Шейшенбек Байзаков:

"Бильярд - кумар оюну эмес, спорттун бир түрү"
Кыргызстандын бильярд федерациясынын биринчи вице-президенти, башкы катчы Шейшенбек Байзаков менен бул спорттун көйгөйлөрү тууралуу баяндайбыз.


- Шейшенбек мырза, Сиз бильярд федерациясы түзүлгөндөн бери бул спорттун Кыргызстанда өнүгүшүнө салым кошуп келатасыз. Мына кечээ Алматыда башталган дүйнө Кубогуна Кыргызстандын намысын кимдер коргоп жатат? Алардын даярдыгы кандай?
- Биринчиден, Кыргызстан бильярд боюнча дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунда турганын жалпы күйөрмандарга айта кетейин. Биринчи орунда Орусия, экинчи катарда - Украина, үчүнчү орунда - Казакстан, анан биз турабыз. Былтыр биз 5-орунда элек. Биздин алдыбызда Белорусь өлкөсү турган. Былтыр декабрь айында Санкт-Петербург шаарында дүйнө чемпионаты болгон. Ошондо биздин эки жигитибиз бирөө - бешинчи, экинчиси - 16-орунга илинди.
Эми 18-февралдан 22-февралга чейин Алматы шаарында дүйнө Кубогу өтүүдө, ал жакка бардык. Мында 22 өлкөдөн команда келип, мөрөй талашуу курч мүнөздө өтмөкчү. Квота боюнча 4 оюнчу катышуусу зарыл. Бирок, биз 4 негизги оюнчудан сырткары дагы 4 оюнчуну кошумча алып баратабыз. Себеби, мындай дүйнө Кубогунда тажрыйба алууга, чеберчилигин жогорулатууга мүмкүндүк болот. Биздин өлкөнүн башкы машыктыруучусу Каныбек Дүйшөбаев Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Кыргыздардын биринчи спорт чебери. Ушул Каныбек баштаган жигиттерибиз Алматыдан дүйнө Кубогунда мөрөй алып, 1-орундан 8-орунга чейин жетет го деген үмүт, ишеним бар.
- Ошондой үмүт жандырган жигиттердин ысымдарын атай кетпейсизби?
- Негизги курамга кирген жигиттерибиз: Кубанычбек Сагындыков, - өлкөнүн бир нече жолку чемпиону, спорт чебери, Нурбек Эшбаев - спорт чебери, Сапар Алыкулов деген Кыргызстандын Кубогун уткан жигит.
7-8-февралда дүйнө Кубогуна талапкер жигиттерди акыркы чоң сыноодон өткөрдүк. Ушул Бишкек шаарынын биринчилигинде комбинардык пирамида боюнча жогорудагы жигиттерди тандоодон жаңылбагандыгыбыз айгине болду. Төртөө тең биринчиден - төртүнчү орунга чейинки белгилүү орундардын ээси болушту.
- Менин билишимде бильярд оюну совет доорунан бери ойнолуп, кээ бир учурларда ойноого тыюу салынып келсе дагы, эгемендүү өлкө болгону гана спорт катары таанылып, федерация түзүлдү го!
- Ооба, 1992-жылы гана бильярд федерациясы түзүлгөн. Ал эми жакшы байге коюлган, көңүл бурулган турнирлер - 1994-жылы гана башталган. Алгач федерацияны Юрий Горбунов жетектеп, бул спорттун башатында турду. 2002-жылы Бишкектин мэри болуп турган Медет Керимкуловду федерациянын жетекчиси кылып шайлаганда, бул спорттун өнүгүшүнө салымын кошту. Бирок, былтыр гана Федерацияга офис ачып, өзүбүздүн (федерациянын) бильярд үстөлдөрүн койдук. Мурдакы мелдештерден сүрөттөрдү, спорт чеберлеринин сүрөттөрүн тагып, жасалгалап койдук. Келген меймандар өлкөдөгү бильярд спортунун өнүгүшү тууралуу маалымат алалышат.
