БАЗАР

Алыскы жолдун башында
Бешинчи макала
Түшкө кирген дүрбү
Бу жолку маек кызык болду. Экөөбүз узак сүйлөштүк. Мен "Бишкек - Москва" каттамындагы поезд менен баратып, Сокулук бекетине жеткенче бир гана аны менен сүйлөшүп бардым. Ал - Адылбек Касымов. Кара-Суу районунан экен. Жашы 41де.
- Ошентип, Латвиядамын. Мурда барып, түнөп жүргөн латыш кемпирдин батириндемин. Үй автобазарга жакын. Негизи эле Вильнюста кудум өзүбүздүн Ошто жүргөндөй эркин басасың, болгону - чөнтөгүңдө сөзсүз паспортуң жүргөнү оң. Менттери текшерет, а сен документиңди көрсөтсөң, аның туура болсо жылмайган бойдон узатып коет.
Төрт жеңил машина алдым. Арийне, тыякта "мусор" деп айдабай коюшкандардан да. Алар деле, латыштар, тиги батышындагы туугандарынан - Германиядан алып келип сатышат, бирок, арзан да. Мен эскирээк үчөөсүн поездге жүктөтүп, документтерин толук тактап, тийиштүү тыйындарын төлөдүм. Жаңыраагын ар убаккы адатымча өзүм айдап келмей болдум. Үй кожойкеси: - Мыкты дүрбү бар, сатып ал эстеликке! - деди. - Балдарыма керек болор! - деп, 200 долларга алдым. Жаңы. Тиктеп эле отура бергиң келет.
Латвиядан Белоруссияга келесиң, ортодо орустар зомбулук менен тартып алган мурункку Кенисберг, азыркы Калининград облусу бар, аер анклав. Балтика боюндагылар орустарды негедир жаман көрүшөт, мен кыргызмын да, орусча кайрылсам "монголоид" дешкендей карашып, түшүнүү менен мамиле жасашат. Негизи алар - эстондор, литвалар, латыштар бизди кой, орусуңдан да алда канча алдыда турат маданияттуулугу жагынан. Адамды түшүнгүсү келишет, урматташат. Кыскасы, келатам. Жанымда 1500дөй долларым бар, бензин, тамак-ашка коротом деген. Белорусиядан чыгып Орусияга кирдим. Орусияны таштап, Казакстанга баш бактым. Билесиңерби, башка челнокчуларды билбейм, бирок машина ташып бизнес жасагандар кириш өтө коркунучтуу. Орус чегарачыларынан, бажычыларынан документтериң туура, так болсо заматта эле кутуласың. А казактар болсо… О-ой, айтсаң денең дүркүрөйт, титиреп кетесиң. Болбогон шылтоолорду айтып, эзе беришет. Аныгы - "тилешет". Акыры мукурап жалдырайсың: - Ой-баай, баурым! Мен энди Латвиядан, Калининграддан, одан соң Белоруссиядан өттүм чой осы кужжатмен. Соң Рессейди араладым 3 сутка, неше бир МАИлери токтатты, арийне, тексеристи. Койып жиберисти, Энди өз баурларыма жеткенде бүтүн Европада дурыс болгон кужжаттар оң болмай калама не?!.
- Көп булбыл болуп сайрамасайшы, калтаңда болганын шыгар тыскарыга?
Арга жок, бересиң.
- Машинаны жумайсыңба? Курыгын лактыр! - дешет.
100 доллар бердим.
Липецкиден чыккандан (Орусия менен Казакстандын чектешиндеги орус бекети) Чуга чейин 30-40 жерден тосушту казак МАИлери. Акыры Чуга келгенимде 400 гана долларым калды берип отуруп. Чуда ушунчалык эл көп экен, кыргыз жүргүнчүлөрүн тытып жатышыптыр казак милийсалары. Биз, машина алып келгендер текшерүү пункттарында эл көп болсо сүйүнөбүз, жалгыз болсоң энеңди Үч-Коргондон көрөсүң. Эл көп экен дебедимби, эптеп буйтап өтүп кеттим. Байкашкандай болушкан эмес эле. Сүйүнүп келаткам - Эми эптеп Кордайдан эсен-аман өтүп алсам бүттү! - деп. 40 чакырымдай жүргөнүмдө ээн талаада, - оң тарабымда бөксө адырлар, алардын артында эле Кыргызстан турат да, - үч милиционер токтотту. Машинанын орундуктарынан бери жылаңачтап текшеришти. 400 долларымды алып коюшту. - Башы-көзүмдөн садага! - дедим. Анан атайы - Балама! - деп арнап алган баягы дүрбүмдү алып алышты.
