Кто вас грабит, профсоюзы?
Мы продолжаем знакомить наших уважаемых читателей с фактами разграбления имущества профсоюзов Кыргызстана. Напомним, что по возбужденным уголовным делам об ушедших в сторону объектах профсоюзов, ни один человек не был привлечен к ответственности, ни один объект не был возвращен профсоюзам.
До нас доносятся слухи о том, что достопочтенный профсоюзный муж Б.Иманалиев недавно побывал на высоком приеме у главы государства, который якобы успокоил его страдающую душу и благославил его дальнейшее, безоблачное пребывание на данном посту. И в этой связи, говорят, что в настоящее время профбосс пребывает в возбужденно бодром и явно приподнятом настроении.
Что ж, глава государства, видимо, не очень то осведомлен об истинном положении дел в профсоюзах. В противном случае, исход встречи был бы совсем иным. А может и знал, и поэтому принял. Так, чтобы поговорить как с соратником по партии, или просто пожурить, как говорится, по отечески… А мы продолжим свой рассказ.

Турпансионат "Иссык-Куль"
Адрес: Иссык-Кульский район, село Бостери
Собственник: Федерация профсоюзов Кыргызстана
Пользователь: Кыргызский республиканский совет по туризму и экскурсиям профсоюза (Кыргызтуризм)
На основании приказа Кыргызского республиканского совета по туризму и экскурсиям профсоюзов (Кыргызтуризм) № 38 от 6 сентября 2003 года спальный двух этажный корпус №2 (постройки 1968 года с земельным участком 3,8 га) по доверенности Кыргызского республиканского совета по туризму и экскурсия профсоюзов (Кыргызтуризм) №1 от 16 января 2004 года продан 19 января 2004 года Арыковым Кубаныч Иманбековичем - зам. Генерального директора турпансионата "Иссык-Куль" сотруднику турпансионата "Иссык-Куль" Узакмановой Толкун Шаршенбековне за 328 000 (триста двадцать восемь тысяч) сомов. Договор купли-продажи зарегистрирован Иссык-Кульской районной нотариальной конторой за № 2-40 от 19 января 2004 года.
Деньги поступили в кассу турпансионата "Иссык-Куль" от продажи в сумме 300 000 (триста тысяч) сом по приходному ордеру № 19 от 6 июня 2003 года и 28 000 (двадцать восемь тысяч) сом по приходному ордеру №3 от 31 мая 2004 года. Таким образом, деньги оприходованы в кассу за 7 месяцев до совершения акта купли-продажи. Все это также свидетельствует о противозаконной сделке.
По объяснению руководства "Кыргызтуризма" корпус №2 продан Узакмановой Т.Ш. в счет погашения задолженности по электроэнергии, зарплаты и налогам.
Необходимо отметить вопиющий факт, что на проданной территории в 3,8 га, кроме вышеуказанного двухэтажного спального корпуса находятся сохраненные в профсоюзной собственности более 10 одноэтажных строений, в том числе контора турпансионата, деревянные домики для отдыхающих и общественный туалет. При таком ненормальном положении дел ставится под угрозу возможность дальнейшей работы турпансионата, так как земля на которой располагаются профсоюзные коттеджи перешла в частную собственность.
Постановления Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана о даче согласия на продажу данного здания и земельного участка не имеется.

Дом отдыха "Ала-Тоо"
Адрес: Иссык-Кульский район, г. Чолпон-Ата
Собственник: Федерация профсоюзов Кыргызстана
Пользователь: Управление курортами
Федерации профсоюзов Кыргызстана
1.О земельном участке Мажикеева Ж.
Постановлением Иссык-Кульского райкенеша №211 от 22 апреля 1998 года земельный участок площадью 0,5 га был закреплен за домом отдыха "Ала-Тоо" в бессрочное пользование для организации автостоянки. Это подтверждается выданным дому отдыха "Ала-Тоо" государственным актом о праве бессрочного (без указания срока) пользования земельным участком зарегистрированного Иссык-Кульским районным управлением по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество за № 170 от 30 января 2005 года. Данный участок находился во владении дома отдыха 6 лет.
Постановлением Чолпон-Атинской городской управы №258 от 30 июля 2004 года на основании постановления №2 п.1 от 23 февраля 2004 года и письма Управления курортами Федерации профсоюзов Кыргызстана за № 10/31 от 8 июля 2004 года, заявления Мажикеева Ж. и постановления Иссык-Кульского райкенеша за № 211 от 22 апреля 1998 года признал вышеуказанный земельный участок площадью 0,5 га за Мажикеевым Ж. на праве частной собственности.
В день передачи земельного участка Мажикееву Ж. у Совета Федерации профсоюзов Кыргызстана не было права распоряжаться землей, т.к. земля находилась лишь в пользовании, а не в собственности ФПК.
Из документов следует, что данный участок был закреплен за Мажикеевым Ж. под строительство объектов сервисного обслуживания и зарегистрирован Иссык-Кульским районным управлением по землеустройству и регистрации прав на недвижимое имущество за №8708 от 22 октября 2004 года.
(Продолжение следует)

