Чыгыш чыгданынан

Султан самаган жыт
Хираттын султаны Хусейин Байкара күтүүсүздөн эле вазирлерине амир кылат: - Дүйнөдөгү эң жагымдуу жытты мага таап келгиле!
Кучак-кучак гүлдестелерди көтөрүп келишет.
- Бул эмес! - дейт султан.
Калемпир мончокторду алып келишет чамбар-чамбар кылып.
- Жок! - дейт султан.
Вазирлери жер бүткөндүн үстүндөгү жагымдуу делген жыттарды апкелишет.
Султан:
- Мен эңсеген жыт - бул эмес! - деп туруп алат. Анан: - Үч күн мөөнөт берем. Тапсаңар таптыңар, болбосо бардыгыңар дарга асыласыңар! - дейт ызырынып. Вазирлери султан эңсеген жыт кайсы экенин билишпей, акыры Навоиге барышат.
- Султаныбызды көксөткөн жытты таап, бизди ажалдан арачалаңыз?!
Досунун көңүлү кандай жытты күсөгөнүн билалбай Навоинин да башы катат. Анан ал бир карыган дыйканга барат акылдашканы.
- Атам ыраматылык дүйнөдөгү эң жагымдуу, татымдуу жыт буудай унунан жаңы жабылган нандын жыты болот деп калчу эле, жаңы жабылган, ысык нандан алып барып көргүлөчү, кантер экен?! - дейт дыйкан.
Навои курсант болуп, бир себет нан жаптырып, хан сарайга алып келдирет. Хан сарай ажайып бир жытка чулганып чыгат, аердегилердин бардыгынын дили күн тийгендей жаркыйт.
Хусейин байкара нандарды көрүп:
- Ыракмат, досум! Көңүлүм, өзүм да билчү эмесмин, жаңы жабылган нандын жытын күсөгөн тура. Жаңы бышкан нандын жытындай жыт бу дүйнөдө жок тура! - дептир.
- Ыракматыңызга ыракмат, достум! Лекин, сиз ырахматты мага эмес, дыйкан бабага айтыңыз, көңүлүңүздүн каалаганын ошол киши тапты да! - дейт Алишер Навои.
Султан баба дыйканга сый-сыпат көрсөтмөк үчүн тез аны апкелишке ат чаптырыптыр.




Сулайман алейхис салам
Азирети Давут темирден жасалган бардык нерселердин пири экен. Темир усталар, акжувазчылар, майжувазчылар, аңчылар, тегирменчилер, такачылар, зергерлер аны өздөрүнүн пири катары көрүшөт. Давуд өзү көп китептерди окуган, сөөлөттүү, дөө киши болуптур. Таврат, Инжил, Забр, Куранды жатка айтчу эке. Эл арасында кадыры чоң болуп, камкор, мээрван, анан ар кыл илдеттерди айыктыруучу шыпаагер деп да эсептелет. Өзү өтө эмгекчил мээнеткеч, анан бай болот. Кырк уул көрөт. Давуд буга өтө менменсинип, көөп кетет. Буга Кудайдын каары келип:
- Мени унутуп баратат! - деп Азреилге буйрук берет:
- Дароо Дауттун кырк уулунун жанын ал!
Азреил периште ошол замат Дауттун кырк уулунун жанын алат, буга кейип Даут өтө кайгырат. Ыйлап, тообо келтирип, Кудайдан күнөөсүн сурайт. Кудайдын ага ырайымы келип, Азреилге тапшырма берет:
- Даутка айт, кырк уулуна татырлык жалгыз эркек бала берем!
Ошентип Кудай ага азирети Сулайманды берет. Сулайман дүйнөгө келип оболу пайгамбар, анан падыша болот. Кийин ал бүт жер бетиндеги адамдарды өзүнө тартып алат. Дөө, пери, жин-шайтан, жылан, курт-кумурска дебей ага ыкырар кылышып жашашат. Дүйнөдө адилеттик орнойт. Суулар, от, чөп, дарактар да ага таазим кылышып, азирети Сулайман алардын да тилин билет. Ар кандай кесел, илдетке чалдыккандар сууга чырак жагып ак эчки, кара кочкор союшканы да ушундан калган дешет. Ырымчылар пал ачып, "кырк чырактуу суу Сулайман периси уруптур" дешип, кырк чырак жагышып, эчки, кой эттерин бышырып жедиришип, ким бирөө кырсыкка кириптер болсо "Бул адам азирети Даутка багыштап мал сойбоптур" же "Сулайманга атап чозмо аш кылган эмес турбайбы!" - дешип, сөз кылышкандары да ошондон калган экен.




"Суу ташкыны"

Суу - өмүрдүн каны, кандын жаны. Суу эч качан камаганды жактырбайт, антсең сасыйт, бууланып отуруп, булутка барып сиңип, кайрадан кар, жамгырга айланып түшөт. Ал тамчыларды чырпыктар, гүлдөр, тулаңдар жыргап-жыргап жутушат.
Суу эркиндикти сүйөт, тоодон ылдый көздөй түптүз эле жүгүрүп, таштан-ташка урунуп бышып, чарпылып, чачылып отуруп айдыңдарга шашат, эгин, бактарды жашыл түргө келтиргенге ашыгат. Суу жеткен жер - жашыл, көк, кызыл, сары болуп, көз талыткан көркөм түстөргө айланат.
Суу дымыбай, ташкындаганды сүйөт. Ташыган сайын алдыга умтулат, жандуу, жансызга өмүр сунуп, түр, өң берет…
70 жашка чыккан эжекебиз Гүлайым Аматованын китеби жарык көрдү. Аталышы ажайып, "Суу ташкыны".