Мен - Азыр Чуга, прокуратурага барам! - деп, машинамды жүргүзмөкчү болдум. Рулга отургузбай коюшту. Бирөөсү:
- Ойлан! Ойлан! Азыр калтаңа да, машинаңа да салып коямыз! - дешип, шапалактай клеенка калтадагы героинди көрсөтүштү. Көчүгүм түшүп калды. Эми кайра өзүм жалдырай баштадым. - Жок дегенде 100 доллар бергиле, туыскандар. Эптеп Бишкекке чейин бензин куюп жетип алайын! - дедим. Машинанын багын ачып көрүшүп: - Бензиниң бар экен, Бишкегиңе жетеди! - дешип, 400 теңге беришти.
Кордайдын бажы постуна келип, машинамды токтотуп коюп, өзүм акча издеп, жөө келдим. Кара-Балтада досторум бар, эптеп ошолорду табып, бажы постторуна төлөөчү акчаны табып, чыгарып келишим керек. Эң эле ичимди өрттөгөнү - ошончо алыс жерлерди аралап келип, баурларыбыздын өзүнөн, өз өлкөмдүн босогосунда кордук көргөнүмө, анан дүрбүмө ичим ачышат. Баса, түндө түшүмө ошол дүрбүм кириптир. Туптунук айнектерин туман каптап, бопбоз болуп калыптыр! - деди Адылбек.

"Байдын ашын байкуш аяйт" болбосун
Орусияда миграттарга жумуш иштөө үчүн берүүчү уруксат кагазын (квота) берүүнү, башкача айтканда жапканы өткөн жылдын июлунда эле башталган, оболу өлкөнүн борбору менен Москва облусунун жетекчилери бул ишти колго эң биринчилерден болуп алышкан. Алар ошондой аракеттерин мыйзамга ылайыктап жасап жатышса да ар кайсы мамлекеттерден келгендердин изи суубай жатат, алардын арасында кыргызстандыктар да бир топ. Негизи Москвага "Бишкек - Москва" поезди аптасына төрт ирет барат, канча адам барат, ким эмне максат менен барды, билген жан жок. Поезд токтоору менен кумдай калың элдин арасына куюлуп кетет. Алардын көпчүлүгү жумуш иштеш үчүн уруксат кагазынын берилиши жабылганын билишпейт, ал боюнча дегеле ныпым кабарлары, түшүнүктөрү жок. Ошон үчүн алардын көбү "Мен документ жасап берем!" - деген алдамчылардын капкандарына илинип калышат.
Москвада кыргызстандыктардын "Ала-Тоо" деп аталган коомдук бирикмеси бар. Анда иштегендер Кыргызстандан баргандарга: - Азырынча иштешке уруксат кагазын албай, күтө тургула. Алданып калбагыла! - деп кеңеш берип турушат, арийне, бардыгына эмес, кайрылгандарга гана. А көптөгөн кыргыздар бул бирикмеге кайрылышпайт, кала берсе ошондой бирикменин бар экенин, аерде иштегендер аз да болсо өздөрүнө көмөк көрсөтүшөрүн билишпейт. Анан бал тилдүү алдамчылардын колунан жасалма документтерди алгандарын билишпейт. Учурда Москвада эле эмес, Орусиянын бардык аймактарында келгиндердин документтерин текшерүү өтө тыкыр, катаал абалда жүрүүдө, ошондой экен, жанагыдай жасалма документтердин "ээлери" кармалып, айрымдары милиция кызматкерлерине болгон акчаларын, алар канааттанышпаса чөнтөк телефон, сааттарынан бери кармата салышып кутулушса,дагы бирөөлөрүнүн паспортуна мөөрдү басышып, Орусиядан айдап чыгышууда. Эч бир жерде каттоого алынбаган жасалма документтерди алып алышкан кыргыздар ошондой ахывалга жетишкенде гана таяныч издешип, акыры айла-амалдары куруганда аталган бирикмеге келишип, - Жок дегенде биз төлөгөн акчабызды алып бергиле? Ошого жардамдашкыла? - дешет. А жергиликтүүсү менен келгинин кошкондо орточо эсепте 16 миллиондой калкы бар Москвадан алдап кеткен андай аферисттерди табыш мүмкүн эмес да.
