ДЕН СООЛУК

Врачтар өмүр жибин улагандар…
Эсимде, бала кезде алтынчы, жетинчи класста окуп калган убакта кыргыз адабияты сабагынан "Менин сүйгөн кесибим" деген сочинение жазчу элек. Бала кезде көбүбүз эле врач болгубуз келчү экен. Өзүм врач болбой калганым менен ар дайым врачтардын эмгегине тан берип келем.

"Убагында Т.Усубалиев, Ч.Айтматов, А.Акаев, М.Миррахимовдордун да алкышына ээ болгом".

"Кана балдар ким кандай кесипти аркалагысы келет?", - деп адабиятчы Айдарбек агайыбыз биз менен кесип тандашаар эле. Ар бир кесип ардактуу дегендей ар бирибиз чурулдаша мен мугалим болом, сот, эсепчи, врач, дегеле бардыгыбыз оюбуз менен космоско чейин учуп барып келчүбүз. Кичине кезимден мен врач болгум келчү. Ар бир сочинениемдин башталышы "Врачтар өмүр жибин улагандар, өздөрүнүн дили да халатындай аппапак" деп шурудай тизмектелген сөздөр менен башталчу. Бала кезден эле врачтардын түмөн түйшүгүн жүрөгүм менен сезип, алардын колунан бардыгы келет деп эсептечүмүн.
Балалык баео сезими менен өмүргө өмүр кошкон ак дилдүү врач болгум келчү. Кичине кезимден апам тез-тез сыркоолоп, врачтар үйгө бат-баттан келип турчу. Ошон үчүнбү, апама "Апаке, мен чоңойгондо абдан кыйын врач болом, сизди оорубас кылып айыктырам", - дечүмүн. Мектепте да эң алдыңкы окуучулардан болуп окучумун. Атам "кызым чоңойсо врач болот, биз картайганда дарылап турат" деп эркелетип турчу.
Онунчуда окуюн деп калганда апам жарык дүйнө менен кош айтышып кетти. Ошондогу кайгырганым, жер астын-үстүн түшкөндөй болгону, айтор мен үчүн оор жоготуу болду. Кийинчерээк врач эмес, бизге кесип тандаткан адабиятчы мугалим болдум. Жүрөгүмдүн түпкүрүндө орун алган врачтык кесип жөнүндө кагаз бетине түшүрүп, алардын түмөн түйшүгүн, адам баласына кылган эмгегин, дегеле мээнеткеч мээрмандар жөнүндө жазсам деген ниет дайыма эле бар эле, оңдой берди болуп учуру келип турат.
Эки жылдан бери оң бутум ооруп, кээде бастырбай тырышып аксатып калчу, кээ түнү таң атканча какшаганычы. Анализдерди тапшырып, бардык көзөмөлдөн өттүм, баары эле ойдогудай, эч нерсенин жиги билинбейт. Кайсы жериң ооруса, жаның ошол жерде дегендей, жан айласын кылат экенсиң да. Бир күнү бир таанышым чыгыш медицинасы боюнча дарылаган белгилүү адис бар экенин айтып калды. Дароо дарегин алдым да, ошол жакка жөнөдүм.
Анча чоң эмес бир кабат, бирок ичи-тышы бирдей мелтиреген бул имарат көзгө жакшы көрүндү. Ичине кирсем, элдин көптүгүнөн эң акыркы болуп тизмеге тизилдим. Кезегимди күткөнчө эки жакка көз чаптырып буту-бутуна тийбей ары-бери чуркаган мээрман айымдардын мамилеси, илбериңки жооп бергендери кайдыгер калтырбады.
Кезек жетип врачтын кабылдоосунда болдум. Айткандай эле тамыр кармап, адегенде эле ооруну так аныктай алаарына көзүм жетти. Анализдеримди чыгарып, туура он эки күн дарыландым. Дарылоонун жыйынтыгы эки-үч күндө эле билине баштады. Бир ыптасы кыймылдабай башы, буту, колу, муун ооруларын, өзгөчө нерв оорулары менен ооругандар дарыланса болгудай.
Жаным өзүмө келип, ооруган жерим сезилбей калганга көзүм жеткенде ал тууралуу жазайын дедим. Медициналык борбордун башкы врачы Бекбоев Темирбек Бекбоевич менен азыноолак маек курдум.
- Адатта менчик клиникалар борбор шаардын чок ортосунан орун алышчу эле, не себептен шаардын четинен ачып алгансыз? Менчик борбор ачууңузга эмне түрткү берди?
- Ишин эң мыкты билген, дасыккан врачтарды эл өзү баалап, чет жак эмес, айыл жеринде деле жайгашсаң, таап келип дарыланышат. Биз Киркомстромдо жайгашканыбыз, шаардын чети болгон менен анча деле алыс эмес, буга чейин шаардын борборунан ачканга аракет кылган элек, бирок, клиника да талапка жооп бериш керек болгон үчүн ал тараптан ачылбай калган. Иштегенибизге беш жылдын жүзү болду, байма-бай реклама берип деле кыйналган жокпуз, эл биринен бири угуп келип жатышат. Бир күндө жүздөгөн кардарларды тейлейбиз. Кыргызстандын көп жерин кыдырып келдик, ар бир райондо, облуста, ал гана эмес айылдарга чейин барып иштедик. Мурда мамлекеттик жумушта иштечү эмес белек, 90-жылдары заман өзгөрүп кетпедиби, анан мен өзүмчө жеке менчик клиниканада иштөөнү чечтим. Ар бир солдат генерал болууну эңсейт сыңары мен да өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Мурда жогору жактагылар кандай айтса ошол боюнча иш кылчубуз. Өзүңдүн акыл-эсиң өсүп, жаңы ачылыштар ачылган соң, улам алдыга жаңыча умтулат турбайсыңбы. Ошон үчүн өзүмчө жеке клиника ачып, элге мурагыдан дагы көп жардам кылгым келди.
