2- февраль - коомдук жана мамлекеттик
көрүнүктүү ишмер Ж.Аманбаевдин туулган күнү

Ж.Аманбаев өлгөн жок, акаевчилик менен болгон салгылашта курман болду
1991-жылы Жумгалбек Аманбаев советтик Кыргызстандын тарыхындагы республикалык КП БКнын акыркы биринчи катчылыгына шайланып, жаңы тарыхка Советтер Союзунун бийлигинин эң жогорку органы - КПСС БКнын Саясый бюросуна Кыргызстандан мүчө болуп шайланган алгачкы жана бирден бир өкүл катары кирди. 1991-жылдагы август окуяларында Ж.Аманбаев жетектеген Кыргызстан Компартиясы ГКЧПны - чукул кырдаал боюнча түзүлгөн мамлекеттик комитетти ачык, расмий түрдө, СССР боюнча жалгыз колдоп чыкты.

Кечээ, туулган күнүндө, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Жумгалбек Аманбаевдин жаркын элесин эстеп жатып, анын эл алдында өтөгөн опол тоодой эмгегин кошо эскере кетүүнү, көп жылдар бою чогуу иштешкен, жакындан билген санаалаш катары, адамдык парзым деп билем.
ГКЧПны колдогону (чынында муну эмес, совет элинин СССРди сактоого билдирген эркин колдогон) үчүн Ж.Аманбаевге кылмыш иши козголуп, алдыда турган президенттик шайлоолорго катышуу укугунан ажыраган. Бул ириде А.Акаевдин күчтүү атаандаштарды маалына жеткирбей, аренадан алыс чапкан алгачкы тактикасы эле. Бирок бул күрөшкер - спортчу Ж.Аманбаевдин эркин сындыралган жок, кайра ого бетер канын кызытты. Кичи мекени Жети-Өгүздүн калкы өз уулун түп көтөрүлө парламент депутаттыгына шайлап беришти.
1993-жылы Т.Чыңгышевдин өкмөтү "алтын чырынан" улам отставкага кетип, "легендарлуу парламенттин" депутаттары өкмөт башчысынын кызматына Ж.Аманбаевди татыктуу деп чечишти. Президент А.Акаев, көрсө, башкача эсептеген экен.
Премьерликке А.Жумагулов дайындалып, Ж.Аманбаев болсо вице-премьерликтин ордун ээледи. Бул кызматта 1995-жылга дейре, б.а. жаңы президенттик шайлоолорго чейин иштеп, өлкөнүн президенттигине өз талапкерлигин кайрадан койду. Бирок бул жолу да шайлоого катыштырышпады: Мамбетжунус Абылов башында турган Боршайком Ж.Аманбаевди негизсиз четтетти.
М.Абыловдун бул кызматын кайра президент шайланган А.Акаев жерге таштаган жок, кызматтан кызмат, наамдан наам ыйгарды, министр кылды, генералдын погонун такты, элчи дайындады, иши кылса жагалданма эмгегинин үзүрүн ашыгы менен кайтарды. Кийин бул мырза элдик ыңкылаптын алдынан Акаев режими менен айыгышкан күрөш жүргүзүп келген оппозиционердин тонун жамына калып, ишке ашып кеткен төңкөрүштүн шарапаты менен кайрадан кызматка илинди. Бүгүн ал Түркияда Кыргыз элчисинин кызматын аткарууда. Элчи мырза М.Абыловдо адамдык абийир, ар намысы жетишсе, кыргыздын көзгө басар мыкты уулдарынын бири, маркум Ж.Аманбаевге карата Боршайкомдун ошондогу чечими акыйкатсыз болгонун элге ачык айтып, жок дегенде арбактын алдында ыйманын тазартып алганга кудурети жетээр деп ойлойбуз!
Жумгалбек Аманбаев 2005-жылдын 27-февралындагы парламенттик шайлоолорго талапкерлигин койгон эле, бирок ага аз күндөр жетпей, бул жарыктан узап кете берди.
Көп жылдардан бери аны тебелегенге аракет кылып, не бир кара мүртөз айла-амалдар менен жолуна бөгөт болгон акаевдик режим кыргыздын эл үчүн күйгөн, айкөл уулунун түбүнө жетти.
Ж.Аманбаев өлгөн жок, ал Акаевдин режими менен болгон теңдешсиз кармашта акыр-аягына чейин туруп, курман болду! Ушинтип айтсак акыйкаттан, калыстыктан тайбаган болоор элек деп ойлойм.

Калнур Ормушев




Жумгалбек Аманбаевден күрөш чемпиону чыкмак
Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, мамлекеттик, партиялык ишмер маркум Жумгалбек Аманбаев көзү тирүү болсо, кечээ 64 жашка чыкмак. Жумгалбек аганын уюштуруучулук, чарбалык жөндөмдүүлүктөрү, адамкерчилиги тууралуу далай ирет кеп болду, Мен анын спорттук ийгиликтери, балбандык сапаттары тууралуу кеп козгогум келип турат. Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда партиялык, жетекчилик иштерге ооп кетпегенде, эркин күрөштөн Кыргызстанды таанытууга күч-кудурети, эрки жетмек. Бир спорт жылдызы жанбай, арманда калдык, - дешет.