Москвада кайсы бир адам менчик ишине же ишкана, мекеменин жетекчиси мигранттарды убактылуу жумушка алып иштеткенден чочуп турат, анткени, ал аз акча төлөп иштеткени менен непаада кармалып калса өкмөткө 80 000 рубль айып пулун төгүп беришке милдеткер. Көрдүңүзбү, анан ким, кай жетекчи тобокелге баралат?
"Байдын ашын байкуш аяйт" дегендей болбоюн, мен Москваны кыргызстандык мекендештеримден кызганып, аларды - Келбегиле! - деп айтпайм. Бирок, аларга айтарым - эң оболу Кыргызстандан быякка жөнөөрдө жок дегенде Орусияда жашап, иштеп кеткен тааныштарыңарга жолугуп, же телефон чалып сүйлөшүп, барчу жериңердеги заң-мыйзамдарды жакшылап сураштырып алып, анан жолго чыксаңар. Антпегениңер үчүн ар кыл пейил, мүнөздөгү алдамчы адамдардын колуна түшүп, жем болуп каласыңар. Эгерде силерде бул жак тууралуу маалыматтар бар болсо кур эле дегенде кимге, кай жерге кайрылуу жолун билип алмаксыңар.
Москва шаарында кыргызстандыктар үчүн атайын жардам көрсөтчү, кеңеш берчү юридикалык кызмат көрсөтүү ишканалары бар, силер ал жерлерге кайрылсаңар убактылуу каттоого турууменен бирге федералдык миграция кызматынын атайын түзүлгөн келишиминин негизинде иштегенге уруксат берчү кагазды даярдап бере алышат. Мен мисал үчүн силерге андай юридикалык кызмат көрсөтүү мекемесинин биринин дарегин айта кетейин: ООО "Рус-Партнер", "Авиамоторный" метросунда жайгашкан. Телефондору: 495-707-1763, 8-926-827-96-55, 8-906-709-24-23.
Ардак Мурзакмат кызы.

- ЖОЖго эмес, КТОЖго оку, КТОЖго!
Татарстандын борбору Казанда иштеп жүрүшкөн кыргызстандыктардын "Ала-Тоо" деп аталган фондусу бар. Президенти Закир Сариев. Ал буларды айтып берди:
- Жайында Мекениме барып, 40 жигитти ээрчите келдим, бардыгынын айдоочулук күбөлүгү бар. Биз алардын Казанга келгенге чейинки жол киресин мойнубузга алганбыз. Жумушка орноштурдук. Азыр алардын алды 30, арты 20 000 рублден айлык алышат, негизи эле арактан алыс, анан жумушка жоопкерчилик менен мамиле жасаган адамга кайда болбосун иш табылат. Айталы, Татарстандын бардык жеринде айдоочуларга, ширетүүчүлөргө, курулуш иштерин мыкты билген азаматтарга жумуш даяр.
Мени өкүндүргөнү - кыргыз, татар - бир атанын балдары, дини, тили бир элбиз. Бирок, бизди советтик система айрыкча тил жагынан өтө эле алыстатып жиберген экен, азыр түшүнүшүбүз бир топ оор болуп калды. Же ошого жараша кыргыздар орус тилин мыкты билсечи! Мына ушунун өзү айлык акысы өйдө жумуштарга орноштурууда чоң өксүктөрдү жаратып жатат, ошондуктан, мекендештерибизди ишке жайгаштырууда мындагы диаспора жетекчилери да бир кыйла убарага батышууда.
Азыр кичинекей Кыргызстанда биздин угушубузда 50гө жакын жогорку окуу жайлары бар экен. Ошолордун канчалык кереги бар? Макул, ар ким эле жогорку маалыматтуу болгусу келет, бирок, ошол ЖОЖдун дипломун колго алгандан кийин иш табылабы, маселе ушунда турбайбы, туурабы? ЖОЖду бүтүрүп алып иш таппай жүргөнчө атайын орто окуу жайларын эле бүтүрүп, керектүү, анан кайда болбосун иш табылчу кесипке эгедерликке жеткен артык эмеспи! Мен жогоруда айдоочу, куруучу, ширетүүчү, токарь сыяктуу кесиптерди атабадымбы, буларга бардык жерде жумуш табылат. Орусияга келчүлөр эң оболу ошол сыяктуу кесиптерге ээ болушса иштери шыр жүрмөк. Эң эле кур дегенде 3-4 айлык курстарды окуп, кесип ээлери болуп келгилечи, мекендештерим!

Даярдаган Бектуруш Салгамани