Тилсиз жоо

"Дока пицца" кафесин өрт чалды
Борборубуздагы Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эң кымбат жана кардары көп "Дока пицца" кафеси 30-январдын таңында өрттөнүп кеткен эле. Көргөн адамдын зээни кейиген шаарыбыздын эң көрктүү кафелеринин бүгүнкү абалы жүрөк оорутат. Өрт таңкы саат 4.56 мүнөттө башталгандыгы боюнча өрт өчүрүүчүлөргө кабарланып, шаардык өрт өчүрүүчү кызматкерлери ал жерге атайын өрт өчүрүүчү 6 машина менен 5.03 мүнөт өткөндө жетип келген. Заматта өрт 200 метр аралыкты каптап кеткен. Анткени кафе жалаң жыгач менен салынган. Алоолоп күйгөн жалын айбатын күчтөп, 3 саат жалбырттап турган. Өрттүн эмнеден чыккандыгын ар кандай божомолдор менен айтышууда. Биринчи божомол кафенин чатырындагы электр тогунан чыккан учкундун кесепетинен болгон. Ал эми экинчи божомолу, тамак бышыруучу бөлмөдөгү газ баллону күйүп, жарылып кеткен дешүүдө. Өрт чыккан учурда кафе ичинде кароолчусу, диспетчер жана ашкана кызматкери, эки кыз болгон. Алгач өрт өчүрүүчү кызматына дал ошол диспетчер кыз телефон аркылуу кабарлаган. Кафенин күн чыгыш тарабы, администратор отуруучу жайы жана түндүк чыгыш тарабындагы айрым чатырчалары эле калган. Биз барган кезде кафенин ээси Алексей аттуу адам экенин тактадык, аны издегенибизде ичинде жок болуп чыкты. Калган кызматкерлер биз менен маектешүүдөн, иштин жөн жайын айтуудан баш тартышып, ичкери киргизүүгө уруксат беришкен жок. Өз атын атабаган орус улутундагы, ошол күнү таңынан күзөткө орун алмаштыруу үчүн келип, кафенин күйүп кеткенин көргөн кароолчусу: - Иш азырынча тактала элек, бирок, көпчүлүктүн айтымына караганда негизги себеп чатырдагы эски электр зымдарынын биринен эле болгон! - дейт. Кудай сактап эч кандай өлүм кырсыгы катталган жок. Кеткен чыгым, жоготуу акчалары азырынча тактала элек. Бери дегенде миллиондогон акчаны алып тынды. Ал жердин тамактарынын 200 сомдон арзаны жок болчу. Эксперттер тарабынан өрттүн эмнеден чыкканы такталмайынча, кыл чайнашкан кыйын заманда кимдир бирөөлөрдүн эле колунан келдиби деген бүдөмүк ойлор жүрө берээри анык.

Күнболот МОМОКОНОВ




  Кандай эт адал?