Биричи спорт чеберибиз Каныбек Дүйшөбаевдин жолун жолдоп кыргыз намысын көтөргөн Каныбек деген жигиттерибиз бар. Деги Каныбек деген жигиттерден жолдуу экенбиз. Каныбек Сагындыков деген жигит чыгып, Кыргыз спорт чебери болуп, өлкөнү дүйнөгө таанытып, учурда Казакстандын эмгек сиңирген спорт чебери болуп, турмуш-шартка байланыштуу Казакстанда жүрөт. Ал дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп саналат. Ушул Каныбек Евразия чемпиондугун беш ирет утуп алган. Кийин Каныбек Сагынбаев деген жигит чыгып, тигил Каныбектерден ашса ашат, алды кем эмес. Ал дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Алардын жолун жолдогон далай жигиттер чыкты. Кыз-келиндерден бир гана спорт чеберибиз Наталья Иванова бар, азырынча.
Жакында Москвада Европа чемпионаты болот. Биз да катышууга арыз бердик. Ошондуктан курама команданы эки топко бөлүүгө туура келди. Бири - Алматыдагы дүйнө Кубогуна барса, экинчи топ - Москвага Европа чемпионатында мөрөй талашат. Камалдин Оморжанович деген жигит бар, Москвада Патрис Лумумба окуу жайында 5-курста окуйт. Ал Санкт-Петербургда өткөн дүйнө чемпионатында 5-орунга ээ болгон, спорт чебери. Антон Нитясов да Москвада машыгып жүргөн бишкектик жигит. Наталья Иванова жана Адамов Зайлан да Москвадагы Европа чемпионатына барышат. Бул бильярды бардык курактагы адамдар ойнойт. Эң ардагерлерибиз сексенге чукулдап калган болсо, жаш балдар да ойноп жүрөт. Бильярд спортуна кызыккандар арбын, учурда өнүгүп-өсүү жолунда.
- Ошол өнүгүп-өсүүгө жаңы салык мыйзамы бут тоскон жокпу? Себеби ар бир бильярд үстөлүнө патент, салык чектеп, бул спорту тумчуктуруп, "өлтүрүп" койбойбу?
- Ушул жаңы салык мыйзамында бильярд үстөлүнө өтө чоң салык чектеп койду. Алгач ар бир үстөлгө 10 миң сомдон салык салмак болушту эле. Биз кат жазып, мындан пайда, киреше түшпөйт деп жатып, азайтууну сунуштадык. Бирок, алар бул чекти 5 миң сомго түшүрдү. Бул да өтө чоң салык. Баткенде, Нарынде же Таласта, облус, райондордо бир саат ойносо 10-15 сом төлөйт, кардарлар. Ошол үстөл кантип 5-10 миң сом чогулта алат? Мисалы, Баткенде 5-6 стол бар, себеби мен 7 жыл ошол аймакта иштеп келгем. Алар эч убакта мындай салыктарды төлөй албайт. Союз доорунан бери бильярд оюну куугунтук жеп, тыюу салынып, кыйынчылыктарды баштан өткөрүп келген. Эми минтип эгемендүүлүк жылдарында бир аз өнүгүү-өсүү жолунда бараткан "жаш" спортту салык менен муунтуп, "өлтүрмөк" болуп жатышат.
Биринчи чемпион союз учурунда таанылган Давран Салахиддинов Кыргызстандын биринчи жеңүүчүсү аталган. Учурда ал калыстар тобун жетектейт. Ал Кыргызстандын 4 чемпионун даярдап, чеберчилигин аларга үйрөттү. Бильярд спорту кандай кыйынчылыктар болбосун өнүгүп, өсүп келген, аны "өлтүрбөйбүз", өстүрүүгө бардык аракеттерди жумшайбыз.
- Жакында эле Украинада дүйнө чемпионаты болот, Кыргызстандан Каныбек Сагынбаев катышат деген маалымат тарап, кайра кийинчерээк болоору айтылып, мөөнөтү жылдырылды эле. Бул чемпионат профессионалдар арасындагы мелдеш болсо керек эле? Ошондо Каныбек профессионалдык аренага кеттиби?
