ЭКОНОМИКА

Айылчы Сарыбаев, экономика илим доктору:
"Дүйнөдө, тарыхта жок салыкты киргизген депутаттарды ким десек болот"
Чындыгында бизде сом менен миллиардер, доллар менен миллионер адамдар мамлекеттик бюджетке эчтеке төлөгөн жок.

-Айылчы агай, жаңы кабыл алынган салык кодекси жалпы мамлекет жүргүзүп жаткан экономикалык саясатка жана салык саясатына туура келеби?
-Чынында бул чоң суроо. Себеби, салык саясаты ар бир өлкөдө жүргүзүлө турган, кыла турган экономикалык программага жараша болот. Салык саясатын ар бир өлкөгө башкарууга келген партия жана ошол партия дайындаган өкмөт мүчөлөрү өздөрү иштеп чыгып, экономиканын талабына жараша салык системасын түзүп, алардын ставкасын көбөйтөт же азайтат. Дүйнө жүзүндөгү чоң өлкөлөр деле дүйнөлүк кырдаалга, ошол мезгилдеги экономикалык абалга жараша ар дайым өзүнүн салык саясатын өзгөртүп турат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өткөн кылымдын 80-жылдары Рейган Президент болуп турганда АКШда "Рейгономика" аты менен белгилүү болгон чоң салык реформалар жүргөн. Ошол эле кылымдын 60-70-жылдарында азыркы кезде аталып жаткан кошумча нарк салыгы деген жүгүртүү салыгынын ордуна келип кирген. Ошондон кийин кошумча нарк салыгы башка өлкөлөрдө да иштетиле баштаган. Салык системасынын дагы бир өзгөчөлүгү түз салыктар менен кыйыр салыктардын бири-бирине болгон катышы. Кээ бир өлкөлөрдө кыйыр салыктар көп болсо, кээсинде түз салыктар үстөмдүк кылат. Бул ар бир өлкөнүн экономикалык шартка карата жүргүзгөн саясатына жараша болот. Салыктар прогрессивдүү жана регрессивдүү деп экиге бөлүнөт. Салыктар үчүн дүйнө жүзүндөгү чоң-чоң мамлекеттерде жумушчулардын кыймылы түзүлүп, алардын нааразычылыгы, митингдери болгон. Киреше салыгын прогрессивдүү түрдө кийриш үчүн Англия, Францияда бир катар нааразычылык көтөрүлүштөр чыккан. Бизде ошол салыктардын кандай себептен келгенин, кандай маселе чечээрин, мамлекеттин экономикасындагы орду жөнүндө ойлонгон эч ким жоктой. Маселен, салык болуп, андан акча бюджетке түшсө эле болду эмес да. Анын экономикалык, социалдык кийинки таасири кандай? Ал жөнүндө эч ким ойлобойт. Бизде бир эле маселе бар мамалекеттин бюджетин толукташ керек. Мындай болбойт. Салыктын көптөгөн функциялары бар. Ичинен эң негизгилери фискалдык, социалдык жана стимулдаштыруу функциялары болуп эсептелинет. Ошол функциялар биздин республикада иштеп жатабы? Эгер иштебесе жаңы салык кодексинде ошол функциялар киргизилдиби деген суроо чыгат. Мен жаңы салык кодесинен фискалдык функциясынан башкасын көрө алган жокмун. Өзгөчө бул жаңы кодексте социалдык функция таптакыр эле чыгып калган. Экономикалык өнүгүүсүн жөндөй турган, стимулдаштыра турган функциялар эмне үчүн жок? Эмне үчүн дегенде түз салыктардын ичинен пайдага түшө турган салыктарды 10% кылып, кризис салыгын да ушул өлчөмдө кылып коюшуп, жөн эле дүңгүрөтүп жатышат. Муну бир эле ставка дейбиз. Ошондуктан, салыктын бир жери бар-тең салмактуу, адилет болуш керек. Ким канчалык пайда, киреше тапса ал салыкты көп төлөш керек, ким канчалык аз киреше тапса ал акыбалы начар, үй-бүлөсү көп, жумушу жок болсо ошончо салык аз төлөшү керек. Мына ушундай теңчилдик жаңы салык кодексинин ичинде жок. Ал жерге кошумча нарк салыгын 12% түшүрүү менен кайра жүгүртүү салыгын киргизип коюптур. Алып салган кошумча нарк салыгындагы 8% ордуна андан көп көлөмдөгү салык төлөй турган жүгүртүү салыгын этап-этабы менен киргизип койду.
