"Аалам" спорт

Иранда футбол №1 спорт
Иранда футбол эң таасирдүү, абдан өнүккөн спорт болуп саналат. Футбол Федерациясы 1920-жылы түзүлүп, эларалык Футбол ассоциациясына (ФИФА) 1945-жылдан бери мүчө болуп саналат.
Футболду өнүктүрүүгө өкмөтү да кызыкдар, көмөкчү болуп, айыл-кыштактарында да футбол аянттары, шаарларында футбол стадиондору курулган.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешүүлөрүнө үч ирет катышкан. 1978, 1998, 2006-жылдары дүйнө чемпионатында Иран өлкөсүнүн туусу көтөрүлүп, футбол державасы экенин айгинелейт.
Ирандын футбол боюнча улуттук командасы Азиядагы эң күчтүү команда болуп саналат. Алар Азиянын чемпиондугун үч ирет жеңип алышкан (1968, 1972, 1976).
1978-жылы Аргентинада өткөн дүйнө чемпионатында Ирандын командасы алгач ирет катышып, футбол күйөрмандарынын көңүлүн бурган. Анда алар - Нидерландия, Перу жана Шотландия менен бир топто ойноп, эки атаандашына алдырып коюп, шотландиялыктар менен 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Дүйнө чемпионатында биринчи топту дарбазага таамай тээп киргизген ирандык футболчу Ирай Данамфарддын ысмы Иран футболунун тарыхына жазылган.
1979-жылы революция, Ирак менен болгон согуш футболду да аксатып, ортодо үзгүлтүккө учурады. 90-жылдан башында таланттуу жаштар өнөрү менен таанылып, Али Даен, Мехди Махжавикиа, Карим Багери, Ходадад Азизи сыяктуу футбол жылдыздары жарк этип чыга келишти.
Ушул жигиттердин жардамы менен 1997-жылы Австралияны жеңген Иран командасына 1998-жылы Францияда болчу дүйнө чемпионатына жолдомо ыйгарылган. Ушул Францияда өткөн дүйнө чемпионатында Ирандын футболчулары АКШны 2:1 эсебинде жеңип, дүйнөнү дүңгүрөткөн сенсация жараткан. Бул жеңиш спорттук ийгилик гана болбостон, саясый утуш катары бааланып, ирандыктар кубанычка бөлөнгөн. Эгерде ирандыктар Франция же Бразилиянын командасын утуп алышкан болсо, америкалыктарды жеңип алгандай толкундоо, кубаныч болмок эмес дешет ирандык адистер. Бирок кийинки беттешүүлөрдө Германия, Сербия, Черногория командаларына утулуп, чейрек финалга чыкпай калышкан. Ирандын футбол боюнча тандалма командасын хорватиялык устат Бранко Иванович жетектеп, 2006-жылы Германия менен Австрияда өткөн дүйнө чемпионатына катышууга укук алышкан. Алар чечүүчү беттешүүдө Жапонияны 2:1 менен утуп, дүйнө чемпионатына жолдомо алышкан. Бул беттешүү 2005-жылдын мартында Тегерандагы "Azadi" стадионунда болуп, 110 миңден ашуун футбол күйөрмандары сүрөөнгө алып турушкан. Эки топту тең Ирандын футбол жылдызы болгон Вахиж Хашемян киргизип, күйөрмандарды кубанычка бөлөгөн.
Ирандын мыкты футболчуларынын көбү Европалык клубдарда ойноп, чеберчилиги жогорулап, өлкөсүнүн атагын чыгарып жүрөт. Вахид Хашемян "Ганковер" командасында, жарым коргоочу Али Карими "Бавария" командасында, Мехди Махдавикиа болсо "Гамбруг", Феридун Занди болсо "Кайзерслаутерн" командаларында ойноп, такшалып, футбол сырларын үйрөнүшкөн.
Көп жыл Германиянын футбол клубдарында ойногон Ирандын сыймыгы болгон Даеи иргеп алуу мелдештеринде эле 9 гол киргизүү менен дүйнөлүк адистердин көңүлүн бурган. Ал улуттук Иран командасынын катарында эле 147 беттешүүгө катышып, 109 топ киргизүү менен рекорд койгон футболчу 2006-жылы Германия, Австрияда өткөн дүйнө чемпионатында Ирандын улуттук футбол командасы Мексика, Португалия, Ангола менен бир топко түшүп, жакшы оюн көрсөткөн. Бирок финалдык таймашууларга чыга албай калганы менен Азиядагы мыкты команда экенин далилдеп койду.
Учурда улуттук команданын башкы машыктыруучусу болуп даңазалуу футблчу Али Даеи дайындалып, дагы дүйнө чемпионатыа жолдомо алуу үчүн аракет көрүп жатышат.
Ал эми футзал боюнча Ирандын командасы Азия чемпиондугун көп ирет жеңип, дүйнө чемпионаттарында мөрөй алып жүрүшөт. Ирандык футболчуларга кыргыз күйөрмандарынын атынан ийгилик, жеңиштерди гана каалайбыз.




