Свежий Ушак
Жол министри жолуна түшөбү?!
Чоңалайда туулуп-өскөн кыпчак-тейиттин тукуму, транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайман уулу бөлөк ишке жылабы, айтор, ордуна "Көптөн бери спикерликти көксөп келатат" деген ушак артынан удургуп жүргөн Улукбек Ормонов барат имиш сыяктуу кептер көчөмө-көчө көчүп жүрөт.

Султан палванды ырчы депутат жыгалабы?
Кара-Суулук Султан Раев Маданият, маалымат министрлигинен кетип, ордуна дагы бир кара-суулук, болгондо да эл ырчысы, депутат Ибрагим Жунусов барат деген сөз жүрүүдө. Баягы жылдары куудул Абдылда Иманкулов: -Ырчылардын бардыгы Кетмен-Төбөдөн! - десе, Рахман Разыков: - Баары бир кара-суулуктарга жалдырап келесиңер. Филармонияга барсаң - К.Турапов, министрликке барсаң С.Раев турат! - деп күйдүргөн. И.Жунусов министр болсо ыр-күүгө ышкыбоз кетмен-төбөлүктөр дагы эле Кара-Суу бийин бийлеп, ырын ырдашат шекилдүү.

Жылдыз! Жылдызың жанып кетсин!
Уккан ушактарыбызга ишенгибиз келет, баягы "Кавказ туткуну" фильминдеги "спортсменка, красавица, комсомолка" деп Нинаны мактагандай, аша кеткен ай чырайлуу, сымбат, келбети бир көргөн көздү күйгүзүп, көпкө унутулбай калар "Ысык-Көлдүн ак куусу", Улуттук китепкананын генералдык директору, филология илим доктору Жылдыз Кемелова Ысаковнанын кандидатурасы Илим, билим (мурда И.Болжурова иштеген) министрлигине көрсөтүлүп жатыптыр.

Жылдызың жана берсин, Жылдыз!




  Макул-а-туура

Кагаз алган жайда…
Өзүмдүн жеке иштерим менен баратып, шаарыбыздын борборундагы кагаз алуучу (макулатура) жайга кирип калдым. Мындан бир канча жыл мурун да жакшы китептер сатылат дегенде бир баш баккам. Ошондо "Кыргыз совет энциклопедиясынын" 13 томдугун, Айтматовдун жана башка залкар акын-жазуучулардын, орус жазуучуларынын жыйылган китептерин көрүп ичим ооруган. Башкасын кой, кыргыздын улут сыймыгы, Манастан кийинки кичи эпос болгон Семетей, Сейтек китептери тебелендиде жатканы намысыма тийип ал короо жайдын ээсине: "бул эмне?" десем, "аны орустар алып келет, кыргызчаны түшүнбөсөк эмне кылат элек дешет" дейт ал. Кардардын канчалык көп болгону ага жакшы эмеспи.