Подготовил
Бакыт Жолдошев




Белгилүү сүрөтчү, "Сырдана" коомунун
президенти Асан Турсункулов:
"Эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет…"
Таланттуу кыл калем чебери, салам алигибиз түз санаалаш досубуз Асан Турсункулов ушу тапта сарсанаага батып турган чагы. Кечээки өткөн декабрь айында "Алтын өзөк" аттуу көргөзмөсүнө коюла турган алтымышка жакын кайран эмгеги өрттөнүп кетип, жан дүйнөсү жабыркап турган өнөрпоз жигитке, чынында, эмне деп айтып, көңүлүн кантип жубатаарга сөз таппай кыйналдым. Чыгармачылыкка каршы жасалган мындай кара мүртөздүктү, кыянаттыкты, пастыкты уккан чыгармачылык деген эмне экенин жакшы билген пенделер гана эмес, жөн жай адамдар да жерге түкүрүп жатышат.

- Асаке, болору болуптур дегендей, эң негизгиси, кудай аманчылыгын берсе андай сүрөттүн али далайын жаратаарсың. Эми азыр кантибатасың, айтаар кандай жакшы кабарың бар?
- Өткөн жылдын декабрында мен "Кырк чоро" сыйлыгын берип, "Алтын өзөк" аттуу сүрөт көргөзмөмдү ачмакмын. Ошонун астынан өнөрканам өрттөндү. Анда 52 портрет, көп жылдардан бери иштеген философиялык маанидеги ири полотнолорум бар эле, заматта күлгө айланып кетти. Мага эң оор тийгени ушу болду, мындай чоң жоготууну сөз менен айтып жеткирүүгө кудурет жетпейт. Ичинде тээ студенттик кезден, отуз жылдан бери аздектеп келген, кан-жанымды берип жараткан эмгектерим бар эле, мындай кыянатчылык мага карасанатай адамдын гана колунан келди деп ойлойм.
Акыркы кездерде чыгармачылыгымда мен адам пендеси бу жарыкка не максат менен келет, турмуштун агы эмне, карасы кайсыл сыяктуу ж.б. философилык темаларга көбүрөөк ыктап, картиналарымда өзүмдүн чын ыйман-түпкүрүнөн чыккан ойлорум, аялуу сырларым айтылса дейм. Өзүң айткандай, болоору болду, эми эмне кыласың. Тирүүлүккө, жашоого тобо кылып дегендей, ден-соолук бар, баш аман, ишти улантып жатам. Кудай буюрса, өтпөй калган көргөзмөмдү жазга жуук өткөрүүгө аракет кылып, азыр күнү-түнү иштеп жатам. Мындан тышкары, өзүң билесиң, өнөрпоздордун башын бириктирген "Сырдана" коому аркылуу да жасай турган бир топ максаттуу иштер бар, буга чейин да көп иштер жасалды. "Алтын тутка" аттуу коомдун сыйлыгын уюштуруп жатабыз, ал жер-жерлердеги мекенчил, эл деген атуулдарга тапшырылат. Дагы бир жаңылыгым муфтийден тартып анын орун басарлары областтык казылар, райондук имам-хатибдер, айылдык имамдар мындан ары өзүлөрүнүн даражасына ылайык атайын чапан (форма десек болот) кийе башташат. Чапандар менин эскизим боюнча даярдалат. Маселе чечилди. Учурда узуну 4,5 метр келген "Манастын чоң казаты" аттуу ири картинамды бүттүм, буюрса ал коргоо министрлигинин Тамчыдагы санаториясына коюлат.
- Демөөрчүлөрүңүздүн саны да арбыган чыгаар?