Кыргызстандагы
"эң бай" футболчулар
Кыргызстандын эң көп, жогору айлык алган футболчулары кимдер? Бул суроого өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Нурдин Букуев жооп берүүдөн тайсалдап, Нарындын "Дордой-Динамо" жана Канттын "Абдыш Ата" командаларынын оюнчулары деп божомолдоду.
"Дордой" футбол клубунун президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбековдун айтымында Африка жана Орусиядан келген легионер-футболчулар деле команданын капитаны Руслан Сыдыков, чабуулчулар Талант Самсалиев, Сергей Кудренко сыяктуу айлык алышат.
Кыргыз футболунун лидери болгон Нарындын "Дордой-Динамо" командасынын экинчи машыктыруучусу Замирбек Жумагуловдун айтымында мыкты оюнчулар ай сайын 12-13 миң сом айлык алышат. Мындан сырткары мыкты оюн көрсөткөндөргө, мелдештердеги ийгиликтери үчүн да акчалай сыйлыктар белгиленген.
Кыргызстандагы мыкты командалардын бири аталган Канттын "Абдыш Ата" командасынын жетекчилери футболчулары канча айлык алышарын табышмак кылып, айтышкан жок. Футбол адистеринин болжолунда алардын мыкты оюнчулары деле 10-12 миң сомдун тегерегинде айлык алышат.
Ал эми Кыргыстандагы футболчулардын эң төмөнкү айлыгы 2 миң сомго барабар.
Кыргызстандык айрым футболчулар алган айлыктары эч нерсеге жетпестигин айтып, наалып жүрүшөт.


"Дордой-Динамо" Түркияда машыгууда
Учурда Кыргызстандын беш жолку чемпиону, АФК Президентинин Кубогунун эки жолку жеңүүчүсү Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Түркияда машыгууларын өткөрүүдө. Ал жакта орусиялык, өзбекстандык, түркиялык футболчулар менен тажрыйба алмашып, жолдоштук беттешүүлөр өткөрөт.
17-февралда Өзбекстандын чемпионатынын коло байге ээси "Нефтчи" командасы менен мөрөй талашат. 19-февралда Орусиянын "Екатеринбург шаарынын "Урал" командасы менен ойнойт,
21-февралда Орусиянын биринчи Лигасында ойногон "Шинник" командасы менен күч сынашат. 23-февралда болсо Орусиянын "Кубань" же "Химик" командалары менен беттешет. Ошентип, алыста машыгып, атаандаштары да күчтүү болуп, "дордойчулардын" деңгээли өспөсө, Кыргызстанда алар үйрөнчү эч нерсе деле калбады.

Алматыда - бильярд дүйнө Кубогу
18-февралдан 22-февралга чейин Алматыда бильярддын комбинирдик пирамида түрү боюнча дүйнө Кубогу өткөрүлөт. Буга Кыргыз туусун көтөрүп барууга камылга көрүлүүдө. Кимдер барып, Кыргызстандын намысын коргойт, кайсыл өлкөлөр мөрөй талашат? Бул тууралуу келээрки саныбызда кеңири кеп кылабыз.

Дүйнөлүк таймашуу өтпөй калды
12-февралда Украинада өтө турган бильярд боюнча дүйнө чемпионаты болбой калды. Профессионалдар арасындагы дүйнөлүк таймашууга кыргызстандык Каныбек Сагынбаев да катышкан. Эмне себептен кийинкиге жылдырылганы алигиче белгисиз. Эсиңиздерге сала кетели, Каныбек Сагынбаев спорт сүйүүчүлөр, жаштар жана чоңдор арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону аталып, эл аралык спорт чебери наамына арзыган. Эгерде ал профессионалдык бильярдга баш-оту менен кетсе, анда аны спорт сүйүүчүлөрдүн мелдештерине катыштырбайт.

Кабыл Макешов