Бизде дагы бир жаңылыш түшүнүк, ошол эле салыкчыларда, ишкерлердин өзүндө дагы кыйыр салыкты ишканалар төлөйт дейт. Ишканалар эч убакта төлөбөйт. Алар саткан продукциясынан түшкөн акчадан гана салык инспекциясына которуп берет. Аны сатып алып жаткан керектөөчү өзү төлөйт. Мындай салык, негизинен экономикасы жок, коррупция өтө жогорку деңгээлден өнүккөн өлкөлөрдө болот. Биз ошолордун катарындабыз. Салыктын өзүнүн структурасы мамлекеттин экономикасынын кырдаалын көрсөтүп жатат. Себеби, кыйыр салыгы жок болсо киреше салыгына салган 10% менен пайда салыгына салынган 10% бюджетти эч качан толтурбайт. Андыктан жумушсуз, көп үй-бүлөлүү, пенсионер, студенттер эптеп продукцияларды сатып алып, кыйыр салык төлөп, бюджетти толуктаганга шарт түзүп берип жатат. Чындыгында бизде сом менен миллиардер, доллар менен миллионер адамдар мамлекеттик бюджетке эчтеке төлөгөн жок. Ошондуктан, түзүп жаткан салык системасын "таяктын эки учу бар" дегендей бир жагынан элдин абалын, экинчиден ишкерлердин абалын карап, үчүнчүдөн бюджеттин толуктоо деңгээлин караш керек. Мына ушунун баары салык кодексинде жок, ойлонгон да киши жок. Ачкандан баштап эле ушунчалык көп грамматикалык каталар, сүйлөмдөрү туура эмес же карама-каршылыктар бар. Маселен, бажы кодекси боюнча автотранспорту кыймылдуу мүлккө кирет, ал эми салык кодекси боюнча кыймылсыз мүлккө кирген. Жок дегенде ушул жаңы кодексти редакциялатып коюшпатыр да, анан ушулардан эмнени күтсө болот?
-Жаңы салык кодекси ушул боюнча бекитилип кала турган болсо мамлекеттик бюджет 30-40 % азайып калат деген пикирлер болуп жатат.
-Кептин баары ушунда болуп жатпайбы. Бюджетти эртерээк бекитпесек болбойт, айлык күтүп калды деп эч кандай талкуулабай эле билими жок адамдар чампалап койгон бюджетти бекитип туруп өткөрүп салбадыбы. Салык кодекси деле ошентип өтүп кетти. Эч кандай иликтөөлөр, тактоолор болбой, түшүнүгү жок адамдын киргизген сунушун, аны түшүнүгү жок депутаттар кол көтөрүп өткөрүп жиберет да аны алып барып бекитип коюшат. Баары барып эле Президентке сөз тийип калат. Президент өкмөттүн, министрдин, депутаттардын колунан өткөн сунушту санап олтурган жок да, кол коюп койду. Эми кайра баары туура эмес деп чуулдап жатышат. Демек, депутаттардын эң негизги милдети - алдына келип жаткан мыйзамды карап, талдап, түшүнүп анан кол көтөрүш керек да. Анан дүйнөдө, тарыхта жок салыкты кийрип жаткан депутаттарды биз ким деп айта алабыз? 1990-жылдары жаңы салык мыйзамын кабыл алып жатканда экономист катары текшерип, оңдоп калчу элек. Ошондо кайсы бир окуяны айтып беришти эле. Эки депутат сүйлөшүп жатат дейт, "Комуналдык кызматка салык ставкасын кандай коебуз?" деп. "Мурункусу 5 сом экен"-дейт бирөөсү. "Жок беш сом аз болуп калат го, 15 эле кылбайлыбы". Анда дагы бирөөсү "Ал деле аз да, кел ушуну 28 эле кылып коелу" деп ошол боюнча бекитилип калат. Мына, көрдүңүзбү, эч кандай эсеби жок, эки,үч депутаттын эле колунан өтүп калып жатат. Эсептен эч качан жаңылбашыбыз керек. Дыйкандын өстүргөн түшүмүн тээ алыстан бирөө жол чыгымын төлөп алып келип сатса, кээ бири ушул эле жерде туруп сатып жиберет. Мында да чоң айрыма бар. Ошондуктан, жер салыгында да эсеби жок салык кимдир бирөөлөрдү түйшөлтүп жатат. Мына ушундай абал менен бюджетке да сөзсүз кедергиси болот. Экинчи жагынан салыктын көбөйүшү паракорчулукту да күчөтөт. Биз ардайым эле бийлик тарапты күнөөлөп келип жатпайбызбы, кээде аларды пара алууга өздөрү мажбур кылышат. Анткени, кымбат салык төлөгөндөн көрө бир аз акча бере коюп, ишти оңой жана аз акчага бүтүрүп алуу пайдалуурак болуп калат.