Жумгалбек ага алгач волейбол менен машыгып, бою кыска болсо да топту шамдагайлык менен ойногонун байкаган ошол учурда айыл чарба институтунун ага окутуучусу, машыктыруучусу Эшим Кутманалиев эркин күрөш менен машыгууга үндөп, көндүргөн экен.
Жумгалбек Аманбаев менен бирге күрөшүп жүргөн, үзөңгүлөш жолдош болгон кыргызга алгачкы алтын медаль тартуулаган, учурунда СССРдин, Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Дөңбаев курбусу тууралуу мындайча эскерет:
- Анда менин күрөш менен машыга элек кезим. 1964-жылы күзүндө Таласка айыл чарба институту менен Кыргыз дене тарбия институтунун балбандары барып, беттешип күрөшүп калды. Ошондо Жумгалбекти алгач ирет көрдүм. Ыкчам, чапчаң, болтойгон чымыр жигит экен. 18 жашка чыгып, эркин күрөш десе ээлигип, урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай турган учуру экен. Аларды көрүп мен да күрөшсөм деп ээлигип калдым. Мен да политехникалык институтка өтүп, эркин күрөш секциясына катыша баштадым. Ал мезгилде Руслан Искеновдун баралына жетип турган убагы экен.
1965-жылы Бухарада СССРдин жаштар арасында биринчилиги өткөрүлүп, Жумгалбек Аманбаев экөөбүз Ташкентке чейин бир купеде сырдашып, аңгемелешип бардык.
- Жеңиш, сенин күрөшкө шыгың, жөндөмүң бар экен. Бир жылда эле бизге теңелдиң. Сенде бабалардын балбандык касиети байкалып турат. Таластан балбандар, баатырлар көп чыккан. Манас бабабыз эле кыргыздын туусу болуп, ар-намысы болуп келбедиби?! Ошондуктан сен күрөштү таштаба, сенден чемпион чыгаарына бекем ишенем. Атың да Жеңиш, затың да Жеңиш болот, - деп мени шыктандырып, намыска бүлөп койгон.
Бухарадагы СССРдин жаштар биринчилигинде мен 52 кг салмакта, Жумгалбек - 57 кг салмакта күрөштүк. Ошентип, эки жылдай Кыргызстандын жаштар тандалма командасында чогуу машыгып жүрдүк. Жумгалбек аспирантурага өтүп, чарбада жетекчилик кызматтарга кетип, күрөштү таштап койду. "СССР спортунун чебери" деген ардак наамга арзыды. Кыргызстандын жаштар арасындагы чемпиону болду. Ага күрөш сырларын үйрөткөн Эшим Кутманалиев болгон. Эгерде илим, жетекчилик кызматтарда жүрбөй, жалаң өмүрүн күрөшкө арнаса, Жумгалбек Аманбаевден СССРдин, дүйнөнүн чемпиону чыкмак. Себеби ал өтө өжөр, чыдамкай, эмгекчил жигит эле. Кийин партиялык кызматтарда жүргөндө да спортчуларды, балбандарды колдоого алып, колунан келишинче жардам берип жүрдү, - деп эскерет даңазалуу балбан, атактуу устат Жеңиш Дөңбаев.
Биз кийинки муун Жумгалбек Аманбаевдин күрөшкөнүн, спортко болгон шык-жөндөмүн көрбөй калдык. Аны менен бирге күрөшүп жүргөн, СССРге, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат, өлкө маданиятына эмгек сиңирген ишмер Руслан Искенов мындайча эскерет:
- Жумгалбек менден 4-5 жаш кичүү эле. Өзү эркин күрөшкө шыктуу эле. Чечкиндүү, жалтанбай күрөшчү. Абдан намыскөй жигит эле. Эркин күрөштүн техникалык ыкмаларын үйрөттүм. Бүткүл союздук студенттердин "Буревестник" спорт коомунун биринчилигине катышып, эки жолу мөрөй алып, байгелүү келген. Студенттер, жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болгон. Илим, жетекчилик кызматтарга баш-оту менен кирип, эркин күрөш экинчи планда калып, кийин күрөшпөй калды. Партиялык, жетекчилик кызматтарга көтөрүлүп, лидер болушуна да спорттун тийгизген таасири бар деп эсептейм. Эч убакта кыйынчылыктардан коркпой, чечкиндүү иштөөсүнө күрөштүн салымы бар болду.
Эгерде ысыккөлдүктөр же Жумгалбек Аманбаевдин туугандары, уул-кыздары анын ысымын түбөлүккө калтырып, жаштарга үлгү кылабыз десе, анын байгесине арнап эркин күрөш боюнча эларалык мелдеш уюштурса, биздей агалары, курбулары карап турмак белек. Биз да колдоого алып, Жумгалбектин балбандык сапаттарын жаштарга айтып, демөөрчү таап, сыйлыктарын уюштурууга кол кабыш кылат элек, - дейт Руслан Искенов.
Биз ди ушул сунушту туура көрүп, ысыккөлдүктөр, айрыкча Жумгалбек Аманбаев менен депутаттыкка ат салышкан иниси, вице-спикер ЖК депутаты Кубанычбек Исабеков да колдоого алабы деп үмүт кылып турабыз.

Кабыл Макешов