Чыңгызхан
(Башы өткөн сандарда)

1228-чычкан жылында Хорезм султанынын баласы Желал-ад-дин менен болгон салгылашта монголдордун 400дөй жоокери буктурмада калып, туткунга түшүп калат. Желал-ад-дин колго түшкөн монгол жоокерлеринин бардыгын Исфахан шаарына алып барып, бардыгын тирүүлөй атка сүйрөттүрүп өлтүрүп, өлүктүн эттери менен иттерди тойгузган.
Ошол доордогу дагы бир ырайымсыз окуя Персия султаны менен да байланыштуу. Султан 1305-балык жылында колго түшкөн монгол жоокерлерин пилдерге тирүүлөй тепсетип, кылыч менен баштарын алдырып, баш сөөктөрүнөн мунара курганга буйрук берген.
1014-ит жылында Византия императору Василий болгарлардын үстүнөн жеңишке жетишкенде 15 миң аскер кол көтөрүп багынып берет. Император ар бир 100 кишиден бир кишини тирүү калтырып, 99 адамды көзүнө шиш менен сайып сокур кылып, ата журтуна тирүү кое берген. Ошондо 15 миң кишиден 150 киши тирүү калган. Крест көтөргөн христиандар 1098-ит жылында Антиохиюну басып алганда, 1099-тоок жылында Иерусалимди багынтканда мусулмандарды кары-жашына карабай кырып ташташкан. Мындай дене дүркүрөткөн окуяларды дүйнөлүк тарых жадынан чыгара элек.
Батышта ошол эле доордогу Германиянын эң маданияттуу деген аскер башчысы Фридрих Барбаросс (1125-112-жж., Германия королу жана императору болгон, ал Италияга каршы согушта жеңилип, ЧСЭ, 1445-бет) 1160-балык жылында түндүк Италиядагы Кремон шаарын басып алаарда Рим империясынын аскери менен алмак-салмак бири-бирин коркутуу максатында колго түшкөн жоокерлерди мазакташкан. Германиялыктар Италиянын колго түшкөн жоокерлеринин башын алып, топ кылып тээп ойношкон. Кезегинде италиялыктар дагы Германиянын колго түшкөн жоокерлеринин эркек мүчөлөрүн каратып туруп кесип ташташкан. Ошондой эле Италиянын жаш балдарын тирүүлөй катапультка салып туруп, шаар дубалдарына атышкан. Мындай варварлык көрүнүштөрдү дүйнөлүк тарых эч унутпайт, буларга салыштырмалуу Чынгызхан алардын эч бирин жасаган эмес. Монгол армиясы басып алган шаардын калкын аяп, аяр мамиле кылганда ал кайра өз башына тийген учурлар да болгон. Мындай мамилени көп жерден билген жана уккан млн. дон ашкан шаар тургундары бар Азия шаар башчылары монголдорду амалкөйлүк менен кабыл алышып, анан монгол армиясы толугу менен шаардан чыгып кетип, бир топ убакыт өткөндө Чынгызхан бекиткен шаар башчыларын кайра өлтүрүп коюшкан учурлар болгон. Атактуу чыгыш акыны Омар Хаямдын туулган шаары Нишапурда көтөрүлүш чыгып, Чынгызхандын күйөө баласы Токучар каза болот. Чынгызхан армиясы менен кайра кайтып келип шаар калкын түгөл кырып таштаган, бул жыл 1221-жылан жылы эле.Тарыхта адамкерчиликсиз ишке Чынгызхан эмес, анын урпактары барды. Айталы, ошол эле Аксак Темирдин убагында окуялар болсо керек. Кытайдан чыккан кара тумоо (чума) эпидемиясы бүт дүйнө элдерин кыргандан кийин, жер-жерлерде көтөрүлүш чыгып, Мин империясы монгол элин бийликтен кетире баштайт. Ошондо анын урпактары өз бийликтерин кайра тартып алышып, Чынгызхан алып барган иштерди улантуyнун ордуна, элдерге адамгерчиликсиз мамиле жасаган. Мындай кетирилген кемчиликтерди тарыхчылар толук изилдебей туруп Чынгызхан тарабынан жасалган иштер катары чагылдырылып, элдин aң-сезимине сиңип калган.
(Уландысы бар)

Асыкбек Оморов

Урматтуу окурмандар! Эгер бул чыгарма тууралуу кимде-ким кызыгып, толук маалымат алгысы келсе, төмөнкү телефонго
0 772 41-13-57ге чалыңыздар.