-Салык, өзгөчө патент төлөмдөрү 5 эсеге өсүп кетиши кээ бир ишканалардын жабылып калышына алып барбайбы?
- Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Биз өзү бекерге ишкана ачып, тез эле байып кетсек дегенге көнүп калганбыз. Элден мурун аларды көндүрүш керек, мыйзамды сыйлаганга, же оорго же ошого карабай салыкты тырышып төлөгөнгө. Анан ага жараша салык саясатын жүргүзүп, карап көрүп, - Буга оор болуп калды, ишканасы жабыла турган болуп жатат, деп туруп кайра жеңилдетер абалга жетишибиз керек. Ири ишканалар салыкты анчалык деле тоготпойт, бирок, алар өндүргөн товарлар кымбаттап, карапайым эл азап чегет.
-Айылчы агай, быйыл биздин өкмөт өзбек газын 240 доллардан сатып алмак болду. Былтыр ошол эле газды 145 доллардан алышчу. Демек, быйыл газдын баасы да өстү. Экономикабызга мунун деле чоң таасири болсо керек.
-Өтө чоң таасири болот. Мисалы, газ менен өзүнүн продукция, товарларын чыгарып жаткан ишканалар газдын кымбат баасына карата алар да кымбаттатууга аргасыз болушат. Ошол эле, цемент, айнек, шифер чыгарган ишканалар да товарынын баасын жогорулатат. Курулушубузда да абал оорлойт. Өзбекстанды кымбат сатып жатат деп күнөөлөгөнгө да болбойт. Азыр көрүп жатпайбызбы Россия, Украина ортосундагы келишимдерде 300-400 доллардан болуп жатат. Азыр өзбек газын Түркия аркылуу Европага сатуу маселеси каралып жатат. Эгер европалыктар газды 600 доллардан сатып ала турган болсо, анда бизге 145 доллардан сатып эмне кылат? Газдын булагы азайган сайын алар да улам кымбаттата берет да, биздей мамлекеттерге оор боло берет.
-Мындан чыгуунун жолу бизде барбы?
-Бар. Бардык өнөр жай ишаналарды электрлештирүү жагына өтүш керек.
-АКШ президенти Барак Обама жаңы экономикалык программа иштеп чыгып дүйнөлүк кризистин капшабына кабылган айрым ишканаларга колдоо көрсөтүп, жаңы обьетилерди куруу керектигин айтып, АКШ бюджетинен 890 млрд доллар бөлүүнү суранып жатат. Дегеле Обаманын бул жаңы экономикалык программасынан Америка дүйнөлүк держава катары башка мамлекеттерге да таасирин тийгизе алабы?
-Таасири зор болот. Ушул кезге чейин Американын мурунку Президенттеринин, либералдашкан экономика деген теориясы аркылуу жол издеп келгенбиз. Либералдашкан экономика дегенди биздин Кыргызстан кыргызча100% менчиктештирүү деп түшүнүп алганбыз, мамлекет деген экономиканы башкарбашы керек деп түшүнүп алганбыз. Рынок деген 16-кылымдагыдай биз чоңдор кийлигишпей эле башкарылып кетет деп туура эмес түшүнүктө болгонбуз. Обаманын акыркы кадамы либералдашкан экономикалык теориядан баш тартты.
Тескерисинче, кандай гана экономика болбосун мамлекет башкарып, туш тарабынан колдоп, көзөмөл кылыш керек экен. Ансыз ар бир өлкөдө кризис болуп кетээри белгилүү. Ошол көзөмөлдүн жоктугунан дүйнөлүк экономикалык кризис башталып кетти. Мамлекеттин орду чоң экенин, ансыз эч нерсе өнүкпөшү, экономика ордунан жылбасы Обаманын ишинде далилденип жатат. Обаманын кылып жаткан ишин эми биз Кыргызстанга колдонушубуз керек.
Маек курган
Күнболот Момоконов