Ганси. "Кетсин!" Кетеби?
Кыргызстандан америкалык авиабазаны чыгаруу аракети далайдан бери уланып, граждандык нааразылык улам күч алып келди. Сырттан агылгалаган адамга мындай аракет-өнөктүктөр өлкөдөгү Батышка каршы улам күчөп келаткан маанайдын бир көрүнүшү катары кабыл алынышы мүмкүн. "Кетсин!" өнөктүгүнүн масштабы таңдантат: ЖКнын беш комитети мына ушул эларалык маанидеги маселени талкуулап, "кетсин" токтомун токушкан. Бир нече саясый партиялар активдүүлүгүн көрсөткөн. Ганси базасын өлкөдөн чыгаруу боюнча коомдук кыймыл да түзүлгөн болчу.

Бул өнөктүк, байкашымча, өлкөнү акыркы беш жыл ичинде көлдөй чайкап жаткан жалпы саясый башаламандыктын бир эле бучкагы. Бийликке болгон ишеничтин улам ыдырап атышы ичкиби, тышкы мамиле болобу, айыкпас оорудан бетер коррупция, мыйзамды көзгө илбегендик, адилетсиздик чулгаган жашообуздун улам бир ыптасын кемирип келатат. Эларалык мамилелер туурасында кеп болгондо мисалы, бүгүн Кыргызстан кандай акыбалга кептелгенин дүйнөлүк аналитиктер тындырбай талкуулап жатат.
Кеп ирээти менен болсун. Ганси авиабазасы 2001-жылы ачылган. Ошол тушта Афганистанда согуш оту алоолоп турган. Террорчулук күчөгөндүктөн Буш менен Путин жолугушуп эларалык терроризмге каршы күрөшүү амалында макулдашууларды жүргүзүп, экөөнүн райымы менен чакан Кыргызстандын граждандык аэропортунда аскердик авиабаза ачылган болчу. Адеп келишим бир жылга түзүлгөн. Андан соң биздин жетекчилер келишимди улам кийинки жылдарга узартып, Ганси авиабазасынын ижарасынан түшкөн ири көк акчаны көмүскөдө көкбөрүдөй ырылдашып талашып жеп келишти. Аныгында, акыркы үч жылда гана бул базадан бизге жылына 80 млн доллар киреше берип келатканын Гансинин командачысы полковник Кристофер Бенс өткөндө депутаттар алдында айтып берген. Бул каражаттын кайда жумшалып жатканынын бүгүн да так эсеби жок. Бир бөлүгүн транспорт министрлиги, экинчисин минфин алат экен, үчүнчү бөлүгү кайда, эмне чөнтөккө түшүп жатат, кууп изилдеген киши жок. Манас, Аалам фирмаларынын тегерегиндеги чоң чыр азыр жадыбыздан чыгып кеткен өңдүү. Акаевдердин бул аймакты ээлеп, авиабензин сатуудан сол чөнтөккө бир эле маалда 40 млн долларды ABN банкынын Нью-Йорктогу бөлүмү аркылуу өз чөнтөгүнө үрөп келгени ФБР отчетунда айтылган. Ушундай коррупциянын айынан Кыргызстан бир эле ушул тармакта 80 млн доллар кирешеден куружалак калган. Ошол өнөкөт дале уланууда.
Ганси эларалык авиабаза. 12 мамлекеттин үлүш тиешеси бар. Бирок бара-бара, "музыканы ким заказ берсе" дегенсип, америкалыктар улам жыл өткөн сайын базаны чыңдап, ичкериге депутат түгүл кыргыз чычканын өткөрбөй тургандай курчанып алды. Ички тартиби толук америкалык армия тартибинде. Атүгүл, үч маал өтөктөтүп жеген тамагын да атайын Батыштан тартып келет. Биздикине, эмнегедир мурун чүйрүшүп - демек, биз көп кирешеден куру калдык. Акаев анча эмнеге жагынды - түшүнүктүү иш. Акаев-Джефферсон америкалык демократиядан (кийин ал демрократияга айланды) көчүгүн кыйшайтса, бийлик ээринен кантип кулап түшөрүн билгендиктен, аларга лыпылдап кызмат кылып, атүгүл Гансидеги катардагы аскерге да дипломатиялык колтийбестикти ыроолоп берди.
Калтасы толо акча, катын-калачынан алыста жүргөн аскер адамы эмне кылат. Бишкектин бүт ресторандарын башына көтөрөт. Сабайт, тоготпойт, теңсинбейт. 2002-жылы мартта Гансинин коопсуздук кызматынын офицери Дэниэл Марион мас абалында "Жип" машинеси менен эки келинди ыргыта коюп кеткен. Бири жамбашы сынып, экинчиси өтүн, боорунун бир бөлүгүн кестирген акыбалга жеткен. Америкалык тарап компенсация төлөдү - бирине 300 доллар, экинчисине 700.