Амир Лашкарбашы Мойдунбек
(Башы өткөн сандарда)

Сергейдин
Мусурманкулга
айланышы
Азыр тирүү барбы, ааламдан өттүбү, билбейм, баягы жылдары Эски-Ноокаттагы чайканалардан түс-өңдөрү дал орус сыяктуу, каш, чач, кирпиктери сапсары эки киши болчу, гырт өзбекче сүйлөшчү, көк чайды тердеп отуруп ичишип. Ал экөөсүн эл "Мусурманкуловдор" дешчү…
…Бул окуя Мойдунбек Амир Лашкарбашы наамын ала элегинде болот. Айтымдары азыркы Кара-Суу районуна караган Отуз Адыр аймагында Мойдунбектин аскери менен М.Фрунзе өзү катышкан Кызыл-Армиянын айыгышкан кармашы жүрөт. Ошондо түбү Сибирь жактык, 19 жаштагы Сергей деген орус жигит да Мойдунбектин туткунунда калат. Мойдунбек, кеч күз экен, ошого карабай - өлсө өлөр, өлбөсө бир каапырды адалдап коеюн! - деп, Ноокаттагы Улуу-Тоонун чокусунда ак боз бээни сойдуруп сүннөткө отургузуп туруп, - Бүгүндөн баштап бул жигит мусурман болду. Аты - Мусурманкул! - деп жарыялап, дайым 100 жигит кайтарган өз тобунда алып жүрөт. Сергей, кечиргейсиз, Мусурманкул айыгып кетет. Мойдунбек Амир Лашкарбашы даражасын алган күнү ошо "бир каапырды адалдаганы" эске түшүп, Мусурманкулга өзбек катын алып берет.Жанагы чайханадан чыкпай көк чай ичишкен, энесинин тилинде сүйлөгөн эки киши ошонун балдары болгон.

"Мойдунбектин
коргону"
Ноокаттын Көк-Жарында Нарай деген чакан кыштак бар. Мойдунбектин каны тамып, киндиги кесилген жер. Азыр али Нарайда " Мойдунбектин коргону" деген дөбө бар, дөбө дегеним азыр аны коргон деп аташка болбойт, узун-туурасы 40 кулачтай аралыктагы адамдын боюндай болгон додолонгон топурак.
Айтымдарда ата жайына Мойдунбек али Амир Лашкарбек башчы бололегинде ылайдан 7 паксалуу коргон урдурат, тышкарыдан коргондун ичи аттын үстүндө тикесинен турган адамга гана көрүнчү экен.
Усталарга (аларга Мойдунбек акча төлөбөйт, бекер курушат да, а андан чочулаган, корккон, жагынган колунда барлар ошол усталарды багышат) колбашчынын буйругу менен тийиштүү коргон орду өлчөнүп көрсөтүлгөн соң дайындалат: - Тарткан жиптей түптүз урулсун! Кыйшык болсо паксага кошуп урдуруп коем!
Ошентип, Кызыл Армия менен бөрү алыш, иттытышта жүргөн Мойдунбек ата жайында курулуп жаткан коргонун унутпайт, ар паксасы бир айланган сайын келип турат. Паксачылардын арасында бир ылайкеч болот, аны Супура кулак дешчү экен, кулагы өтө эле чоң болуп, анан жалжайып тургандыгынан. Кылды үзө аткан мергенчисин Мойдунбек коргонуна келген сайын ээрчите келет. Супура кулакты дубалдын аркы бурчуна отургуздуруп, дубалдан шалпаң кулагын чала чыгарып коет. Кылмерген дубалдын бу бурчунан кулакты көздөй ок үзөт, набаада ок кулакка тийбей, дубалга "чыз-з" этип тийчү болсо, ошол катар дубал бүтүндөй бузулуп, паксачы кийинки паксага кошо ылайга аралашып көмүлүп кетет…
Ошол коргон ушинтип урулуп жаткан 1923-жылдары бул окуя Лондонго жетип, англис гезиттери минтип жазышкан экен: "Биз, цивилизацияга жеттик деп жүргөн европалыктар али түздүктү метр менен өлчөп жүрсөк, кайдагы бир түркөй азиат түздүктүн айныгыстыгын ок менен текшерип, оозубузду ачырууда…"