(Башталышы мурдагы сандарда)
- Кээде тоок, кой, уй, төө сыяктуу таза жаныбарлар деле кык, көң, келемиш өңдүү ыплас нерселерди жеп коюшат эмеспи. Ыпластыкты жеп алган ошол кезде алардын этин жегенге болобу?
- Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.а.в) андай жаныбарлардын ыплас кезинде этин, жумурткасын жегенге, сүтүн ичкенге арам катары тыюу салган. Аларды өзүнчө бир сарайга бөлүп кармап, белгилүү мөөнөткө чейин таза тамактардан берип тазалоо керек. Ошондон кийин гана алардын эти, сүтү, жумурткасы адал деп эсептелинет.
- Ал жаныбарларды канча күнгө чейин өзүнчө кармоо керек, мисалы, койду, уйду, жылкыны?
- 40 күн бою.
- Ошондой абалдагы малды минүүгө болобу?
- Пайгамбарыбыз Мухаммад (С.а.в) андай кылууга (б.а. минүүгө) тыюу салган.
- Ал эми үй канаттуулары саналган жаныбарларын канча күнгө чейин өзүнчө кармоо керек, мисалы, тоокту, өрдөктү, казды?
- 3 күн.
- Жаныбарлардын денесиндеги бездердин ар түрлөрүн (мисалы, жыныстык бездерди, кекиртектеги кемирчек-калкан бездерин, ооздогу түкүрүк чыгаруучу) бездерди жегенге уруксатпы?
- Жок, аларды жеш - макрөө.
- Арам деп саналган эттердин түрлөрүн кандай учурларда жегенге уруксат?
- Өтө аргасыз, (жеп аман калыш же өлүштөн башка жолу калбаган) абдан чарасыз абалдарда, катаал учурларда тыюу салынган эттин кайсы түрү болсо да, жегенге уруксат этилет (ал тургай чочконун эти болсо да, тарптын эти болсо да).
- Эгер мусапыр ачка калып, (чоочун чөлкөмдөгү кайрымсыз душмандардын шаарында) ачтыктан өлүү коркунучу туулган кезде, ал үчүн бир нерсени уурдап жегенге уруксатпы?
- Андай учурда эң оболу ошол жердин тургундарынан (жегенге бир нерсе) суроо керек, эгер алар эч нерсе бербей коюшса, кичинекей нерсени (аз өлчөмдө) уурдоого болот.
- Өзүңдүкү болбогон чоочун бирөөнүн бакчасынан (жогоруда айтылгандай оор абалда, ачка калган кезде) мөмө-жемиштерди жана жер-жемиштерди алып жешке болобу?
- Болот, бирок (сурап жегенге кароолчусу жана ар ким ала берсе боло тургандай) тосмосуз болсо.
Абу Зайнаб ат-Тамиминин (р.а) айтуусуна караганда, (жихадда жүрүшүп) ал, Анас бин Малик, Абдурахман бин Самура жана Абу Барза (р.а.) кароосуз калган мөмөлүү дарактардын жанынан өтүп баратып, ошол бактын мөмөлөрүнөн алып жешкен. Сахабалар ошондой кылган соң, демек бизге да уруксат.
- Мөмөлөрдөн башка жашылча-жемиштерди уурдоого болобу?
- Айла куруп ачкачылыктан (өлүм коркунучу кыстап, башка жолу калбай),аргасыз болгондо уруксат.
- Айла куруган учурда уурдалган сүттү ичүүгө болобу?
- Айла куруган учурларда, эгер ал жаныбарлардын ээси (мусапырга) сүт берүүдөн баш тартса уруксат.
- Христиан же жөөт сойгон жаныбардын этин жегенге уруксатпы?
- Мусулман тарабынан (Аллахтын ысмы зикир кылынып, "Бисмиллиахи, Алооху Акбар!" деп союлбаган) же христиандардын, иудейлердин арасындагы мушриктер (көп кудайлуулар) сойгон жаныбардын эти, ал жаныбар өзү адал болсо да, арам болуп саналат жана ал эт тарптын эти менен бир катарда арам.
- Жаныбарларды сойгон кезде кандай шарттар аткарылууга тийиш?
- Жаныбарларды сойгон кезде төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш:
1) Сойгон адамдын мусулман болгону дурус. Ошондой эле, сойгон адам христиан же иудей болсо да боло берет (андай учурда ал Аллахтын ысмын зикир кылуу менен союуга тийиш). Бирок, эч качан, эч кандай абалда каапыр, отпарас, Ислам дининен чыгып кеткен адамга мал сойдурбаш керек, анткени анын сойгон малынын эти арам болуп саналат.
2) Мал сойгон адам жинди болбоого тийиш (б.а. акыл-эси жайындагы нормалдуу адам болуусу кажет);
3) Мал сойгон адам (мас эмес) соо абалда болуусу шарт;
4) Ал балагатка жеткен адам болуусу абзел.
5) Малды сое турган аспап же бычак курч болушу керек;
6) Дем алуучу тамыр-жолдорун, (б.а. малдын жанын кыйнабай, тез) кесе тургандай кылып (жүлүнүн тез кесип, мал кыйналбай жан бере тургандай ыкчамдык менен) мууздоо зарыл.
7) Тамак өтүүчү кекиртегин дароо кесүү зарыл;
8) Моюнда жайгашып, "артерия" деп аталган эки чоң кан тамырлардын жок дегенде бири кесилиши керек, бирок экөөсү тең кесилгени жакшы.
9) Мал моюнунан гана союлушу керек (андан башка ыкмалар менен же электр тогу аркылуу же учтуу нерсе менен ар жерине сайгылап өлтүрүүгө болбойт!).
10) Эгерде мал сое турган адам мусулман болсо, анда ал: "Бисмиллахи, Аллооху Акбар!" ("Аллахтын ысмы менен (мууздаймын), Аллах (бардык нерседен) Улуу!") деши керек.
- Малды же мууздала турган жаныбарды сүннөт боюнча кай тарапка каратып жаткыруу абзел?
- Буттарын Кыбылага, ал эми башын болсо чыгыш тарапка каратып мууздоо керек.
- Бычакты кайсыл жерде курчутуу керек? Мууздала турган малдын алдындабы же башка жердеби?
- Мууздала турган (же башка) малдын алдына келип бычакты курчутканга наалат айтылат, ошондуктан бычакты (малга көрсөтпөстөн) башка жерде курчутуу зарыл.
(Уландысы бар)
Даярдаган Бектуруш
Салгамани