Кийинки жылы да чыр чыкты. "Гансилик" аскерлер бишкектик жигиттин мурдун, эки кабыргасын сындыра сабашты. Соңку жылдары мындай сабаштар тизмеси нечен ирет катталды. Жарды сойкуларыбызды колжоолуктай пайдаланып, акысын бербей чыр чыкканы да арбын. Акыры ээнбаштыктын апогейи - 20 жаштагы Ганси аскери кыргызстандык авиабензин ташуучу шоопур А.Ивановду жүрөккө эки жолу атып өлтүрдү. Бул кылмыш ишин иликтөөгө биздин Башкы прокуратуранын укугу-алы жетпейт экен. Хотфилдди бир ирет суракка алууга да укук беришпей, аны Америкага алакачып тынышты. Үч жылдан бери ал жакта "соттоп" бүтүрө албай жатышат. Гансини жабуу боюнча бир алиби - дал ушул укуктук-нравалык маселе болду. Эң негизгиси, дүйнөлүк империя курууга умтулган америкалыктар Кыргызстанда акча санаганды эң дурус билген оштук кыргыздар да бар экенин көз жаздымында калтырып коюшту шекил, ижара акысын аз төлөп атасыңар деп үч жылдан бери койгон талапты кулак сыртынан жиберишти. Быйыл Ганси кыргыздарга жылына дагы 25 млн доллар үстөк төлөйлү дешти эле, "чатак" чыгып кетти.
Азыр коомчулуктун басымдуу бөлүгү бул авибазаны кетсин дегендей маанайда. Ал эми Пентагондогулар бул кабарды уккан соң салкынкандуу гана "Ганси биздин стратегиялык эң талылуу очогубуз, Кыргызстан биздин мыкты өнөктөшүбүз, биздин көп пландарыбыз, көмөк көрсөтө турган жагдайларыбыз бар, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз" деди. АКШ Мамсекретары Хилари Клинтон да кейип-кепчип жибергени жок. Евросоюз Кыргыз бийлигинин бул чечимине нааразы экенин билдирди. Демек, Кыргызстандын Батыш өлкөлөрүндө дипломатиялык иш-аракеттерине Ганси маселеси терс таасирин тийгизет дегендик. Бул бир.
Экинчиси. Афганистанда азыр абал оңдуу эмес. Обама бул аймакка америкалык дагы 30 миң аскер кошумча жөнөтөрүн айтты. Демек авиабаза абадай эле зарыл. Ар кабарга караганда АКШ авибазасын Тажикстанга жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы айтылууда. Россия жетекчилиги кыргыздарга ири кредит пакетин берип, энди Борбордук Азиядагы өзөк базанын ордун ээлейм деп кол укалап турганы менен, эгер Ганси, кыргыз бийлиги төш кагып 180 күндө кетиребиз дегени менен, ордунан жылдыралса, анда эки улуу державанын такым үзмөй ырылдак тиреши күчөп, байыркы кыргыз ата-бабаларыбыз насаат калтыргандай, "эки дөө кармашса, ортосунда кара чымын кырылат" болуп, Бишкек бийлиги бурчка тыгылат. Ансыз да, белгилүү саясат таануучу А.Дубнов айткандай, АКШ Бишкек тарабынан мындай демарш болорун билип, билмексенге салып, кыргыздардын каяша айтышы дегеле мүмкүн эмес дегендей пикирде эле. Январь ичинде АКШнын Центком башчысы генерал Петреус Борбордук Азия мамлекеттерин (Ташкенттен башкасын) түгөл кыдырды. Президенттер арасынан жалгыз Бакиев гана бул улук генералды кабыл алганы жок. Анын себеби түшүнүктүү, орус бийлигине берген убадасынан кайта албай калган.
Азырынча Обаманын администрациясына кыргыз бийлигинин кеткиле деген расмий кайрылуусу бара элек. Барарын барат, анан эмне болот? Ажыдаар жалын бүркпөйбү? Айткандай, кечээ КТРКдан коопсуздук кеңеш катчысы А.Мадумаров ажону айда башына көтөрө мактады. Курманбек Салиевич саламдашпай калган тажик, өзбек президенттеринин ортосуна данакер болуп жараштырыптыр, соңку отурумду уюштурууда кыргыз президентинин салымы күч болду ж.б. Кыскасы, эмитен эле эйфория…

