К ы р г ы з берметтери
Кыргыздын дүйнө элинде жок өнөрү - манасчылык.

Кышында тоңбогон , бир тамчы суу агып чыкпаган кыргыз керемети- Ысык-Көл.

Дүйнөдө Соң-Көлдүн "Көк чаар" балыгына даамы боюнча эч бир балык тең келалбайт.

Дүйнөдөгү эң бийик жети чокунун экөө кыргыздарда: "Жеңиш", " Хантеңири" чокулары.

Дүйнөдөгү эң ири жети алтын кенинин бирөө биздин - Кумтөр.

Дүйнөдөгү эң ири тоо дарыясы -Нарын.Ал үч өлкөнү аралап өтүп Арал деңизине куят.

Дүйнөдө кыргыз менен казакта гана төкмөлүк өнөр бар.

Кыргыздын акыркы алпы Кожомкул. Бою 2м.35см., салмагы 215кг. болгон. Кожомкулдун "колтуктап" барып Арамза жайлоосуна таштаган ташынын салмагы 665 кг.

Кыргыздын баатыры Балбайдын "Актаман" деген тайганы жолборс алган.

Дүйнөдө кыргыз менен казакта гана адамдын көзү өткөндө өкүрүү салты бар.

Кыргыздын азыркы кыраан тайгандарынын бири- көлдүк Замирбек Мукашевдин жети карышкыр алган "Көккушу".

Кыргыздын эң акыркы олуясы Куйручук. Согуш болоорун алдын ала билип айткан. Бирок элдин эсин чыгарбай каймана айткан. Бир көргөн адамын канча жашка жете өмүр сүрөөрүн айтып көпчүлүгүн сүйүндүрчү экен.

Кыргыздын эң акыркы олуя ырчысы Арстанбек Буйлаш уулу.

Кыргыздын теңдешсиз төкмөсү- айтылуу Жеңижок.

Кыргыздын дүйнөдө теңи жок элдик эпосу "Манас".

Жыйнаган
Темирбек Алымбеков





Урматтуу окурмандар!
Сиздерди кечээги 23-февраль Мекенди Коргоо күнүңөр менен куттуктайбыз! Төмөндө төбөсү көрүнгөн кыргыз жигиттерине арналган майрамдык азилдер сиздердин сыныңыздарда.

Майрамдык азилдер
Экс-министр Исмаил Исаковго
Өлкөнү али кол салалек
өлөрмандардан коргоп,
итиңиз чөп жеп, армиянын
ички тартибин да оңдоп,
жүргөнүңүздө коюшпадыбы
жумушуңуздан козгоп.
Эми жердештериңиз - алайлыктар
Эл башынын "каарынан" сизди коргоп,
уюм түзүп жүрүшөт
убайымга батып боздоп.

КР эл акыны
Омор Султановго
Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп,
томсоруп албай калдыңыз.
- Түшүрөбүз дешип ордуңуздан! -
толгоп "душман" артыңыз, алдыңыз.
Көптөрүнө келиштирип,
куйкумдуу жооп жаздыңыз.
А бирок,
- Омор деген калмак бу,
ошого кийбейт калпакты.
Ага Манас ыйык эмес,
андан Коңурбай ардактуу!
дегендерге жооп айтпай,
башты жерге неге салдыңыз?!

"Ата Мекен" партиясынын "жол башчысы" Өмүрбек Текебаевге
Ажолук такка жутунуп,
9 жыл мурун
Акаевге утуп туруп "утулуп",
Варшавада
матрешка менен "тутулуп",
Таластагы талашта
чыктыңыз араң кутулуп.

Эми көзүңүздөн учуп алтын так,
жатып албай
жайлоого барып салкындап,
камдануудасыз го
кайрадан күрөшкө чыкканга.
Ата Мекенчилериңиз жүрүшөт
- Өмүкебиз кетсе экен деп бактын таап!..

