройлук болобу?. Адамдарды бакага, итке, кандекке теңегенин окуп, демиңиз сууй түшөөрү турган иш. Бирөөнү "маңкурт, дөдөй, шерменде, же ит-кандектей" деп айтуу мусулман адамдын оозунан чыга турган сөзбү? Мындай сөз мусулман адамдын оозунан, "тем более" аял кишинин оозунан эч качан чыкпаш керек болчу. Пайгамбарыбыз САВдын адамдарды кандекке салыштырганы барбы? Ошондой сөздү айтаардан мурун өздөрү шерменде болуп жатканын сезишти бекен?
Биз го билебиз: Ислам тынчтыктын, жогорку адеп-ахлактын дини. Ал эми дин менен түшүнүгү жоктор исламдын ахвалы ушулбу?, - деген ойго барары турган иш. Аталган макалалардын авторунун бири диний тематикада макала, китеп жазып жүргөн илимдүү өңдөнгөнсүдү эле. Көрсө исламды маска катары кармап жүргөн турбайбы?
Эгер бизге үлгү боло тургандар ушинтип өз билимдери жетишпей жатып макала жазсак же балдарды окутса, ал сабатсыздык, терсаяктык жана оройлуктан башка кандай натыйжа берет? Ансыз деле исламга негативдүү көз-караштар күн сайын көбөйүп барат.
Болбосо, айрым динчилдердин мээсине сиңирилгенден башканын баары жалган, жок нерсе катары кабылданып калганбы? Кыскасы, адам аттуунун баары эле Кудайдын макулугу го, ошондуктан реалдуулуктан өтө эле алыстап кетпесек.

Эрнест АБДРАХМАН




  Пикирим бар эле…

Деги бизге кандай идеология керек?
(Президенттин улутка кайрылуусунан ойгонгон ойлор)
Биз дүйнөлүк коомчулуктун арасында алган ордубузду жана ички табиятыбызды чагылдырып турган мамидеологияны аныктап, тактап калыптандырсак, мамлекетибиздин бутуна турарына үмүт зор.
Кыргызстан Россиядагыдай көп улуттуу мамлекет эмес. "Ал көп улуттардын өкүлдөрү кошулган "Кыргыз эли - мамлекети" алкагында бириктирилген моно-унитардык мамлекет" дейт Чоюн Өмүраалы уулу. Бул тыянакка негиз берсек, анда биздей көп улуттуу өлкө үчүн бизге мамидеология табылышы жана кынтыксыз иштеши керек!
Биздин А.Акаев жарыялаган мамидеологиябыз - "Манас" эпосунун жети осуяты" коомчулукта ордун таба албады, сиңген жок. Өткөн чакты эстебей, азыркыны билбей, келечектеги идеологияны табуу өтө татаал, эң кыйын.
Бүгүн Кыргызстан оор саясый туңгуюкка кептелди. Түндүк-түштүк, регионализм, трайбализм, ж.б. көйгөйлөр күч. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырым да кеңейди. "Элдин үнү - Кудайдын үнү" дегендей, элдин үнүн бийлик чындап уга турган убакыт келди.
Бизде дагы эле тоталитардык идеология өкүм сүрүүдө, б.а. кыргыздын социалдык менталитетине сиңген үрп-адаттын идеологиясына репрессиялык жексур кодулоо саясаты али да күч.
Улуттук стратегия, идеология такталбаганынан улам аны алмаштырып, улаштырып, өзгөртүп жатабыз. 14 жыл мамидеология деп Манастын осуятын кармандык, теңирчиликти көтөрдүк, маданият - жан дүйнөнүн идеологиясы дедик, кийин улуттук идеянын негизи деп нравалык принциптерди кармандык, эми улуттук биримдик аркылуу өнүгөбүз деп жатабыз. Кыргыз эли терең түптүү, байыркы эл. Улуттар арасындагы бекем интернационалдык достук мамилени түзүүдө ал негизги базистик ролду ойнойт. Менимче, мамидеологияга теңчилдикти негиз кылып алуу туура маселе болчудай. Ал тең укуктуу жарандарды ар улутка бөлбөй чыныгы биримдикке кызмат кылышы шарт. Бул болсо жарандардын же коомдун эркин өсүшүнө шарт түзөт. Адамзаттын прогрессивдүү өнүгүшүнө ишеним, духун арттырат. Улуттар арасында стабилдүүлүк күчөйт. Бир максатка бекем "коргошундай" уюган мамлекет гүлдөйт, өнүгөт.
Кыскасы, "дайыма бийлигим бек болсун десең, элди күч эмес, мыйзам менен башкар" деп Ж.Баласагын айткандай, демократиялык укуктук коомго мыйзам бийлиги кымбат. Башмыйзам мамлекеттин жүргүзгөн идеологиялык саясатына, доордун максатына, коомдун калыптанган социалдык жана экономикалык абалына, шартына, прогресске шайкеш болгону эп.
Бекин Жумабай уулу, Бишкек шаары