Жолдошбек
Зарлыкбеков




  Апта адамдары

Кубанычбек Апас
Он күнгө отпускеге келген Апас мырза, кыргыздар жылда бир зарыгып күткөндөй, адаттагыдай, кышкы "Апастын апасный" чабуулун баштап жиберди. Эркин гезиттер ал эмне десе ошонун баарын элге жайып үлгүрдү. Ак үйүнүн да, Көк үйүнүн да, аппазициясынын да башына биоайран төгүп, баарынын бети-башын ала-була кылды. Өлкө бүгүн толугу менен Кремлдин тырмагы астында калганын, кийинки президентке даяр экендигин, фигурасынан Вашингтон, Кремль да сестээрин, азыр стратегиялык планы жок оппозиция кечээ Бакиевди бийликке отургузуп беришкени үчүн элден тизелеп кечирим суроолору керектигин, аягында (Апасты шыйрактан алып камап кое тургандай!) Бакиев акыркы эки жылда Россия ФСБсынын 5-отделинин марионеткасы болуп иштегенин айтып, кызыл сомкесин сүйрөп Москвага - А.Бакулев атындагы хирургиялык борбордогу ишине чапкан боюнча кетти.

Барак Обама
Американын 44-президенти Обама жаңы администрациясынын курамында тээ Клинтондун убагынан бери эле Акүйдө иштеп келаткан Гэри Сеймурду башчылыкка олтургузуп, куралсыздануу маселелери боюнча жаңы структура түздү. Бул бөлүмгө көзөмөлдүктү түздөн-түз мамкатчы Хилари Клинтон жүргүзөт. Финансы кризиси маалында жарыша куралдануунун кимге пайда-батасы бар. "Таймстын" жазганына караганда, Обама жакында орустарга ар бир тарап 1000 даанадан ядролук заряддарды кыскарталы деген сунушу менен чыгат. Обама Буштун ядролук амбиция планынан да баш тартышы мүмкүн. Европага коюла турган радар, противоракеттер эле АКШнын бюджетинин 4 млрд долларын жейт. Же оңолуп кеткенче деп орустар менен "ойноп" аткан кербезиби?

Адахан Мадумаров
Кечээ Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров журналисттерди жыйып, пресс-конференция өткөрүп, бучкакка чапкандай "отчет" берди. Журналист журтунун таңданганы - экс-журналист Адахан мырза Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты болсо да, өзүн Кыргызстандын гражданини катары сезбей келиптир. "Менде, - дейт Кимсанбаевич, - азыр алгач ирет Кыргызстандын гражданинимин деген сыймыктануу сезими пайда болду". Бул сезим ага антитеррордук коалициянын авиабазасын КР аймагынан чыгаруу чечиминен келип чыгыптыр. Кечээгидей бүгүн да Курманбек Салиевичтин жүк көтөргүс эмгегин баалашыбыз керектигин наказ кылды. Кайра-кайра эле мактай берсеңиз, "Душманымды мактап атып өлтүрөм" деп Рамис айткандай, ажо шектенип калып жүрбөсүн. Ансыз да "Мадумаров+Үсөнов" тандеми Акүйдүн 7-кабатында каалашынча тайтактай баштаганын айтышууда. Жергиликтүү оппозиция сүйлөй берет деп ЖКдагы "оорусу" дагы башталды. Медет Садыркуловду "айдап" чыгып,өз жаш кадрларын айланасында топтоо - коопсуздук жайгашкандыкка жатпайт.
Жолдошбек Зарлыкбеков