- Чыгыш медицинасы элге эмне берет, өзгөчө андагы алтын ийне ыкмасы жөнүндө көп айтышат?
- Алтын ийне деп аталып калышы тээ илгери совет мезгилинде эле белгилүү болгон, ал көбүнчө колу-буттун иштебей калышы, нервдердин кысылышы, дегеле бизге билинбеген тамырлардын застой дейбизби же болбосо иштебей калгандарын, ошол ийне аркылуу иштетебиз. Бизде алтын ийне менен гана эмес, комплекстүү дарылоо жүргүзүлөт.
Бизге көбүнчө муун ооругандар, колу-буту ооруп баспай калгандар, остеохондроз, белин кокустатып алгандар, жүлүнүн кемирчек кысып, (грыжа, диска) операция кылдыра албагандар келет. Өзүм невролог болгондуктан алтын ийнени баш ооругандарга, нерви чарчагандарга көп колдоном.
Кытай медицинасындагы колдонгон алтын ийне баш ооруну дарылоодо жакшы натыйжа берет. Аны кан басымдын жогорулап же төмөндөп өтүшүп кеткенде, өнөкөт бронхит, бронхиалдык астма, ашказандын, өттүн, бөйрөктүн сезгенишине колдонобуз. Көздүн көрүүсүн жакшыртып, көздүн кан басымынын көбөйүп кетишин дарылоого мүмкүнчүлүгүбүз бар.
Россиядан акыркы үлгүдөгү нур (лазер) аппаратын алып келип, комплекстүү дарылоого өткөнбүз. Анда эки түрдүү нур (лазер) бар. Бири кызыл лазер, ал теридеги аллергиялык ооруларга колдонулат. Ал эми көрүнбөгөн инфракызыл нур, ванна деп коебуз, ал терең кирип ички органдардын сезгенишин дарылайт. Маселен, ашказандагы, он эки эли ичегидеги жаратка, жыныс органдарынын сезгенишине жакшы жардам берет.
- Тамыр кармап диагноз коет экенсиз, илгери ата-бабалар ооруну ысык, суук деп эле бөлүшчү эле, сиз кандайдыр бир илимге таянсаңыз керек?
- Мен жетектеген медициналык борбор негизинен чыгыш медицинасына багытталган. Бирок аны менен эле чектелбей, батыш медицинасынын да жакшы жактарын алып, эки үлкөн медицинаны айкалыштырып иштеп жатабыз.
Алтын ийне кытай терапиясында колдонулат. Жакшы жыйынтык бергени үчүн байыркы мезгилден бери колдонулуп келет. Кытай медицинасы биринчиден экономикалык жактан үнөмдүү. Экинчиден бат натыйжа берет. Адамдын денесиндеги 700дөн ашык чекит бар жер менен органды байланыштырган 12 канал бар. Теринин алдындагы чекиттерге ийне сайып, дүүлүктүрүп, 12 органдын ишин жакшыртабыз.
Тамыр кармоо кыргыздын элдик медицинасында да, чыгыш медицинасында да бар. Кыргыздарда оорулууну ысык, суук деп гана бөлсө, кытай медицинасында 12 органдын оорусун үч манжа менен экиге бөлүп билет. Үч манжа менен тамырды акырын жана катуу басуу аркылуу оң колдон 6 органдын, сол колдон 6 органдын иштешин билсе болот. Эгерде биз ультра үн ишараты аркылуу органдын чоңоюп же кичирейип кеткенин биле турган болсок, тамыр кармоо аркылуу органдын ошол мезгилдеги иштешин аныктайбыз. Оорулуунун тамыры күнүгө көзөмөлдөнүп, кандай жылыш болгонун билип туруш керек.
Тамырын кармап, диагнозун коюп, алтын ийне, лазер (нур) менен кактап, ооруга жараша капельница, укол, иче турган дары, укалоо жолдору менен комплекстүү дарылайбыз.
1976-жылы чыгыш медицинасынын сырларын Кытайдан келген уйгур агайым Бабажанов Нурдин Салижановичтен үйрөнгөм. Андан кийин Санкт-Петербургдан чыгыш медицинасы жана психотерапия боюнча илимди өркүндөткөм. Келген соң, үч жыл улуттук госпиталдын неврологиясында, андан кийин он үч жылдан ашык президенттин иш башкармалыгынын алдындагы атайын клиникада иштедим.
Убагында улуу инсандар Т.Усубалиев, Ч.Айтматов, А.Акаев, М.Миррахимовдордун да алкышына ээ болгом.
Мына ушундай, тууган. Жанды жеген ооруган ооруңдан айыксаң, алкыш айтпаганда, ага башыңды ийип, таазим этпегенде кантесиң. Ар дайым колуңар жеңил болуп, сиздерге үмүт арткандардын ишенимине ээ болуп жүрө бериңиздер демекчимин, ак халатчан мээрмандар!

Шааркүл
Медетбекова