Амир Лашкарбашынын атылышы
М.Фрунзенин үгүтү астында кадимки Алымбек датканын небереси, кызыл отряддын командири Кадырбек сүйлөшүү жүргүзмөк болот Мойдунбек Амир Лашкарбашы менен. Бирок, бул оңутту Кадырбек озунуп, ашыкча пайдаланып кетет, андай болушу үчүн ал оболу Амир Лашкарбашынын эң ишенимдүү делген адамы Жумабай аминди алдын ала колго алат. Сүйлөшүү тартибинде Мойдунбектин Совет бийлигине багынып бериши, куралдарын тапшырып, аскери таркатылып жүрмөк, лекин, сүйлөшүүгө куралсыз барууга макулдашылса да Кадырбек тарап убадага турбай, алдап кетет. Мойдундун эшик тосорлорун дароо атып ташташып, өзүн баса жыгылышып, колго түшүрүшөт…
Таятам Акбай Абдыракман уулу айтып калчу:
-Бир күнү эле Ноокаттын аягы менен башына уу-дуу кеп шамалдай тарады, Амир Лашкарбашы Пурумзанын (Фрунзенин) колуна түшүптүр. Эртеге Ошто атылат экен, соттошмой жок! - деген. 25-30дагы эркектер, биз дагы 40 чакырым Ошко пияда жөнөдүк Лашкарбашыны көргөнү. Сулаймантактын түштүк тарабы жайдак аңыз эле (азыр "Бакыт үйү", "Ош жаңырыгы" гезитинин редакциясы турган жай), бардык, эл батпайт. Тоонун этек ылдый жантайма жеринде Мойдунбек Амир Лашкарбашынын колуна да, аягына да кишен салынган. Мойлоочон, тапанчачан бир орус чоңу экен, Пурунза дешти ошону, ошонун ымаа, амирине карай иш тутат экен башкалар. Бир маалда эле шапкесинин чекеси жылтылдаган киши Мойдунбекти башка тебип калды, өтүкчөн экен.
Турган кыргыз, кыпчактар көл жарылгандай "дуу" этти. - Ой, эркекти башка тепчү эмес!..
- Кадырбек оңбой калды! - Эсил Алымбек, тукумуң сасыткы экен! - дешти.
- Тепкен киши ким? - дедим Амир Лашкарбашыга ичим ачышып.
- Кадырбек! Отряддын кемендири! - дешти.
Өзбектер бакырышууда: - Мыкаачыга өлүм! - дешип.
Бир убакта Амир Лашкарбашы ордунан турмакчы болуп, обдулду. Кишендер жол койбоду.
Ошондо элге чын эле Мойдунбек тура калчудай, тура калса бардыгынын башын үзүп алчудай сезилди окшойт, тымтырс боло түштү.
- Э-эй! Кадырбек! Мени башка теппе! Эркекти башка теппейт, энеңди…! Атанын баласы болсоң, иттен эмес, энеден туулсаң, чатың жырык болбосо чечтир менин колу-бутумдагы чынжыр, кишендерди. Чечтир, анан тебишебиз! Эркек болсоң мени бир паска бош кой, тебишели! - деп бакырды Мойдунбек булкунуп жатып.
Эл Кадырбекти туш-туштан сөгүп, наалат айтып жатты. Элди болсо Пурумза тиздирип койгон үч катар солдаттар алдыга жылдырбай, зордоп кармап турат. Саал эле мүмкүндүк болсо кыпчактарды кой, кыргыздарың өздөрү Кадырбекти тытып жеп койгонго даяр. Өзбектер саал көбүрөөк запкы жеп калган да Лашкарбашыдан, ошон үчүн аларга Кадырбектин Мойдунбектин башына тепкени жагып жатат.
Мойдунбек "Чеч, тебишебиз!" - дегенде, кыргыз, кыпчактар боор тартып, ызы-чуу күчөп, Кадырбек сөккүгө калганда, нары басып кетти. Мойдунбектин бетин карай албады. Журттун көзүн карай албады Кадырбек. Анан бирпастан кийин бир карыган, таякчан чалды жетелеп келди. Ал чал өзбекчелеп сөгүп, Мойдунбекти туш келди ургулап кирди. Анын таягын, мушун же Лашкарбашы тоготуп койсочу?! О-о бир убакта баятан бери урган сайын маскаралап күлүп турган Мойдунбек көз ирмемде суз тартып, булкунуп алды да: - Эй! Кыргыз, кыпчактар! Мен дагы бир элдин мыктысы эдем-гой! Мен дагы жакшыдыр-жамандыр башчылык кылган балаңар эдем-гой! Неге мени карыган, биттеген бир сартка урдуруп коюп карап турасыңар? Өзүңөрдөн бирөө-жарымыңар жокпу ушу мени урганга! - деп бакырды. Эл дуулдап турат. Аскерден гана коркуп жатат да, алардын колдорунда курал бар да.
Амир Лашкарбашы ошентип кыйкырганда баягы башына тепкен командир Кадырбек чалды жетелеп, солдаттардын арасынан ал жакка өткөрүп жиберди.
(Уландысы бар)

Бектуруш Салгамани