Гүлайым Аматова

Эне
Чүрпөсүн чүргөп жүрүп,
Чүнчүтпөй адам кылган.
Чүт мурун чүчө кызга,
Чүрөктөй жамал сунган.

Уулуңдун уулун багып,
Урмат сый үйдөн алган.
Учуруп балапанды,
Эл багаар шумкар салган.


Чырпыкты мөмөлөтүп,
Мөмөлүү дарак кылган.
Өзгөчө мээрим чачып,
Үйүңдү жылуулаган.

Урпакка урпак улап,
Алган жар сыймыгысың.
Акылдуу сөздөрүң бал,
Алланын сыйлыгысың.

Бетти даярдаган Бектуруш Салгамани




Сооп жана күнөө
Бир адам кырк жыл жашап, кырк жыл бою зынаадан (никесинде жок аял менен кошулуу) арылбайт. Кырк жыл адам өмүрүнө забын кылат, кыскасы, жол койбогон жамандыгы калбаптыр.

Бир күнү: - Ушул жашка келгенче уурулук, жалапчылык кылдым, кан төктүм. Эми токтолоюн, оң жолго түшүп, Меккеге барып, ажылык вазийпамды аткарайын, Кудайдан күнөөлөрүмдү кечиришин суранайын! - деп, куржунуна азык-оокатын салып, сапарга аттанат. Чөлдө баратып наны, суусу түгөнөт. Жүрө-жүрө отуруп, бир үйдүн тушунан чыгат.
- Бар-э, ушул үйгө башбагайын. Нан-паны болсо карын тойгузуп, суусу болсо ичип, анан жолумду улайын! - дейт. Үйгө кирери менен босогодо денеси катып туруп калат, - үйдө эки эмчегинен сүтү тамчылап, жаңы эле жан берген жубан жатат. Текчеде бир наристе чыңырып ыйлоодо, аны көздөй бир жылан тилин чыгарып, баланы көздөй жакындоодо. Киши жыланды дароо өлтүрөт. Баланы алайын десе, бийик текчеге бою жетпейт. Оң жагында матада бирдемелер оролуп жатат, дароо ача салса бардыгы китептер - Куран - ыйык китеп, аны тепсегенге болбойт. Кала берсе дааратың жок колуңа алба, күнөөгө батасың! - дегендери жадына түшөт. Ошол замат ал китептерди бут алдына коюп, баланы текчеден алуу ниетинен кайтат.
Сол тарабында дагы бөзгө оролгон түйүнчөк турат. Ача салса - нан! Нанды аягына коюп баланы куткармак ниети пайда болот. Дагы эсине ата-апасынан, аксакалдардан уккандары келе калат: - Нан - ыйык, азиз! Бир бүдүрүн, күкүмүн да тепсебе. Ушагын көрсөң кылбаат жерге алып кой, куш, курт-кумурскаларга жем болсун!
Бала чыңырып, уккан кулакты тундуруп ыйлап жатат.
- Бар-э! - дейт ошондо киши. - Келгенин көрдүм!
Китептерди бутунун астына коюп, баланы текчеден түшүрүп алат, наристе өлүп жаткан апасынын эмчек сүтүн тое-тое эмет.
- Ушунча жылдагы күнөөлөрүм аз беле, о Кудай! Мен ошол күнөөлөрүмдөн арылыш үчүн ажылыкка аттанган эмес белем?! Мына, Курани-каримди тебелеп, күнөөлөрүмө дагы күнөө коштум. О, Кудай! Кел, эң жакшысы - менин жанымды ушуерде ал, мен ыраазымын. Мейли, тозогуңдун түбүнө түшүр! - деп боздойт.
Ушул убакта кайыптан: - Эй! Тур ордуңдан! Сен китептерди тепсеп чыгып, баланы күнөөдөн арылтып, туура иш жасадың. Антпегениңде, эгер бала кулап түшүп өлсө, күнөөңө дагы күнөө кошулмак. Өлүм алдындагы наристени көрүп туруп, анын ажалына себепчи болуш - жети кабат тозоктун түпкүрүндө күйгөндөн да оорураак. Бут алдыңа китепти коюп, нанды тепсебей туура иш жасадың. Анткени, нан жеп, ач карын тойгондо гана кулакка сөз кирет. Азыр сенин бар күнөөлөрүң жуулду. Мындан ары эч убак арам, бузуку жолдорго түшпө, жалаң сооп иштерди жасашка аракеттен. А эми сен береги өлүк жасатты бат жууп, кепиндеп туруп, жерге жашыргын дагы, баланы көтөрүп, артыңа кайтып кете бер. Сен ажылык ишиңди жасап бүттүң! - деген үн келиптир.
Ошол киши андан кийинки бүт өмүрүн жалаң жакшылык иштерге багыштап, баланы таалимдүү чоңойтуп, узак өмүр сүрүптүр.