Бул ирет деле баягы китептердин дагы бир канчасы жыйылып турат. Салам айтып учурашып, "баягыда жакшы китептериңизден 5-6 ны сатып алып кеткем. Эсиңиздедир, тарых, философия боюнча китеп көрүп калсаңыз топтой бериңизчи дедим эле, мени тааныдыңызбы" деп ошол жайга дагы кирип калдым. "Тааныдым, атыңды унутуп калыпмын" деди ал. Ошентип дагы таң калып, үйүлгөн китептерди, таңгак журналдарды, а түгүл грамоталарды сүрөткө тартып алдым. Арасын аралап, жакшы китептерди издеп жаттым. Эмне деген гана китептер, не деген гана документтер жок. Шаардык айрым мекеме ишканалардын анча мынча отчетторун, чечимдерин ошол жерден издеп окуп койсоң болчудай экен. Аны анабашылары билээр бекен? Сыягы билбейт. Өткөн эле жылдардын документтери, жарлыктары ал мекеменин жетекчисинин колу коюлган боюнча жүрөт. Налог кодекс, президенттин жарлык китептери кат-катар тизилет. Өкүнткөнү "Сырдана" коомдук бирикмесинин белгилүү эле бир адамга берген "Жеңижок" алтын калем грамотасы да ал текчелерден орун алып, ээсинен уурдалып же атайын эле жасалып ошол жерге жеткенин ким билсин, бадырая туруптур. Тизилген китептердин арасында мектепке керектелчү да китептердин көптүгүн айтыңыз. Кээ бир алыскы тоолуу мектептердин көбүндө китеп жетишпей, үч окуучуга бир китеп туура келген деле жагдайлар бар. Анда бул багытта билим министрлиги деле иш алып барып, бир иликтеп койсо болот экен. Жогорку окуу жайлар үчүн деле толгон-токой илимий китептер, энциклопедиялар жыйылып турат. Айрым китепканаларда жок китептерди ал жерден учуратууга болот. Ал жер өзүнчө эле китепкана, архив, китеп көргөзмөсү сыяктуу туюлду. Китептерди алып барып өткөзүп жаткандарды да , алып жаткан адамды да күнөөлөй албайсың. Биринин жеке менчик китеби, бири алып келди, тигиниси акчасына алып жатат, оокатын ошондон таап жатса отура калып китеп ылгамак беле.
Эскирип калган, жарактан чыккан кагаздарды, кардон, эски гезит, журналдарды өткөрүп салуудан өтөөрү барбы. Бирок, баалуу документ, жыл жыйынтык отчет жана башка түрдүү документтерди да ылгабай эле ыргыта беришет экен.
Бир азга ал жерде турам деп бир нече окуяны көрдүм. Көбүн калдык чукуган байкуш бомждор алып келет экен. Алар кайдан китеп, журнал, эски өкмөттүк жарлык, кайрылууларды алып келсин, ар кимдин ыргыткан кагаздарын, жаман кардондорду көтөрүп келет да. Алардын баарын мекемеде иштеген эле зымпыйган кыз жигиттер төгүп кетишет экен. Китеп, журнал, гезиттер кили 6 сомдон, ал эми кардон кагаздар 2 сомдон алынат.
Бир кызык, мына кетем деп жатканда эки жаш кыз эки жагында сумкасы толо, ортодо чоң кардон жыйыла таңгак-таңгак журнал, дело, документтерди көтөрүп келип калышты. Байкатпай аларды сүрөткө тартып жаттым. Кайсы бир жогорку окуу жайдын өткөн жылкы ар кандай документтери экен. "Эжекелер жок дегенде баланчанын убагындагы документтерди алып келсеңер жакшы болмок экен, ушул уят да, ректоруңардын колдору коюлган көп документтер жүрөт" деп ал окуу жайдын ана башыларынан бир-эки ысымды айтып жиберсем уялбай эле мени беттен алып, "ишиң эмне" десе болобу. Чынында эле ишим эмне? Чай-майына жетпей, чамалары куруп кетсе керек да байкуштардын. Документ деген ар бир мекеменин жүзү, таянаар булагы, далилдүү ишинин жыйынтыгы да. Аларды даарат кагаз жасоочу жайга өткөрүп жиберип, эртеңки текшерүүлөрдө эмнесин көрсөтүп жыйынтыгын айтышат. "Аларга да жумуш керек, жарактуусун алып калып, калганын өткөзүп жаткандыр да" дебеңиз. Мен баарын окуп чыктым. Учурда кереги жок болсо жок чыгаар, бир эки жетекчилик өткөндү теришип такташып жиберсе алардын да кереги тийип калаары бар.
Ишиң эмне экен деген эки эжекемдин кийинки кадамдарын көргүлө. Алдыман экөө тосуп чыгып, фотоаппаратыма асылды. Ичиндеги сүрөттөрдү өчүрүп сал, акча десең акча да беребиз дешет. Рахмат дедим. Акыры карегин жашка суулап, "эки балам бар ,жумушуман айдалсам убалы сага тиет" деп каргыш айтканга чейин барды. Өткөрүлгөн документтер жараксыз болсо минтип жабышпас эле. Муну өйдөңкү катмар билбейт. Билсе, битче сыгып коет. Баягы эжекемди эптеп сооротуп, сиздей эжем бар деп, университеттин атын, ректоруңардын ысмын бербесем да, көргөнүмдөн бир эки үзүмүн таштап кетейин деп убадамды берип араң кутулдум. Капилет тарткан кадрлардын кээ бирин өчүргөн болуп, эптеп кетирдим. Жашып турган жаш эженин турмушун да түшүнсө болот. Маянасы май чайнаганга жетсе, далбактап кагаз сатып, акча камын көрбөс эле. Турмушта баарын түшүнсө болот. Айткандарымдын чындыгына ишенбей турсаңыз, кагаз алган макулатура жайларына бир баш багып койгула, билген жана билбеген же билмексен болгон мырзалар.

Күнболот
МОМОКОНОВ