Бушайман…

Борбор шаарды Нариман Түлеев
түлөтөбү же гүлдөтөбү?
Бишкек Конституция боюнча мамлекеттин борбор калаасы. Генпландын тарыхый түзүлүшүнө кыска токтолсок, алгач биринчи жолу 1979-жылы иштелип чыккан. Былтыр шаарга жаңы борбордун статусу берилгенден кийин ага жаңы мыйзам долбоору сунушталды. Мында шаардын территориясын кеңейтүү маселеси каралган. Бүгүн 15,7 миң гектар жер болсо, 2025-жылга план боюнча шаар 25,83 миң гектарга чоңоет. Ушундай аянтын эки эсе кеңейтүү бизге керекпи? - деген суроо жаралат. Кыскасы, шаардын жаңыча чектелишин Бишкек башкы архитектурасы иштеп чыккан, аны жергиликтүү органдар менен макулдашып өкмөт бекитет. Бирок...


Шаарда эң орчундуу жана өтө татаал маселелердин бири - жер көйгөйү. Жер басып алуу деген көрүнүш да күч. Натыйжада Генпланга карабай, шаардын ичинде, тегерек-четинде козу-карындай жайнаган, шаар көркүн бузган XXI кылымда самандуу "нахал шаарчалар" - 42 турак жай конушу пайда болду. Шаар болсо эволюциялык бийиктикке карай өспөй, революциялык басып алуу аркылуу тайпак капталга - 4000 гектарга өсүп жетти. Буга кошумча, дагы план боюнча территорияны эки эсе көбөйтсөк, не деген жер аянттары коромжуга учурайт. Кезегинде бул жер шаар калкын жашылча-жемиш менен камсыз кылчу агрардык секторго берилген эле.
Шаарда болсо бүгүн бош жер жок, жер - таңсык товарга айланды. Буга карабай, амалкөй чиновниктер шаардын кээ бир булуң-бурчтарына мыйзамсыз үй салууга өттү. Туура, калк табигый өсөт. Турак-жайга суроо-талап, ага карата кошо өсөт. Ошондуктан, шаар курулуш объектилерине калтырылган 557.4 гектар резерв жерди сатпаш керек. Экинчиден, эскиден бери келе жаткан, шаар көркүн бузган жаман тамдарды (сноско) бузуп, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү көбүрөөк куруу, шаардын көркүн ачуу мамлекеттик чоң милдет. Эгерде учурду салыштырма карасак, эски Фрунзеде ири проспект, көчөлөр суу менен тазаланса, таза, аба, жашыл дарак, Генплан менен курулган борбордук аянт, эс ала турган парктар, адатта жагымдуу көрк берчү. Бүгүнкү Бишкек жолдору тар, чаң, дарактар куурай баштаган, соодагерлердин чоң айлына айланды. Көчөлөрдү сугаруу системасы бузулду. Башаламан салынган майда дүкөн-"комоктор", кафе, ресторан, сауна, туш келди май куючу, ремонттоочу станциялар, самсаалаган афиша реклама ж.б. шаардын көркүн ачмак тургай кейпин бузду. Анүстүнө өзүндө машина чыкпаган Бишкек автошаарга, көчөлөр автобазарга айланды, 113 базар курулду. Жумушчу орундарды түзүү жана генералдык план менен оңдоо, түзөө учурда шаардык чоң маселе болуп турат.
Бүгүн шаарда автомашиналардын чексиз көптүгүнөн көчөлөр тыгын, жол убактысы орто эсеп менен бир айга 8-10 саатка чамалайт. Бул көрсөткүч дүйнөлүк ири мегаполис шаарларга тете. Мындан чыгыш жана чечиш үчүн шаарда көп маселелерди көтөрүү: жол жээгиндеги ирригациялык системаны бузуп, бактарды кыйып жолду кеңейтүү, өтмөк жолдорду салуу, туюк көчөлөрдү узартуу, жаңы жол магистралды кароо ж.б. талап кылынат. Мындай чыгымды шаар көтөрөбү? Же жол сыйымдуулукка карата машина жүрөбү? Бүдөмүк. Эпадам, буга өкмөт бөгөт койбосо, анда жол кыймылынын жөндөмдүүлүгүн көтөрөбүз деп жол жээгиндеги үйлөрдү да алууга туура келет.