- Ириде мен өзүмө ишенем. Бир картина сатсам да акчасын башка бир оокат сатып алайын дебей чыгармачылыкка жумшайм. Мындан тышкары чыгармачылыгымды колдоп, өнөрүмдү сыйлаган, чыгармачылыктын дүйнөсүн өзүлөрү да кылдат түшүнгөн, керек болгон учурда кеп-кеңешин, каражатын аябаган агалар бар. 2008-жылдын кечээки эле 15-ноябрында Аскар Салымбеков жана жубайы Гүлмира Сулаймановна - өзүлөрүнүн демилгеси менен мага Нарын шаарында "Буюккан кайран жылдыздарым" аттуу 56 портреттен турган галереяма атайын зал ачып беришти. Сиздердин "Аалам" гезити аркылуу мен бул инсандарга ыраазылык айтып, башымды дагы бир мертебе ийгим келет. Буюрса, галерея элге өзүнүн кызматын кылып, өмүрү андан ары уланат.
- Жакшы экен. Эми Асаке, өрт каргашасы жөнүндө бүгүн кандайдыр бир жыйынтык чыктыбы, күнөөлүү ким, себеби эмне дегендей?
- Жыйынтыгы чыга элек, аны жакында колума тийгизебиз дешти. Бирок, менин өзүм шек санаган адамдарым бар, ошолордун гана колунан келди деп ойлойм. Мына маселен, окуу жайдын деректири Т.Байбосунов менен эки жылдан бери катуу кармашып келатабыз. Укугумду тебелеп, куугунтуктап, колдон келишинче өчөгүшүп келатат, же кеп-сөзгө көнбөгөн киши экен. Ынтымакка келип иштешели десең, бул коркконунан ушинтип жатат деп ойлойт экен. Анан эмне кылыш керек? Экөөбүз 25 жылдай чогуу иштештик. Катуу туруп атканына караганда мен шек санап калдым. Ким менен кармашып атсаң ошондон шек санайт экенсиң да. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Эми колунан кармабаган соң ошол кылды деп ал кишини да айта албайм. Иши кылып окуя табышмак бойдон калууда.
- Эксперттерде алдын ала жоромол, версия деген болчу эле, алар эмне дейт?
- Угушума караганда өрт кандайдыр бир суюктуктан чыккан. Байкадыңбы, демейдегидей "зымдан замыкание" же "өчүрүлбөй калган электрприбордон" эмес, так ошо суюктуктан деп айтып жатышат. Мунун адегенде чачып туруп, анан өрттөдү деп жоруган менимче чындыкка жакыныраактай көрүнөт. Суюктук өзүнөн өзү өрттөнбөйт да.
- Деректир мырза менен азыр мамилеңер кандай?
- Баягыдай эле. Бүгүнкү күндө да соттошуп жатабыз. Т.Байбосунов мени мыйзамсыз жумуштан бошоткон. Эгерде биздин сот өзүн акыйкатмын десе, ак карасын калыс териштирип, мени иш ордума кайра тикелеши керек. Мыйзамсыз бошоткон дегеним - 2008-жылы 21-апрель күнү министр С.Раев деректир экөөбүздү тең өзүнүн буйругу менен 1 айга иштен четтеткен. Деректир болсо өзүнүн четтетилгенин элес албай, ошол эле күнү мени бошотуп ийип атпайбы? Т.а. өзү кызматта жок туруп бошотуп атат. Министр болсо "кое тур, министрликти уятка калтырба" деп жүрүп ушуга чейин келдим. Эми дагы канча күтүшүм керек?
- Т.Байбосунов экөөңөрдү министр да жараштыралбай койдубу?
- Бир күнү чоңдордон бирөө чалат, "барып жараш, биз сүйлөштүк" деп. Бардым, сүйлөштүк. "Кабыргам менен сүйлөшөйүн" деп кеткен. Эртеси чалсам "кабыргам таптакыр болбой койду, түбөлүк сен менен душманмын" дейт. Анан эмне кыласың? Мен жарашайын дебеле турам. Антейин десең коркуп атат дейт экен. Нерви жетсе соттошо берсин.

Бахтияр Шаматов