"Ак шумкар" партиясынын "колбашчысы"
Темир Сариевге

Кут болсун майрам, Темике!
Куугунтукка алат сени не?
Бир журттун чыгаан уулусуң,
баш болор Мекен, элине.

Темике! Эми угуп тур,
Текирең салбай туруп тур.
Эл бөлөт! - деп жүрүшөт,
Эх, мунуң жаман кылыктыр.

Көп жаша, көп жыл өлбөй жүр,
Куугунтук, сүргүн көрбөй жүр.
Кастарың кемийт - бир элди
Эки жакка бөлбөй жүр.



КР Баш прокурору
Элмурза Сатыбалдиевге
Аксыда атылган 6 адам,
айырмалуу беле башкадан?
6 жыл өтүп кетсе да,
апаат болсо да капкачан,
ачылбай айып,
далайлар
акыйкат издеп чарчаган.

Анан эле
Ноокатта болгон чатакта
32 адам заматта
бир айга жетпей тергелип,
отуруп калды абакта.
Демек, тез иштесе болот бейм,
а бирок,
аксылыктар издеген
акыйкаттык каякта?!


"Жаңы Ордо" гезитинин "ойбашчысы"
Бекен Назаралиевге
Бекен мырзанын "…ордосу",
бир топ ишти козгоду.
Туурасын, согуп жазгандан
Түрү жок али токточу.

Гезитиң чыны аз чыгат,
аз чыккан менен саз чыгат.
Жалал-Абад жакты эле жазбастан,
Жергеңди жазсаң жакшылап,
5 миң эмес, 100 миңден,
Нускаңдын саны артылат.

Бектуруш Табалдиев




Саясый анекдоттор
Совет бийлигине чейинки, андан кийинки мезгилден берки мамлекет башчылар, саясатчылар тууралуу анекдотторду жыйнаган Елена Шмелева дүйнөгө белгилүү саясатчылардын анекдотторго мамилеси тууралуу да белгилей кеткен.
Эстүү саясатчылар өзү тууралуу анекдотторду калтырбай жыйнап алышат. Германиянын экс канцлери Гельмут Коль элдик анекдоттордо акылы тайкыраак саясатчы катары көрсөтүлүп келгенине карабастан, өзү тууралуу анекдотторду чогултуп, ал түгүл аларды өзүнүн эсебинен жарыкка чыгарууга да көмөк көрсөтүп турат. Эл арасындагы анекдоттордун каарманы болуунун өзү- эл арасында анын урмат- сыйдан кеткендигинин эмес, популярдуулугу артып бараткандыгынын белгиси катары баалаган.
Шмелева жыйнаган Путин тууралуу анекдотторду 2002- жылы Путиндин 50 жылдыгында анын айланасындагылар "Путин тууралуу 100 анекдот" деген жыйнакка топтоп, өзүнө белекке беришкен.. Ошондогу анекдоттордун бири мындай экен: 1999- жыл. Президент Ельцинден Путин сурайт:
- Борис Николаевич, кечиресиз, эгер мүмкүн болсо мындай суроого жооп бериңизчи:- Мага чейин сиздин канча премьер- министриңиз болгон? Ельцин унчукпайт. Жооп ала албай ал чыгып кетет. Эки сааттан кийин Путин кирсе, Ельцин дагы эле унчукпай олтурган болот. Анда Путин:- Борис Николаевич, ыңгайсыз суроо сурап, сизди кабатыр кылып койдум окшойт,- десе, Ельцин:
- Жолтоо болбой тура турчу бай болгур,сага чейинки премьер- министрлерди дагы эле санап бүтө албай жатам- деген тура.