Мындан айлана-чөйрөнү коргоо шаар калкынын ден соолук коопсуздугуна тыкыс тиешелүү проблемага айланды. Кыргызстан дем алуу органдарынын оорусунан каза тапкан 100 миң адамдан 95, андан да ашыкты түзөт. Бул эң жогорку көрсөткүч. 80% абанын булганычы автомашинадан экендиги аныкталган. Андан чыккан ар түркүн заттагы газ, чаң жана жол жээгиндеги газондордо оор металл 77 эсе көп. Мындан чыгыш үчүн министрлик автомашиналарды кыскартып, троллейбустарга өтүү зарылдыгын билдирген. О.э. экологияга зыяндуу ири өнөр жай объектилерди шаардан азайтуу жана борборунан сыртка чыгаруу маселесин "Бишкек социал-экономикалык реформа жана антикризистик чара программасында" көрсөткөн.
Буга карата Бишкек шаарында, дегеле Сары Өзөн Чүй талаасында эң негиздүү жана эң алгылыктуу проблема бул ичүүчү жана жер сугара турган суу маселеси. Айрыкча калк жыш жайгашкан Чүй зонасында Карабалта, Токмок, Кант, Шопоков шаарларын, шаар тибиндеги айылдарды, райборборлорду суу менен камсыз кылуу зарылдыгы күч.
Жыйынтыктай келгенде, борбор калаабыздын келечекте комплекс өнүгүшү бүдөмүк, андыктан экологияны сактайбыз, өндүрүштү өнүктүрөбүз десек, автокыймылын жана соода-сатык рынок экономикасын тейлөөгө чама жетпей баратканын эске алып, аларды өлкөгө жана шаарга алып келүүнү азайтуу зарыл, ага жана өзүбүзгө тең салмактуу сырткы, ички өндүрүштү өнүктүрүү саясаты, аныктоо убакыттын кечиктирилгис өктөм талабы. Экинчи - Чүй аймактын өнүгүшүн жана инфраструктуралык комплекстерин аныктоодо, анын стратегиялык максатына ылайык, илимий жактан негизделген, айрыкча экологияга, жаратылыш ресурска жана территориялык сыйымдуулук көрсөткүчтөрүнө ээ болгон инженер-пландоо, райондоштуруунун багытына негиздесек, өлкө үчүн жакшы натыйжа бермек. Чүй областынын борбору Токмокко көчүрүлгөн. Аны кайра Бакиев Бишкекке көчүрүп келсе жаңылыштык кетпейт. Ошондо биз, пландуу өнүгүштүн территориялык негизин түзөбүз.
Мисалы, 1988-жылы көтөрүлгөн Чүй өндүрүш территориялык комплекс проблемасында, өтө урбанизацияланган Чүй ортолук тилкеси ири шаарлар үчүн үч чоң районго бөлүнгөн.
1. Чыгыш Чүй суу ресурстук район: Шаар өстүрүүгө тайкы, өрөөн тар. Суу Боомдон чыкканда жерге сиңет. Токмокко келгенде чогулат. Өткөндө кайра чачылат.
1988-жыли илимий изилдөөнүн негизинде Токмокту суу каптайт деген тыянак 2003-жылы ырасталды. "SOS" коңгуроосун каккан көп макалалар ММКда жарык көрдү. Токмок - Венецияга айланды.
Бул районду келечекте гидроресурстук комплекс курулушуна жана пайдаланышына айландырыш керек. Жер астындагы жана жер үстүндөгү суу Чүй алкымын толтуруп агат, мол, бирок түгөнбөйт.
2. Борбордук Чүй - инфраструктуралык район. Инженердик территорияны даярдоого көп чыгымды талап кылбайт. Бирок, Бишкекте аба булганыч. Айрыкча темир жолдун асты. Аба алмашуу - циркуляция начар. Смоктун пайда болушуна түрткү. Ден-соолукка коркунучтуу. Генпланды иштөөдө буга көңүл буруш керек.
3. Батыш Чүй өнөр жай уюлдук район. Суу жана аба аэрациясы алмашуусу жеткиликтүү. Сейсмикасы 6-7 балл. Өнөр жайлуу борборду көтөрүүгө Карабалта эң ылайыктуу. (Районное планирование Чуйского экономического района Кирг. ССР, 1966 г).
Жогорку айтылган ой-пикирлерди эске алып, шаардын келечек долбоорун, Генпланын бир бүтүн орчундуу статус саясатка келтирип кароо учурдун өктөм талабы. О.э. стратегиялык уюлдук өнүгүү шаар жана суу ресурстук комплекстерин ишке ашырууга укуктук жактан ЖКда аныктоо, бекемдөө зарыл.

Бекин Жумабай уулу