"Мээрим булагы": мээримби же мерездикпи?..
Түп районунун Ак булуң айылында жайгашкан "Мээрим булагы" деп аталган жекече балдар үйү түзүлгөн он жылдан бери эле анын айланасынан чыр алыстабай келатат. Эки айдан бери ал жакта кайрадан чыр. Жогорку Кеңештин депутатынан, Омбудсмен институтунун жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган жоон топ комиссия ал жакта болуп, укук бузуулардын узун тизмесин чубап чыгышты. Бул тууралуу биз "Ааламдын" ушу жылдын 8- февралындагы санында "Ак булуңдагы будуң- чаң" аттуу материалда кеп козгогонбуз. Анда Балдар укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова Балдар үйүндөгү бир катар укук бузуулар жөнүндө сөз кылган. Балдар үйүндөгү балдардын документтеринин ордунда болбогондугу, балдарды диний мандемдүү уюмдарга берүү, сыртка алып чыгуудагы мыйзам бузуулар ж.б. тууралуу айтылган.
Биз тигил тарап же бул тарап "туура же туура эмес" деп азырынча так кесе айталбайбыз. Болгону демократиялык принципти сактап, бүгүн ошол комиссиянын ишине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялаган Балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын пикирине да орун берүүнү туура көрдүк.

Максат- Монастырь имаратын алуубу же…
24 Kg агенттигинде "Мээрим булагы" жекече балдар үйүнүн ачкачылык жарыялаган тарбиялануучулары пресс- конференция өткөрүштү .

Айнура Ормонова, "Мээрим булагы" балдар үйүнүн башчысынын орун басары:
- Эки айдан берки ызы-чуудан кийин биздин директорубуз Гүлнара Дегенбаеванын кан басымы жогорулап, ооруп калганына байланыштуу келе албады. Балдарды бүгүн мен жетектеп келдим. Аларды ачкачылык жарыялабай эле койгула деп айтсак көнбөдү, "биз ушул Балдар үйүнөн тарбияланып, эрезеге жеттик. Алдыбыз үйлөнүп- жайландык, бизден кийинки "бир туугандарыбыздын" тагдырына кайдыгер карабайлы, коомчулуктун көңүлүн буралы" деп болбой коюшту. Тарбиялануучулардын да айткандарын угуп көргүлө. Бүгүн Балдар үйүнө каран түн түшүп турат. Бул чырдын төркүнү Балдар үйү ээлеген имараттын тарыхый мааниси бар, 1835- жылы курулган монастырдын имараты деп ошол имаратты алуунун амалы болуп жатат. Эгер имаратка кызыккандар болсо, анда бизге ылайык имарат караштыруу тууралуу да сунуш болбоду. Ысык- Атадагы ысык булак менчигибизди Жогорку Соттун чечимин жокко чыгарып, алып коюшту.
Ооба, бизде кемчилик жок деп айта албайбыз. Балдар үйү 1999- жылы уюшулган. Ал кезде жеке балдар үйү тууралуу түшүнүк да жок эле, ошондо коомдук уюм катары катталганбыз. Айрым балдардын документи жок экендиги да чын, документтер жагында кемчилик бар, бирок ошол кемчиликтерди көрсөтсө, бара- бара оңолоор эле.


"Кыздары- сойку, балдары- уурубу?"
Светлана Науменко, тарбиялануучу:
- Балдар үйү ачылган он жылдан бери эле чыр токтобой койду. Биз чиновниктерге да, мамлекетке да ишенбей калдык. Деги акыйкаттык деген барбы? Биздин талап кылганыбыз эле Балдар үйүн ачып, жетим жана кароосуз калган балдардын башын бириктирип, ичинтип- кийинтип, турмуш жолуна аттандырып аткан адамдарга жолтоо болбой, кемчилиги болсо, аны оңдогонго жардам бергендер болоор бекен деп коңгуроо кагып, ачкачылыкка барып жатабыз. Деги бизге бир үй-бүлө болуп жашоого мүмкүнчүлүк бергилечи деп суранаар элем.