* * *
Медведев президент, Путин премьер- министр болгондон кийинки анекдоттордун бири мындай:
Кабатырланган бирөө айтат дейт:- Президентке чейин арызданам. Ал түгүл андан кийин премьер- министрдин өзүнө да даттануудан кайра тартпайм…

* * *
Биздин өлкөбүздүн журт башылары тууралуу да эл арасында айтылып келген анекдотторду эстесек, булар эске түшөт: Аскар Акаевдин бийлигинин учуру. Автобуска түшкөн бирөө андагы жүргүнчүнүн биринин бутун кокусунан басып алат. Кабатырланган киши өтө сылык- сыпаа, ызаат көрсөтүү менен кайрылат экен:
- Кечириңиз, сиз кокусунан Кемин тараптан болбойсузбу?- Жок,- деген жооп угулат. Анда эмесе, таластык эмессизби? - Дагы:- Жок,- деген жооп чыгат. Аа, анда, бутуңду соройтуп сунуп албай, тартпайсыңбы. Автобуста жалгыз өзүң болсоң дагы,- деп короңдогон экен ал.

Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда эл арасын мындай анекдоттор аралап жүрөт: Ош базарынан жолуккан, жердиги түштүк тараптык бир кишиден сурашат экен:- Сиз эмне галстук тагынып алгансыз?
Анда тиги жооп берет дейт:- Ой, костюм- шым кийип, галстук тагынып көчөгө чыксаң эле, Ак үйгө алпарып чоң кылып коюшат экен деп угуп жатам,- деп жооп бериптир ал.
Даярдаган
Айжан Айтышева





  Сизге белек

Райхан Абдувалиева:
"Белек бергем орус жигитке..."
-Бул майрам советтик мезгилдеги адамдардын эсинде аябай сакталып калды болуш керек. Анткени ал кезде балдардын күткөнү 23-февраль, кыздардын уктабай таң атыра күткөн майрамы 8-март болчу. Эсимде, 4-класста, орус мектепте окучу элем. Саша деген орус бала экөөбүз чогуу олтурчубуз. Анан 23-февраль майрамы келип калып калемсап, жүзарчы дагы майда-чүйдөлөрү эсимде жок, айтор жакшынакай кылып ороп партасынын алдына коюп койдум. Ал кезде жаныңда олтурган балага же жакшы балдарга берип койчусуң. Анан кайра эле 8-мартты күтүп каласың. 8-март күнү барсам эле партамдын үстүндө гүл, анан бир ак баштык туруптур. Ичинде духи, открытка, күзгү, дагы толтура көп нерселери бар экен. Ал кезде эмне кичинекей экенбиз да, бири-бирибизге рахмат деп деле айта албай көзүбүз менен сүйлөшүп гана олтура бергенбиз. Ошол күн, ошол сапсары болгон узун бойлуу орус бала, анын берген гүлү жүрөгүмдө сакталып калыптыр. Кийин студент кезде да абдан майрамдап эле жүрдүк, бирок, баягы окуучулук кездегидей жүрөктө деле кала турган өзгөчө бир күндөр болгон жок. Мүмкүн кимдир-бирөөлөр андан да сонун белектерди тартуулагандыр, бирок, биринчи сүйүү эстен кетпейт дегендей, биринчи гүл менен белектер эсиңде калып калат экен.
-Бүгүн кимди сүйүнткөнү турасыз?
-(Күлүп) Эми жүрөгүмө жакын бир адамым бар, ошону сүйүнткөнү турам. Анан өзүбүздүн кийим тиккен цехибизде да 4 жоокерибиз бар, аксакалыбыз Каныбек аяш атам, Бакыт, Айбек. Жыргалбек, буйруса аларды да кыздарыбыз менен бирге куттуктаганга аябай даярданып жатабыз. Жеке турмушумда болсо жана айткандай, жакын адамыма эмне берсем деп ойлонуп жатам. Кыздарды гүл, атыр берип жолун оңой тапса болот, ал эми эркектердики бир аз кыйыныраак болот экен. Көйнөгүн көп алмаштырат, көйнөк алып берсемби деп жатам.
Күнболот Момоконов