Акимдин ишин жакындан ук…

Лейлек районунун акими Кубанычбек Шайназаров
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде Кочкор районунун акими К.Байтерековдун жетекчилик жана жеке бейнесин окурмандарыбызга ачып бергенге аракет кылганбыз.

Аким мырзалар жөнүндөгү баяныбыздын бул жолку каарманы - республиканын алыскы чектеринин бири, Лейлек районунун акими Кубанычбек Шайназаров мырза. Биздин максат - акимдерди айга учура мактап (аны бийликчил же анын акырынан жем жеген басылмаларга коелук), ансыз да маанайы пас элдин кыжырына тийүү эмес, калың катмар окурман калкка бүгүнкү күндө райондорду кимдер, кандай адамдар башкарып жатат, бүтүргөн эмне жумуштары бар, карапайым букаралардын алар жөнүндө пикирлери кандай, ушулар туурасында калыс кеп козгомокчубуз.
Адегенде эле эскерте кетейин, ушу саптарды жазыбаткан мен да Лейлектин баласымын, каарманым К.Шайназаров менен көп жылдардан бери таанышмын, атүгүл экөөбүз кайнаган кырчын кезде райондун келечектүү делинген кадрларынын "окчонтоюна" бирге түшүп, чоң турмушка үзөңгү кагыша чогуу аттанганбыз. Бирок насип башка экен, жолубуз айрылып кетти; Кубанычбек Төлөнович бүгүн 120 миңге чукул калкы бар райондун журт атасы.
Түшүнөм,чоң мансапка жеткен кыргыз баласы, баччагар, бат эле көзүн май басат, кызыгы, өзүнөн бир сөөм өйдө тургандарды кудай санап, бир сөөм ылдыйдагыларды түк эле киши ордуна көрбөй калат. Бу жааттан алып баксак, менин эски досум, азыркы аким К.Шайназаров мырза мындай "оорудан" алыс сыяктанат, ортодогу салам -алигибиз кадимкидей түз; бирок мендей карапайым шериктер менен "коопсуз дистанцияны" байкатпай, кылдат сактоого аракеттенгендей. Туура, оюндун эрежеси ушул, мамчиновниктер дайыма бийликти сындаган эркин журналисттерден чочулап турушат, сагызгандай өтө сактары атүгүл элдин көзүнчө алар менен чогуу баскандан жазганышат экен. Бул кыргыздар үчүн нормалдуу көрүнүш, ошондуктан эч ким эч кимге кине коюуга тийиш эмес.
Лейлектин мээнеткеч момун, түшүнүгү баео элин К.Шайназаровго чейин көп инсандар башкарып келди,бирок ысымдары тил учунда эмес, элдин жүрөгүндө калгандарын санай келсең колдун беш манжасына жетип-жетпейт. Айтылуу Вагинур Талипов аксакал, албетте, өзгөчө орунда турат. Союзга дүңгүрөгөн Лейлек ашарынын даңкы Абдыкадыр Сапарбаевдин тушунда чыкты. Калыстык үчүн айта кетүү керек, даңктын автору бул адам эмес, Лейлектин мыкты уулдарынын бири, райондун ошо кездеги "премьер-министри" (райатком) Карим аке Ташбалтаев аксакал эле. Бирок бул жупуну инсандын ысмы көлөкөдө калып, ашардан түшкөн атак-даңк, мартаба, сый-урмат жалаң А.Сапарбаевдин төбөсүнө жаады, көрүп турса да жоош лейлектиктердин ичинен дым демек тургай, ишара кылып чыккан бир жан болбоду. Кийинки эгемен акимдерден элдин эсинде калган бирөө, өзү Ак-Талаанын кулуну (Нарын) Ыбырайым Жолдошев деген мырза накта "тонкий востоктун" кандай болоорун ушул Лейлектен өз көзү менен көрүп, өзгөчө чоңдорго жасалган ызат-урматка күчтүү таасирленген, ошондуктан элди "катуураак" башкаргысы да келбей, жалаң сыйдын үстүндө гана жүрүп, маалынан эрте Ак-Талааны көздөй кайра тарткан. Билишибизче "кап, беш-алты жылдай турсам эмине" деген эч кимге айтпаган арманы ичинде кошо кеткен.