Анна Серебрянская, тарбиялануучу:
- Өткөн дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин депутаты Карамушкина, Омбудсмендин жардамчысы Макарова баштаган жоон топ комиссия Балдар үйүнө келди.Элементардык этикадан алганда да абройлуу адамдар тарбиялануучулар да күнөөлүдөн бетер салам да айтып кирбеди. Макарова болсо биздин, тарбиялануучулардын көзүнчө "имаратыңарды алгандан кийин каякка бараарыңарды көрөбүз" деп бизди кекетип- мокотту. Бизди гезиттерге "Бул балдар үйүнүн кыздары сойку, балдары ууру" деп жазып чыгышты. Биз ар дайым медициналык көзөмөлдөн өтүп турабыз, эч кандай венерикалык дартыбыз жок, сойкулук кылмак турсун, жыныстык катнашта болуп көрбөгөн бизге бул сөздөр катуу тийди. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина ушундай сөздөр айтылып жатканда бир ооз "ак же көк" дебеди. Бизди ушунтип басынтып, жок нерсени айтып, басынта берсе болобу? Директорубуз Гүлнара Дегенбаеваны ким канчалык каралабасын, ал биздин "мамабыз", бизге тарбия берип, ичинтип- кийинткен адам. Эгер кемчилиги болсо, аны көрсөтүп, оңолуу жагына басым жасашпайбы? Буга чейин биздин тарбиячыларыбыз өз жүгүн өздөрү көтөрүп келген болсо,эми биз да жетилдик,биз жардамга келебиз. Эмне үчүн биздин балдар үйүндөгү жаман жактар тууралуу гана сөз жүрөт, балдар үйүндө жакшы жактар такыр эле жок бекен?
Айсулуу Айтакова, тар- биялануучу :
- Алты жылдан бери иним экөөбүз ушул Балдар үйүндө тарбияланып келатабыз. Жакында келген комиссия мүчөлөрү менин эжемди кошуп алышып, инимди сатып жиберишти деп айтып жүрүшөт. Инимди эч ким саткан жок, ал Ысык- Атада окуп жүрөт.

Светлана Красильникова, сатылды деген балдардын энеси:
- Мени ичет деп кайнежем арыз жазып, балдарын сатып жиберди дешкен. Балдарым эсен- соо эле бул балдар үйүнө алыныптыр. Олег 11- классты бүтүп,Москвага кеткен, биз ал жакта жарым жылча жүрүп келдик. Вика менен Оксананы көрбөйсүң деп комиссия мүчөсү Макарова менин балдарымды алып кетти. Андан кийин беш күн ооруканада жаттым. Уулум Олег аз жерден асынып өлүп кала жаздады.

Аман Асанкожоев, тарбиялануучу:
- Мен ушул балдар үйүнөн өсүп- өндүм, азыр Бишкекте жашайм, үйлөндүм,балалуу болдум. Он жыл тарбияланган балдар үйүн эми таптакыр жабабыз жеп жатканда ичим ачышып, мен да ачкачылыкка чыктым.

Владислав Окружко, тарбиялануучу:
- Он жыл мурун тарбиялануучулар баарыбыз жаш элек, эми эресеге жеттик. Азыр бул жакта балдарды сатат экен, башка динге өткөрүп, секталарга киргизет экен деген сөздөрдү угуп, биз кантип чыдап тура алабыз? Балдарды зордоп ким эле башка динге өткөрүп жиберсин? Балким балакатка жеткенде отургузууну башка динге өтүү деп түшүнүп алышкандыр.

Түп районунун Ак- Булуң айылындагы жеке менчик Балдар үйүнүн мурдагы жана азыркы, жашы 17 ден ашкан 9 тарбиялануучу жана тарбиячыларынан да 11 киши кошулуп, ачкачылык жарыялашты.
Бүгүн ал балдар үйүндө бардыгы болуп 48 бала тарбияланып жатат. 16 бала азыр лицейлерде, институттарда окушат.
Бул тема али жабыла элек. Анын аныгына жетүү максатында дагы кайрылаарбыз. Канткен күндө да, балдар үйүндө одоно мыйзам бузууларга жол берилген күндө да, ал балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар күнөөлүү эмес экени бышык. Биз бүгүн болгону ошол Балдар үйүндө тарбияланып кеткен жана азыр тарбияланып жаткан балдардын ою, тилеги тууралуу гана сөз козгодук. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Омбудсмен жардамчысы Макарова ж.б. комиссия мүчөлөрү балдарга сый мамиле жасаса болмок экен. Эгер укук коргоо органдары Бул балдар үйүнүн жетекчилерине кылмыш ишин козгой турган болсо, аларга да кеп кезегин бермекчибиз.

Айгүл Бакеева

P.S. Балдар "биздин балдар үйүнүн жакшы жагын эч ким жазбайт, жок дегенде сүрөттөрдөн берип койгулачы" деп бир альбом сүрөт сунуш кылышты. Биз ошол сүрөттөрдүн айрымдарын жарыялап жатабыз. Эми ушул сүрөттөрдү карап, "кыздары сойку, балдары ууру" деп айта алабызбы?