- Бильярд деле бокс сыяктуу ышкыбоздор жана профессионалдар деп бөлүнөт. Каныбек Сагынбаев болсо мурда спорт ышкыбоздор, сүйүүчүлөр арасында ойноп таанылып, дүйнөнүн үч жолку чемпиондук наамына арзыган.
"Зеленая марка" деген арак-шарап чыгарган фирма Орусиядагы мелдештерге ири суммадагы байге коюп, турнирлерли өткөрүүгө, демөөрчү болуп жүрөт. Булар КМШдагы, дүйнөдөгү эң кыйын оюнчуларды чакырып, жылдан жылга байгесин арбытып, таасири артып баратат. Булар жолун, мейманкана акысын да төлөп берет. Биринчиден - төртүнчү орунга чейин чоң сыйлык коет. 5-8, 16-32-орунга чейин да байге беришет. 5-8-орунга чейин 1 миң доллар төлөсө, 32-орунга чейин 500 доллар байге ыйгарылат. Биринчи орунга 7 миң доллар берип, жылдан жылга байгесин көтөрүп жатышат. Бул профессионалдар арасындагы мелдеш. Украинадагы дүйнө чемпионаты да профессионалдар арасында болмок. Ошондой эле спорт сүйүүчүлөр арасында да дүйнө, Азия, Европа чемпионаттары, Кубоктору өзүнчө өткөрүлөт.
Снукер, пул-8, пул-9, орус пирамида деген бильярддын түрлөрү бар. Үч оюн ар түрдүү болгону менен баары биригип "орус пирамидасы" деп аталып жүрөт. Негизинен чемпионаттары, кубоктору спорт ышкыбоздорунун күч сынашуулары.
Буларга профессионалдык оюнчулар катышууга укугу жок. Ошондуктан эларалык бильярд федерациялары тартипти сактоого аракет кылышууда. Бир эле оюнчу профессионалдык, андан кийин ышкыбоздор арасында ойноого катуу көзөмөл жүргүзө баштады. Каныбек болсо кайсыл тармакты тандайт өзү чечүүсү зарыл. Себеби ал кийинки учурда профессионалдык мелдештерге катыша баштады. Былтыр Санкт-Петербургдагы дүйнө чемпионатына Каныбек Сагынбаевди катыштырбай коюшкан. Мисалы, дүйнөнүн 8 жолку чемпиону Сталевдин тагдыры да ушундай болду. Ал профессионалдык мелдештерге гана катышып калды. Каныбек 2007-жылы чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгондо, баш байге 45 миң долларлык "Ауди" автоаргымагын утуп алган, спорт ышкыбоздор арасында.
- Бильярдды өкмөт мүчөлөрүнөн да ойноп жүрүшпөйбү? Депутаттардан дагы бильярдчыларды билем. Ошондой чоңдордун оюну, бул спорттун өнүгүшүнө аз да болсо салымын кошуп, жанагы "очойгон" салыкты азайтууга көмөгү тийээр бекен?
- Бишкектин мурдакы мэрии Медет Керимкулов колдон келген жардамын аяган жок. Ал алты жыл бильярд федерациясынын президенти болду. Алты жылда көп чоң мелдештерди өткөрдү. Бишкектин Кубогун уюштурду. Эларалык аренада таанылдык. Өзүнчө бильярд спорт мектебин ачууга үлүш кошту. Константин Коробов деген ошол мектептин жетекчиси. Бокс менен бирге бильярд спорту эриш-аркак өнүгүүдө.
Көп депутаттар бильярд ойношот. Коопсуздук Кеңештин катчысы Адахан Мадумаров да бильярд ойнойт. Бирок ал чоң мелдештерге катышпайт, элчилердин Кубогу сыяктуу мелдештерге катышып жүрөт. Мындай мелдештерге министрлер, элчилер да келишет. Алардын арасында да мыкты ойногондор арбын.

(Уландысы бар)

Кабыл Макешов