Эл ичинде "аккан арыктан суу агат" деген керемет, даанышман кеп бар эмеспи, азыркы аким мырзанын атасы Төлөн аяш ата Шайназаров аксакал белгилүү дарыгер, элдин батасынан агарып-көгөргөн инсан. Өзү касиеттүү жер Алайдын кулуну деп уккан жайым бар. Эр жигиттин үч журту бар демекчи, Кубанычбек тага журту Лейлекте, жаңылбасам таенесинин колунда өскөн. Байбиче жарыктык табиятынан нарктуу, ары ак сөөк, жибектей жумшак, майин адам болсо керек, Кукенин жүргөн-турганын, адамдарга жасаган мамилесин, жанда жок ийкемдүү элпектигин баамдап отуруп, таалим-тарбиясы мыкты устаттын колунан бүткөнү көрүнүп турат. К.Шайназаров кесиби боюнча инженер-механик, кийинчерээк укук-менеджери деген экинчи дипломго ээ болсо керек эле. Басып өткөн жолуна саресеп салсак карапайым автомеханиктен тартып райондун акимдигине чейинки коомдук да, чарбалык да бүт тепкичтен өттү. Турмуштук, кызматтык тажрыйбасы жетишээрлик, кырк алты жаштын кырчылдаган зирек курагына келип турган чагы. Узун кулактардын (булар жердин жети түбүндө эмне болуп атканынан өйдө билип турушат эмеспи) айтымына караганда, аким мырзада ашып-ташкан байлыгы, көмүскө же Кочкордун март акими К.Байтерековдукундай ачык,пайдасын эл менен бөлүшкөн бизнеси жок. Бирок эларалык уюмдар, инвесторлор менен катуу иштеп, районду көтөргөнгө жан дили менен аракет кылып жаткандай.
Эли эмгекчил, башкарганга жеңил болгону менен райондун өзүнүн табигый шарты бир топ оор, анүстүнө борбордон да бир топ алыс, андыктан аким мырза көптөгөн татаал маселелерди жеринде, өзү чечкенге, керек учурда иштин кызыкчылыгы үчүн өзгөчө бир чечимдерди кабыл алганга аргасыз. Республиканын маалымат каражаттарында байма-бай айтылып келаткан чегара көйгөйлөрү, коңшулаш тажиктердин дабышсыз, жылма экспанциясы, бош калып жаткан айылдар, ишке жарактуу курактагы адамдардын басымдуу бөлүгүнүн Чүй бооруна, Бишкекке, Орусияга түп көтөрүлө агылып жатышы ж.б.у.с. көйгөйлүү маселелерге кирип кетчү болсок сөз узун, аны кези келгенде буюрса барып, көрүп жазып келээрбиз. Болгону алардын ичинен тышкы миграциянын тийгизген пайдасы - акыйкаттык үчүн белгилей кетели, адамдардын турмушунун оңолуп, мал күтүп, машине тепкенинде ириде бийликтин кызматы (заслугасы) эмес, Орусияда, Казакстанда, Бишкекте бели бүгүлбөй иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарынын эмгеги. Муну эч ким жокко чыгаралбас.
Райондун ички дүң продукциясынын 65 пайызы айыл чарбасынын үлүшүнө туура келет. Андыктан райондун жетекчилиги эгин аянттарын жылдан жылга кеңейтип келет. Маселен, 2008-жылдын өзүндө эле бул миң гектардан ашуун жерди түзгөн. Эгин аянттарынан орточо 30 центнерге жакын түшүм алынганы Лейлектей катаал жердин шарты үчүн жакшы көрсөткүч десе арзыйт. Бирок сугат суу маселеси эчактан бери кендирди катуу кесип келатат, лейлектиктерди таза сууга карк деп айтканга да болбойт. Угушубузга караганда аким К.Шайназаров мырза бул жылы да өзүнүн ишинин негизги приоритети катары жогорудагы проблеманы жеңилдетүүгө ниеттенип турат. Райондо бир топ, бюджетке бараандуу салык түшүрүп турган "Исфана", "Лейлек курулуш", "Ак-Таш" сыяктуу акционердик коомдор ж.б. кичи, орто бизнес жаатында дурус иштеп жаткан көптөгөн ишканалар бар. Ал эми келечектүү деп саналган иштер - 120 млн. т ашык көмүр, 1500 миңдей т алтын, 8500 т га чукул мунайзат, 7009 т чукул кварц кумунун изилденген запастары бар. Эгерде ушуларды толук иштете алса аким мырзанын ысмы райондун тарыхына алтын тамгалар менен түбөлүккө жазылып калмакчы.
Лейлектеги саясый турмуш да азыр жанданып калды деп угабыз. Акимдин жергиликтүү тегирменден чыккан, өзүлөрүн "ата мекенчилербиз" дешкен чакан оппозициясы бар дешет. Демократиянын оюндарын эрмектеп турганга ышкылуу бул адамдардын ишмердүүлүгү азырынча борборго "донос" жеткирүү менен чектелип, райбийликке олуттуу коркунучу деле жок сыяктанат. Кыскасы "все как у людей" деп орус туугандар айткандай, Лейлекте да баары эл катары.
Баян соңунда эстеп калдык, жакында К.Шайназаров мырза президенттин колунан Ардак баракчасын алыптыр. Аким мырзаны бул чоң сыйлыгы менен биз да куттуктап, ишине ийгилик, өзүнө ден-соолук каалап кеткибиз келет.

Бахтияр Шаматов