Рыспектин каткан байлыгын баарылап издеп жатышат
40 млн доллар өлчөмүндөгү алтын-күмүш зер байлыгын Рыспек Акматбаев кайда катканын таба албай жатышат. Анын кабарын ыраматылык ата-энесине да, аялына да айтпаптыр. Чекисти да, ОПГ тескегендер да болжолдуу жердин баарын казып чыгышты. Эки тараптын төрт көзү эми Рыспек чоңаталарынын арбагына багыштап салдырган Чолпон-Ата эстелигинин алдын казып жиберсек табабыз деп, бирок элден айбыгып турушат.

Эркин Мамбеталиевди түрмөдө өлтүрүп койгону турушат
Кезинде А.Атамбаевдин, кийин Акүйдө жансакчылык кызматын аткарып, кийин түрмөгө олтурган Э.Мамбеталиевди Бишкектин Биринчимай райсоту ОГП башчысы Т.Абасовду, полковник Ч.Алиевди, бай-депутат Ж.Сурабалдиевди атып өлтүргөн деп ага түбөлүк түрмө кесик чечимин чыгарган. Бишкек шаар соту ал Ч.Алиев менен Ж.Сурабалдиевди гана өлтүргөн, 25 жылга кесилсин деген. 10-февралда Жогорку сот алгачкы чечимди - түбөлүк түрмө кесигин күчүндө калтырды. Рыспектин тегерегиндегилерди "терип" бүтө жаздап калышпадыбы, 8-түрмөдө январда рыспекчил И.Кочкаровду бычак менен бышып өлтүрүшкөн. Өмүр бою кесилгендер жалгыздап олтурушу керек болсо, жок, Эркинди жалпы түрмөгө камап, качан бышып коер экен деп күтүп турушат. Кызыккан тараптын күчүн көр.

Мэрдин селдесине чок ыргыткан кимдер?
Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов күйүн-гөнүнөн кабинетине батпай ары-бери басып турган учуру. ИИМдин сводкасында аны жер титирөөдөн жабыр чеккендерге деген 150 миң сом акчаны сол чөнтөгүнө солоду деп жарыяланган. Шаар депутаттары уюшуп "Эркин мэр сүттөн таза, каршылары уюштурган иш" деп түз эле президентке арыз кат жөнөттү. Жеген-жебегенин текшеребиз деп калың комиссия баратат. Кантер экенсиз.

Башкы ырчынын байлыгы канча?
Мамлекеттик филармониянын директору Керим Турапов шүгүр эле калталуу жигит. Дүкөн, ортомыян бизнеси бар. Канча булбул болуп ырдаба - кыргыздар опера үнгө көп акча бербейт. Себеби, түшүнбөйт. Керим мырза ылдам байып кеткени жок. Мындан бираз жыл мурда диванда ар нерсени ойлонуп жатып музыкалык мектебимди ачсам кандай болот деп ордунан тура калып, ошондон бери ошол мектепке жер бөлдүрө албай бишкектик чиновниктерден үч көчкөн журттай көңүлү калды эле. Өткөн жумадагы шаардык кеңештин жыйынында депутаттар "Тураповго жер бөлүп берилсин" деп атайын токтомго түгөл кол коюп беришти. Энди, бул мектеп бери болгондо 20 млн. сом башын жейт экен.

Карасуу базарын кайра бөлүшкөнү калды
15-январда жыйын өтүп, мурда күңкү-мыңкы боло келген сөз ачыкка чыкты. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинен барышты, түштүк аймактык башкармалыгынын ачендиги И.Маматов жан сабап сүйлөй, "базарга өрт өчүргүч киралбайт, имараттарга ремонт керек, кир-кокко толуп чыктык" деп аргументин келтирип, акционерлерди ынандырды. Базар жаңыдан акционерлешет, сыягы. Баямандын үлүшүн "баековачылар" аңдып турушат экен.




Карысы бардын - ырысы бар
Президенттин атайын буйругу менен 6-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевичтин 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо, өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Кечээ Акүйдө бул комиссия алгачкы жыйынын өткөрдү. Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол жыйында Турдакун Усубалиевичтин басып өткөн өрнөктүү жолу - бул Кыргызстандын тарыхындагы олуттуу үлгү. Ошондуктан келечек жаштарга тарбия-таалим болушу үчүн бул мааракени намыстуулук менен өткөрүп алалы деди.
Маараке - топуратып той өткөрүү эмес, жаштарга таалим көрсөтүү,Турдакун Усубалиевичтин зор эмгектерин элге жеткирүү максатын көздөйт.
Алгачкы жыйынга катышкан Турдакун Усубалиевич комиссия түзүп бергендиги үчүн президент К.Бакиевге, комиссия мүчөлөрүнө, коомчулукка ыраазычылык билдирип, 90 жылдыкта төгүлүп-чачылган тойдун деле кереги жок. 30 жыл жетекчилик кызматтарда, анын ичинде Кыргызстан КП БКнын 1-секретары кызматында 25 жыл кызматта, кийин Жогорку Кеңеште депутаттык милдет аткарган жылдардагы эмгектерим элиме тереңдеп жетсе деген каалоом бар деди патриарх.

Жолдошбек Зарлыкбеков




Ветеринария жыл жыйынтыгын чыгарды
КР ветеринардык кызматы 2008-жылдагы иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Аны башкы мамлекеттик ветеринардык инспектор Калысбек Жумаканов маалымдады.
2008-жылы республикада 277 баш малдын жугуштуу ылаңдан жабырланган учуру катталган, анын ичинен 208 учур же болбосо 75 пайызы кутурма ылаңы болгон.
Адистердин баамдоосу боюнча кутурма ылаңынын өсүшү табийгатта жырткыч жаныбарлардын санынын арбын, алардын үй жаныбарларына кол салуусуна байланыштуу. Ветеринардык кызмат 450 миң ит, мышыктардын кутурма ылаңына каршы профилактикалык эмдөөлөрдөн өткөргөн. Ал эми ээсиз жолбун ит, мышыктардын санынын өсүшү, алардын профилактикалык эмдөөлөрсүз калышы да кутурманын күчөшүнө себеп.
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан ээсиз жолбун ит, мышыктарды кармап жок кылуу боюнча, ал эми жаратылышты коргоо жана токой чарбачылыгы органдары тарабынан жапайы жырткычтардын санын азайтуу боюнча тийиштүү чараларды көрүшүнө мамлекеттик ветеринардык кызмат өтө үмүттөнөт. Ылаңдарга каршы колдонулуп жаткан вакциналардын сапатын жакшыртуу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында республикабызда дагы башка шарп, койдун кул, чума сыяктуу жугуштуу ылаңдары бар.
Акыркы 10 жылда биринчи жолу бруцеллез менен ооруган адамдардын саны 221ге кыскартылган, бул малдардын бруцеллез ылаңынан арылышын далилдейт.

Күнболот Момоконов